Коомдук-саясый гезит
№06, 21.02.08-ж.

Меймансап
Форум




  Элдин рух деңгээли - улуулук,
Аска-зоо көркү - сулуулук

  Алкыш!

"Кыргыз гезиттери Жаныбек Жанызактын колунда"
Сүйүнчү!
"Айыл өкмөтү" гезитин интернет барактарынан окуңуздар
Урматтуу окурмандар! Сиздердин суроо-талаптарыңыздар эске алынып, өзүбүздүн ниетибиз орундалып,сиздер сүйүп окуган гезитиңиздер өздүк сайтын ачты. Биздин сайтка кирүү үчүн www.presskg.com. Ушул сайттын терезеси ачылган соң, "Айыл өкмөтү" гезити деген белгини бассаңыз гезиттин ар бир санына чыккан материалдарын толугу менен окуй аласыздар.

"Акыйкатты ачык айтуудан эч тартынба, себеби чындык дайыма алдыда жүрөт"- деген накыл сөзүмө таянып, Жаныбек байкени жакындан толук билбесем да анын эл үчүн жасап жаткан, мен билген иштерине жүрөгүм жылып жүрөт. Андыктан Жаныбек Жанызак деген ысымды кимдер гана тааныбайт. Бирок анын кыргыз тилине, адабиятына жана массалык маалымат каражаттарына өтө чоң салым кошуп жатканын, мен кыргызмын - деп төш какканын, көпчүлүк эл биле бербесе керек.

Кыргызстанда биринчилерден болуп компьютерге кыргызча шрифттерди (таамай айтканда ө,ң,ү тамгаларын) орнотуп, көп узабай эле "Janyzak" деген аталыштагы ар түрдүү кыргыз шрифттерди жасап чыккан. Муну менен гана токтоп калбастан, өздүк жеке сайтына "Жаныбек Жанызактын китепканасы" деген темада, төбөсү көрүнгөн кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын интернет беттерине чыгарып, ар бир жазуучунун чыгармаларын өз-өзүнчө архивдештирген. Сайтка ачкан "Кыргызча-орусча сөздүгү" эле анын эне тилине күйгөндүгүн айгинелеп турат.
Мени баарынан да кубандырганы эл оозуна алынып калган кыргызча 8 гезитти бир ийинге батырып, "Кыргыз гезиттери" (www.presskg.com) деп сайт ачып койгону. Анткени бир эле интернет терезесин ачып, 8 гезиттин макалалары менен таанышып, аларды бири-бирине салыштыра аласың. Мекенинен алыс жүргөн кыргыз мигранттары үчүн "асмандан алтын түшкөндөй" эле болду окшойт. "Көп уккандан бир көргөн артык",- демекчи андан көрө www.presskg.com сайтына кирсеңиздер өз көзүңүздөр менен күбө болосуздар. Башкалар Жаныбек байкенин кыргыз үчүн жасап жаткан иштерине кандай көз карашта болбосун, а мен болсо алкыш гана айта алам.
Бар болуңуз! Кыргыз үчүн аман болуңуз, Жаныбек байке!..

Азамат Газыев




  Заманбап маек

Кусеинаев:
"Кезинде жетекчилер батыштын башы менен ойлонушкан"
- Жер реформасы кыргыз элинин турмушун жакшыртууда кандай роль ойнойт?
- 21-кылымдын башталышында жана 20-кылымдын аягында кудайдын буйругунанбы же тарыхтын тагдыры мененби 70 жыл бою күпүлдөп,өзүнчө чоң империя болуп турган Советтер Союз бир адамдан кан чыкпастан таруудай тарап кетти. Россиянын курамында 150 жылдай болгон түрк элдүүлөр, ошондой эле Балтика боюндагы республикалар азаттыкка чыгып, эгемендүүлүккө ээ болду. Бул Кыргызстандын тарыхына эң чоң таасир эте турган окуя эле. Анткени кыргыздар улуу тарыхта бир канча жолу улуу империяларды түзгөн чоң-чоң мамлекеттерге ээ болгон. Чыңгызхан Чынгызхан болуп боор көтөргөндө бул дүйнөнү басып алууга 1207-жылы аттанган. Ошол учурда Чынгызхандын баласы жуучу болуп барганда кыргыздар бир жаа атпастан туруп , моңголдорго кошулган. Ошондой эле кыргыздар армиянын биринчи катарында болгон. Чыңгызхандын доорунда кыргыздар көп кырылган эмес. Кыргыздардын азыркы аймагы болгон Кетментөбө, Жумгал, Суусамыр, Тогузторо өрөөндөрүнө Чыңгызхандын армиясы кирген эмес. Бул жөнүндө айтып отурса, чоң тарых. Бирок ошол эле учурда кыргыздар бирдиктүү болгон эмес. 1713-жылы калмактар талкалана баштаганда Кокон хандыгы уюшулган. Ошол учурда Анжияндык кыргыздар негизги маанини ойногон болчу. Аркалык кыргыздар 19-кылымда биригүүгө аракет кылышкан. Бир жагынан Кытайлардын кысымы экинчи жагынан орустардын келатканы кооптондурса, үчүнчү жагы казактар кыргыздардын жерине көзүн кызартып туруп алган. Ошондо сарыбагыштардын жетекчиси Ормон кыргыздарды бирдиктүү мамлекетке бириктирүүгө аракет кылган. Ошондой эле өзүн хан жарыялаган. Бул жерде кутчулар, сарыбагыштар, саяктар, солтолор болгон. Бирок Ормон өзү хан болуп туруп сарбагыштардын чегинен чыга алган эмес. Ормон хандын империясы 15 жыл болду, тилекке каршы бирдиктүү мамлекет түзүлгөн жок. Албетте ошол учурда казактардын мизи кайткан. Кененсары менен Ноорузбай өлтүрүлгөн, Кененсарынын башы Россияга жеткирилип берилген.
13-кылымдан баштап Кыргызстан бирдиктүү мамлекеттигин жоготкондон кийин бирдиктүү боло алган эмес. Кытай тараптан же орустар жактан кол сала турган болгондо гана кыргыздар бириге калышкан.
Советтер Союзунун таруудай чачырашы менен кыргызга тарыхый жол ачылды. Өз алдынча мамлекет болууга, жакынкы жана коңшу мамлекеттер менен тең ата өнөктүктө сүйлөшүүгө, мамлекет, улут катары өнүгүүгө шарт түзүлдү. Мына ушул шартта кандай өнүгүш керек эле. Кыргыздын байыртадан берки тарыхына карабастан базар маселесине өтүш керек деп биздин жетекчилер өз башы менен эмес, батыштан келген сөз табарлардын, акыл кошчулардын башы менен ойлонушту. Ошонун натыйжасында жер реформасы болду. Кыргыздар жамаатчыл колективист болушкан. Бир үйдө канча адам болсо батышып жашай берген. Бирок муну туура эмес түшүнгөндөр базар экономикасына өтөбүз, мал - малчыга, жер - дыйканга деп колхоз совхозду таркатты. Бирок тилекке каршы, менчикти бөлүштүрүүдө акыйкаттык сакталбады. Колхоз, совхоздогу техникалар негизинен башкармаларга, башкы эсепчилердин ээлигине ыйгарылды.Тайкы ойлонуп жерди үлүшкө бөлөбүз деп механикалык мамиле кылышты. Ошентип жер менчикке өттү. "Кимди ким көрдү Быржыбайды там басты" болуп калды. Биздин ошондогу жетекчилер кыргыздарга чыкынчылык кылышты десем жаңылышпайм.

(Уландысы 5-бетте)




  Ардагерден кат келди

Көптү үйрөндүк
- Борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" сынагына катышып айыл эли үчүн маанилүү көп нерселерди үйрөндүк. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе аталган долбоордун негизги максаттарынын бири ЖӨБ органдарынын мүмкүн болушунча бюджеттин долбооруна калктын муктаждыгын эске алып, тажырыйбаларын жогорулатууга жардам берет. Кыргызстандын шаарларындагы жана айылдарындагы жетишкен тажырыйбаларды башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үйрөтүү жана жайылтуу - алардын ортосундагы мамилени өнүктүрүп, бекемдөөнү колго алат экен. Бул сапар дагы айыл өкмөттөрдүн башчылары бири-бирибизден тажырыйба алмашып жатабыз. Кесиптештеримдин сыйлыктары кут болсун. Эми биз айыл элинин турмушун жакшыртууга аракет кылабыз. Аталган долбоордун жетекчилерине, бардык уюуштуруучуларына ыракмат айтуу менен иштерине ийгилик каалайм.
Чыныбек Калматов,
Жалалабат областындагы
Кызылтуу айыл өкмөтүнүн башчысы

Тыкыз байланыш түзөмүн
Кечигүү менен болсо да "Айыл өкмөтүнүн" бир жылдык жарык көрүшү менен куттуктаймын. Окумдулуугу, көркөмдүүлүгү (жасалгаланышы) менен башка газеталардан айырмаланып турган бул газетаны жаңы жылдан бери алып жүрөмүн. Демек, мен бир жыл кечигүү менен силердин газетаңарга жазылыптырмын. Эгерде бир жолу редакциялык кеңештин мүчөсү Тороев Асанбек менен жолугушуп калбаганымда "Айыл өкмөтүн" окубай калмак экенмин. Ошол үчүн Асанбекти да газетанын бир жылдык майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.
Мындан ары аскияларды да (баса, аския да жазып жибердим) жана окумдуу материалдарды үзгүлтүксүз жазып, силер менен тыкыз байланышта боло беремин.
Эсенбек Досалиев,
эмгектин ардагери,
Талас району,
Ачы кыштагы

Редакциядан: эмгектин ардагери, гезитибиздин мындан аркы эл кабарчысы Эсенбек Досалиевдин "Айтматов жана айыл жергеси" деген макаласын 4-беттен окуңуздар.


ӨЭУлар менен биргеликте
Аксы райондук мамлекеттик администрациясы эки жылдан бери өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте иш алып баруу аркылуу инвестиция тартуу менен райондун көптөгөн социалдык маселелерин ийгиликтүү чечип келет. Жакында райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Темирбек Ызабеков райондун аймагындагы өкмөттүк эмес уюмдардын башчыларын чакырып, алар менен тегерек столдогу маектешүү өткөрдү. Ал учурдагы негизги заманбап деген түйүндүү маселелерди, райондук администрациясынын өткөн жылда аткарган иштери, алдыдагы милдеттери тууралуу айтып берди.
Андан кийин бул тегерек столго катышып жаткан ондон ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөшүп, быйылкы жылга белгилеп жаткан, аткарып жаткан иш пландары, долбоорлору менен тааныштырып чыгышты. Жолугушууда райондогу "Айбек", "Үлгү", "Акардо" коомдук уюмдарынын райондун аймагындагы социалдык түйүндүү маселелерди чечүүдөгү мыкты иштери белгиленди. Өткөн жылда эле райондун аймагында 100 миллион сомдон артык инвестициялар тартылып келип мектептер, балдар бакчалары, жолдор ондолуп,турситтик базалар ишке киришкен.
Абдымомун Калбаев




  Баткен жаңылыктары

Өзгөчө көңүл бурулат
Алыскы, шарты катаал аймак болуп саналган Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тармактагы ишти ар тараптан жандандыруу максатында Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабеков Баткенде иш жүргүзүп жаткан "Мол Түшүм" товардык-сервистик кооперативинин жана айыл кеңеш кызматы (АКК) уюмдарынын жүргүзгөн иштерине, алардын областтын айыл чарбасына кошкон салымдарына оң баасын берди.
Облус губернатору адегенде алардын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алды. Белгилеп кетсек, "Мол Түшүм" товардык-сервистик кооперативи өзүнүн мүчөлөрүнө арзан наркта Ош шаарындагы "Капекс" фирмасынан 500 тонна минералдык жер семирткич алып келип берген. Бүгүнкү күндө анын мүчөсү 1900дү түзөт. Өз кезегинде "Мол Түшүм" башчысы А.Халмурзаев кооперативге мүчө эмес дыйкандарга да акчасын берсе жардамдашууга даяр экенин билдирди.
Жолугушууда айтылгандай, губернатор аталган уюмдарды областтын айыл чарба тармагын көтөрүүдө биргеликте кызматташып иштөөгө чакырды. Өз сөзүндө М.Жумабеков облмамадминистрациянын агротармагынын кызматкерлерин аталган уюмдар менен тыгыз байланышта болуп, облус дыйкандарына сапаттуу жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.
Губернатор белгилегендей, агротехникалык эрежелерди бекем сактоону колго алып, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жаңы технологияларын иштеп чыгуу менен облустун айыл чарбасын жогорулатуунун үстүндө үзгүлтүксүз иш алып баруу зарыл.
Натыйжада Баткен облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын ортосундагы кызматташтык мындан ары да улана бермекчи.

Заманбап аппараттар берилди
Баткен областынын аймагында айыл чарба тармагын ар тараптан өнүктүрүүгө өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан колдоолор көрсөтүлүп келет.
Тагыраак айтканда, жакында эле аймактагы бир катар дыйкан-фермерлер курт-кумурска зыянкечтерине каршы күрөшүүгө зарыл керек болгон заманбап аппараттар менен камсыз болду.
Бул иш чара Евросоюз уюмунун "Содействие межрегиональной торговле" долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун адиси Болот Шайдуллаевдин айтымында, Баткен областынын дыйкан-фермерлеринин мындай аппаратка болгон муктаждыктарын чечүү, ошону менен катар эле айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу жана айыл чарба продукцияларынын сапатын Эл аралык стандартка ылайыкташтыруу болуп саналат.
Буга чейин облус аймагында дыйкан-фермерлерге Эл аралык стандарттагы сапаттуу айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча окутуу жараяндары жүргүзүлгөн. Жалпы суммасы 434000 сомду түзгөн бул аппараттар атайын тендердик негизде тандалып алынган 50 дыйканга берилди. Аппараттардын баасынын 40 пайызы долбоор тарабынан төлөнүп, калганы дыйкандарга үстөксүз кредит катары берилди.
Болот Шайдуллаевдин айтымында, аталган аппарат айыл чарба өндүрүшүндөгү эгин-талаалардагы отоо чөптөрдү жок кылууга жана дарактарга зыян келтирүүчү курт-кумурскалар менен өз убагында натыйжалуу күрөшүүгө көмөк көрсөтүп, айыл чарба түшүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Адистин айтымында аппарат бир сезондун ичинде 6 миң даракты зыянкечтерден тазалоо кубатуулугуна ээ.
Демек быйылкы жылы дыйкан-фермерлерибиздин эмгеги дагы бир кадамга алга жыла тургандыгына өбөлгө түзүлгөндүгү жакшы көрүнүш.

Жылдыз Шайдуллаева,
БГУнун студент-практиканты




  Талас жаңылыктарынан

Сугат иштерин жакшыртууга карата
Айдоо аянттарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында областтын аймагындагы чарбалар аралык каналдарды реабилитациялоого быйыл 83,9 млн. сом каражат бөлүштүрүү белгиленип жатат. Өрөөндөгү 10 миң гектар жерди суу менен камсыз кылып жаткан "Чоң Талас" каналын реабилитациялоого - 30, Карабуура районундагы "Сарымсак" каналына - 30 жана башка суу чарба объектилерине - 23,9 млн. сом акча каражаттары бөлүштүрүлгөндүктөн, ремонт иштери бир четинен жүрө баштады.

Батыркул Боромбаев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan