Коомдук-саясый гезит
№06, 21.02.08-ж.

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0221_5.htm on line 29

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0221_5.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0221_5.htm on line 29




  Тили оңолсо чопкут кийген чоңдордун,
Чоң таасири тийген турат кыргызга

  Заманбап маек

"Кезинде жетекчилер батыштын башы менен ойлонушкан"
дейт Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер, мударис Кусеин Исаев
(Башталышы 2-бетте)
Азаттыкка чыкканыбызга 18 жыл болду. Ошондон бери кыргыз эли азык-түлүккө жетишпей атат. Азык-түлүк коопсуздугу пайда болду. Ушунун натыйжасында ачкачылык болуп атат. Жерди арзан сатып жиберишип, же иштете албай айрым жарандарыбыз тентип кетишти. Мисалы, Баткенде, Нарында, Алайда жаш эр жигиттер кара курсактын айынан Казакстанга, Россияга тентип, кул болуп өмүр кечирүүдө. Эч убакта тарабаган кыргыз эли чачырап тарай баштады. Азыр айылдарда мектепте окуган окуучулар жана пенсиядагы карыялар гана калды. Алдуу-күчтүүнүн баары тентип кетишүүдө. Ушул кезге чейин канча кыргыз кайда, эмне кылып жүргөнүн статистика дагы билбейт. Муну социалдык маселе катары карашыбыз керек. Эркектерибиз үйдүн кожоюну эмес, аракка берилишти. Ошону менен өздөрүн алдамай болушту. Кыргыздын турмушу бузулду. Айылды таштап, бар-жогуна кайыл болуп жаштарыбыз шаарга агылды. Бир эле мисал, ушул кышта 51 адам суукка тоңуп өлдү. Ошолордун көбү үй-жайы жок, иш издеп тентип жүрүшкөн кыргыздар болгон.
- Реформада жер эле эмес мал дагы таркатылганы чындык эмеспи.
- Мал жөнүндө айта турган болсок, Жумгалда, Атбашыда, Тяньшанда малды сактап, багып калышты. Негизинен биздин ата-бабаларыбыз жайланышканда мал багууга ыңгайлуу шарты бар жерди тандашкан. Биринчиден жайытты, экинчиден - суунун ыңгайлуулугун карашкан. Ошон үчүн Кыргызстандын 10/9 бөлүгүн тоо, жайлоо, жайыт түзөт. Өлкөбүздө этти иштетүүчү комбинаттар талкаланып жоголду. Ветеринардык кызмат иштебей атат. Акыркы 15 жылдагы чыккынчылыктын дагы бири малдын асылдуулугун жакшыртууга көңүл бурулбай атат. Дыйкандарга түшүмдүүлүгү жогорку сапаттуу эгин менен камсыз кылчу адамдар жок.
Мисалы биз бала кезекте базарда соода кылгандар уйгур, дунгандар, корейлер болчу. Азыр базарларда кыргыздар отурат. Айтып койчу жагдай кыргыздар өздөрү өндүрүп саткан жок. Дунгандардын, корейлердин азык-түлүгүн сатып өз эли-жеринде кара курсак үчүн иштеп атат.
Реформанын туура эмес жасалгандыгынын дагы бири боордош казактар бири-бирине мактанганда " Кыргыздан канча малайың, кулуң бар "дешет экен. Мына кыргыздар ар кимге кул, шылдың болуп отурабыз.
Жер эч качан көбөйбөйт. Жерлер кыскарып атат. Башкасын айтпаганда да сугат жерлерге үй кура баштадык. Борборубуздун тегерегине 24 жаңы конуш пайда болду. Бишкек чуңкурда жайгашкан. Бишкектин абалы ден соолукка зыян. Ошол шаар куруу убагында архитекторлор ойлонгондо күндөлүк турмуш үчүн алда канча жакшы болмок. Чет өлкөлөрдө , мисалы; Грузияда, Эстонияда үйлөр дөбөгө салынган. Бизде сугат жерлерге үйлөр салынып атат. Бул келечек муунга терс таасирин тийгизет. Жерлерди ар кимге сатып атабыз. Жер жөнүндө мыйзамдар аткарылбай кагазга жазылган бойдон калууда.
- Азык-түлүк өндүрүүнү кантип жакшыртабыз?
Жер реформасы түп тамырынан бери туура эмес түзүлгөн. Ошонун натыйжасында азык-түлүк коопсуздугу пайда болууда. Кыргызстанды өнүктүрүүнүн эң башкы жолу илимди пайдалануу болуп саналат.Ошонун негизинде айыл чарба азыктарын иштетүүчү ишканаларды ачуу талапка ылайык. Калкты сапаттуу, таттуу азык-түлүк менен камсыз кылуунун бирден бир жолу илимди кеңири пайдалануу болуп саналат.
- Бишкек шаарындагы ботоникалык бакка карата пикириңиз кандай? Анын кереги бар беле?
- Мен гезиттен окуп калдым : "Токой департаменти ботаникалык бакты алабыз деп атышыптыр" деп. Анда эң жакшы өсүмдүктөрдүн түрү бар. Муну токой департаментине берүүнүн кажети жок. Туристтик жай болот. Ансыз дагы токой чарбасы эч жерде жок жаңгак жайлоосуна кол салып, уюлун сатып атат. Айтып койчу нерсе- токой департементи ошолорго көмөктөшпөй өз иши менен алек болсун. Академия 12 эл аралык долбоор, 190 ботаникалык бактар менен мамилелеш экен. Биз үчүн ботаникалык бак өпкө, абаны тазалоочу булак десем жаңылышпайм. Аны академиянын курамында сактап калышыбыз керек.
- Айыл чарбасын жакшыртууда жергиликтүү башкаруу органдарынын кандай мааниси бар деп ойлойсуз?
- Колхоз, совхозду жоюп ийгенден бери карай республикада административдик реформа жөнүндө сөз болуп атат. Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2 бутактуу бюджет десе, азыркы жаңы Жогорку Кеңештин отурумундагы депутаттар 3 бутактуу деп атат. Учур талабы айыл өкмөттөрдүн экономикалык абалын жакшыртыш керек. Бүгүнкү күндөгү башаламандыкты жоюу зарыл. Жергиликтүү бийликти бекемдөө керек. Ал үчүн айыл чарбасын мыкты билген адистерди иш менен камсыз кылуу аркылуу алардын иштегенине шарт түзүүбүз зарыл. Элден көрөгөч, акылман, калыс эч нерсе жок. Ошон үчүн акимдерди, айыл өкмөттөрдү эл шайласа эң жакшы болмок. Жетекчилерди шахматтын пешкасындай алмаштыруунун кажети жок.

Маектешкен:
Кундуз Исмаилова




  Назарыңыздарга - жаңы китеп ээси

Чыгармачылыгыңызга - кел-келдүү оомат!
Мелис Рыспеков маданият ычкырын тагынышкан зыялычыл катмардагы жазмакерлерге анча тааныш эмес, тааныш болсо да алар тарабынан өзөлөнө этибарга алуучу ысымдардан эмес.
Бул адам - өзүнүн жеке табигый, тубаса философиялык ой жүгүртүүсү бар, эч кимге данистөөгө ашыкпаган купуя талантка эгедер, ысымы чоң тамга менен аталууга ээ элет акыны. Ал өзүнүн ыр саптарында жазгандай "Уулуңмун деп, улутмун деп не керек, урпактарың эне тилин унутса", "Атажуртуң ыйыктардын ыйыгы, алмаштыргыс асыл жер го чыныгы" деп эне тили менен Мекенинин ыйыктыгына табынган, "Кемитпей бабалардын жолун жолдоп, кеменгер, кең акылдар чыгаар бекен?" деп журту үчүн сарыубайым чеккен мекенчил атуул. Мына ушул Суусамыр айыл өкмөтүнүн аймагында өмүр кечирген, жетимиштин кырына барып, кеменгер сөздөрдүн кенинде узанган бул элет акыны Мелис Рыспековдун "Көкөмерен" аттуу ырлар жыйнагы жакында жарык көрдү. Китептин түпкү мазмуну, көздөгөн максаты, көтөргөн жүгү тууралу кийинчерээк кеңир сөз кылабыз. Бул сапар акындын ушул туунду жыйнагы менен окурман журтту тааныштырып жана ага дагы орошон чыгармачылык ийгиликтерди каалап коюуну гана максат кылдык.
Эмесе, чыгармачылыгыңызга кел-келдүү оомат, элеттик калемгер аба! Ал эми окурман журтуна болсо: "Бул китепти окуган адам сөзсүз рухий кенемтесин толтурууга аз да болсо канат байлай алат" деп айтмакчыбыз.

Мирзат Урдавлетов, жазуучу жана драматург




  Ишбилги адистер - өлкө кенчи

Жеңиш Эрназаров:
"Элге жардам бербесең - уят"
Учурда Жеңиш Нуркалыкович жетектеген Тайгараев айыл өкмөтүнүн аймагында 1775 түтүн эл бар. Анын 88 пайызы шаарга ирегелеш турса, калган бөлүгү, же 830 адам айыл өкмөтүнөн 70 чакырым алыс аралыктагы тоо арасында Кызылсуу жайлоосунда жашашат. Кызылсуу аймагы байыркы Саймалууташ таш эстеликтери орун алган туракка туташып кетет…

Жалалабат шаарына баш ийген бир айыл өкмөтү бар. Айыл өкмөт Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин ысмы менен аталган. Баатыр Тукубай да ушул айылда тулуп өскөн болучу… Мына ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган калк башкалардан айырмаланып, дайым мекенчилдик дем менен жашашат. Союз тарагандан кийин көпчүлүк айыл аймактары мамлекеттик колдо болгон мүлктү улмап-жулмап менчиктештирүү менен гана алек болуп кетишпедиби. Тайгараевдиктер ал нерсе күнүмдүк эле көроокат экенин убагында түшүнүшкөн.
Тайгараев айыл өкмөтүнүн башчысы Эрназаров Жеңиш Нуркалыкович "Тайгараевдин жаштары элге жардам бербесең уят" деген тутум менен жашашат дейт. Ырасында эле башка жүздөгөн айыл аймактары жыл сайын жакырчылыкка батып, кунары кетип баратканын көзүбүз менен көрүп келатабыз. Анын себеби да ар кыл. Ал эми Тайгараев айыл өкмөтүнүн элинин турмушу өткөөл мезгилде деле артка кеткени байкалбайт.

Өткөн жылдардан бери калк жашаган пункттардын жана сугат жер кыртышын сактап калуу максатында 11 км жээк бетон тосмолору менен тосулду. Азыр дарыянын сол жээгинен дагы 12 км жээкти тосмолоонун түйүндүү маселеси чечилди.

Союз тарап, өлкөдө жумушсуздуктун эпкини сезиле баштаган жылдары эле Тайгараевдин жаштары убакытты учурунда пайдаланышып, бири-бирин колдоо менен Москва шаарында ишкердик жүргүзүүнүн мыйзамдуу жолдорун өздөштүрүп алышкан. Бири-бири менен ынтымак болуу - алар үчүн көп ийгиликтерди алып келди.. Ар бир үй-бүлө бала-бакыраларынын маңдай тер акысы менен өз тиричиликтерин, курулуш жана коммуналдык шарттарын учурунда жакшыртып алышты.
Өлкөбүздө шылуундуктун арааны чегине жетип турган 2004-жылы Тайгараев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өнөгү келип калды. Айыл жаштары жеке өздөрүнүн турмушун гана оңдоо менен тиричилик жакшырып кетпөөсүн түшүнүшүп, айыл өкмөт башчылыгына жаштар арасынан да талапкер көрсөтүүнү чечишти. Беш талапкер атаандаштыкка чыгышты. Алардын эң жашы Эрназаров Жеңиш болучу. Шайлоо жыйынтыгында Жеңиш элдин 76 пайыз добушун алып, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
- Мен өзүм билбеген нерсени башкалардан тартынбай сурайм. Калп эле чиренип, баарын билген киши катары жасалма сөөлөт күтүп, иштин ойронун чыгаргандан көрө билгендердин пикирин угуу зыян алып келбейт. Ошондуктан айыл өкмөтүн жетектөөгө тиешелүү мыйзам актыларын да тез арада окуп үйрөндүм. Айыл өкмөтүнө келгенге чейин ишкерлик, менеджерлик менен иш кылып келгем. Азыркы жашоодо ар ким өз жөндөмү менен адал акы таап жашашы шарт деп түшүнөм. Айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлерге да ачык айтам, кимде-ким өзүнүн жеке тиричилигин оңдоонун жолун издеп айыл өкмөтүнө кызматка кирген болсо, бир нерсени бир нерсеге койгулаштырып, элдин көзүн боёп жеке пайда көрүүнү самаса катуу жаңылышат. Биерде баары алаканга салгандай көрүнүп турат. Эгерде жеке турмушуңарда муктаждыктар болуп жатса жашырбай айткыла. Силердин жеке муктаждыктарыңарды канааттандыруу биздин мойнубузда. Тайгараевдин ишкер жаштары аны дароо чечип бере алышарын билесиздер. Негизи эле адам адегенде ырыскыны Алладан тилеп, ниет-дилин агартышы керек деп шарт коём, - дейт айыл өкмөт башчысы өзүнүн ички пенделик сырын катпай.
Тайгараев айыл өкмөтү 2004-жылы мамлекеттик салык, социалдык фонд сыяктуу тармактарга бир жарым миллион сом карыз болучу. Ошол карыздар айыл өкмөтү тарабынан эки жыл аралыгында төлөнүп бүткөрүлдү. Ал карыз эртелеп төлөнбөсө үстөк пайыз кошула берип, элдин гана мойнуна чыгым түшө бермек. Насилинде заман талабына ылайык айыл өкмөт башчысы супер менеджер болушу керек. Курманбек Салиевич Президенттик такка келгенден кийин эки баскычтуу бюджет иш билген айыл өкмөттөрүнүн социалдык-экономикалык турмуштарын чукул арада жакшырта баштады. Эң эле жөнөкөйү, жыл аралыгында пайдаланылбай калган каражаттар кийинки жылдын каржысына кошулуп, запаста тура берет. Анын үстүнө айыл өкмөтү шаардын карамагында болгону да көп мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Мэрия айыл өкмөтүнө шаардан кем карабайт. Жалалабат шаардык Кеңешинин 30 депутатынын арасындагы үч депутат да айыл өкмөтүнөн барышкан.
Жогоруда сөз болгон Кызылсуу айылында өткөн жылы жаңы көпүрө курулду. Тоо коктуларына көпүрө куруу да жеңил иш эмес. Ал жерлерге миллиондогон каражат кетирип көпүрө кургандан көрө жер кыртыш шартын карап, элге да, мамлекеттик казынага да ыңгайлуу көпүрө куруу керек. Бул иш мэрия менен биргелешип, 380 миң сом каражатка бүткөрүлдү. Тайгараев айыл өкмөтүнүн аймагынын түндүк жагы Көгарт дайрасынын нугу менен чектешет. Көп жылдан бери жазгы суу ташкындарындары жээкти алып кетип олтуруп, 80 гектардан ашык жер жарга айланды.
Өткөн жылдардан бери калк жашаган пункттардын жана сугат жер кыртышын сактап калуу максатында 11 км жээк бетон тосмолору менен тосулду. Азыр дарыянын сол жээгинен дагы 12 км жээкти тосмолоонун түйүндүү маселеси чечилди. Бул ишти аткарууга Дүйнөлүк Банктын каржысы долбоор жазуу жолу менен жумшалды. Жазгы ташкын дагы деле келет. Андыктан сол жээкти тосмолоо ишин аткаруу укугун Жалалабаттагы адистешкен көчмө механизациялашкан кербени утуп алган. Азыркы иштерди аткарууга каржы министрлиги, чукул кырдаалдар министрлиги да үлкөн каржы бөлдү.
Айылдын калкы негизинен дыйканчылык менен тиричилик кылышат. Сугат жерлерге Көгарт дарыясынан суу алынып келинет. 1968-жылы курулган сугат өстөнү буга чейин да толук тазаланбагандыктан өстөндүн ичин ылай чайкандылары менен камыш-дарактар басып кеткен. Айыл өкмөтү учурда ал өстөндүн негизги суу өтүүчү биржарым километр аралыгын тазалап, суунун сугат аймактарга андан ары шар агып кетүү мүмкүнчүлүгүн жарата алышты. Бул сыяктуу чарбалык жана социалдык маселелерди каржылык жактан чечүүдө айыл өкмөтүнүн ишбилги жарандары эларалык каржылык уюмдар менен иштөөнү жакшы жолго коюшкан. Аларды сандар менен туюндуруп олтуруунун зарылдыгы жок.
Өлкө президенти Курманбек Салиевич айыл өкмөттөрүнө иштөө үчүн бардык шарттарды жаратып берди. Эми иштөө гана керек. Айлык акыны 10 миң сомго жеткирип, жеңил автомашина, компьютердик техника, өз алдынча бюджетти камсыздоого укук берген соң айыл өкмөттөрү өз дараметтерин таразалап көрчү учур келди. Эл болгон соң арасында ар түрдүүсү бар. Эл катары алган үлүштөрүн сатып жиберип, менин турмушум начар дегендер да табылат. Бирок, бул айыл өкмөтүндө жардамга муктаждардын арыздары айыл башчылары менен биргеликте атайын отурумда каралып, ким жардамга чындап муктаж экендиктери мыйзамдуу аныкталат. Айыл өкмөтүндө атайын доскага кайсы каражат кандай көлөмдө, кайсыл тармакка жумшалгандыгын, ким эмне таап келгендигин ай, чейрек сайын отчёт кылып чыгарып турушат экен. Эң башкысы - элдин тирикчилигине тоскоол болбо.
Чет элдерде ишкердик кылган жаштар айылдагы 3 көчөгө шагыл төгүп беришиптир. Мектептер, дарылоо мекемелери айыл өкмөтүнөн зарыл жардамдарды алышкан. Айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен башталгыч класстардын окуучуларына мамлекеттен түшкү чайга деп берилчү 5 сомго дагы 1 сом кошушуп, ар бир окуучу азыр 6 сомдук наркта наар алып жатышат. Айылдагы муктаж бир адамга өткөн жылы айыл өкмөтүнүн каражаты менен үй салып берилген.
Шайлоо тополоңдору өзүн актаган жок. Айыл өкмөттөрүн шайлоо деген Кыргызстанда уруучулук менен жаатташуучулуктан башка эч нерсе бербеди. Далай иш бере турган инсандардын шаабайын суутту. Жеке топтун кызыкчылыгын көздөп, эл ыркын, жашоо берекесин, журт ырыскысын кести. Патриоттор эмес, "кашелоттор" шайлоонун убайын көрүштү. Мына ушуну убагында түшүнүп, Президент Курманбек Салиевич жогорудагыдай жосундарга бөгөт койгонуна айыл өкмөтүнүн тургундары абдан кубанышууда. Мындан ары өлкө энергиялуу, ишбилги жаштардын энергиясын эл үчүн жумшоосуна шарт түзүп бере берсе болгону.
Өткөн жылы жайында Тайгараев айыл өкмөтүнүн бир нече кызматкери айыл өкмөтүнүн каржысы менен Казарман аркылуу Ысыккөлгө чейин айыл өкмөттөрүнүн иши менен таанышып келгени жөнөтүлгөн. Ишке көз караштары кыйла өзгөрдү. Ысыккөлдүн Аксуу районундагы дендропаркты көрүшкөн. Дендропарктын башчысы өзү өстүргөн дарактарды кучактап алып "сүйлөшкөнүн" көрүп таң беришкен. Алар менен айыл өкмөтү келишим түзүптүр. Буюрса, быйыл ошондой дендропаркты Кызылсууда уюштурууну ниет кылып жатышат тайгараевдиктер. Тилегиң ишке ашсын, Жеңиш. Кыска ойлонбой, карагайдай узундукту ойлогон эр гана көп бел ашырат эмеспи.

Уланбек Парманов,
"Айыл өкмөтү"














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan