Коомдук-саясый гезит
№20_21, 14.08.08-ж.





  Күндүн темасы

"Ар бир региондун конкреттүү программасы болуш керек!"
- дейт Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
Искендербек Айдаралиев.

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өкмөттүн курамында биринчи вице-премьер-министр региондорду өнүктүрүүгө, борбор менен аймактардын байланышын чыңдоого жана айыл чарба тармагына толугу менен жооптуу. Мына ошол негизги милдетимди аркалап алыскы аймактарды кыдырып чыктым. Экинчиден, жыл башында областтык администрациялар коллегияларда өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып, 2008-жылга милдеттерди белгилешти. Эки иштен бир иш деп, аймактардын абалы менен жеринде таанышып, жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияларга дагы катыша келдим - дейт Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев.
Өткөн 2007-жыл жана андан алдыңкы революциялык өзгөрүүлөрдүн алгачкы эки жылы жалпы кыргызстандыктар үчүн негизинен саясий стабилдүүлүктүн жана экономикалык ырааттуу өнүгүүнүн жылдары болду деп айтсам жаңылышпайм. Алсак, 2005-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 2007-жылдын жыйынтыгында республика боюнча ички дүң продукт 100 млрд. 899,2 млн. сомдон 139 млрд. 749,4 млн. сомго чейин өсүп, реалдуу ИДПнын өсүшү бул мезгилдин ичинде 111,55 пайызды түздү.
Акыркы үч жылдын аралыгында республикабыздын өнөр жай секторунда өндүрүштүн өсүшү 119,2 пайызды түзсө, капиталдык салымдардын көлөмү 199,6 пайызга, курулуп бүткөн турак-жайларды пайдаланууга берүү тармагындагы реалдуу өсүш 138,3 пайызга жетти. Республика боюнча 2005-жылдын апрель айынан бери эле 17 ири өндүрүштүк ишканалар жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилип, токтоп турган 15 ишкана ишке киргизилген.
Өлкөбүздүн агрардык секторунда да кыйла алга жылуулар болуп, 2007-жылдын жыйынтыгы менен 89,7 млрд. сомдук айыл чарбасынын дүң продукциялары өндүрүлүп, 2006-жылга салыштырмалуу өсүү ыргагы 1,5 пайызга жогорулаган.
Жылдын жыйынтыгы боюнча малдын санын карап көрсөк , кой-эчки 4 млн 200 миңге жетиптир, бул былтыркыга караганда 105%га өсүш бар дегендик. Ал эми жылкы 1 миллиондон ашык экен. Демек, бардык мал башында өсүш бар. Бул жагы да сүйүндүрөт.
Жер титирөө болгон Карасууга барып эл менен жолугушуп, жабыр таркан ар бир үйбүлөгө кирип чыктык. Ал жердин тургундары: "Бизге азык-түлүктүн кереги жок. Андан көрө курулуш материалдардан жардам бергиле. Заводдон чыккан баасы менен берсеңер" деген сөздөрү менен кубандырды. Демек, жашоодо оңолуу, өсүү бар экен. Эки жылдын ичинде киреше өсүп келет, көбөйүп жатат. Бул дагы болсо мамлекеттин жакшы иштеп жатканынан кабар берет.
Өлкөбүздүн жетишкен тырмак алды ийгиликтеринин негизи, айрыкча чарба жаатындагы өсүш мына ошол аймактарда түптөлөт эмеспи. Жалпысынан алганда экономикабызда жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар десем болот. Кеп мына ошол мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууда турат.

Ооба, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев белгилегендей айыл чарбасынын негизги өндүрүштүк каражаты бопгон айдоо жерлерин рационалдуу иштетүүдө кыйла кемчиликтер жок эмес. 2007-жылы республика боюнча 144,9 миң гектар айдоо жерлер пайдаланылбай калып кеткен. Анын ичинен Баткен облусунда 20,3 - миң гектар, Жалалабат облусунда - 24,7миң гектар, Ысыккөлдө 12,1 миң гектар, Нарында - 23,3 миң гектар, Ош облусунда -18,4 миң гектар, Таласта -19,1 миң гектар жана Чүй облусунда - 24,9 миң гектар айдоо жерлери пайдаланылбай калган. Мындан тышкары 2007-жылы буудай эгүү аянты республика боюнча 118,2миң гектарга кыскарып кеткен, же болбосо 2001-жылы 478,5 миң гектар жерге буудай эгилсе, бул көрсөткүч өткөн жылы 360 миң гектарга чейин төмөндөгөн. Албетте бул буудайдын дүң жыйымын чогултууга да өз кедергисин тийгизип, буудай өндүрүү салыштырмалуу мезгилде 481,6 миң тоннага азайган. Ал эми буудайдын түшүмдүүлүгү салыштырмалуу жылдардын ичинде гектарынан 4,9 центнерге төмөндөп, 2007-жылы гектарынан болгону 20 центнерден түшүм алынган. Республика боюнча жерди иштетүү маданияты талапка жооп бербегени аз келгенсип, минералдуу жер семирткичтиктерди пайдалануу да жакшы болбогону буудайдын түшүмдүүлүгүнө гана эмес, анын сапатына да терс таасирин тийгизүүдө.
Өлкөбүздө дан эгиндерин өндүрүүдөгү мына ушундай кемчиликтерден улам өткөн жылдын күзүндө ундун, нан азыктарынын баасы кыйла жогорулап, социалдык абалдын курчуп кетишине өбөлгө түзүлгөн.
Эми быйыл дагы өткөн күздөгүдөй азык-түлүктөрдүн, айрыкча дандын баасы дагы асмандап кетпесин деген кыязда мамлекет башчыбыз Өкмөткө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү милдеттерди койду. Кеп чындыктан бузулбайт эмеспи. Жогорудагыдай оор кырдаалга карабастан өткөн жылдын күзүндө республиканын бардык облустарында Кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген 285 миң гектар жерге күздүк айдап себүү программасы аткарылбай калганын ачык эле айтып коюубуз керек. Башкача айтканда баш-аягы 224 миң гектарга күздүк буудай эгилип, 2006-жылга салыштырмалуу 6 миң гектарга аз айдалган. Алсак, Чүй облусунда 17 миң гектар, Ысыккөл облусунда дээрлик 1 миң гектар күздүк буудай белгиленгенден кем эгилген.
Учурда айдоо аянттарынын прогноздо белгиленген структурасы көбүнчө сакталбагандыгы элди өзгөчө тынчсыздандырууда. Ошондон улам айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тигил же бул түрү керектүүдөн ашыкча же кем өндүрүлүп, рынокто анын баасы стабилдүү болбой айыл чарба өндүрүүчүлөрү ыксыз чыгашага учурап калган фактылар көп болууда. Демек, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жер-жерлердеги бийлик органдары менен биргелешип айдоо аянттарынын структуралык нормативдерин сактоо боюнча натыйжалуу иштерди алып бара албай жатат десек туура болчудай. Быйылтан тартып алдын ала мындай иштерди күчөтүп, дыйкандардын мээнети кайткыдай абал түзүүгө бардык аракетти көрүү абзел.
- Учурда дан азыктарын, пахтаны, тамекини кайра иштетүү жагынан бир аз жылыш болгону менен калган жашылча-жемиштерди, мөмөлөрдү кайра иштетүү жагынан аксап жатканыбыз ырас, - дейт Искендербек Рысбекович. Бизде картөшкө, төөбуурчак, жашылча-жемиштерди өндүрүү жакшы эпе жолго коюлган. Ал тургай республика боюнча өткөн жылы 1 млн. 373,8 миң тонна картөшкөнүн дүң жыйымы алынды. Бул рекорддук көрсөткүч. Анын ичинен Ысыккөл облусунда 569,5 миң тонна, Талас облусунда 272 миң тонна, Чүй облусунда 177 миң тонна, Ош облусунда 136,3 миң тонна картөшкө өндүрүлгөн. Ал эми аларды кайра иштетүү болгону 5 пайыздын тегерегин түзөт. Ошол эле Талас облусунда өткөн жылы 66,7 миң тонна төөбуурчак өндүрүлгөн. Бирок фасольду кайра иштетүү бүгүнкү күнгө чейин колго алына элек. Канча миллиондогон сом акчалар ортодогу сатып алуучулардын чөнтөгүнө оңой жол менен гана түшүп жатат.
Дагы бир мисал. Баткен облусунда республикадагы абрикостун эң мыкты сорту өндүрүлөт. Бирок аны кайра иштетүү колго алынбагандыктан сатып алуучулар абрикосту багбандын колунан өтө арзан баада алып кетип жатышкандыгы, албетте, ичибизди ачыштырат. Дегеле республикада жашылча жемиштерди кайра иштетүү да бүгүнкү күндө 16-18 пайыздан ашпайт. Мал азыктарын, канаттуулардын этин кайра иштетүү дагы талап деңгээлинде эмес экендигин моюнга алыш керек. Мисалга, өткөн жылы айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан 325,4 миң тонна эт (тирүүлөй салмак менен алганда ) өндүрүлсө, анын 10 гана пайызы кайра иштетилген. Ушул эле мезгилде бизде бүгүнкү күндө эң чоң өндүрүштүк кубаттуулуктарга ээ болгон "Бишкек эт комбинаты", Таластагы "Азык" эт комбинаты, Оштогу "Келечек" эт комбинаты акционердик коомдору токтоп турушат же болбосо эптеп өлбөстүн күнүн өткөрүшүүдө. Мына ушул жагынан алганда алдыда биз иштей турган иштер али арбын экендиги даана көрүнүп турбайбы.
Президентибиз Өкмөттүн жаңы курамын түптөгөндө "Биринчи вице-премьер-министр региондор менен иштеши керек" деген милдет койду. Бул эң туура деп ойлойм. Себеби борбордун айланасында эле сөз болуп, ошол эле учурда бардык бийлик борборлоштурулуп, региондордо эмне болуп жатканына көп көңул бурулбай калбадыбы. Эл арасында эмне болуп жатканын, кандай көйгөйлүү маселелер бар экенин эл аралап билбесек болбойт", - дейт Искендербек Рысбекович,- негизи областтардын экономикасын көтөрмөйүн, жалпы элибиздин турмуш деңгээли көтөрүлбөйт. Ошондуктан ар бир региондун өзүнчө конкреттүү программасы болуш керек, ошо менен иштегенде ишибиз алга илгерилейт деп ойлойм.

Мирзат Урдавлетов,
"Айыл өкмөтү




Элим жана эне тилим - ыйыктарым, сүйгөнүм,
Экөөңөрдү алмашпаймын жыргалына дүйнөнүн
Тилибиздин тагдыры өзүбүздүн колубузда

Эй, мекендеш! Ойгон, күнүң өчүп барат,
Пастар чанып, кыргыз тилим өчүп жанат.
Сүйлөп кыргыз улан-кызы башка тилде,
Ойлосоңчу тили жок эл
кайда барат?!

Менин кымбат мекендешим! Жогорудагы төрт сап ырда айтылган маселе балким мени эле эмес, сенин дагы жүрөгүңдү өйүп, тынчсыздандырып жаткандыр.Улуу Айкөл Манас бабабыздан кыргыз элибизге мурас болуп калган кыргыз тилибиздин азыркы учурда жоголуу коркунучунда тургандыгы албетте кыргыз эли үчүн жакшы көрүнүш эмес. Айланага көз жүгүртүп, кулак төшөп көрсөк зээнди кейиткен бир маселеге туш болобуз. Кыргызстанда жашап жатып өз эне тилибизде толук сүйлөй албаган кыргыздар бар экендиги зээниңди кейитет. Толук кандуу кыргыздын бөтөн тилде сүйлөп, жада калса башка улуттун каада-салтына берилип баратканын көргөндө өзүңдүн бир тууганыңды жоготуп жаткансып бир четинен ичиң күйсө, бир четинен жек көрүп кетесиң. Мекенибиз - Кыргызстан. Тилибиз кыргыз башка тилден айырмачылыгы болбосо, кемчилиги жок. Бирок тилекке каршы айрым жарандарыбыз эмнегедир ал артыкчылыкты четке кагып, кемчилик деп сезишип өз эне тилине кайдыгер карап жатышканы маалым. Эчендеген кылымдарды карытып жашап келе жаткан тилибизди биз дагы татыктуу кабыл алып, бизден кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүүбүз керектиги милдетибиз экенин унутпашыбыз зарыл. Биз башка тилди баалап кабыл алып ошол тилде сүйлөгөнүбүзгө сүйүнгөнүбүз менен бизди башка улут эч качан кабыл албайт. Бир нерсени унутпашыбыз зарыл: биз кыргыз болуп төрөлгөнбүз, жүрөк кыргыз, элибиз кыргыз! Башка тилде сүйлөп, акырындык менен өз тилибизди жабыркатып, бай тилибизди өлүү тилдердин арасына кошуп жатканыбыз эң чоң күнөөдүр.
"Эртең тилим жок болоору чын болсо,
Анда бүгүн мен өлүүгө даярмын", - деп Расул Гамзатов айткандай тили жок супсак, максатсыз жашоонун кереги канча.
Билим берүү тармагында тил саясаты кандай болушу керек?
Кыргыз Республикасында тил саясатын кеменгерлик менен илимий негизде жүргүзүү бүгүнкү күндө абдан олуттуу маселе. Ар бир улуттун эне тили ыйык. Ошол улуттун көп кылымдардан бери түзүлүп, калыптанган үрп-адаты, каада-салты, улутту улут кылып турган көөнөргүс рухий маданияты, адеп ахлагы, ишеним үмүтү, дүйнөгө көз карашы камтылган болот, мына ошол баардыгын камтып турган биздин тилибиз - кыргыз тили. Демек буга чейин жашап өткөн ата- бабаларыбыздын бүтүндөй маданияты, турмуштук бай тажырыйбалары, акыл казынасы кыргыз тилинде сакталып турат десек эч жаңылышпайбыз. Ошентип "кыргыз тилин сактоо кыргыз улутун сактоо менен барабар. "Ошондуктан Кыргызстанда акыл-эстүү, адилет жүргүзүлгөн тил саясаты биздин мамлекеттик тилибиз-кыргыз тили үчүн чечүүчү мааниге ээ. Албетте, тил саясаты өзүнүн табияты боюнча көп багыттуу системалуу мүнөзгө ээ көрүнүш. Бирок тил саясатынын кайсы багыты, кайсы тармагы болбосун, анда ар дайым биринчи катарда турган, тил саясатынын өзөгүн түзгөн, ар качан артыкча мааниге ээ болгон 2 маселе бар:
1. Кыргыз улуту, кыргыз тилинде мамлекеттик тилде сүйлөгөндөр бүгүн Кыргызстандын калкынын 72,5% түзөрү "Адам укуктары жана эркиндиктери" деп аталган Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык укук документтеринин жыйнагында так көрсөтүлгөн. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын бардык мекеме ишканаларында ишти кыргыз тилинде жүргүзүүнү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазууну баштоо маселеси.
2. Кыргыз Республикасындагы ар бир министирлик, агенттиктер, комитеттер өзүнө тиешелүү мекемелерде мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу маселеси деп улуттук тилибизди кантип өнүктүрүү керек деген суроого жооп катары өзүнүн оюн Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы ф.и.д., профессор Т.Маразыков айткандай тилибизди өстүрүүгө аракет кылып, ойлогон ойлорубузду ортого салып, тилибизди жандандырууга салымыбызды кошсок". Кыргызстандагы мектептерде, ЖОЖдордо ар кайсы тармактагы адистерди үйрөткөн сабактарды кыргыз тилинде өтүүгө багыт берүү керек.
Биз орус, кытай, немис, ж.б. тилдеринде кандай сүйлөсөк ошол эле улуттун өкүлдөрү биздин кыргыз тилибизде биз сыяктуу сүйлөп турушса кандай жакшы болоор эле.Ф.и.д, профессор, академик А.Бөрүбаевдин математика боюнча м.и.д. проф.Ө.Шаршекеевдин физика боюнча м.и.д, профессор академик И.М.Ахунбаевдин медицина боюнча сөздүгү, ф.м.и.д, профессор А.Саадабаевдин "Дифференциалдык теңдемелердин курсу" деген окуу китептерди жана башка ар кайсы адистикте иштеген көптөгөн окумуштуулардын эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөндүгү ар бир эле кыргызды кубандырбай койбойт. Мамлекетибиздеги көптөгөн газета-журналдар, радио, телевидение көбүнчө башка тилде берилет. Тил маселеси абдан оор жана татаал маселе.Тилдин жоголушу менен улут жоголот. Буга бийликтегилер көп көңүл бурушпай келишүүдө. Албетте, улуттук тил тууралуу мыйзам бар, бирок иштелбеген мыйзамдын кимге кереги канча. РФнын мурунку президенти В.В.Путин, Украинанын премьер-министри Ю.Тимошенко, Казакстандын президенти Н.Назарбаев чет өлкөдөгү конгресстерде дагы дайым өз эне тилдеринде сүйлөшөт. Булар башка тилди билбегендиктен эмес, өзүнүн эне тилин, жерин сүйгөндүгүнөн болсо керек. Биз эмне үчүн ошолорго тең келе албайбыз. Бирок, албетте баардыгын биздин биримдик жана ынтымак бекемдээри жалпыга маалым.

Айпери Абылкасымова,
БГУнун Кыргыз филологиясы
факультетинин түркология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти




Такырбаштарды ким токтотот?
Орусиянын шаарларында өзүлөрүн скинхеддер деп аташкан безери өспүрүм балдардын тыштан келген башка улут адамдарына болгон аёосуз аңчылыгы күчөгөндөн күчөп барат. Жыл башынан бери скиңддердин колунан 5 кыргыз атуулу жан таслимге учурады. Тышкы миграция маселелерин мыкты билген "Замандаш" ассоциациясынын маалыматтарына караганда өткөн 2007-жылдын ичинде эле 350 кыргыз жараны адам колдуу болуп көз жумушкан.

Скинхеддер же кыргызчалатып айтканда такырбаштардын тарых таржымалы биздин элге көп эле маалым боло бербегени менен, Орусияда жакын адамдары иштеп жүргөн ар бир карапайым кыргыз үйбүлөсүндө булар жөнүндө дурус эле түшүнүк бар. "Балам, кат-кабарды үзбө, алиги такырбаш, жаналгычтардан этиет боло көр, жалгыз баспа" деп алыска аттанган уул-кызына кайра-кайра жан алы калбай чебелектеп насаат айткан ата-энелерди көп эле көрдүм. Скинхеддердин башкы максаты, урааны: "Орусия орустар үчүн гана" болушу керек. Мындан мурдараак жылдары булар коңулдан баштарын өтө чыгарбай, негизинен чоң шаарлардын кире беришиндеги дубалдарына "Черные, вон из России!", "Азерам смерть", "Таджикам не место в России" ж.б.у.с. кекеткен эскертүүлөр (Сахалиндин Корсаков шаарына кире беришинде да "смерть киргизам" деген чоң жазуу турат) жана ээн жерден жалгыз-жарымдарды төпөштөп, тоноп кетүү сыяктуу майда хулиганчылык иштер менен гана чектелип келишсе, эми ачык эле мыкаачылык аңга чыгышты. "Каралар киши эмес, кармаган жерден жанч" деген ураан тегиз ташталды. Байкап карасаң курмандыкка чалынгандар жалаң эле ар кими өз арбайын өзү соккон, ортосунда ынтымагы жок кыргыз, өзбек, тажик өңдүү калктар. Маселен, Москваны ээн таптап жүрүшкөн чечен, грузин, армян, дагестан өңдүү кавказ элдерине булар катыла алышпайт. Анткени кавказдыктардын Москвадагы кримтопторунан кадимкидей сестенип турушат. Мисалга бир чеченди өлтүрүп кетишсе анын башы үчүн, жүз эмес миң скинхед болсо да ар бири жекеден тизелеп туруп керт башы менен жооп берет, тийиштүү адамдардын астында. Сыртынан баш-аламан сүрмө топтой көрүнгөн скинхеддерди ириде кримтоптор, андан калса улуттук ультра саясий топтор тыкыр көзөмөлдөп, ишмердүүлүгүн багыттап турушат.
Мамлекеттик укук органдары деле буларга тышынан гана сүр көрсөткөнү болбосо, ашыкча кысым көрсөтпөйт, демек, тымызын кубаттап турушат.
Орустардагы мындай маанайды жаратууда ММКнын да үлүшү зор. Бүгүнкү орус кино тасмаларында, адабияттарында "карала-торалалар" ачыктан-ачык эле экинчи сорттогу адамдар сыпатында сүрөттөлөт. Аларды туш келген учурда кордоп, басмырлап коюу учурлары кино же адабий каармандардын өзгөчө патриоттуулугу катары берилет. Мына ушундай шарттарда четтен келгендерди скинддердин (такырбаштардын) колу менен ооздуктап (кырып түгөталбаган күндө да) айбат көрсөтүп туруу, Орусия бийликтеринин эч жерде айтылбас жана жазылбас жашыруун программаларынын өзөгүн түзөт десек түк жаңылышпайбыз. Анткени бийликтин өзү ушуга кызыкдар. Андыктан ак жака мамчиновниктердин оюндагысын такырбаштар айда сонун ишке ашырып жатышат. Кармайбыз, жазасын беребиз деген убадалар жөн эле жел сөздөр. Ал эми өз жарандарына күйүмүш эткен кыргыздын бийликтеринин колунан олуттуу нота жөнөткөндөн башка азырынча эч нерсе келбейт. Ал ноталардын канчасы жөнөтүлдү, бирок тиги тараптан бирөө "быш" этип койгону эсте жок. Элчилик, өкүлчүлүк, консулдук комитет ж.б. сырттагы жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргойт деген уюмдар коргомок тургай бийликтеги орус төбөлдөрүнө батынып сөз айтаар, айталбасы күмөн. Аяктан өлүп кайткан мекендештерибизге күйүп, кылаарга айла таппай турганда, өзүбүздөгү айрым тыңчыкма акылдуу орустар "Кокуй акырынгыла, эки элдин ортосу бузулат" дешип акыл үйрөтүшүүдө.
Эми эмне кылышыбыз керек? Ой-тоону айтып чоң деңгээлдеги куру сөздөрдөн көрө ал жакка бара турган, иштеп жаткан мекендештерге кадыресе эле жерлик кеп кеңеш айталык. Абайлагыла, жалгыз-жарым темселебей топ болуп жүргүлө, колуңардан келсе өз жаныңарды өзүңөр коргогула дейлик, башка чарабыз калбай туру.

Бахтияр ШАМАТОВ,
журналист













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan