Коомдук-саясый гезит
№20_21, 14.08.08-ж.





  Эл үчүн эмгек билек бар,
Эр жигит чыкса тирек бар

Нурлан Төрөбеков Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы:
"Аракетибиздин акыбети жакшы"
Биз короо жайы таза, бардыгы өз ордунда жайгашкан Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Нурлан Надировичтин кеңсесин аттаганыбызда, адаттагыдай эле иш менен алек болуп отуруптур. Сөз арасында имаратты оңдоо, түзөө иштеринде бир топ эле кыйынчылыктар болгонун айтып отурду. Биз өзүбүздүн аракетибиз менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштик дейт. Учурдан пайдаланып отузга жакын мамлекеттик жана коомдук сыйлыктардын ээси Нурлан байкени маекке тартык.

- Нурлан Надирович аткарып аткан иштериңер жана келечек пландарыңар жөнүндө азын-оолак кеп козгосоңуз?
- Албетте келечекте аткарылчу иштер абдан көп. Алар үчүн биринчиден аракет, анан демөөрчү керек экен. Бирок колду жайып отуруп калбай аракет кылып көптөгөн ийгиликтерге жетишип атабыз. "Саланг" деген дүкөн ачканбыз, эми унаа тетиктерин оңдоочу жай, кафе да иштетсек деген оюбуз бар. Албетте андан түшкөн каражат менен биз кызматкерлерибизге жана жардамга муктаж ооганчыларга жардам беребиз.
- Сиздердин коомдун атын жамынып өз көмөчүнө күл тарткандар да болсо керек?
- Ооба бардык нерсенин ак, карасы болгондой эле биздин коомчулуктун атын жамынып, өз иштерин бүтүргөндөр да аз эмес. Андайларды иликтеп жоопко тартабыз. Бул туура эмес, ар кимдин атын сатып акча тапкан айрым жарандарды биз эле эмес Кудай да жактырбаса керек.
- Сиздерге мүчө болом деген жарандарга кандай талаптар
коюлат?
- Жүрөгү эл-жер деп соккон бардык жарандар бизге мүчө боло алышат. Ал үчүн паспорттун көчүрмөсү, 3х4 көлөмүндөгү сүрөт жана арыз жазып кайрылуусу зарыл.
- Медициналык кеңсеңерди көрүп чексиз кубандык...
- Бизге келген жарандар денсоолуктарын да текшертип көңүлдөрү жайланып кетсе деген тилек. Ачылгандан бери кайрылгандардын саны арбын. Буюрса иш жакшы ар бир аракетибиздин акыбети кайтып атат десем жаңылышпайм.

-Балалык кез эң бактылуу күндөр дейбиз, ошол балалыгыңызда ким болсом деп кыялданаар элеңиз?
- Мен кичине кезимде Улуттук коопсуздук кызматында иштесем деп кыялданчумун. Кыялымда ошол кесип абдан жакчу. Бирок менин кесибим юрист. Ал эми балалык кыялым эң бир ыйык сезим бойдон сакталып калды.
Анан да балалык күндөрдө бөлкөгө май сүйкөп анын үстүнө кумшекерден сээп алып балдарга мактанып жегенди жакшы көрчүмүн. Ошондой эле ошол күндөрдөгүдөй азыр да риха колбасасы менен пиязды кууруп нандын бетине коюп жегенди жакшы көрөм.Ошондо балалыгыма кайрылып баргандай болом.
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Эгер чынын айтсам бош убактым жок. Бош боло калганда тоого чыгып, бийиктиктен жаратылыштын сулууулугуна суктанып же суунун жээгинде отуруп ойлонгонду жакшы көрөм. Аткарган иштеримди анализдейм. Айланага көз чаптырып карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн жакшы иштерди аткарсам деп тилек кылам.
- Үй бүлөңүз жөнүндө да кеп козгосоңуз?
- Төрт баланын бактылуу атасымын.
- Кыргыз элине каалооңуз?
- Биринчиден кыргыз элиме ден соолук каалайм эч качан согуш болбосун. Ар бир жаран бул жашоодо бактылуу болушу керек. Мен бардыгына бакыт каалайм. Экинчиден сиздердин гезиттин ишине ийгилик каалайм. Мен бул гезитти алгач, Арсланбаптан бир айылөкмөттүн кеңсесинен көргөм.

Кундуз Исмаилова


















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan