![]() ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН КЕРЕГИ БАРБЫ? Азыркы учурда телеэкран-радио, гезит-журнал же маалымат агенттиктеринин айткан-жазгандарына абай салсаңыз куду бир акыр заман жакындагандай, каржы жана экономикалык кризис акырындап жер жүзүн каптап, муунта тургандай коркунуч сезилет. Эми ушундай сырткы дүйнө толкундаган бейжай учурда кыргыздардын куру намыска алдырып, эпсиз чыгым болуп, бири экинчисине атаандашып, дүңгүрөтө аш-тойлорду, юбилейлерди берип жатышы таптакыр түшүнүксүз. Же бир жыргап дүйнөгө таанылып кеткен жерибиз жок. Мингенибиз чет элдик үлгүдөгү кымбат баалуу машина. Эт-май жеш боюнча биз карышкырлардан эбак алдыга озуп кеттик. Арак-шарап суудай агып, улуу-кичүүсү, кыз-кыркын дебей ортону бий аянтчасына, өздөрү мээрими, ыйманы жок роботко айланып жатышы учурдун трагедиясы! Анан уул-кыздарыбыз Россияга барышып, кул катары кыйналып таап келген акчаларын бир-эки күндүк аш-тойлорго чачышып жок кылышууда. Биздеги ысырапкерчиликти көрүшкөн кыйтайлар жакасын карманышат. Кыргыз элинин өнүгүп өспөй жатышынын бир себеби ысырапкорчулукта тура деп эсептешет. Орустардын "Пир во время чумы" деген накыл кеби бар. Түштүктүн бир катар район-шаарларында үйлөнүү үлпөттөрү МАИ кызматкерлери үчүн баш ооруга айланды. Башында Лимузин, артында 15-20 чакты иномаркалар ээрчиген тартипсиз колоннаны айдоочулук күбөлүгүн акчаган сатып алышкан жаш балдар башкарышып, ар түрдүү кыймылдарды жасашып, жол эрежелерин одоно бузушкан учурлары толтура. Атүгүл кээде кырсыкка учурашып каза же майып болгондору да бар. Жакшы каалоо-тилек менен эки жаштын тоюн каадасы менен ойдогудай өткөрө албай жатабыз. Тойлордо мас болуп мушташкандар, улуулардын назарынан калгандар улам көбөйүп барат. Ал эми инсан болгон соң өлүм ар кишинин башында бар. Анын качан келерин билбейбиз. Ошондогу атаандаштыкка тан бересин! 300-400 киши көңүл айтканы эмес эле эт, аш жегени барышабы деп ойлойт экенсиң. А эгерде бир бечаранын баласы кокусунан көз жумса жылкы же ноопас, кой союп, нан, кант-курс коюп чабылышы керекпи?! Бул жагдайда коомдук уюмдар, айыл аксакалдары, айылдык округдар, аялдар уюмдары жетиштүү иштей албай жатышат. Менимче бул маанилүү маселе мамлекеттик деңгээлде, Өкмөттө, парламентте каралып, тийиштүү токтомдор, сунуштар кабыл алынса оң болор эле... (11-беттен окуңуз) |
|
| |||||||||||||||