Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери п»ї

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 2
п»ї
Чынгыз Айтматов жана кино
(12- декабрь улуу жазуучунун туулган күнү)
Мистикалык ишеними күч адамдар: Мезгили, Доору, жашаган өлкөсү дал келгенде гана улуу адамдар жаралаарын айтышат. Мүмкүн, Чынгыз Айтматов ошондой адамдардын биридир?!.. Кандай болгон күндө да, мезгили - 60 жылдардагы совет мезгилинин гүлдөп - өсө баштаган кезине, өкмөт менен партиянын идиректүү жаштарды абдан колдоп аткан дооруна туш келди. Ал, али эч кимге ачыла элек, белгисиз кыргыз элин кызыктуу китептери менен гана эмес, кинотасмалары менен да дүйнөгө даңазалай алды. Бүгүнкү, биздин, бардык нерсеге кайдыгер караган мезгилибизден айырмаланып, ал кезде, талант-шыгы бар, эмгекчил, аракетчил жаштарды көз жаздымда калтырбай, укмуштуудай көңүл бурууларга көмүлүп турган учур эле.
1961-ж. Фрунзедеги кичинекей киностудия "Кыргызфильм" аталар менен Ч. Айтматовдун чыгармалары дароо эле кинорежиссерлордун көңүл буруусуна арзып, алгач, "Кызыл жоолук делбирим" повести боюнча "Ашуу" аттуу кинотасманы режиссер А. Сахаров тарткан. Бул фильм анча ийгиликтүү жаралбаса да, көч башы катары акжолтой болгон көрүнөт; кийинки тасмалар андагы жаш кинорежиссерлорду - устаттарга, фильмдердин өзүн - советтик киноклассикаларга айлантты.
Алар: Москвадагы кинематографисттер институтун (ВГИК) бүткөн таланттуу жаш кинорежиссерлор Лариса Шепитько, 1963-ж. "Аптап" фильмин жаратса, Андрей Михалков-Кончаловский, 1965-ж. "Биринчи мугалимди", Ирина Поплавская, 1968-ж. "Жамиланы", 1973-ж. "Мен Тянь-Шань" фильмдерин куйрук улаш тартышып, Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз тасмаларынын дүйнөгө карай жолун даңгырата баштап беришкен.
Бул - советтик киноискусствонун дүйнөлүк жетишкендиктеринен эле. Ошондой эле, Чынгыз Айтматовдун да адабияттагы дүйнөлүк ордун түбөлүк бекемдеди.
Ал эми, улуттук жаш киноискусствобуз дал ушул тасмаларда иштөөдөн алган иш тажрыйбасынын, чыгармачылык таасирлеринин арты менен калыптанды. Анткени, алардын киногруппаларынын экинчи составын, б.а. жардамчы тобун кыргызстандын киностудиясында иштегендер түзүшүп, чоң көркөм тасмада кантип иштөө боюнча алгачкы иш тажрыйбаларын топтошуп, өз мектебин түзүштү.
"Аптап" фильминен, келечектеги жаш кыргыз кинорежиссерлор: Болот Шамшиевди, башкы ролдогу-Кемел аркылуу, Клара Жусупжанованы - Калипа аркылуу, келечектеги белгилүү киноактер - Болот Бейшеналиевди "Биринчи мугалимдеги" - Дүйшөн аркылуу - кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө тааныды.
Дал ушундай зор ийгиликтерден соң, Чынгыз Айтматов, кыргыз кинорежиссерлорунун пайда болуусуна да түздөн-түз салым кошо баштады. Кыргыз кинорежуссурасынын өнүгүп-өсүшүн көргүсү келди. Москвадагы кинематографисттердин институтунан (ВГИК) 5-курстун студенти Геннадий Базаровго жолукту. Натыйжада, 1967-ж. "Саманчынын жолу" жаралды. Андан соң, 1974-ж. Болот Шамшиев: "Сүйүү жаңырыгы", 1976-ж. "Ак кеме", 1979- ж. "Эрте жаздагы турналар", 1987-ж. "Фудзиямадагы кадыр түн" тасмаларын; Төлөмүш Океев 1975-ж. "Кызыл алма" тасмасын тартты. Алар - дүйнөгө дүңгүрөгөн "Кыргыз кереметинин" жаратуучуларынан, кыргыз кинематографиясынын улуу устаттарынын бүтүндөй бир муундарынан болуп калышты!..
Бул тасмалардын ар бири көптөгөн эл аралык жана союздук кинофестивалдардан алдыңкы орундарды алышып, кыргыз киносунун керемети эле аталбастан, улам кийинки муундарга үлгү катары, кыргыз киноклассикасына да айланышты!..
"Классика" деген сөздүн өзү - латынчада байыртадан эле "эң үлгүлүү" дегенди билдирет эмеспи!..
Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен кыргыз кинорежиссерлорунун бүтүндөй экинчи, үчүнчү муундары да өсүп чыкты. Алар: Э. Орозбаев, 1972-ж. "Атадан калган туяк" тасмасын; Тынчтыкбек Раззаков, 1976-ж. "Сыпайчы"; Дооронбек Садырбаев, 1978-ж. "Арман", 1984-ж. "Махабат дастаны", 1988-ж. "Акбаранын көз жашы"; Бакыт Карагулов, 1991-ж. "Куш өмүр", 1995-ж. "Бороондуу бекет", 1996-ж. "Саманчынын жолу", 2005-ж. "Маңкурт" тасмаларын ийгиликтүү жаратышып, "кыргыз кереметинин" жолун улашты.
Ошентип, кыргыз киносун, пайда болгондон баштап Чынгыз Айтматовсуз элестетүү эч мүмкүн эмес. Кыргыз киносунун атагы алыска кетип, өнүгүп-өсүүсүнө зор салымын кошкон айтматовдук чыгармалар кыргыз киносунун бүтүндөй бир доорун өзүнө камтып турат. Анын өткөнү менен бүгүнкүсүн чагылдырып турат.
Кыргыз искусствосу менен маданиятынын, адабиятынын дүйнөлүк мурастагы алтын барагы болуп түбөлүк жашай берет!..
Акын, кино жана
театр драматургу
Алтынай Темирова




Билим тармагы бүгүн кандай абалда
Билим берүү тармагы кандай реформага муктаж? Агартуу тармагын реформалайбыз деп бир сабакты кошуп же алган менен реформа жүргүзүлбөшү маалым. Интерактивдүү методдорду колдону мезгилдин талабы. Мына ушул багытта Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын абалын билүүнү туура көрдүк. Барганыбызды Молдош Чакиев иш ордунда экен. Мугалимдердин айлык маянасы жогорулады эми алардын заман талабына ылайык билимин жогорулатышыбыз керек деген оюн айтты.
-Ар бир кесип ардактуу. Бирок мугалимдик кесиптин түмөн түйшүгү менен катар көңүл эргиткен, кубанткан учурлары бар. Дегеним таалим, тарбия менен катар билим берген окуучуң татыктуу бир кесип ээси болуп элине кызмат кылып жүрсө абдан кубанасың. Кай бирде турмуштан ордун таппай жүргөн окуучуңду көргөндө кадимкидей зээниң кейийт. Жоопкерчиликтүү ишти аткарган мугалимдерге ырахмат. Мына ошол түйшүктүү эмгекти талап кылган билим берүү тармагынын адистеринин айлык маянасы жогорулаганы, жаш кадрларга стимул жаратууда. Буга чейин мектептерде мугалимдер жетишсиз болгон. Андайда кадр издеп убараланчубуз. Быйыл мугалим болом деген кадрлар арбын. Алардын билим деңгээлин, иш тажырыйбасын карап ваканттык орундарга кабыл алуудабыз. Мамлекеттин мугалимдер үчүн көргөн камкордугуна ыраазыбыз. Эми биз талапты татыктуу, сапатуу билим үчүн коюдабыз.
-Жаңы, жаркыраган мектеп окуучуну гана кубандырбастан, андагы иштеген мугалим үчүн да кубаныч. Мектептердеги оңдоо- түздөө иштерине токтолсоңуз?
-Оңдоо-түздөө иштерине республикалык бюджеттен 1 млн 357 мин 954 сом бөлүнгөн. Капиталдык оңдоо-түздөө иштери тууралуу айта турган болсом алгылыктуу аракеттер көп. Кочкор районундагы Н.Жүндүбаев атындагы орто мектебинин имаратынын шиферин республикалык бюджеттин түртүкү берүүчү гранттынын эсебинен 1 млн 691 мин 375 сомго жабышты. Андан тышкары Сары-Булак айыл округуна караштуу Сары-Булак толук эмес орто мектебинде капиталдык ремонт болду. Гранттын эсебинен 1 млн 100 сомго шиферин алмаштырып, терезе-каалгалар жаңыланып, эшиктин алдына брусчатка коюлду. Андан сырткары заман талабына ылайыкталып потолокту пластик кылып алмаштырылды. Бул мектеп былтыр гана ачылгандыктан эски клубду мектеп кылган элек. Андагы бөлмөлөр ортолору да бөлүштүрүлдү.
-Көп иштерди аткарууда долбоорлордун кызматы чоң. Бул багытта райондук билим берүү башкармалыгынын аракети кандай?
Долбоорлордун жардамы аркылуу билим берүү тармагында да көп иштер аткарылууда. Көк-Жар орто мектебине АРИС долбоору менен алынып келинген музыкалык апаратуралар алынды. Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебине АРИС долбоору менен алынып келинген ашкана эмеректери алынды. Ашканасындагы балдар үчүн берилчү тамак-аштын сапатын сактоону колго алып муздаткыч алдык. Спорт инвентарлары, компьютер жана эмеректер, видиокамера алынды. С.Орозбаков атындагы орто мектебике АРИС долбоору менен алынып келинген ашкана эмеректери жалпысы 195 мин сом.
Иштин көзүн таап иштеген адис үчүн эч бир жумуштун кыйынчылыгы жок экени белгилүү. Мына ошондой өз ишинин мыкты адиси, жамаатына жаккан жетекчи, камкор ата, сүйүктүү жолдош Молдош аганын ишине ийгилик кааладык. Ылайым билим очогу болгон мектептердин каалгасы билимге умтулган окуучулар үчүн ачык болуп турсун.




Yч кылдын бүтпөс сырлары
Жакында жарык көргөн Асан Кайбылда уулунун "Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр,ойлор, пикирлер" китебинен утур­лап берип турууну туура көрдүк.
Улуттук музыкалык аспаптар жана үч кыл комуз

Доолбас үнү бапылдап,
Кернай үнү такылдап,
Жезнай үнү чакылдап,
Чылмыр согуп шакылдап,
Доол уруп дүңгүрөп,
Сыбызгы үнү тызылдап,
Дап согулуп дапылдап,
Тойго какчу нагыра…
("Манастан").

Жогоруда "Манас" дастанында айтылгандай, байыртадан эле элдик музыкалык аспаптардан оркестрлер тобу түзүлүп, жер дүңгүрөткөн добуш менен душмандын сесин алууну көздөшчү тура. Байыркы аспаптар жердигинде сынбас, бүлүнбөс материалдардан жасалып, көчмөн жоокерчилик турмушка ылайыкташтырылган. Мисалы: уйдун, төөнүн терисинен катырган шириден доол, добулбастар жасалса, тоо текенин шаа мүйүзүнөн жезнай, кернайлар, жергиликтүү жыгач материалдарынан (карагай, арча, өрүк, шилби, камыш ж.б.) комуз, кыяк, сурнай, чоор, сыбызгылар даярдалып, ат үстүндө алып жүрүүгө ыңгайлаштырылган. Чоор, чопо чоорду кончуна жымырып, кернайды аркасына асынып, сурнайды моюнга илишкен. Добулбас, доол ээр кашынан орунтук тапса, комуз курга кыстарылып, чепкен ичине кастарланып катылган.

Музыкалык аспаптарды төмөнкү топторго бөлүүгө болот:
1. Yйлөмө аспаптар (аэрофондор): чоор, чопо чоор, сыбызгы, кернай, сурнай, ышкырык чоор.
2. Жаргактуу урма аспаптар (мембранофондор): добулбас, доол, дап.
3. Шыңгыратма аспаптар (идиофондор): аса-муса (аса таяк), шылдырак, коңгуроо, жылаажын, жыгач ооз комуз, темир ооз комуз.
4. Кыл аспаптар (хордофондор): комуз, кыл кыяк.

Кыргыз күүлөрү.
1. Yйлөмө аспаптар. Yйлөмө аспаптардын теги байыркы замандарга барып такалат. Алтайлыктарда "чоор" - "шоор" деп аталат экен. Ошондой эле хакастар, тувалыктарда да шоор ойнолот. Шоор куурайдан жасалгандыктан, бул элдерде "куургай" же "комургай" деп да коюшат. Ал эми башкыр элинде болсо чоорду "куурай" деп коюшат. Чоор. Эки учу ачык түтүк, төрт көзөнөктүү, тигинен кармап ойнолот. Аспаптын жердиги - шилби, сары жыгачтан жасалат.
Чоор түтүгүнүн эки жак кыргактары жарылып кетпеш үчүн мүйүз кийгизилет. Чоорду тартуунун алдында ичин суу менен чайкап коюу керек. Байыркы доорлордо пайда болгон чогойно чоор, балдыркан чоор дегендер бүгүн колдонулуудан чыгып калган. Кичине чоор. Yн өзгөртүүчү 10 көзөнөгү бар. Аспап өрүк, алмурут жыгачтарынан, ошондой эле желимден, латун, жез, аллюминий сыяктуу түстүү металлдан даярдалат.

Чоң чоор.
4 же 5 үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү бар. Башка чоорлордо алууга мүмкүн болбой турган төмөнкү добуштар алынат. Аспап түстүү металлдардан жана желимден жасалат. Каттуу жыгачтардан жасаса да болот.

Ышкырык чоор.
Чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү сүмдүктөрдүн же чогойнонун сабагынан жасалат. Алдыңкы учу туюк болуп, үн өзгөртүүчү 2-3 көзөнөгү бар. Тик кармап, ооз жагын эринге такап, ышкырык жылчыгынан тилдин жардамы менен үн алынат.

Ышкырык.
Талдын же теректин бутаксыз сабактарынан жазында жасалат, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болбойт. Жогору жагынан ышкырык жылчыгы оюлуп, таякчанын эки учу тыгындалат. Ышкырык убактылуу гана аспап, ал 3-4 күнгө гана кызмат кылат.
Чопо чоор.
Көрүнүшү сүйрү, тоголок келип, учтанган тарабынан ышкырык жылчыгы оюлат. Ак же кызыл чопону 900 С дан ашык ысыктыкка бышырат. Ак чоподон жасалган чоордун үнү кату чыгат. Мурда чопо чоордун 3-4 гана үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү болгон. Азыркы өркүндөтүлгөн аспаптын 7-8 ге чейин көзөнөктөрү бар.

21-22-беттерден алынды.
Уландысы кийинки санда.








Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 89

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 89

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 89

кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 89

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 89

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai_d/11/1011_14.htm on line 89




а ­е¦Є.НҐй«