Даталуу күндөр
1-декабрь: Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү
2-декабрь: Эл аралык кулчулукту жоюу үчүн күрөшүү күнү
3-декабрь: Эл аралык майыптар күнү
4-декабрь: Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү
7-декабрь: Эл аралык жарандык авиация күнү
9-декабрь: Эл аралык коррупция менен күрөшүү күнү
10-декабрь: Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү
11-декабрь: Эл аралык тоолор күнү
11-декабрь: Эл аралык танго күнү
15-декабрь: Эл аралык философия күнү
18-декабрь: Эл аралык мигранттар күнү
20-декабрь: Эл аралык адамдардын өз ара шериктештигинин күнү
23-декабрь: Бүткүл дүйнөлүк сноубординг күнү
25-декабрь: Григориан жыл санагы боюнча Иисус Христостун туулган күнү
28-декабрь: Эл аралык кино күнү
31-декабрь: Кыргызстанда Бажы кызматкерлеринин күнү.

Б.З.Ч 7-декабрь 43-жылы: Байыркы Рим саясатчысы жана ойчулу Цицерон каза болгон. (2054 жыл мурун.)
1-декабрь 1667-жылы: Сенге тайши баштаган калмактар энесайлык кыргыздарга кол салган. (344 жыл мурун.)
1-декабрь 1866-жылы: Уэльстик геодезчи Жорж Эверест (дүйнөдөгү эң бийик чоку анын ысымын алып жүрөт) көз жумган. (145 жыл мурун.)
1-декабрь 1896-жылы: Атактуу советтик аскер башчы, Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуков туулган. (115 жыл мурун.)
1-декабрь 1899-жылы: Шабдан баатыр орус императору Николай IIге кайрылуу жолдогон. Анда орус империясына сиңирген эмгегин дворяндык нарк менен бааланышын өтүнүп, императордон өзү жана 10 уулу дворяндык текке алынышын суранган. (112 жыл мурун.)
1-декабрь 1915-жылы: Пржевальск шаарында Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин балдарын багуу үчүн Балдар үйү иштей баштаган. (96 жыл мурун.)
1-декабрь 1918-жылы: Пишпек уезддик жергиликтүү бийлиги эсерлердин уюмун мыйзамсыз биримдик деп жарыялап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. (93 жыл мурун.)
1-декабрь 1989-жылы: Советтик лидерлерден биринчи болуп Михаил Горбачёв Ватиканга расмий сапар менен барган. (22 жыл мурун.)
2-декабрь 1804-жылы: Наполеон Бонопарт өзүн император деп жарыялаган. (207 жыл мурун.)
2-декабрь 1814-жылы: Франциялык жазуучу, садизмдин негиз салуучусу Маркиз де Сад каза болгон. (197 жыл мурун.)
2-декабрь 1919-жылы: Жети-Суу революциялык аскер кеңеши Убактылуу Пишпек уезддик революциялык комитетин уюштуруу тууралуу буйрук чыгарган. (92 жыл мурун.)
2-декабрь 1946-жылы: Италиялык модельер Жанни Версаче туулган. (65 жыл мурун.)
3-декабрь 1596-жылы: Италиялык скрипка чебери, Страдиваринин устаты Николо Амати туулган. (415 жыл мурун.)
3-декабрь 1877-жылы: Жети-Суу облусунун аскер губернатору Г.Колпаковский уезддик борборду Токмок шаарынан Пишпекке которуу сунушу менен Түркстан генерал-губернаторуна кайрылган.
3-декабрь 1888-жылы: Белгилүү оптикалык аспаптардын фабрикасынын негиздөөчүсү Карл Цейсс көз жумган.
3-декабрь 1928-жылы: Фрунзе шаардык жетекчилиги борбор калаада азиздерге жардам көрсөтүү үчүн өткөргөн үч күндүк кайрымдуулук иши 3-декабрда соңуна чыккан.
4-декабрь 1131-жылы: Бүт дүйнөгө рубаилери белгилүү болгон перс жана тажик акыны, математик жана ойчул Омар Хайям көз жумган.
4-декабрь 1980-жылы: Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов өлтүрүлгөн.
5-декабрь 1931-жылы: Совет бийлиги тарабынан Москвадагы Куткаруучу Христостун Храмы жардырылган.
5-декабрь 1960-жылы: ЖКнын экс-төрагасы жана V чакырылыштын "Ата Журт" партиясынан шайланган депутаты, экс-министр Марат Султанов жарык дүйнөгө келген. (51 жыл мурун.)

6-декабрь 1492-жылы: Христофор Колумб Гаити аралын ачкан. (519 жыл мурун.)
6-декабрь 1918-жылы: Совет бийлигине каршы Таласта кулактардын козголоңу чыккан.
7-декабрь 1900-жылы: Шабдан баатыр кыргыз жергесиндеги баалуу кен байлыктарын чалгындоо ишин улантууну өтүнүп, Семипалатинск-Жети-Суу округдук тоо өнөр жайына кайрылган.
7-декабрь 1941-жылы: Экинчи дүйнөлүк согуш: Япония америкалык Пёрл-Харбор портуна кол салган.
8-декабрь 1944-жылы: Кыргызстан жазуучулар кошуунунун биринчи жыйыны ишин баштаган.
9-декабрь 2005-жылы: Көз карандысыз "Пирамида" телекомпаниясын басып алуу аракети жасалган.
10-декабрь 1775-жылы: Жуңгарлардын батышка сүрүлүшүнөн улам Орусиянын Астрахань аймагына жер которгон кыргыздар орус ханышасы Екатерина IIге кат аркылуу кайрылышкан.
10-декабрь 1896-жылы: Швециялык химик, инженер, ойлоп табуучу жана "Нобель" сыйлыгынын негиздөөчүсү Альфред Нобель каза болгон.
10-декабрь 1935-жылы: КРнын туңгуч президенти Аскар Акаевдин экс-кеңешчиси, КУУнун экс-ректору, академик Аскар Какеев жарык дүйнөгө келген.
10-декабрь 1948-жылы: БУУнун Генералдык Ассамблеясы адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.
Интернет булактарынан алынган