Инсанат

КОНФУЦИЙ
Б.з.ч. 551-479-кылымдарда жашап өткөн байыркы Кытай ойчулу Конфуцийдин (Кун Цю) эң жакшы көргөн музыкалык аспабы жети кылдуу лютна (кытайчасы - цинь.) болгону айтылат.

Конфуций 27 жашында музыка билермандарынын курчоосундагы Цюйфу калаасына келет. Анда Ши Сян аттуу чебер музыканттын кол алдында лютна аспабында ойноону үйрөнүүдө устатын осол кылган жайы бар. Конфуцийдин куйма кулак жан экенине башында анча кунт койбогон Ши Сян жаңы келген окуучусуна лютнадан башка да качанкы ата-бабадан бери келаткан музыкалык аспаптарды үйрөтүүгө ашыгат. Бир музыканы угузуп, эми аны өздөштүрүүнү талап кылат. Устаты ойноп берген музыканы Конфуций бирнече күн кайталап, мөртү келген күнү аткарып берет. Лютнада чебер ойноону тез өздөштүргөнүнө ыраазы болгон Ши Сян:
- Абыдан мыкты үйрөнүпсүң. Кел, эми дагы жаңысын үйрөтөйүн.
- Мени кечиргейсиз, урматтуу устат, - деди Конфуций. - Ашыкпайлы… Музыканын ыргагын мындан да так өздөштүрсөм дедим эле...
Устатынан дагы бираз күнгө уруксат сурады. Качан гана баягы музыканы кынына жеткире ойноп калганда Ши Сяндын алдына өзү барып, музыканы чертип берет.
Ажайып музыканын мурдагыдан уккулуктуу сыбызгыганына курсант болгон Ши Сян:
- Мыкты, мыкты. Чынында мурдагыдан алда канча кылдат ойнодуң. Баракелде! Макул көрсөң, эми башка музыкага өтөлү.
- Жок, - деди бул жолу да Конфуций. - Мен али музыканын ички маанайын туюшум керек. Андан соң бул музыканы кандай адам жаратканын билүү милдетим калды.
Дагы бирнече күн узак сааттар бою лютнаны колдон түшүрбөгөн аны терең ой басып жүрдү. Бир күнү капыстан өрөпкүп кубанганынан устатынын алдына келгендегиси:
- Мен эми бул музыканы ким жаратканын да билем. Ал адам шады бойлуу, өңү караторусунан келген, алп денелүү жан экен. Көз нуру - көзкыйыры жеткизди көргөн, руху - ай-ааламга чалкыган Вэнь-ван аттуу байыркы ардактуулардын бири экенинен шегим жок.
Муну уккан Ши Сян маңдайында турган өжөр шакиртине ыраазы болуп турганы:
- Сөзүңдө калет жок. Таап айттың. Биздин улуу муундагы билермандардын айтымына караганда, бул музыканы жараткан адам, так ошол сен айткан Вэнь-ван деген болуптур.
Оозунан келмеси учкан устат ошондо Конфуцийдин адамдан башкача баамчылдыгына акылы айран болуп, шакиртинин алдында башын ийип, таазим кылган экен.
Олжобай ШАКИР




  Мен көргөн акыркылар

Кусейин Карасаев
Ушундай аталышта чакан макалалар топтомун жазсам дейм. Барына эл журт тараза. Алар залкар адамдар, талантын урматташат, унутпайт. Мен да айрымдарын көрдүм, бирөөн бир жолу, бирөөн далай жолу... "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" демекчи кеп кезеги көзү өткөндөрдө. Эмесе мен көргөндөр, Кусейин Карасаев, Жумамүдүн Шералиев, Рыспай Абдыкадыров, Асанбек Кыдырназаров, Советбек Жумадылов, Калый Молдобасанов, Мурза Гапаров, Искендер Рыскулов, Амантур Акматалиев, ж. б.

Эшикти өзү ачты. "Кел баатыр, кел". Илбериңки, жылуу колунан, майин ары ыргактуу үнүнөн, бир көргөндө жашын токсонго эч ким теңей албас айчырай жүзүнөн тил илиминин залкар аалымы Кусейин Карасаевдин мээрбан жана ак ниет адам экени даана көрүнүп турду. Анын жөпжөнөкөй мамилесинен бая телефондон сүйлөшкөн маалдагы сүрдөгөнүм азыр эсиме келбей, эзелки тааныш жакындардай аңгемеге аралашып кеттик. Айша апа болсо чайын коюп, тасмалын жайды. Ошентип эки жакшынын жанындагы андагы саамкы учур түбөлүк эсимде калды.
Сөз арасындагы "токсон жаш кандай болот экен?" деген суроомо аалым, 1916-жылы 16 жашында ата-эне, туугандары менен Кытайга качып барып келгендеги кордугу, граждандык уруш, 1937-жыл, Улуу Ата Мекендик согуш, дагы 1953-жылкы "улутчул" деген запкы, андан кийин бүткүл өмүр бою коштоп келген шектенүү, ооздук, бут тосмой мамилелер болгонун саймедиреди. "Барыбир таразанын жамандыгын жакшылык тарабы көбүрөк басып келди. Ошондуктан сонундун бары алдыда деп ойлойм" деди. 90 жаштагы аксакалдын мындай кыялы, орошон үмүт, тилеги мени азыр да толкутат, жетелейт.
Андан бери көп жылдар өттү. Кусейин аба да жерге кетти. Өзү айткандай, ойго качса ойдон, тоого качса тоодон кубалап жүрүп чыныгы залкар манасчылардын соңку урку Саякбай Каралаевди эл казынасына кошту. Кыргыз тилин, сөз касиетин узун-туурасынан жиликтеп, утурумдук урмат-сыйдан, кызыкчылыктан карандай качып, эне тилдин тегин ийнелеп казды, эрикпей эзди... Натыйжада Чынгыз Айтматов баалап тан берген, " Карасай сөздүк" мектебин, илимий институтун элинин энчисине калтырды.
"Эки арман-тилегим бар" деген. "Биринчиси, мынабу "Ала - Арчадан" көр талашпай, айылыма барып жатсам, экинчиси, Константин Юдахин менен бирге жанагы чоң сөздүктү түздүк эле. "Улутчул" деген жалаадан улам мени алып салышты. Буга Кузьмич да негедир унчукпады. Ошол авторлош мээнетим текке кетеби деген санаа оюмдан кетпейт" деген эле.
Салижан Жигитов айтмакчы, өзү да комуздай болгон кайран киши акыры ата журтунун кыртышына барып жатты. А экинчи керээзи аткарылбай келет. Ким аткарат?
Дүйшөн КЕРИМОВ




Сыйкыр сан
Урматтуу окурман, "Сыйкыр сан" рубрикабыз жакшыны ашырып, кубанычыңызды керектүү жерге жеткизип, сиз менен байланыштын бир булагы боло алат деген үмүттөбүз. Андыктан, эч тартынбай
46-30-20 телефонун бураңыз дагы куттуктоо болобу, дубай саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү оюңузбу же барыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Бирок эң башкысы, ар бир жолкуда редакция кеңешип үч номерди алдын-ала белгилеп коет, сиз эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 100 сом утасыз. Эмики номердин сыйкыр саны 33, 37, 39. "Сыйкыр санга" ар аптанын жума күнү 10.00 дон 12.00 ге чейин
0(312) 46-30-20 номерине байланышыңыз. Айта кетчү нерсе , шаардык телефондон гана эмес мобилдик телефондон дагы
0(773) 10-35-56 номерине SMS билдирүү жиберсеңиздер болот.
"Сыйкыр сандын" алып баруучусу
Венера НАРКЕЕВА

20. Кыргызымдын айчырайлуу кыздарына ысык салам. Мен силер менен сыймыктанам. Чормолдо
21. Салам, "Айат" пресс газетасынын жалпы жамааты. Ишиңиздерге ийгилик! Жаңы жылыңыздар менен! Тоха
22. Кара-Суу айылындагы кайын журтумду алдыда келаткан Жаңы жылы менен куттуктап, барыңарга узун өмүр, ден-соолук каалайм. Нагызбек
23. Сиңдилерим Сымбат, Салтанат, Неку, Меку, Касю келе жаткан Жаңы жылда, жаңы бакыт, жаңы ийгиликтерди каалайм, ден-соолукта болгула. Чупа
24. Сүйүктүү ырчым Самандарга салам. Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Айзада
25. Айгерим, мен сени сүйөм. Жаңы жылың менен! Кума
26. Жаңы жыл алдында элдер майрамга даярданып, кубанып атышат. А мен болсо кайгырып атам. Себеби, аяз ата жок экенин эми билдим. Тоголок
27. Таластагы ата-энемди, бардык бир туугандарымды, шаардагы эжелеримди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм! Тилек
28. Атам Жузун, апам Чынарды, бир туугандарымды, келиним Бегайды жана Сулайман, Шахноза, Бакдөөлөттү жаңы жылы менен куттуктап, аларга бардык жакшылыктарды каалайм. Жаза
29. Тахмина, 25-декабрь туулган күнүң менен куттуктайбыз. Сага аялзатына тийиштүү бардык жакшы нерселерди каалайбыз. Курбуларың.
30. Кыял, Эля, жаңы жылыңар менен. Жаңы жыл силерге жакшылыктардын жылы болсун. Жаза.
31. Улук, Беку, Азамат, Аниса силерге ысык салам. Келе жаткан Жаңы жылыңар менен куттуктайбыз. Ден соолук, бакыт каалайбыз. Кундуз, Назик.
32. "Айат" пресстин жалпы жамааты калемиңер курчуй берсин. Жаңы жылда жаңы бакыт, жаңы ийгиликтерди каалайм! Нурзат




- Жаман тигилиппи?
- Үстүңө эмне кийсең да сындай албайм. Мүмкүн башкалар өзүн көрктөш үчүн көйнөк кийер, а сен өзүң көйнөктү көрктөп турасың - дедим, Омор Хаямдын саптарын эстеп. Себеби тизеден ылдый көрүнгөн келишимдүү буттары көзүмдү азгырып турган эле.
- Өзүм тиккен көйнөк. Бүгүн биринчи жолу көчөгө кийип чыктым.
- Демек, жакшы көйнөктүн кадыры үчүн экөөбүз бүгүн театрга баргыдай экенбиз. Көйнөгүңдү эл да көрсүн.
Менин бул айтканыма Айжүз муздак жылмайды.
- Кайсы театрга?
- Менимче бүгүн болсо керек, орус драма театрында Альбер Камюнун "Калигуласы" коюлмак.
Дароо макул көрдү. Ордубуздан турарыбыз менен будургуган шамал көйнөгүнүн этегин көтөрө берерде кымтыланып калды. Бирок мага ушул көрүнүшү абыдан жакты. Ал ордунан турары менен мени колтуктады. Удургуган шамал жолду катар Айжүздүн этегин желпип жүдөткөнү - мага жагымдуу болду. Анын жайып алган чачтары бирде ийниме төгүлсө, бирде бетимен жалайт. Жаздын жытынан да, мен анын чачтарынын жытына мас элем…
Театр залында жарык өчөрү менен Айжүздүн назик алакандарын издедим. Экөөбүз кол кармашып алдык. Антракттан кийин ал менин ийниме сүйөнүп, колдорун колтугума кысты.
- Зал суук экен, чыйрыгып атам, - деп мен жакка ыктаганынан, үстүмдөгү күрмөмдү чечип бердим.
Спектакль аяктагандан кийин сыртка чыксак, жамгыр көнөктөп атыптыр. Айжүздө да, менде да колчатыр жок эле, театрдын ыктоо жагында бираз далдаланып турдук. Жамгыр басылар эмес. Айжүз калтырап үшүй баштады. Күрмөмдү ага чечип бергендиктен, мен андан бетер. Муздак абада бирибизге-бирибиз кысылып жакын турсак да, демибиздеги жылуулук менен көпкө чыдар эмеспиз. Эптеп жолго чейин барып, такси тосууга туура келди. Мындайда кыйма-чийме таксилер да бош болбойт эмеспи. Таксини көпкө күттүк. Айжүз экөөбүздүн тең ээгибиз титирей баштады. Акыры бир таксини жолдун ортосуна тура калып токтотууга туура келди. Шоопур мага:
- Кандай жандан кечкен немесиң! - Мага жулунуп, ачууланганынан улам бизди мушташып кетеби деп чочулаган Айжүз акыбалды менден мурда түшүндүрдү. Ангыча арткы эшиктен башы чыккан улгайыңкы аял, арачы түштү:
- Биз деле жетип калдык. Кысылышсак да, батышалы. Жаштар экен, отура беришсинчи.
Мажбур болгонсуган таксист бизди акыры жеткирди. Мен бирок өз үйүмө баргым келбей, Айжүз менен бирге түшүп калдым. Кабат үйгө көтөрүлүп баратканда Айжүздү ээрчип келатканымдан ыңгайсызданып, токтоп калдым.
- Мен ушул жерден эле кетейин…
- Жок, мынча келгенден кийин… - Ал мени шак эле билектен алып, алдыга жетеледи. Аңгыча каалгалардын бирине токтодук. Айжүз колумду бошотуп, сумкасынан ачкыч издей баштады. Үйдү ачып, босогону аттадык. Алдыбыздан жону жылтыраган сары мышык гана тосуп алды. Биз түз эле кухняга өтүп, газга чай коёру менен артынан ээрчиген мышыкка кайрылды.
- И-ии сарым... Мени бүгүн эмнеге кечикти деп күтүп аттыңбы? Курсагың ачтыбы? Азыр сага. Муздаткычтан оозу ачылган кильки алып чыгып, бурчтагы идишине салды.