Талант тагдыры

Он беш жашында атак-даңкка чөмүлгөн,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
композитор, обончу
Эсенбек МААДАНБЕКОВ
"Өжөр талант ийгиликке жетет, өнөрдүн сырын чечет" демекчи он беш жашынан чыгармачылыктын татаал чыйыр жолуна түшүп, мукамдуу обон жаратып, элдин жүрөгүнөн орун алып, чыгармачылыктын туу чокусуна жетип, мукам үнү менен музыка сүйүүчүлөрүн багындырган Эсенбек Мааданбеков агайыбызды кимдер гана билбейт. 1967-жылдары жараткан обондору менен ал кездеги улуу, залкар таланттардын арасына агайыбыз сүңгүп кирип, таалим-тарбия алууга үлгүргөн. Күжүрмөн эмгеги, өжөр таланты менен обон жаратып гана тим болбостон КТРден жөнөкөй журналисттен баштап, музыкалык редакциянын редакторлугуна чейин жете эмгектенди. Учурда агайыбыз "чыгармачылыктын не бир сырларын ичиме катып калбайын" деп И. Арабаев атындагы университетиндеги студенттерге, музыка сүйүүчүлөргө өз тажырыйбасынан бөлүшүп, келечектеги чыгармачыл адамдарды тарбиялап жаткан убагы. Анда эмесе сагынткан атактуу обончу, композитор Эсенбек агай менен болгон маегибизге көңүлүңүздү бурабыз.

- Эсенбек агай, талантыңыздын уюткусу бала кезиңизде эле болсо керек...
- Негизинен ата-энем билимдүү адамдар болчу. Атам комузда кол ойното чертип, шеринелерде комуздун коштоосунда ырдаса, чоң атам гармошкада жакшы ойночу. 5 жашка чейин чоң атамдын колунда чоңойгом. Эс тарткан кезимде улгайган чоң атамдын гармошкада ойногонун көрүп музыкага болгон кызыгуум мурдагыдан да артты. Мага да кичинекей гармошка сатып беришкен. Өзүм теңдүү балдар ойноп жүрсө мен гармошкамды кыңылдатып олтура берээр элем. Анда азыркыдай телевизор жок, "патефон" деген болгон. Атайдын, Мыскалдын ж.б. улуу таланттардын ырларын табакка жаздырып алып укчубуз. Ал кезде Нарын областтык драмтеатрда композитор Ж. Шералиев төрага эле. Нарындык жаш таланттарды иргеп, республикалык кароолорго алып чыккандыктан, 8-классымда талантуу жаштардан кем калбай, бир кароо-сынакта ырдадым. Кийин Жумамүдүн агай "театрга келип иште, талантың бар экен" деп сунуштады. № 1 мектептен 8-классты бүтүп, каникул учурунда ата-энеме айтпай театрда иштей баштадым, агай мага көңүл буруп, талантыма түрткү болду. Каникул аяктап ата-энеме айтсам, каршы болушпады, 8-класстан кийин Ж. Шералиев агай музыкант кылып театрга ишке алды.
- Ал убактагы чыгармачыл муун, топ жылдыз болуп чыккан улуу жылдыздарга аралаша баштадыңыз?
- Ооба, ал убактагы белгилүү обончулар С. Түркмөнов, Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, Ж. Шамшиев, Ж. Шералиев, М. Оморов, Ж. Кайыповдор менен аралаштым. Алардын чыгармалары ушунчалык мага кол жеткистей болчу. 1960-жылкы обончулар өзүнчө бир башкача стилге түшүп келаткан. Улуу инсандардын катарында жүрүү мага жаңылык болду. Алардын обондорун кайра-кайрадан ойной берчүмүн. Кийин кудай берген дараметиби 1967-жылы 15 жашымда "Нарыным" деген ырымдын текстин, музыкасын жаздым. Андан көп өтпөй Ж. Тынымсейитова эжебиздин китеби колума түшүп калды. Ырларга көз жүргүртсөм "Нарыным" деген ырынын муундары так менин оюмдагы музыкама туура келди. Акын деген акын экен, эженин ырынын жанында менин текстим тушоо чечпей, эженин тексти менен чыгармам куюлушуп калды. Кийин "Күкүгүм", "Жаштар маршы" деген чыгармалар пайда болду. Бул чыгармаларды эч кимге угузбай уялып жүргөн убакта, бир фестиваль боло турган болуп "Нарыным" деген ырды С. Чечейбаева эжеге тааныштырсам, эжеге жагып, 1967-жылы эң биринчи жолу фестивалда ырдап чыккан.
- Каныкей эжебиз ырдап жүргөн "Балама" деген ырдын обонун балалуу боло электе жазган дешет. Ушул ырдын тарыхына кайрыла кетсеңиз?
- Борбордогу "Алатоо" кино театрынын алдында келатсам, китеп жарманкеси болуп, лотерея ойнотулуп жатыптыр. Кызыгып ойното коюп, 5 рубль утуп алдым, жарманкенин шарты-уткан акчаңдын барына китеп алыш керек. 5 рубль анда көп акча. Кудайдын буйругубу, атактуу залкар акын Э. Ибраев агамдын китеби мага туш келди. Китепти аңтарып "Балама" деген ырынын маани-маңызы жакты. Ал кезде балалуу болбосом да, ата-энемдин бизге төккөн ысык мээримин сезип, туйгандыктан, алардын бизге кылган жумшак мамилелери бул чыгармамды жаратууга чоң түрткү болду. Биз үч бир тууган элек, мен, иним, анан карындашым. Үчөөбүздү тең атам бир да жолу ур-токмокко албай, сөз менен тарбиялаган. Атама караганда апам кайраттуураак эле кээде кагып-согуп жиберчү. Кыскасы ата-энемдин мээрими менен "Балама" деген ырдын обонун эргүү менен жараткам. 16 жашымда "Балама" Кыргызстанга белгилүү болгон. Ага чейин үч обонум аз да болсо элге таанылып калган.
- Алгач "Баламаны" ким аткарып чыккан?
- Мурда малчылардын майрамы деп малчылар жылдык отчет берип, чоң машинанын үстүндө жайлоолордо концерт берчүбүз. Арпа, Аксай жайлоосуна малчылардын тоюна Нарын театрын чакырып, концерт коюу үчүн автобуста кетип баратабыз. Бирөөлөр уктап, кээ бирөө сүйлөшүп баратат. Ал эми мен автобустун артында, кыякты кыңылдатып, ырды Г. Момушовага үйрөтүп барып, ошол Арпа, Аксай жайлоосунда ырдын тушоосу кесилип, малчылардын алдында ырдалганда, сөз менен жеткире албайм, ошондогу талаа толтура элдин кабыл алганы менин чыгармачылыгыма бир топко дем берген. Кийин Гүлмайрам ырды өзү жаздырып радиолордон ырдап чыгып жүрдү.
- Өткөн жылы юбилей концертке даярданып жүрөт деп уктук эле. Эмнеге күткөн күйөрмандарыңызга отчеттук концертиңизди бере алган жоксуз?
- Адам көп нерсени ойлойт, бирок кол жетпей калган учурлар болот экен. Азыр адамдын жеке турмушунда эле эмес, жалпы мамлекетте кыйынчылык болгондуктан жеке концерт бериш өтө кыйын. Жеке концерт берейин десең өзүңдүн эле туугандарың, көрүнүктүү бизнесмендер "колдоп коеюн" дебейт. "Мени колдобой койду" дегенден алысмын. Мага бербей эле койсун, Нарындын канчалаган өсө турган таланттары көп ошолорго "колдоо көрсөтөм" дегендер жокко эсе. О.э. жеке концерт бериш үчүн демөөрчүң күч жана жеке бизнесиң болушу керек. Андыктан кээ бирөөлөргө "мен концерт берет элем, колдоп бергиле" деп киргенге намыскөйлүгүм жол бербеди.
- "Эң мыкты" деп кайсы чыгармаларыңызды атайсыз?
- Театрда иштеп жүргөндө театрдын ички дүйнөсүн, чыгарма кандай жаралыш керек экенин билгем. 1970-жылы Искусство институтунун композиция бөлүмүн аяктап, кайрадан Нарын театрына барып иштеп Б. Өмүралиевдин "Жолчубектин көпүрөсү", Б. Калчаеванын "Мен апамды издеп келем. " Ч. Айматовдун "Эрте жаздагы турналар", Т. Абдымомуновдун "Чолпонбай" ж.б. спектаклдерине оргиналдуу музыкаларды жараттым. Институтта профессор, КР эл артисти А. Жалиловдун колунда тарбияланып, дүйнөлүк классиканын көп сырларын билип, музыка жазганды үйрөнгөм. Учурда симфониялык, камералык, фортепионино үчүн, хор, спектаклдер үчүн жазган чыгармаларым бар. Үйлөмө аспаптар үчүн марштарды жазам, эки маршым радионун Алтын фондунда жазылган. Эл мени композитор катары эмес, обончу катары кабыл алышкандыктан обон жаратканды жактырам.
- Чыгармачыл жаңы муун жөнүндө ой пикириңиз кандай?
- "15 жашында чыккан обончу" деп эл оозунда айтылып келатканым менен, мен Каныкей Эралиеваны "13 жашында чыккан обончу" деп айтаар элем. Себеби Каныкей менден эки жаш кичүү, мен 15 жашымда чыгармачылыкка аралашкан маалда Каныкей баян менен мектеп жөнүндөгү ырын ырдап радиого чыгып калган. Муну менен айтаарым кийинки учурда обончу, композиторлорубуздун "ой, мен 14-15 жашымда чыккам" деп уялбай айтканы мода боло баштады. Чынында эл сынайт, эл таразалайт. "Мен мынча жашымда чыккам" деп рекорддукту алуу максат эмес да. Кээде мен "14-15 жашымда чыккам" дегенден уялам. Андыктан рекорддорго деле кызыгыштын кажети жок.
Жазгүл КАРБОСОВА