Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Көл толкуса, эл толкуйт

Мекенибиздин бермети, касиеттүү Ысык-Көл дүйнө жүзүндө көлөмү жагынан (узундугу 180 км, туурасы 70 км) бийик тоолуу Титикака көлүнөн кийин экинчи орунда турат. Тянь-Шань тоолорунун борборунан орун алып, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайланышкан. Тоолордун айрым чокулары 7000 м жеткен жерлери бар. Келтирилген факторлордун бардыгы Ысык-Көлдүн кайталангыс өзгөчөлүгүн, кереметтүүлүгүн белгилеп, туризмдин көптөгөн: тренинг, унаа туризми, альпинизм, илимий жана таануу туризмдеринин өнүгүшүнө айныгыс көмөгүн берет.
Тарыхта Ысык-Көл тууралуу кимдер гана ойлорун, ырларын жазып, обонун чыгарбаган. Эмне деген илимий көз караштагы албан эмгектер жаралса да, бирок бир дагы даанышман көлдүн чыныгы сырларын ачып, түбүнө сүңгүп кире элек, анткени дагы да болсо, миңдеген суроолор өзүнө жооп издеп жүргөндөй сезилет. Белгисиздик кызыгууну жаратаарын бардыгыбыз билебиз.

Көлүбүздүн түндүк-түштүк жээктеринде (өзгөчө түндүк) курулуп, иштеп жаткан жүздөгөн эс алуу жайлары күндөн-күнгө саны гана эмес, сапаты жагынан да өзгөрүп, туристтерди өзүнө тартуу убарасында. Ошол эле жерлерге жакынкы арада салынган "Рух Ордо", "Аалам Ордо" сыяктуу улуттук-этнографиялык комплекстери руханий, адеп-ахлактык, маданий жана түбөлүк сакталуучу гумандуулукка сугарылган баалуулуктардын борборуна айланып, туристтерди магниттей өзүнө тартып турат. (Ажобуздун мекенибиздин тарыхый күндөрүндө расмий иш сапары менен "Аалам Ордонун" ачылышына катышып келүүсү, көп нерсени үмүттөндүрөт. Ташкул мырзанын кыргыз эли алдында жасаган азаматтык иштерин, ат көтөрө алгыс зор эмгегин кийинки баяндамада таанышасыздар).
Туристтердин саны демекчи, алардан түшкөн акча каражаттары өлкөбүздүн бюджетин толуктоого мерчемдүү булак болорун айта кетүүм керек. Ошондуктан дүйнөлүк реалдуу атаандаштыкка туруштук берүү үчүн базар экономикасынын суроо-талап ыргагына жооп катары Ысык-Көлдүн бүткүл инфраструктурасын түп тамырынан бери реформалоо зарылчылыгы эшик алдында коңгуроо кагып тургансыйт.
Анткени, көл жээктериндеги көзгө кунарсыз көрүнгөн, санитардык эрежелерге жооп бербеген аянычтуу көрүнүштөр, чарбасыздык, иретсиз чар-жайыт жайланышкан архитектуралык курулуштар, европалык стандарт болбосо да, жөнөкөй эле кабыл алуу сервистеринин төмөндүгү жогоруда айтылган реформалык ири өзгөрүүлөрдү талап кылат.
Убакыт өткөн сайын адамзаттын өзү гана эмес, ал жашаган коом, жаратылыш көзгө илинбей өзгөрүп тураары эч кимге жаңылык эмес. Соңку жылдары жаратылыштагы климат кескин өзгөрүүгө дуушар болгондугун, көлүбүздүн сезону көнүмүш убактан 25-30 күн кечигип келип жаткандыгын, ар бир Ысык-Көлдүн жараны далилдеп бере алат. Айтылган фактылар жергиликтүү аймак тургундарына гана эмес, мекенибиздин чөнтөгүнө да көп залалын келтирип, каалаган жемишибизге жете албай кала турган учурга келип жеттикпи деген ой кедергилейт.
Демек, мамлекеттик деңгээлде сезон убактысын өзгөртүүгө туура келет. Кыскача айтканда, өз бюджетине кызыктар аймактык бийлик өкүлдөрү реалдуу долбоор менен Жогорку Кеңешке эс алуу жайкы сезонду 1-июлдан 1-октябрга чейин которуу керектигин, ал үчүн мектептердеги окуу каникулдарын көрсөтүлгөн убакыт ченемине жылдырып, мыйзамдаштыра турган муктаждык бар экендигин далилдеп берүү керек. Ошондо гана керектүү мезгилде, керектүү туристтер келип, Ысык-Көл өзүнүн керектүү тарыхый ролун аткарат.
Пансионат, санаториялардын ж.б. эс алуу жайларынын негизги чордону Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк жергесинде жайланышкандыгына байланыштуу Ысык-Көл районунун административдик-территориялык жагдайларын эске алып, Корумду, Бостери, Чолпон-Ата, Кара-Ой, Сары-Ой, Чоң Сары-Ой, Чоктал, Тамчы, Кош-Көл жана Тору-Айгыр конуштарына борбордук ири жууп-тазалоо комплекстерин куруу зарыл. Канатташ курула турган канализациялык станциялар атайын түтүкчөлөрү менен тазалык муктаждыктарын талап кылган коңшулаш айылдардагы жеке секторлорду бири-бири менен байланыштырып, бирдиктүү иштерди алып баруу керек. Ошол эле түтүкчөлөргө эмне үчүн сыналгыдан күн алыс шылдың кылып көрсөтүп жаткан автотрасса боюндагы сырткы ажатканаларды, суу менен жуума кылып, туташтырып коюуга болбосун. Бул чоң иштерди аткаруу менен биз көлүбүздүн экологиялык нукура тазалыгын сактап, антисанитардык илдеттерден баш-отубуз менен кутулаар элек. Демек иштин маңызы - адамдын каалоо-тилегинен жана ага карата кылган аракетинен көп нерсе чечилээри көрүнүп турган иш.
Ал эми айтылган ири курулуштарды каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу ченеми өкмөт деңгээлинде чечилиши керек. Сөз төркүнү эл аралык нормага ылайык тиешелүү документтер даярдалса, айтылуу Россиядан гуманитардык же болбосо кредит-грант катары келген акча каражаттары жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн белгилүү өлчөмдө бөлүнүп берилсе, эмне үчүн болбосун. Ошондой эле өлкөбүздүн мойнунда олтурган сырт жактан инвестиция каражаттарын тартуу институттары эмгек жолунда тоодой болгон маселени чечкенге аракет кылбаса, мындан башка эмне маселелер менен шугулданат деген мыйзам ченемдүү ой туулат. Кыргыздын ар бир атуулу жыл сайын жайкы сезон учурунда касиеттүү Ысык-Көлгө бир чумуп келбесе, бир нерсесин жоготкондой ыраазы болбойт. Көбүн эсе ал жакка жетүү үчүн автоунаалардын түрлөрүн пайдаланышат. Демек, жарандардын жол коопсуздугу эң негизги маселелерден болуп эсептелет. Адамдын өмүрүнө кымбат нерсе барбы? Адамдар биздин чакан өлкөбүздүн баалуулугу жана башкы капиталы. Массалык эл көп чогулган жерлерде жол кырсыгынын көп катталышы да бекеринен эмес. Көбүн эсе мындай фактылардын жаралышына автожолдорунун тардыгы, эскилиги жана бүгүнкү күндүн талабына жооп бербеген мүчүлүштүктөрү менен түшүндүрүлөт. Соңку сезондордо МАИ тарабынан катталган автоунааларга байланыштуу жол кырсыктарынын саны бешиктеги баланы чочуткудай. Ошондуктан көл айланта бир типтүү, эл аралык стандартка ылайык автоунаа трассасын кура турган мезгил келип жетти. Айтылган курулушту финансылык жактан камсыздоо максатында чакан өлкөбүздүн жергиликтүү бийликтеринен баштап ак үйгө чейин жана бардык жарандык коомдорго, ар бир патриоттук атуулга кайдыгер мамиле кылбастыгын суранаар элем.
Өкмөт акча каражаттарын бөлүп берет эле деп, асмандан жылдыз күткөндөй кол куушуруп күтүп олтура бербей, өз колубуздан келген азын-оолак жардамдарыбызды аябасак, көп түкүрсө көл болот дегендей, жумуштун чейрек бөлүгүнө жете турган материалдык база түзүп алаар элек. Керек болсо өз мекенибиздин ар бир айыл өкмөтүнө марафондорду уюштуруу милдеттерин жүктөп, түшкөн акча каражаттарын атайын ачылган фондго чогултсак, демилгебиз кыймылсыз катып калган ордунан козголмок. Ички оюмда көтөрүлгөн демилге кыргыздын ар бир атуулун ойлондуруп, патриоттук сезимин ойготпой койбойт го деп ишеним кылам.
Ошондой эле уктап жаткан бул демилге элдин колдоосуна алынса, Өкмөт, Жогорку Кеңеш бюджет бөлүштүрүү учурунда кантип эле бул орчундуу маселеге саясий маани бербесин деген жарандык ишенимди аркалап келем.
Кыргыз элинде "эшегине жараша тушагы" деген сөз бар. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, бул бекеринен чыккан сөз болбосо керек. Анткени сөз төркүнү ошол эле көп түрлүү эс алуу жайларынын инфраструктуралардын төмөнкү абалда экендигинде. Короодо дүйнөлүк кризис шакаба кылып турса да же тез байып кетүүнүн амалыбы же жашоо үчүн болгон ачуу күрөшпү, соңку жылдардагы эс алуучулардын төлөм-ченеми көл өрөөнүндө өз боюнан ашып кетти. Кай бир эс алуучулардын айтымында, мындан аз акча каражаты менен башка Турция, Тайланд, Эмират ж.б. өңдүү өлкөлөргө барып толук кандуу эс алып келсе боло тургандыгын белгилейт. Демек, туристтерди өз жергебизге тартуу үчүн мыйзам чегинде акча төлөмдөрүн тууралаштыруу, белгилүү өлчөмдө чек кое турган зарылчылык келип жеткенин кабарлайт. Бул тууралуу өкмөткө, коомдук уюмдарга ойлоно турган баш катырма табылды деп койсок болот.
Туристтерге сый көрсөтүүнү экономика тилинде товар деп эсептесек, анда товардын баасы анын сапатына жараша болот. Сөз сервисти кантип көтөрүү, өз деңгээлине жеткирүү жөнүндө болуп жатат. Ал үчүн сырткы сервисти кое туруп, ички сервисти көтөрүүнүн мааниси абдан чоң экендигин моюнга алуу керек. Анткени эс алуучуларды кабыл алуу маданиятынын төмөндүгү, сабатсыздыгы келген элди үркүтүп, белгилүү өлчөмдө терс имидждерди жаратып жаткандыгы жашыруун эмес. Ошондуктан атайын сервисти окутуу программаларын, кыска мөөнөттөгү курстарды ачуу менен жандандырып, аймактык деңгээлде маселени чечип коюуга болот. Кызматка орношууда ошол курстарды бүткөндөргө жеңилдик берип, материалдык жактан кызыктыруу зарыл.
Көрсөтүлгөн темада сырткы сервистин үлгүсү катары көл жээктерине ири-ири спорт, оюн-шоок комплекстери, соода түйүндөрү курулса, инфракструктураны жакшыртууда, элди өзүнө тартып, кыргыз туризмин өнүктүрүүгө, материалдык базасын чыңдоого чоң көмөк болот эле.
Ал максатка жетүүгө жетишээрлик акыл, күч, каражат бар экендиги, аттын кашкасындай чындык. Бирок мыйзамдардын бир беттүүлүгү, аткарылбас талаптары, көптөгөн мүчүлүштөрү эркиндиктин аброюна шек келтирип, ички резервдерди сыртка чыгарууга тоскоол болуп жаткандыгы күнүмдүк көрүнүш.
Алдаяр КУЛУКЕЕВ,
милициянын отставкадагы полковниги, Ысык-Көл областы




Суу кечкендер камын ким угат, мериябы же...
Баш оорубагандын кудай менен иши жок
Шаар ичи бир топ жакшырып калды деп ремонттолгон жолдорду көрүп сүйүнүп жатсак жаандын жаашы менен көңүл кескен көйгөйлүү дагы бир проблема кылт эте калды. Лев
Толстой көчөсүнүн Тыныстанов- Фатьянов көчөсүнө чейинки кесилишинде күзгү нөшөрдө басууга мүмкүн болбой калды. Сел каптагандай топтолгон суудан улам ал жерден кечип өтүүдөн башка арга жок. Айрыкча жол жээгинде чакан павильонду иштеткен Бурул ИБРАЕВА жаанга карабай суу кече чырылдап жүргөнү менен Биринчи Май райондук администрация турсун акимчиликтен беш жылдан бери натыйжалуу жыйынтык болбой келет. "Демек, тийиштүү мекемелерге суу кечип эмес, сазга тыгылып калсаң да бары бир болуп калган го деген ойлор жаралбайт" дейт сатуучу.

Бурул ИБРАЕВА, сатуучу:
- Минтип баткак суу үстүндө бешинчи жылы соода кылып жатам. Схеманы чийип алып кайрылбаган жер калган жок. Үч күндөн бери жаандын жаашы менен суу үстүндө көр оокат менен алышып жатам. Бир гана мен эмес, эртең менен бир бала кир сууну кечип чуркап баратат. "Айланып өт, кечпе" десем "сабакка кечигип жатам" деп чуркаган бойдон кетти. Биздин камды ойлогон эч ким жок экенин жоопсуз калган схемадан кийин байкадым. Күндүн суугу бул болсо жайындагыдай муздак суу кече берип бутум да какшап чыкты. Павильонду жаап койсом оокат токтоп калчудай. Айла жок барына баш ийип жатабыз. Айлам кетип гезит аркылуу жогору жактагыларга кайрылгым келет. Башканын кереги жок, болгону ушул маселени чечип берсе деген илгери үмүт.

Айжан АТАКАНОВА

Кышка даярдыгыңыз кандай?
Салат, варенье жасадыңызбы?
Бактыкан, 40 жашта:
- Үйбүлөм чакан болгондуктан негизи эле салатты чакан кылып жаап коем. Кыздарым да, жолдошум да таттыга жакын болгондуктан бир жылга жеткидей кылып вареньенин түрүн жабам. Кудайга шүгүр, буйурса кышка ойдогудай даярдандым. Жер-жемиштин түрүнөн варенье кайнатып, даамдуу кылып кышкы салаттан жаап алдым.

Эки айдан соң кычыраган кыш,
көмүр сатып алдыңызбы?
Өзөн, 49 жашта:
- Кабат үйдө тургандыктан көмүрдүн эмне кереги бар? Бирок өзүмдү гана ойлоп тим болгон жокмун. Бир туугандарым, ата-энем көмүр колдонот, ошолордун камын ойлоп кооптоном. Көмүр баасы арзандаса айыл тургундарына да жакшы болбойт беле. Ал эми кабат үйдө жашагандарды электр маселеси ойлондуруп келери анык. Андыктан жарыгыбыз жалп этпесе деген ой.




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КАРТ БОЙДОК
АДИЛ ЧЕКИЛОВ
БАҢГИЗАТКА ДА
АЗГЫРЫЛГАН
2-бет
Ташбоо мырзага даңк жана "Даңк"!
3-бет
Эрке парламенттин
барынан жогу жакшы....

4-бет
Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Киргиздерди камап, ата албайбыз"

5-бет
Асан БАЙТИКОВ,
ЖК депутаты:
"Жылма тентектигимен балдарды токмоктоп коюп, өлө танчумун"

6-бет
Кубанычбек КАДЫРОВ,
КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
"Апама эркелеп сагынычым таркайт"

7-бет
Нарынбек АКМАТОВ,
врач-хируруг:
"Диабет өтүшкөндө сөөк чирийт"

8-бет
Гүлнур САТЫЛГАНОВА,
КР эл артисти:
"Жаман адаттарым-
жалкоолук, уйкучулук"

9-бет
Адил ЧЕКИЛОВ, ырчы:
"Баңгизат колдонгом, бирок..."

10-бет
Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ:
"КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди"

11-бет
Жеңил атлетика
байыркы спорт башаты

12-бет
Көл толкуса, эл толкуйт
13-бет
Жумадин КАДЫРОВ,
"Бийиктик" басмаканасынын жетекчиси:
"Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек"

15-бет
Жоголуудан менин башка аргам жок
16-бет
Ревматизм, радикулитсиңби? Анда "Дон Сфинксин" ал!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!