Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Жумадин КАДЫРОВ,
"Бийиктик" басмаканасынын жетекчиси:
"Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек"
- Капиталист болдуңбу?
- Болгон жокмун. Болоюн деген максат да койгон эмесмин. Максатым - коомчулукка, кыргызга керектүү китептерди чыгаруу болчу.
- Мен муну жакшы мааниде айтып атам, Жумаке. Себеби, капиталисттик өлкөлөрдүн сага окшогон басмачылары (басмакана ээлери. О.Ш.) эл окуй турган чыгармаларды көрө билген адамдар эмеспи. Силер бүгүн чакан ишкана катары бир гана буюртмалардын негизинде эмес, өзалдыңарча эл окуй турган, элди тарбиялай турган мыкты чыгармаларды жарыялап, ошондон киреше табуу деңгээлине жетиштиңерби?
- Туура, элдин келечеги - анын китеп окугандыгына байланыштуу. Мурда айылда болсун, шаарда болсун нарктуу, акылман карыялар болор эле. Азыр ошолор азайып отуруп, дүжүр чалдар көбөйүп, саясаттын тапшырмасын аткарганга өтүштү. Кыскасы, карылардын үлгүсүн-насаатын көрбөгөн коомго айланып баратабыз. Андыктан акылдын азыгын китептен көбүрөк издей турган убакыт келатат окшойт.
- Кыргызда бирок китеп окуу маданияты өспөй жатпайбы…
- Бул - элдин күнөөсү эмес, китеп маданиятын үйрөтчүлөрдүн жоопкерчилиги азайып кеткенинде. Кеп - китепти идеология, реклама жолдору менен элди китеп окууга ынандырып, китеп окутуу саясатын уюштурган, жайылткан адамдар аз болуп атканында.
- Алар кимдер?
- Алар басмакана кожоюндары. Биз ошол элге китеп окутуунун жолдорун ойлоно турган мезгил келди.
- Мисалга кандай жолдорун ойлонуп атасыңар?
- Азырынча жер-жерлерде, базарларда гезит-журнал, китеп саткандар менен алака мамилени үзбөй, ошолор аркылуу китеп сатууну гана жолго коюп келатабыз. Бирок бул да аздык кылат. Албетте, азырынча реклама жүргүзгөн жерибиз жок, бирок кырдаалга жараша ориентир жасаганга аракет кылуудабыз. Мисалга, өткөн жылы бир ийгиликтүү иш аткардык ал: Ч.Айтматовдун сегиз томдугун чыгардык эле, өкмөттүн саясатына ылайык келип калгандыктан, бардык жерде өзүнөн-өзү рекламаланып кетти. Натыйжада, элге бул маалымат тезинен тарагандыктан, Айтматовдун чыгармалары токтоосуз таркап кетти. Демек, чыккан китепти рекламалоону гана биринчи кезекте жолго коюшубуз керек экен.
- Учурда борбор шаарыбызда бир гана "Нуска" китеп дүкөнү бар. Ал эми региондордо таптакыр жокко эсе десе да болот. Силердин басмакана ушул жагын жолго коюуну ойлонгон жоксуңарбы? Себеби, өкмөт тараптан бул боюнча эч кандай аракеттер көрүлбөгөнсүйөт.
- Китепти дүкөн эмес, маркетинг түйүнү аркылуу сатуу жолу ыңгайлуу болгондуктан, биз ушул жагын жолго коюуну ойлонуудабыз. А китеп дүкөн курууга чоң каражат жумшоого туура келет, азырынчы биздин ага мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт.
- Эл азыр мындан он жыл мурдакы мезгилге караганда бираз ирденип алды, китепке болгон талаптар да өсө баштагансыйт…
- Туура, 90-жылдарга караганда элибиз акча тапканды, оокат кылганды кыйла үйрөнүп алды. Эми-эми китепке болгон талабы ойгонуп, ал эмес жакшы китепти издеген адамдар көбөйгөнү туюла баштады. Андыктан бизге окшогон басылма ээлери да элге жакшы китептерди чыгарып, элдин башка көртирликке корой турган акчасын китепке жумшатуунун жолдорун ойлоно турган мезгил келди.
- Кыргызың бирок акчасын китептен мурда арак же тамекиге жумшайт эмеспи.
- Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек. Ал акчаларды китепке буруп алыш бизден.
- Кыргыз акын-жазуучулары балдар адабиятын унутту, эмне кылыш керек?
- Азыр жазып атпаса да эч болбосо мурдакы жазгандардыкын кайта басып чыгарууну ойлонушубуз керек. Албетте, жаңы жазып аткандардыкы чыгып турганга не жетсин, бирок жаңы жазгандар жок деп кол куушуруп отура бергенибиз болбойт. Китеп өндүрүшү Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп аткандыктан балдар адабияты эми жанданаарына толук ишенем. Азыр деле жалаң балдар адабиятына басым койгон басмаканалар пайда боло баштады. Алар быйылкы жылдагы китеп көрсөтмөсүндө да дүйнө адабиятындагы котормо жана элдик жомокторду басып чыгарган үчүн эң башкы сыйлыкка ээ болушту. Калыстар курамы да бул боюнча чыныгы калыс бааларын чыгарды.
- Силердин басмакана "Жаштар поэзиясынын антологиясын" чыгарууга камданып атыпсыңар, демилге өзүңөрдүкүбү?
- Муну көп эле адамдар ойлонуп жүрөт болуш керек, бирок демилге көтөрүлө элек болчу. Өзүбүздүн кызматкерлердин арасынан акын Нурлан Калыбеков ушул демилгени көтөрүп, 90-жылдардан берки жаштар поэзиясы менен прозасы унутта калганын айтып, "антология түзсөк кандай болот?" деген сунушун айтып, биз дароо макул көрдүк. Буюрса, азыр мыкты чыгармалар топтолуп атат. Эми аларды катуу адабий талап менен тандап алгандан кийин басууга даярданабыз.
- Биздин шартта силердей басылмалар өз кирешесине китеп чыгарып, андан пайда көрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?
- Албетте бар. Мисалга, жүз сомго чыккан китептен эки жүз сом пайда көрөбүз. Бирок ошол 50% кирешенин эсебинен жумушчулардын эмгек акысы, тиешелүү салыктар, ж.б. чыгымдарга кеткенден кийинки 10%дан 30%га чейинки киреше өзүбүздө калат.
- Бирок ошого карабастан өкмөт тарабынан китеп өндүрүшүнө жеңилдиктер каралса кандай болмок деп ойлойсуң? Мүмкүн ошондон китеп баасы арзандап, элдин китеп сатып алууга болгон мүмкүнчүлүгү өсөт беле?
- Бирок ал жакта бул ишти бир багытка бурган саясат азырынча болгон жери жок.
- Өткөндөгү салык мыйзамындагы жаңы өзгөртүүлөр силердей чакан ишканалар үчүн терс таасир тийгизгени чынбы?
- Жок. Мага мисалы, жаңы салык кодексиндеги өзгөртүлгөн мыйзамдар мурдакысына караганда кыйла жакты. Көпчүлүк ишкерлер туура эмес чочулап эле нааразы болуп атышат. Тескерисинче, эгер сен ишкер катары өнүккүң келеби, биринчи кезекте салык төлөгөндү үйрөнүшүң керек. Жолуң ошондо гана ачылат. А баарын жашыра берсең, демек, өзүңдөн башкаларды ойлобойсуң деген кеп.
Айжан АТАКАНОВА





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КАРТ БОЙДОК
АДИЛ ЧЕКИЛОВ
БАҢГИЗАТКА ДА
АЗГЫРЫЛГАН
2-бет
Ташбоо мырзага даңк жана "Даңк"!
3-бет
Эрке парламенттин
барынан жогу жакшы....

4-бет
Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Киргиздерди камап, ата албайбыз"

5-бет
Асан БАЙТИКОВ,
ЖК депутаты:
"Жылма тентектигимен балдарды токмоктоп коюп, өлө танчумун"

6-бет
Кубанычбек КАДЫРОВ,
КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
"Апама эркелеп сагынычым таркайт"

7-бет
Нарынбек АКМАТОВ,
врач-хируруг:
"Диабет өтүшкөндө сөөк чирийт"

8-бет
Гүлнур САТЫЛГАНОВА,
КР эл артисти:
"Жаман адаттарым-
жалкоолук, уйкучулук"

9-бет
Адил ЧЕКИЛОВ, ырчы:
"Баңгизат колдонгом, бирок..."

10-бет
Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ:
"КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди"

11-бет
Жеңил атлетика
байыркы спорт башаты

12-бет
Көл толкуса, эл толкуйт
13-бет
Жумадин КАДЫРОВ,
"Бийиктик" басмаканасынын жетекчиси:
"Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек"

15-бет
Жоголуудан менин башка аргам жок
16-бет
Ревматизм, радикулитсиңби? Анда "Дон Сфинксин" ал!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!