Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Эрке парламенттин
барынан жогу жакшы....
ЖК депутаттарынын ойлоп тапкычтыгына айла жок. Өздөрүн обу жок эркелетип тайраңдай турган болду. Ансыз деле бир күн оору, бир күн соо Алымкан мырза менен айымдарга "тоба, не жетпей жатат?" деп жакаңды кармайсың. Дегеним ишинен сөзү көп парламент бу саам да Америка ачып, жайкы тыныгуудан кийинки ишин КР ЖК Регламентине өзгөртүү киргизүү менен баштады. Албетте өзгөртүүнү өздөрүнүн жүрүм-турумуна ылайыктады. Ансыз да буга чейре жыйын маалында жайдак калган зал эми бул мыйзам күчүнө кирсе даана курудук. Күндүзү чырак менен издеп таба албаган эл өкүлдөрүнүн ордун сыйпалап гана ыраазы болчудайбыз. Жыйынга келбеген, келсе да алгылыктуу иши белгисиз депутаттарды түнкү клуб, кафе-ресторан, казино же мергенчиликтен кезиктирсең болот. Эл камы үчүн чоң жарышта "утуп" келгенин да унутушат. Буларды бактысы төөдөйлөр десек жарашат. Бары "эл жыргалчылыгына кызмат кылам, маңдай-терим төгүлгөнчө иштейм" деп ооз толтура ант беришет. Ант бергендин эртеси эле карасаң жыйында жок, кечигип жүрөт, же маселе талкууланып атканда жылып чыга берип, соройгон эки-үчөө залда жүгүрүп, прогулщиктердин кнопкасын басуу менен алек. Мындай парламентибиз менен деги сыймыктана алабызбы?
Эми регламентке киргизген өзгөртүүсүнө үңүлсөк мындай. Депутат убактылуу ишке жарамсыз болсо, кош бойлуу же төрөт боюнча, баланы асырап алса өргүйт. Окуу өргүүсү, иш сапары, кат жүзүндө чакырылган мамлекеттик салтанаттарга, расмий кабыл алууларга, семинар, конференция жана башка иш чараларга катышса. Тийиштүү документтер менен ырасталган транспорттук тоскоолдуктар болсо. Ал эми никеге катталса, бала төрөлсө, бала бакса, туугандарынын өлүмү боюнча үй-бүлөлүк жагдайларда эмгек акысы сакталбаган өргүү ала алат.
Түүй ата, непадам бул регламент мыйзамына кол коюлса парламенттен сөссүз түрдө эс кимди сыйпалап таппай калаарыңды бөркүңдөй көр. Ансыз деле араң турган депутаттарыбыз "биринчи аялым төрөдү, экинчи аялым төрөдү, тиги-бу" деген кур шылтоо менен жыл бою жыйынга келбей, депутат аталып жүрө бериши текейден арзан иш. Кыргызча айтканда бул мыйзам "эшектин жүгү жеңил болсо жатаанак болот" дегенди түшүндүрөт.
Непадам президент бул мыйзамга кол койбой артка кайырганы дурус, кол коюлса анда мындай парламенттин барынан жогу жакшы. Биз Жогорку Кеңешке өзүнө кам көргөндөй элди ойлогон, саны бар эмес сапаттуу мыйзам жаза турган адамдарды "шайлаганбыз". Алар кандай гана кырдаал болбосун өл, тирил, маңдай терин төгө эмгектениши зарыл. Эң кызыгы бул мыйзам долбоорун парламентте 80ден ашык депутат колдоду. Демек, 80 депутатка мындай шарт өтө ыңгайлуу. Ар бир ЖКдагы ар бир күнгө ар түрдүү шылтоо таап, өз чөнтөгүнүн камын ойлоп, кампайып жүрө беришеби? Болбосо депутаттардын жумушсуз, жакыр, бечара, айлыгы аз, оорукчан карапайым калктан да жаны артыкпы? Депутаттардын регламент боюнча өздөрүн "алдейлеген" жаңы ачылышына не дейсиз, окурман?
Жылдыз МУСАБЕКОВА





ЖКнын регламентинде депутат айымдын декреттик отпускага чыгуу нормасы жок.
Ошол себептен бул мыйзамдын кабыл алынышына кандай карайсыз?
Сессияда кош бойлуу депутат айымдын олтурганына көз карашыңыз...
Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп ЖКдагы депутат айым Айгүл Байбураева эне болуу бактысына ээ болгон. ЖКнын регламентинде декреттик отпускага чыгуу мыйзамы жок болгондуктан, үйдө эне, сыртта депутат айым бала багуу отпускасын албастан талыкпай иштеп келет. Андыктан бул маселе боюнча бир топ депутаттын пикирин уктук.

Жылдыз
РАХИМДИНОВА
ЖК депутаты
- Мындай мыйзам башка өлкөлөрдүн барында бар, депутат айымдын баласы кичине болсо, жаш ымыркай үчүн өзүнчө бөлмө даярдалган. Сессияга катышып, эс алуу убагында балага көңүл бурганга шарт түзүлөт. Мурда ЖКда депутат айымдар жок болгондуктан бул мыйзам кабыл алынган эмес. Депутат айымдарга да мүмкүнчүлүк берилиш керек. Аялзаты үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, ошол эле убакта эл үчүн кызмат кылууга аракеттенет. Андыктан мындай мыйзам ЖКда кабыл алынышы зарыл дейбиз. Бирок, бир жагынан беш жылдык мөөнөттө мыйзам боюнча үч жылга декреттик отпускага чыгып, үч жыл үйдө олтуруп алуу да туура эмес болчудай.
- Ар бир айым эртеби, кечпи эне болуу милдетин аткарат. Эгер шайлангандан кийин кош бойлуу болуп калса, ал депутат айымдын сессияга катышып олтурганы эч кандай тоскоолдукту жаратпайт. Бул жакшы нерсе да.

Зулхабира
БЕКЕНОВА
ЖК депутаты
- Депутат болсок дагы эне экенибизди эч качан унутпайбыз. Бирок беш жылдын ичинде 3 жылын депутат айым үйдө олтуруп алса, "бул кандай болот" деп ал жагын да ойлонуп көрүш керек. Негизинен базар экономика мезгилинде көп энелер балалуу болгон соң тез эле жумушка чыгып, иштеп кетишине бардык шарттар бар. Ошол себептен эл ишенип добушун берген соң ишин ташташпаса. Депутаттар эл кыдырып эл менен иштегендиктен, региондорго чыкканда ишине толук катыша албай, баланы тарбиялаган учурда энеге кыйын болуп, командировкаларда регионго баласы менен бара албайт.
- Эне болуу-эң чоң бакыт. Сессияда олтурган кош бойлуу депутат айымды кош бойлуу деп бөлүүнүн кажети жок.

Роза
АБДЫРАИМОВА
ЖК депутаты
- Мурун ЖКда жалаң эркектер болгондуктан бул маселени көтөрүп чыгышкан эмес. Президентибиздин буйругу, саясаты менен ЖКга 30 пайыз аял жолдоштор келишти. Аялзатын кайсы тармактагы ишке койбойлу абдан жоопкерчиликтүү, чыдамдуу, иштерман болушат. Аял жолдоштордун эң негизги милдети-эне болуу. Кандай болбосун энелик милдетти да, депутаттык милдетти да аткарышыбыз керек. Добушка татып шайланган соң активдүү иш алып барсак. Андыктан элдин жүгүн моюнга алаарда үйбүлөнү да пландап, анан алдыга кадам таштасак деген ойлор жаралат.
- Аялзатында андай көрүнүш болууга тийиш. Андыктан сессияда кош бойлуу депутат айымдын олтурганы өөн учурабаса керек.

Жазгүл КАРБОСОВА





Эс, кайран...
Баатырыбыздан айрылдык
Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 88 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Дайыр Асанов 19 жашында согушка аттанып, кандуу майдандын каарын көрүп, 1943-жылы Харьков шаарынын алдындагы айыгышкан кагылышууларда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
Дайыр Асанов 1922-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Согуштан кийин Ташкенттеги жогорку танктык окуу жайын, В. И. Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган. Аскердик кызматтарда, аскердик комиссариаттарда үзүрлүү эмгектенген. 1985-жылдан тарта 1996-жылга чейин Бишкектеги аскердик-лицейди жетектеп келген. 2005-жылы аталган лицейге Дайыр Асановдун ысымы ыйгарылган.
Жарыгың жалп өчөт...
1-октябрдан тартып жалпы республика түнкү 24.00дөн таңкы 05.00гө чейин жарыксыз жашайт. Эмитен отун-суу, чырак-шишени даярдап камдуу отургула. 2010-жылы болсо электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт.
Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт
"Ак жол" партиясынын мүчөсү Бакыт Иманалиев профсоюз башчылыгына азганакай гана иштеди. Ким бирөөгө жакпай калганбы, кетиришти.
Ордуна "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" "почточу" Иманкадыр Рысалиев дайындалды.
Улуттук байланыш агенттигинин статс-катчысы кызматына билим берүү министринин орун басары болуп эмгектенген Алмазбек Кадыркулов дайындалды.
Жер титиреди
Кечээ таңкы саат 4:44 чамаларында Жалалабадда жана Сузакта 3 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. Облус борбору жер силкинүүнүн очогу деп табылып, Өзгөн району менен Көк-Жаңгак айылында 2,5 балл болгон.
Жаандан жабыркаган жандар
Нөшөрлөгөн жаандан Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнөн онго жакын үйдү суу каптаса, Авлетим айыл округунан эки үй авариялык абалга туш болуп, Кара-Жыгач айыл округунан 12 үй короо-жайы менен жабыркаган. Андан тышкары Таш-Көмүр-Кербен авто жолдорунун 26-30 чакырымын нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон сел жууп кетти.




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КАРТ БОЙДОК
АДИЛ ЧЕКИЛОВ
БАҢГИЗАТКА ДА
АЗГЫРЫЛГАН
2-бет
Ташбоо мырзага даңк жана "Даңк"!
3-бет
Эрке парламенттин
барынан жогу жакшы....

4-бет
Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Киргиздерди камап, ата албайбыз"

5-бет
Асан БАЙТИКОВ,
ЖК депутаты:
"Жылма тентектигимен балдарды токмоктоп коюп, өлө танчумун"

6-бет
Кубанычбек КАДЫРОВ,
КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
"Апама эркелеп сагынычым таркайт"

7-бет
Нарынбек АКМАТОВ,
врач-хируруг:
"Диабет өтүшкөндө сөөк чирийт"

8-бет
Гүлнур САТЫЛГАНОВА,
КР эл артисти:
"Жаман адаттарым-
жалкоолук, уйкучулук"

9-бет
Адил ЧЕКИЛОВ, ырчы:
"Баңгизат колдонгом, бирок..."

10-бет
Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ:
"КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди"

11-бет
Жеңил атлетика
байыркы спорт башаты

12-бет
Көл толкуса, эл толкуйт
13-бет
Жумадин КАДЫРОВ,
"Бийиктик" басмаканасынын жетекчиси:
"Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек"

15-бет
Жоголуудан менин башка аргам жок
16-бет
Ревматизм, радикулитсиңби? Анда "Дон Сфинксин" ал!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!