Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Киргиздерди камап, ата албайбыз"
1989-жылы 23-сентябрда легендарлуу парламент мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алган. Ошол чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тил деп кыргыз тили жарыяланган. Андан бери 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл ичиндеги өзгөрүүлөрүн, дегеле мамлекеттик тилибиздин абалы тууралуу Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловго кайрылдык.


- Ташбоо Рахманбердиевич, мамлекеттик тил мыйзамына 20 жыл толду. Ушул убакыттын ичинде улуттук тилибизде эмне өзгөрүүлөр болду, тил майрамына арналган салтанатты кандай өткөрүп атасыздар?
- 20 жыл убакыттын ичинде бир топ эле алгылыктуу иштерди жасадык. Бирок, чыныгы мамлекеттик тилге мамлекеттик мамиле март революциясынан кийин гана башталды. Чоң кыймыл, жандуу иштер акыркы төрт жылдын ичинде байкалып атты. Биздин иштерибиз, ММКлар аркылуу калайык калкка кеңири маалым. Акыркы төрт жылдын ичинде бир топ иш чаралар өткөрүлдү, укук борборлор ачылды. Көрнөк, жарнактар калыбына келтирилди. Эң негизгиси бузулган орфографиябыз, жазуу эрежебиз мыйзам түрүндө оңдолуп, эрежеси элге таркатылды жана 30 жылдан бери чыга элек, курамы 80 миң сөздөн турган кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү беш миң нуска менен кайрадан жарык көрдү. Буйруса ушул жылдын аягына чейин кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү басылганы турат. Ал да отуз жылдан бери чыга элек болчу. Бүтүндөй республикабызды кыдырган тил кербени уюштурулду. Ал эми мамлекеттик тилдин жыйырма жылдык чоң салтанатын белгилөө үчүн мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен 1-сентябрдан 1-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыяладык. Кыргызстандын болгон аймагында кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүп, аны даңазалоо, кыргыз атуулу болгондон кийин мамлекеттик тилди билүүсү зарыл экенин тастыктоо акциясы өткөрүлө баштады.
- "Көчөдөгү көрнөк, жарнактар калыбына келтирилди" дедиңиз, бирок айрым көрнөктөр дагы деле орус тилинде, кыргызчага которулса да туура эмес болуп калууда. Сын-пикирлер да көп айтылып келет. Буга кандай чара көрүүдөсүздөр?
- Төрт жыл мурун көрнөк, жарнактар таптакыр которулбай орус тилинде жазылчу. Буга бир да кыргыз унчуккпай, башын жерге салып жүрө берген. Биз оңдоп, кыргызчалагандан кийин сындап, котормолорубузга асылгандар көбөйдү. Негизи кыргыздар бүткөн ишти сындаганды, акыл үйрөткөндү жакшы көрөт эмеспизби. Бирок, шаарыбыз чоң болгондуктан 10 миңге жакын көрнөктөр бар. Барысын көзөмөлдөө кыйын болгон үчүн элден жардам күтөбүз. Эгер бирөө "ушул жерде ушундай жарнак туура эмес которулган же которулган эмес" десе дароо балдар барып ээсин таап, катасын оңдоп коюшат.
- "Мамлекеттик тилде алдыга жылуу өзгөрүүлөр болду, мамлекет жакшы мамиле кылып калды" дегениңиз менен карапайым калк катмарын айтпай эле коелу, эл башкарган саясатчыларыбыздын дээрлик көбү "киргиз" болуп бүтүштү. Мындай абалдан кантип арылуу керек?
- Саясатчыларыбыздын барысы "киргиз" болуп бүтсө аларды камап сала албайбыз. Атып салууга да болбойт. Конституциябызга орус тили расмий тил жөнүндө мыйзам киргизилген. "Кыргызча сүйлө" деп бирөөгө айтып көр, "менин укугумду чектөөгө акыңыз жок" деп жооп кайтарышат. Андыктан мамлекеттик тилди таңуулоого акыбыз жок. Дүйнөдө жападан жалгыз кыргыздар гана өзүнүн тилине кошуп туруп, расмий тилге бийик даража берген. Мындан арылуунун бир гана жолу "киргиздер" намысына келип, жети атасынын арбагын сыйлап, кыргызча сүйлөгөнгө өтүшү керек. Мыйзам жолунда ушул нерсени ишке ашырсакпы деп мыйзамга түзөтүү киргизип, Жогорку Кеңешке долбоорун тапшырдык. "Мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы мамлекеттик тилде сүйлөшү керек, билбесе кызматка олтурбасын" деп атабыз. Депутаттар муну колдоп береби билбейбиз.
- Учурда өкмөт башчы Игорь Чудиновго кыргыз тилин үйрөтүп атасыздар. Муну менен бирге кыргыз болуп туруп өз тилинде сүйлөй албагандарга да сабак өтсөңүздөр кандай болот?...
- "Эне тилин чангандар, элдин келечегин тангандар" демекчи тилди чангандарга отуз жолу чогулуш өтүп, кыргыз тилин үйрөнүүсүн сурандык. Арасынан чанда гана саясатчылар келип окуп атат. Барысын зордоп окута албайбыз да, эң биринчи адамда каалоо болуусу зарыл. Мына эмгек жана социалдык өнүгүү министри Назгүл Ташпаева тил үйрөнүүнү каалады эле азыр сиз экөөбүздөй эле мамлекеттик тилде эркин сүйлөп калды. Башка "киргиздер" да каалап, тил үйрөнүүгө далалат кылса окутуудан качпайбыз.
- Эми кыргыз тилинин мындан аркы таскагы кандай болот?
- Пессимистерге кошулбайм. Акыр заман жөнүндө ойлогон Асан кайгыларга аралашпайм. Кыргыз тили эч убакта жоголбойт. Мурда кыргыз тили бөксөргөнү менен бүгүн күндөн-күнгө толуп атат. 10 жылдан кийин кыргыз тилин билбесең "сен сабатсыз, маданиятсыз адам турбайсыңбы" деген түшүнүк пайда болот деп ишендире алам. Буга толук көзүм жетет.

Бурул МУСАБЕКОВА




ШАРИПА САДЫБАКАСОВА ЖК ДЕПУТАТЫ
"Кышка эл толук даяр эместей"
- Босогодо кыш, андыктан кышка элдин камы кандай деп ойлойсуз?
- Кышка айылдыктар тынчсыздануу менен камданып жатса керек. Көк-Жар айылында тургандыктан, тааныш, коңшу-колоңдор "2-3 тонна көмүр сатып алдык" деп жатышат. Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша камданса керек, кээ бирөөнүн каражаты жетиштүү болсо, кээсиники жетишсиз. Андыктан жалпы эл кышкыга толугу менен камынып алды деп айтыштан алысмын.
- Көмүргө жетпеген эл айлана-чөйрөгө, токой чарбаларга кол салуу коркунучун жаратпайбы?
- Бир убактарда көмүр жок, көмүрдүн баасы кымбаттап, токойлорго кол салуулар болуп, көпчүлүк токойлор кыйылып кетпедиби. Учурда мамлекет бюджетке караган мекемелердин кызматкерлерин көмүр менен камсыз кылып, көмүрдү арзаныраак баада берүү үчүн аракеттерди жасап жатат. "Айлана-чөйрөгө кол салынып, токойлор калбай калат" деп коркуунун кажети жок.





Ажибай
КАЛМАМАТОВ
ЖК депутаты
"Президенттик айлыкка килейген имарат куруу кыйын"
- Акаевдин китепканасын эмне кылат деп ойлойсуз?
- Акаевдин китепканасын мамлекет өз карамагына алганы туура, президенттик айлыгы менен мындай заңгыраган имаратты курууга мүмкүн эмес. Имарат элге керектүү бала бакча, жатак мектеп же бир чоң мекемелердин иштетүүсүнө берилиши тийиш.
- Жаңы жылга чейин парламентте эки аял алуу мыйзамдаштырылабы?
- Башка маселелер түгөнүп калгансып, эки аял алууну мыйзамдаштыруу бул уят нерсе. Мындан көрө элге жардамы тие турган, керектүү мыйзамдарды чыгарып алсак кандай. Бул мыйзам каралса да мен колдобойм.


Ибрагим ЖУНУСОВ
ЖК депутаты
"Газ кымбатташы мүмкүн"
- Өзбекстан газдын баасын арзандатабы же...
- Билбей туруп анализ жүргүзүү кыйын, газ баасы былтыр 20-30 долларга кымбатыраак коюлган. "Арзандайт дебей" ушул бааны сактап калсак жакшы. Өзбектер суу боюнча бир аз проблема кылып жатпайбы, андыктан газды кымбаттатканга аракет кылат. Биздин өкмөт да бааны көтөргөнгө жол бербейт. Мындан ашык баа биз үчүн кымбат. Депутаттар да кудай буйруса газдын баасын бир калыпта кармаганга аракет жасайбыз. Эгер таза болбой баратса Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келет.
- Газга 800 сом төлөнбөй калса, газ өчүрүлүп, кайра 1200 сомго туташтырылат экен. Бул элге кошумча чыгым эмеспи?
- Албетте кошумча чыгым, газ, жарык, суу акысын убагында төлөш керек. Электр энергиясы сыяктуу газды да эконом кылганга үйрөнүшсө. Учурда мурдагыдай алдын-ала акчасын төлөп, газга счетчиктерди орнотууга өтүп жатышканы пайдалуу. Телефонго бирдик салгандай, газга бирдик салып алышып эконом менен колдонуп калышмак.


Жазгүл КАРБОСОВА



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
КАРТ БОЙДОК
АДИЛ ЧЕКИЛОВ
БАҢГИЗАТКА ДА
АЗГЫРЫЛГАН
2-бет
Ташбоо мырзага даңк жана "Даңк"!
3-бет
Эрке парламенттин
барынан жогу жакшы....

4-бет
Ташбоо ЖУМАГУЛОВ,
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Киргиздерди камап, ата албайбыз"

5-бет
Асан БАЙТИКОВ,
ЖК депутаты:
"Жылма тентектигимен балдарды токмоктоп коюп, өлө танчумун"

6-бет
Кубанычбек КАДЫРОВ,
КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
"Апама эркелеп сагынычым таркайт"

7-бет
Нарынбек АКМАТОВ,
врач-хируруг:
"Диабет өтүшкөндө сөөк чирийт"

8-бет
Гүлнур САТЫЛГАНОВА,
КР эл артисти:
"Жаман адаттарым-
жалкоолук, уйкучулук"

9-бет
Адил ЧЕКИЛОВ, ырчы:
"Баңгизат колдонгом, бирок..."

10-бет
Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ:
"КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди"

11-бет
Жеңил атлетика
байыркы спорт башаты

12-бет
Көл толкуса, эл толкуйт
13-бет
Жумадин КАДЫРОВ,
"Бийиктик" басмаканасынын жетекчиси:
"Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек"

15-бет
Жоголуудан менин башка аргам жок
16-бет
Ревматизм, радикулитсиңби? Анда "Дон Сфинксин" ал!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!