КОЧКОРДО ВИЧ ДАРТЫНА ЧАЛДЫККАНДАРДЫН САНЫ 20 АДАМГА ЖЕТТИ
Кочкор районунун аймагында ВИЧ дартына чалдыккан адамдардын саны 20 адамга жетип калк арасында бири-биринен шектенген коркунуч пайда болду. Кыргыздын каны менен генинде жок ооруну райондун аймагына кимдер жайылтып жатканын билүүгө мүмкүн эмес болсо дагы негизги күнөөкөрлөр катары баңгизаттардын курмандыгына айланышкан адамдарды айтсак болот. Анткени баңгизатты колдонуу учурунда бир шприцти бир канча адамдар колдонушат. Жалпы статистикага кайрылсак: ВИЧ дартына кабылгандар боюнча 2009-жылы 2 учур катталса, 2010-жылы дагы 2 учур катталган. Ал эми 2011-жылдын 3 айына карата (январь, февраль, март) район боюнча 16 учур катталды. ВИЧ дартына кабылгандардын дээрлик 100 пайызы Кочкор айылынын аймагында жашайт. 30-40 жаш курагындагы дартка кабылгандардан 2 адам аял киши. 18 адам жалаң баңгизаттарды колдонуп жүрүшүп ийне аркылуу жугузушса, 2 аял жыныстык жол менен ВИЧ дартына кабылышкан.Чакан райондун аймагында мындай көрүнүш канчалык кейиштүү жана коркунучтуу болсо дагы ВИЧ дартына кабылгандарды изилдеп таап, жаап- жашырбастан мүмкүн болушунча алдын-алып жана таркалышына бөгөт болууга аракеттип жатышкан райондук мамлекеттик-санитардык эпидемиялогиялык көзөмөл борборунун жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, баарыбыз биргеликте алардын "колуна кол, бутуна бут" болуп наркомания, аракечтик жана сойкулук менен күрөшсөк коркунучтуу дарттын таралышына бөгөт коет болчубуз.

(С.А)


Актан Кочкордун намысын коргоду
Ж.Тойгомбаев атындагы №15- кесиптик лицейинин 3- курсунун окуучусу Аскарбек уулу Актан улуттук дөөлөт-мурастарды сактап, өркүндөтүү боюнча "Профтехтин таланттары" аттуу республикалык конкурсунда 2-орунга ээ болду. Республика боюнча 180 бала катышкан бул конкурста Манас эпосунан "Манастын бала чагы", "Жакыптын балам жок" үзүндүлөрүн 1 саат айткан. Актан белекке берилген музыкалык борбор жана диплом менен окуу жайына көңүлдүү кайтып келди. Баса белгилей кетчү нерсе, мындай фестивалды республика боюнча биринчилерден болуп кесиптик лицейлери баштады.

Дөң-Алыш айылында "Эрдик залы" ачылды
К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинде кандуу 7-апрелде каза болгон Дөң- Алыш айылынын атуулу Баястан Дөөталиевдин жаркын элесине арналган "Эрдик залы" аталыштагы көргөзмө зал ачылды. Бул залды ачуу үчүн аталган орто мектептин кыргыз тили адистиги боюнча мугалими Өзүбек Абдыкалыков демилгени көтөрүп чыккан. Айылдын айыл округ башчысы Шамил Усубалиевдин жана маркумдун классташтарынын колдоосу менен түзүлгөн залдын ачылуу аземине райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Молдош Чакиев сөз сүйлөдү. Залдын оң тарабы 2010- жылдын 7-апрелинде каза болгон баатырлардын жаркын элестерине, ал эми сол тарабы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган.