1-2- январь күнү. Сахнада Бек Борбиев
Обончу Бек Борбиев жаңы жылда күйөрмандарына майрамдык белек даярдоодо. 1-2-январь күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда обончу жана ырчынын 2008-жылдын жыйынтыгы катары ишке ашырылып жаткан концерти орун алат. Бектин айтуусунда, ыр кечеде көбүнесе анын жаңы ырлары жаңырмакчы. Ушуну менен катар элге жаккан эски обондордун жаңыртылган варианттары да бул кундөрү күйөрмандарга тартууланат. Концерттин негизги өзгөчөлүгү чыгармалардын 75 пайызы аккордеондун коштоосунда аткарылмакчы. Жаңы Жылдык концерттин сахна декорациясы да майрамдык мүнөзгө ээ болот - дейт уюштуруучулар. Баса айтмакчы быйылкы жыл Бек Борбиев үчүн жакшы ийгиликтерди алып келген жылдардан болду. 90-жылдарынын эң популярдуу ырчысы быйыл Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген Артисти деген наамдын жана Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси болду.

  Шоу дүйнөдөн пул дүйнө

Ирмемде Монро
Дүйнөлүк кинонун эң популярдуу жылдызы, легендарлуу киноактриса Мэрилин Монронун "Воуж" журналы үчүн түшкөн фотосессиясы "Кристи" аукционунда 146 миң долларга сатылды. Агенттиктин жазганына ылайык, ал сүрөттөр, Монро дүйнөдөн кайтаарына саналуу күндөр калганда тартылган экен. Сатыкка 1962-жылы Берт Штерн аттуу сүрөтчү тарабынан ишке ашырылган 36 кадр коюлган.

Майкл Жексон машинесин сатат
Популярдуу музыканын падышасы деген наамга ээ болгон дүйнөлүк жылдыз Майкл Жексон өзүнө таандык автоунааларын сатыкка кое баштады. "Звезды.ру" сайтынын билдиргенине ылайык, Жексон автопаркындагы 8 темир тулпарын "Беверли-Хилл" аукционуна жиберүү чечимин кабыл алган. Бул машиналардын арасында эң эле уникалдуу мүнөзгө ээ болгону "Бентли" лимузини болуп эсептелинет. Бир кездерде ырчынын эң жогорку сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Аталган автоунаанын жасалгасы толугу менен Майкл Жексондун өзүнө таандык. 2009-жылдын апрель айында Калифорния штатында өтүүчү аукционго Жексон, машиналарынан сырткары, өзүнүн "Неверленд" деп аталган ранчосундагы 2000ге жакын буюмдарын да алып чыгат.
Майкл Жексон учурда минтип өзүнө керексиз болуп калган буюмдарын сатуу менен алек болуп жатса, анын жылдыздуу карындашы, белгилүү ырчы Жанетт Жексон үй бүлөө коломтосунда эң эле кубанычтуу күндөрдү өткөрүүдө. Быйыл 42ге чыккан Жаннет алгачкы жолу эне болуу бактысына ээ болду. Буга чейин ырчы күзүндө орун алган гастролдук концерттеринин көпчүлүк бөлүгүн ден соолугуна байланыштуу токтотуп койгон эле. Ал кезде саламаттыгынын абалы тууралуу толук маалымат бергенден баш тарткан Жаннет өткөн жумада өзүнүн кош бойлуу экендигин расмий түрдө билдирди.




  Мончок

Айгерим Расул кызы Москвада
Келишимдүү келбети, керемет үнү менен ыр күйөрмандарынын арзуусуна ээ болгон жаш ырчы Айгерим Расул кызы учурда Москванын "Мир" концерттик залында Айгерим, ырчы Темир Назаров жана белгилүү куудул Күмөндөр Абылов менен бирдикте концерт беришет. Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги жана кыргыз диаспорасынын чакыруусу менен уюштурулуп жаткан бул концерт кечээ 25-декабрь күнү Санкт-Петербург шаарында башталды.

"Назиктин" назик кыздары
"Назик" бийчилер тобу жанырган Уй жылын Бишкектен тосуп алган соң, 5-январь күнү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарына жөнөп кетишмекчи. Коңшу мамлекетте болгон 1 жуманын 3 күнүн кыргызстандык бийчилер, маданий иш-чарага катышуу менен өткөрүшсө, ал эми калганын жагымдуу эс алуу менен толукташат экен. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин чакыруусу менен орун алуучу сапарга Назик тобунун өзөгүн түзгөн 5 кызы менен барат.

Сауле "кышкы сессияда"
Бишкек шаарындагы №56-мектебинде окуган ырчы кыз быйылкы окуу жылынын экинчи чейрегин жалаң беш деген бааларга тапшырды. Анын мугалими Вера Николаевнанын айтуусунда, орус-тили боюнча жазган жат жазуудан Сауле классташтарынын арасынан жалгыз болуп бешкедеген баага татыктуу болгон. Сахнада да, сабакта да мыкты ийгиликти жарата алган жаш талант, окуудан тышкары гимнастика менен да алектенет.

Кыялдагы сапар. Бактыгүл Бадыева Күн чыгыш өлкөсүнө.
Кыргыз эстрадасынын маралдай сулуу айымы Бактыгүл Бадыева жаңы жылдык каникулдарын Японияда өткөрүүнү пландаштырып жаткан кези. Ырчынын айтуусунда, ал кичине кезинен бери эле бай жана жомоктогудай табышмактуу тарыхы бар өлкөнү көрүп, салттары менен жакындан таанышуу тууралуу кыялданып жүргөн. "Документтеримди баардыгын толугу менен даярдап жатам. Кудай буюрса, январь айынын экинчи бөлүгүндө көкүрөктөгү көптөн эңсеген кыялымды ишке ашырсамбы деп турам",-дейт Бактыгүл.

Даярдаган Гүлкайыр Раимкулова









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan