ХИ-ХИ-ХИ...

Күлгөнгө
күлө жет.
"Ак жол" партиясынын Жокедеги бир мүчөсү аялын ойношу менен кармап алыптыр:
- Ай ушу партиянын мүчөөсү болбогонумда, кабыргаңды бирден сындырып, өтүңдү алат элем! Ай ушу партиянын мүчөөсү болуп калбаганымда терезеден сени ыргытып жибербес белем!" - дейт күйүп- бышып.
Анда аялы чөгөлөй калып, эки колун асманга созот да: "Жашасын "Ак жол", жашасын "Ак жол" деп жибериптир.

***
Бир күнү карыган жазуучу үн чыгарып, өзүнөн-өзү сурайт:
- Мен өлсөм менин үйүмдун сыртына эмне деп жазып коюшат?
Кимдир бирөө шыбырайт "Сатылат" - деп.

***
Кыштын чыкылдаган чилдеси. Айдоочу автобусунун жарылган дөңгөлөгүн алмаштырып жатып ичинен суйлөнөт:
- Менде мээ деген жок. Чала мага, чала! Убагында апамдын сөзүн угуп койсом кана. "Гинеколог болсоң чөнтөгүң толо акча, ал эми колуң жылуу жерде болот" - деп айтты эле.

***
Мугалим окуучусуна суроо берет:
- Кана, Асанов айтчы, сага бир мүшөк алтын же бир мүшөк акыл берем десе, экөөнүн кайсынысын алат элең?
Асанов: - Алтынды алмакмын.
Анда мугалим: - Аа, Асанып, акылыңдын жоктугу ушундан эле билинет. Мен сенин ордуңда болсом бир мүшөк акылды алмакмын десе, Асанов:
- Эжей, кимге эмне жетпесе ошону алат да...

***
Бир киши психиатрга кирип арызданат:
- Доктор, мени коркунучтуу түштөр тажатты. Түнү бою алар хоккей ойношот...
- Эч нерсе эмес. Жатаарда мобу дарыны ичип коюңуз, тынч уктайсыз.
- Бул дарыны эртеңден баштап ичпейинчи.
- Эмнеге?
- Бүгүн алардын финалы болот.




  Оо, арман, кимден калган...

Жылдын жоготуусу
Сапары карып бараткан 2008 - чычкан жылы кыргыз эли үчүн бир топ эле оор жылдардан болду. Ага кошул ташыл болуп бир эмес, бир топ дөө-шааларыбыздан ажырадык. "Акбаранын көз жашы", "Махабат дастаны" сыяктуу тамшандырган тасмаларын калтырып кеткен Дооронбек Садырбаев 69 жашында көз жумду.Кайталангыс талант, маэстро Асанкан Жумакматов агабыздан айрылдык.Саратан жайдын күнүндө "Боинг-737" учагы кулап, 65 адам көз жумду. Өрттөй жанган кыраан жигиттерибиздин бири, ЖК депутаты Руслан Шабатоев дайынсыз жоголду. Улуттук кардиология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимов бүгүн арабызда жок. Нура айылында 8 баллга жеткен жер титирөө болуп 75 адамыбыздын өмүрүн алып кетти. Табылгыс таланттар Ашыраалы Айталиев , Тууганбай Абдиев агаларыбызды жерге бердик. Анан да... анан дагы өлкө эмес, дүйнөгө атагы таш жарган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов агабыздан ажырадык. Кыскасы, чычкан жылында кыргызым оңбогондой жоготууларга учурады. Балким бул тагдырдын жазымышыдыр. Артыбыз кайрылуу болсун дейли, бабалар айткандай "жыл жамандап барбасын".
А көрөкчө эски жылга акараат айтпай, аман-эсен узатып, жаңырып келе жаткан уй жылынан жакшылыкты тилейли, жан дүйнөбүздүн жарыгы өчпөсүн!

Бетти даярдаган Эльнура Дүйшеева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan