Акбар кабар

Бар тобокел, баштадык!
Ит, Доңуз, Чычкан жылдарын баштан кечирдик. Ушул үч жыл менин өзүм үчүн да оңойго турган жок.
Дипломатиялык иштен кайтып келгенден бери чыгармачылык менен алектенип, мурдатан ойлоп жүргөн тарыхый чыгармамдын өтөөсүнө чыксам деп алпуруштум. Өкүйүп иштеп, ак кагаз менен сырдаштым, китеп менен кеңештим. "Өх!" деп баш көтөргөн кезим ушу.
Жаз кетти, күз өттү, кыш келди...
Байкасам, мага көнүл бурчу жан жоктой. Өмүр бою өкмөттүн ишин аркалап жүргөн элем, азыркы бийлик аркасын салып туруп алды. Орус агайындар "обещанное ждут три года" деп коюшат эмеспи. Ит, Доңуз, Чычкан жылдарында өкмөт аке өткөргөн бир дагы иш чарага чакырык албадым. Шайлоого да киргизбей коюшту, бул тууралуу "Тизмеде жок тирүүлөр" деп жазганым бар. Карыныңдын ачканына кайыл болсоң да, кадырыңдын качканына кейибей койбойт экенсиң.
Деп ошентип турган кезимде, ушул газетанын иши башталып, Кенжебек иним чакырып калды. Ойлоп көрсөм, менде дагы Окурман менен тең бөлүшчү бир топ көрөңгө бар өңдөнөт. "Устаранын мизинде оодарылган дүйнөдө" ошолорду четинен ортого салып турайын.
Бул бетке өзүм жыйнап-терген чыгармаларды сунуштайм. А, бара-бара кара сөз менен жазылган романымдан үзүндү берип, айрым ырларымды жарыялап турармын. Анан, албетте, газеталык жанрга ылайык жаңылык, макала жазып, коомдук турмушка көз карашымды билдирсем дейм.
Анда эмесе, баштадыкпы? Баштадык!





  Жаңырык

Алматы
Кечээ жакында казактын "кара шаңырагында" - Мухтар Ауэзов атындагы драма театрында Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгы кеңири белгиленди. Жазуучулар союзу менен Алматы шаарынын акимчилиги уюштурган жыйынга Кыргызстандан, Түркиядан чакырылган өкүлдөр катышты.
Жыйында көрүнүктүү кинорежиссер Болот Шамшиев сөз сүйлөп, улуу ойчулдун адабий мурасы жана аны кино тармагындагы чыгармачыл байланыштары жөнүндө кеп козгоду. Жыйынга жазуучунун жары Мария эжебиз, тулпардын туягы Элдар катышканы анын маанисин арттырды.
Айтылуу казак булбулу Бибигүл Тулегенева баш болгон казак өнөрпоздору сахнаны жаркытып, Ч.Айтматовго байланыштуу кино тасма, драмалык чыгармалар тартууланды.
"Адамзаттын Айтматову" деген атка конгон жазуучунун көркөм жасалгаланып, Алматыдан жарык көргөн 8 томдугунун алгачкы нускасы тартууланды.





Ташкент
"Жахон адабияты" журналы кыргыз жазуучуларынын чыгармаларына кеңири орун берди. 1997-жылдан баштап чыга баштаган адабий-көркөм бул журналдын максаты - өзбек окурмандарын дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрү менен тааныштыруу.
"Теңиртоо уландары" деген рубриканын алдында Омор Султанов, Жолон Мамытов, Сагын Акматбекова, Курманбай Калдыбаев, Акбар Рыскулдун тандалма ырлары жарык көргөн.
Ырларды "киргиз тилидан таржималаган" белгилөө акын Турсунбой Адашбоев. Ошто туулуп, Ошто өскөн бул агабыз кыргыз жана өзбек тилинде эркин жазып, эки элдин адабияты ортосунда бекем көпүрө болуп келатканы белгилүү.
Йашаң, Турсунбай ака!





Ыр жана сыр

Саманчыга кайтпас сапар тарттыбы,
"Саманчынын жолун" жазган Чыңгызың?!

Ат жалында, атан төөнүн комунда,
Абалкыдан калган чындык момунда:
Буудай чачып, себет үмүт үрөнүн
Баба дыйкан Саманчынын жолунда.

Атам заман асмандагы жылдызын
Ат жалында санап келди кыргызым...

Анык жылдыз Ала-Тоодон көчтүбү,
Жарык жылдыз Жер-Энеде өчтүбү?
Зоо ураган, тоо кулаган заманда
Саманчыга кайып болуп кеттиби?

Калкым, жашка жуулбасын жүрөгүң,
Алтын башка келди дебе бир өлүм!..
Залкар талант заманага жолдомок
Саманчыдан Баба дыйкан үрөнүн!

Чыңгыз өлбөйт, арабызда Чыңгыз бар,
Чындык өлбөйт, караңыздар, кыргыздар!
Сан тоолорго тилей берет саламат
Саманчынын жолундагы жылдыздар!

Сан жылдыздар сапырыла көчкөнү -
Саманчынын ырыс чачып өткөнү.
Балким, Жерден элчи болуп баргандыр
Балбылдаган жарык жылдыз көктөгү?!

Ат жалында, атан төөнүн комунда,
Азыркыга калган чындык момунда:
Анык Чыңгыз агабыздай жаркырайт
Жарык жылдыз Саманчынын жолунда!




  Саясаттан оолак саптар

Жаңы Жылга эски тилек
Жакында мага бир радио кабарчы микрофон сунуп, минтип кайрылып калды: "Жаңы Жылга каалоо-тилек айтып койсоңуз?"
Ошондо көнүмүш суроого көнүмүш жооп бергениме өзүмдүн көңүлүм толбой калды. Ичимден кыжаалат болуп келем.
Капырай, кандай айтып, кандай десем оң келмек?
Күнү кечээ баарыбыз бир тилекти кайталап, минтип кооздоп жазчу эмес белек: "Жадырап-жайнап келаткан Жаңы Жылыңыз куттуу болсун! Ишиңизге ийгилик, үй-бүлөбүзгө зор бакты-таалай, чымыр ден солук каалайм!" Айрым бирлер "Очогуңуздан от өчпөсүн!" дегендей ойлорду кошумчалай турган.
Анын бардыгы нака чындыктай, телегейи тегиздей сезилчү. Көрсө, катаал мезгил макал-ылакапты гана эмес, каалоо-тилекти дагы көөнөртүп жиберет экен, чиркин!
Азыр "Ишиңизге ийгилик каалайм!" десеңиз, жумушсуз кыргыздын тең жарымын ызалаган болосуз. Үй-бүлөсүн айтсаңыз, алыстагы ата-энесин же балдарын эстеп, бышактап ыйлап жибериши мүмкүн. "Очоктон от өчпөсүн!" деп айтыш дагы опуртал, анткени там-ташын карызга карматып ийгендер четтен табылат.
Андай экен, Чычкан жылы кетип, Уй жылы келатканда замандаштарыма эмне каалайм? "Байманаңар ташып, базарыңар ашып турсун!" дейминби? "Арааныңар ачылсын, бактыңар чачылсын" десемби? "Ит жылын ыркырашып, Доңузду дыркырашып, Чычканды чыркырашып өткөрдүк эле. Уй жылында урушуп жүрбөйлү!" дегеним оң болорбу?
Барыдан да мени беймазага салган нерсе бул. Ичте эмес тышта, ар кайсы чет өлкөлөрдө тентип жүргөн бала-чакабыз менен Жаңы Жылда баш кошо албай, баарлашпай калдыкпы?
Ооба, азыр жакшы каалоо-тилек билдирип, жарым ырыс тилөөнүн өзү оңой эмес. Карапайым калк "опол тоодой бакты-таалайды" оозанбай, күнүмдүк көр тирликтин көйгөйү менен алек.
Кантсе да, көөнө замандан келаткан кыргыз калкы келечектен күдөр үзбөйлү. Бала-бакырабыз менен бир балатынын түбүндө баш кошуп, Жаңы Жылды Алатоодо жадырап-жайнап тосчу учурлар анчейин узакка созулуп кетпегей!
Жок, мен өткөн-кеткен эки заманды көрүп калган адам катары өзүмө мурдатан көнүмүш, эски тилекти гана кайталап койгонум оң болгонсуп турат:
"Жаңы Жылыңыздар куттуу болсун! Ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөөңүздөргө зор бакты-таалай, ар бириңиздерге чымыр ден соолук каалайм! Очоктогу отубуз өчпөсүн!"

Акбар Рыскул









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan