Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот
Үстүнө үйрүп салган көйнөгү дал-далынан кетип, бети-башы чаначтай көөп, бешенеси жарылган жаш келинди улактай чыркыратып, чычырканакка бөлөштү. Күнөөкөр жан "баа-а!" деп бакырып алды да, эс-учунан тангандай былк этпей сулап калды.
- Беш балак! - Маматкул бийдин үнү адаттан бошураак чыкты.
Бул жазага күбө болгон жандын бардыгы алмадай башын салбыратып, аргасыз көз жашыра, жер карады. Белкурчоого дейре жылаңач балакчы гана кере кулач шапалагын баштан ашыра үйрүп, өз милдетин орундоого киришти:
- Уаа, бир!...
Ууру-кескиликтин, зөөкүрдүктүн айынан жазаланган төрт жандын акыркысы ушу чыканактай жаш келин эле. Анын күнөөсү ашкере. Ачкалыктан алсыраган эрин сактап калуу үчүн Анжыйандын көчөсүндө алакандай нанга эмчектеги чүрпөсүн айырбаштап жиберген. Аккүп болуп шишиген эрине антип бир үзүм нан тиштетип, эртеси эмчегин эмизип, ажал оозунан арачалап калганы ырас деңизчи, алмончоктой наристесин бейчеки бирөөгө кармата бергенин кантесиң?!
Аласапыранда жеринен оогон аркалык кыргыздар менен Улуу жүз казактарынын арты Кокон, Кыйба, Кыссарды чаңдатып, алды төмөнкү Сыр, аркы Аму бойунан ашып, Аралды тирей качууга мажбур. Маматкул менен Тынай бийлер баштаган манап тукуму негизинен Анжыйан айланасын пааналады. Кошой бий баштаган солтолор алардан алыс эмес Бозбу тоосун этектей, Аксыга имериле туруп калган.
Чычырканакка бөлөнүп, чырылдаган келиндин үнүн эшиткен Тынай бий негедир Кабактагы кара чүйлүсүн эстеди. Кара чүйлү качырган майда паранда ушинтип чакчелекей түшүп, чайылдап калар эле. Бирок, азыр күнөкөөр келинге боор толгоп, арачы түшүүнүн анчейин жөнү барбы? Агасы Маматкул ансыз да айарлап, болгону "беш балак" буйурду. Жазалууну Теңир өзү жазалайт!..
- Уих, эки! - деди балакчы угуза оозана.
Сарсейит сарбандын жер жайнаган төөсүнөн, үйүрлөгөн жылкысынан, короологон кой-эчкисинен дээрлик куржалак калган манап урпактары бир татым талканга зар. Каакым сүтүн кагып ээмп, көбүргөн тамырын чайнаган калктын тили карарып, тула-бойу шишиктен күпчөктөй көөп, бети-башы бышарып, күрт кырыла баштады. Калк жыш камалган Анжыйандын Асакеси - Кабактын куш батпаган Миңкушу эмес. Мында кекилик-чил алып, баранда серптирип, мүнүшкөрлүк менен көр оокат өткөрө албайсың.
Элди сактоо үчүн эмне иштөө зарыл? Кара курсактын айласын канткенде табасың? Жалгыз-жарымды жазалоого болор, жапырт ачка калкты жазалай албайсың. Аркадан Анжыйан, Аманген ооп келген, асты Гиссарга жетип жыгылган калктын карасы менен төрөсү катуу каржалды ырасы. Канча каржалсаң дагы элиңди эптеп, бир уучка мыкчып, бир тартипке багындырууң керекпи? Керек! Антпесең, кайратсыз жигиттер бет-бетинен тал кармап кетсе, арсыз келин-кесектер ак бөпөсүн ар кимге кармата берсе, эртеси не болмок элиңдин? Жо-ок, манап тукуму катаал, манап тукуму калыс!
- Ииух, үч!
- Жетишет чыгаар, бий...
Күнөөкөр жигиттерди катаал жазалоого кайыл болсо да, чычырканакка бөлөнгөн келиндин чыңырыгына мүнүшкөр Кучак чыдабай кетти.
- Жетпейт деген ким бар? Балдарды кармата берели ар кимге! - Маматкул опурулуп койду четкебирээк турган мүнүшкөргө.
Агасынын калыс жаза чыгарганын түшүнгөн менен Тынай дагы ичинен түтөп, өз бармагын жара тиштеген таризде. "Балдарды кармата берели!" деген сөз оор тийди огеле. Дарексиз кеткен чүрпөсү Атакени эстеп жүрөгү мыкчылды.
Ойдо жок сөз оозунан кандай чыгып кеткенин аңдабай калды Маматкул дагы. Эми элтейген экөөнүн дартын сезе, жүрөгү канталабасын деген тейде жумшара сүйлөдү:
- Андай экен, жолун айт экөөң.
Оозуна талкан тыгылгандай, үндөбөй калышты тигилер. Тым. Тынайдын өзөгү кургап, тырчый түшкөнүн сезген курбусу Кучак демин жыйып, көңүлүндө көптөн жүргөн ойду ортого салды:
- Жолу ошол, эгин эгели, бий!
- Эмне дейт? Эгин дейби?! - Маматкул бий каңырыш уккандай ийнин күйшөдү.
Анжыйанда аштык айдап, эгин салуу манап аксакалы Маматкул бийдин түшүнө үч уктаса кирбесе керек.
Тымпыйа түшкөн Тынай өз курбусу Кучакты коштой, агасын тирмейе карады:
- Эгин эгели бий, калктын аман калганын кырып албайлы.
Тигил экөөнүн тил-оозу бирдей чыгып, "эгин эгели" деген ойдон өзү куржалак, караманча окчун калганына териккен манап аксакалы Маматкул бий оргу-баргы кырс мүнөзүнө басты:
- Итче жер тырмалап, жаман жорук баштасаң, экөөң башта! Мен киришпейм!..
Эки агайындын мамилесине ошондон доо кетти. Эрте-кийин эки тизгин бир чылбырымды талашат деп күнүлөп жүргөн манап аксакалы Маматкул иниси Тынайга далысын салды. Коңшу-колоң конуштарды кыдырып кетти. Соотбулаңга имерилген солтолорго айткан имиш: "Итче жер тырмаган ини сөрөйдү желкемдин чуңкуру көрсүн!"
Ойлой келсең, мындан башка айла жок, амал кыска. Танапташ сарт, таранчы, тажик, каракалпак агайындар сыйактуу кара жердин карынын каңтарууга туура келет. Антейин десең, эрте-кийин колуна кетмен кармабаган, жердин көзүн жыртып, аштык айдабаган манап тукуму майнап чыгара алабы? Багы жокко дагы жок дегендей, Сарсейит сарбандын урпактарына сугат жетпеген, боз караган каптаган кунсуз адыр буйурганын карасаң. Эки ортону бөлгөн кырдач тумшук дөбөдөн суу мөңкүбөс-ов!.
Тынай бий ары толгонуп, бери ойлонуп кыжалат. Эгин эгүү дегениң - эки күндүк эрмек эмес. Жарайт, топудай жерге аштык айдайлы, ал өнүп чыгабы, өнүп чыкса дан алабы, дан алса оруп-жыйгыча оо канча заман? Ошол орум-жыйым бүткүчө, кызыл сузгуча алмагайып заман оошпой, дал бүгүнкү калыбында тура бермекпи?
Агасы Маматкул аркасын салып кетсе да, Аркадан ооп келген алатай кыргыздын аксакалы солто Кошой бий менен алда нече кеңешти Тынай. Акыры колдо бар кагынчыкты ортого салып, Анжыйан улугуна бармай болушту кошоктошо. Эки бийдин бир келгенин үзүлө түшүп мактаныч туткан, анан калса "кайрак жерди каза бер" дегенчелик пейил тааныткан Анжыйан беги теспесин тарта үрүгүлөп, "караң, йаним, караңгиз" деп баш ийкей, куптап отурду. Колтугунда котур ташын кылтыйтып, коштошордо бир шартнамесин ачык айтты:
- Йе, йашаң. Аргымак ат бар-й кыргызда. Лекин, бийдай эгем десеңер, мага битта ат ырымдап койуң, бий?
Өздөрү сурана келген Кошой менен Тынай бийлер бул өтүнүчкө мойун толгомок беле. Куру айакка бата жүрбөйт. Сылык баш ийкей чыгып, сырттан катуу масилет курушту: "Аргымак, албетте, арбын эле колдо. Анын баары көздөн өтүп, көчкөн журтта калды. Кантебиз?"
Маматкул мойубаса дагы, анын мойундаш бой жетип келаткан Темири менен Болоту ажаат ачты бул жолу. "Андай эле аргымак керек болсо, мына, биз табабыз" дешти экөө тең жарыша. Эл үрккөндө журтта калган сарбагыш жылкысынан бир үйүрдү кайрып келди эки эрен. Арасында Акбоз күлүк алчактайт!

(Уландысы бар)




  Китеп текче

Өзүм жана өз элим
Өздөрүн коргой албай,
Өзгөнү колдоп алмай,
Өз элде жок эле го
Өз жерин кордоп алмай.

Көлүңдү көлчүк кылып,
Көркүңдү кемтик кылып,
Атасы алды бүгүн
Баласын тантык кылып.

Ыйык жер барктай албай,
Ыйманды сактай албай,
Мажүрөө болуп келем
Манасты даңктай албай.

Тарыхты тактап жазбай,
Жарыкты мактап жазмай,
Кыйлага адат бүгүн
Кыргызды "кыргыз" казмай.

Шумкарым сайрап калып,
Тулпарым жайдак калып,
Саяпкер, мүнүшкөрсүз
Жүргөнсүйм айдакталып.

Деги мен дээриңде жок,
Жеген бир жемине ток,
Ала курт болуп бүттүм
Ата журт кантип түттүң!

Бу жалганда адил жашоо
жок окшойт,
Жерди кордоо, а жер болсо
унчукпайт.
Эч болбосо үзүп кетип бир
гүлүн
Тирүүлүккө келген адам кур
чыкпайт.

Бу жалганда бейкам жашоо
жок экен,
Тынч жүрсөң да ушакчылар
жан койбойт.
Оо дүйнөлөп ооруп жатсаң
төшөктө
А кошунаң токол алып,
той тойлойт.

А жалганда жаман жашоо
дагы жок,
Ар бир күнү куттук айтат
Улуу күн.
Өксүгүңдү, өкүнүчтү унутуп
Кандай жыргал жүзүн көрүү
сулуунун.

Каныбек Иманалиев
"Жоогазын ыры"
жыйнагынан




"Өчпөс ырлар" рубрикасынан
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар.
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

Б.Сарногоев "Ашуудан берген отчётум"
Тоодо сүйүү, тоодо чексиз улуулук!
Тоолор үчүн жаралганбы сулуулук?!
Жылдыздарын санап жатып уктасаң,
Жүрөгүңө түнөп калат жылуулук...

Т.Кожомбердиев "От өчпөгөн коломто"


Коноктой күндөр өтөөр алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып,
Бой таштап, тегирмендин парасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Ж.Мамытов "Башат жана мухит"









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan