email • архив • редакция  Башбарак   




  Саясат сайдын ташындай ...

Роза Отунбаева,
Социал-демократтар партиясынын ЖКдагы депутаты:
"Президент күчкө таяна турган топту жыйнаганы жатат"
- Медет Садыркуловдун кызматтан чегинүүсүн - оппозициянын биригишине болгон президенттин реакциясы деп баалайм. Учурдагы кырдаалда Садыркуловдун ресурсунун баары иштелип бүткөнүн президент жакшы түшүнүүдө. Эми ал айланасына мыйзамды көзгө илбей, күчкө таяна турган команда топтогону жатат. Оор кырдаалдарда ички саясатка армия кийлигишип келгени белгилүү. Бийлик бул ыкманы ишке киргизүүнү максаттоодо.



Келечектин ээлерине камкордук
Тээ совет доорунун учурунда адам психологиясын, ички күчүн, мээнин кабыл алуу, эске тутуусун ийне-жибине чейин изилдеп, анын натыйжасында мектеп окуучуларынын негизги эс алуу каникулун бекеринен жай мезгилине ылайыктаган эместир. Анан калса жай, анын ысык аптабы окууга эмес, эс алууга көбүрөөк ыкташса керек. Бирок, ошондогу СССР, азыркы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз өлкөсү өзгөчө бөлүнүп чыкты. Далай убакыттын эрежесине айланган окуу процесси бузулду. Мисалы, өлкөдөгү эргетиканын тартыштыгынан улам 800 мектеп жабылып, окуучулар эки айлык каникулга таратылды. (Газета. ру)

Энергетика экспорттолот
Энергетика маселеси тууралуу өткөн жыйында аталган тармактын министри И.Давыдов Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө Кыргыз өлкөсү энергетиканы экспорттой турганын билдирди. Министрдин айтымында Казакстан сатылчу энергетика үчүн Кыргыз өкмөтүнө алдын ала 25 миллион доллар которгонун да кошумчалады.

37-жыл жыттанат…
Оппозиция лидерлеринин 70 пайызына кылмыш иши козголду. Бул туурасында Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров кечээ маалымат жыйынында билдирди.

"Ата Мекенге" жол жок!
"Ата Мекен" партиясынын пресс-кызматынын билдирүүсүнөн: "Биздин партиянын Таласка белгиленген конференциясынын алдында бийлик 10 автобус милиция кызматкерлерин Таласка жеткирип, башында ички иштер министринин орун басары ошол жерде болуп, өзү көзөмөл жүргүзүүдө".












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan