Кимдин этегин кармайбыз?

"Ганси" чыгат, чыкпайт...
Кыргыз бийлиги "Манас" аэропортуна жайгашкан АКШнын Ганси аскердик авиабазасы менен болгон келишимди кайра караганы жатканы тууралуу каңшаар эл аралап кетти. Айрым аналитиктер Президент К.Бакиев Москвага боло турган иш сапарынын алдында тиешелүү буйрукка кол коюп, орус кесиптештерине "чоң белек" алып бараарын божурап жиберишти. Ал буйрукка ылайык аскердик база жарым жылдын ичинде Кыргызстандын аймагынан чыгарылмак имиш.

АКШнын аскердик авиабазасы Ооганстандагы диний-экстремисттерге каршы эки өлкөнүн келишиминин негизинде 2001-жылы Кыргызстанга жайгашкан. Ошол күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин кыргыз өлкөсүндө Американын аскерлери турак алып, турмушунда аралашып келүүдө. Бирок, качан, кайсы убакка чейин Кыргызстанда болоору келишимге камтылбаганы айтылып жүрөт. Ошол эле учурда Ооганстандагы согуш дагы аягына чыккан жок, Америкалыктар дагы кетиши тууралуу сөз козгой элек. Бирок, 2005-жылдын март ыңкылабынан кийин келген бийлик бул маселени кайра жандандырып, кийинчерээк авиабаза Кыргызстанга төлөөчү каражатты көбөйтүү менен гана баары тынчып калган. Бирок, кыргызда "Жылаан чакпай жылкы теппей" дегендей аскер база тууралуу маселе кайра көтөрүлүп отурат. Анткени, Ганси аскер базасы өлкөдө жайгашкандан бери түмөн түйшүктү жаратты. Американын бир аскер кызматкери эки кызды тебелеп майып кылса, дагы бири орус улутундагы кыргыз жаранын атып салды. Мындан сырткары Манас аэропортунун жанында жайгашкан айылдардагы дыйкандар түшүм албай калганын айтып келишти. Эмнегедир киши өлүмү менен коштолгон ызы-чуулуу окуялар кайталанып жатканда "кыңк" деп ооз ачпаган бийлик, өлкөнү дүйнөлүк кризиске кошулуп, энергетикалык кризис каптап турганда бул маселенин козголушу, түшүнүксүз ойлорду жаратууда. Алакандай мамлекетте жашап туруп, дүйнөлүк державалардын саясатына аралашуу өтө кооптуу экени түшүнүктүү. Же ички саясатыбыз баары жайына келип калдыбы? Өлкөбүздүн коопсуздугун сактап калуу үчүн баарына бирдей мамиле кылышыбыз кажет. "Сен кет, бул келсин" дей турган деңгээлге жете элекбиз.
Экинчиден, АКШнын аскер базасы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, үлкөн суммадагы акча төгүп жатканы дагы талашсыз. Каатчылык каптап, каражатты кайдан табууну билбей турган учурда мындай киреше булагын жоготуу өлкөнүн экономикасы үчүн оор сокку болоору айтпаса дагы түшүнүктүү. Аналитиктердин баамында биздин бийлик орустар менен ымаланы күчөтүү жана Камбарата ГЭСин курууда 2 миллиард доллар алуу үчүн ушул кадамга бара турганын божурашууда. Албетте кыргыздардын кайсы жерден алданаарын чет өлкөлүктөр да билип бүттү. Акча дегенде жантыгынан жата калган кыргыздарды орустар ушул нерсе менен чүлүктөөрүн терең өздөштүрүшкөн көрүнөт.
Бирок, буга чейин кыргыз ажосу Шанхай уюму чогулаарда же Москвага карата иш сапары башталаарда ушундай сөз тарап келгени белгилүү. Ушундан улам бул айтылып жаткан сөздөр дагы кезектеги уюшулган шоулардын же берилген убадалардын бири болуп калышы мүмкүн. Анткени, азыркы бийликтин бул маселени ыкчам козгоого дарамети жетпейт. Дегеле буга чейин сырткы саясатта биздин мамлекеттин туруктуу саясаты болгон эмес. Анан да Америкалыктар дагы жөн жатпайт. Россия бир сумманы көрсөтүп бийликтин көзүн кызартса, алар андан көбүрөөгүн көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ушундай "шапке сурамай" саясаттын жемишинен улам эки державанын аба базасы Кыргызстанда жайгашып отурат. Эгер өлкөдөн АКШнын базасын чыгара турган болсо, тең салмактуулукту, геосаясатты бирдей кармап, Россиянын Канттагы базасын дагы өлкөдөн чыгаруу маселесин кабыргасынан коюу керек. Анткени, бир тыйын төлөбөгөн орустардын базасы калып, миллиондогон доллар төгүп жаткан АКШнын базасын чыгарса башка өлкөлөр эмне дейт? Кош стандарттуу саясат болуп, эл аралык мамиле бузулбайбы?
Бирок, мындай кадамды жасоо өтө опурталдуу. Ошондуктан азыркы бийлик да мындай кадамга баралбайт. Дегеле, чечкиндүү кадамдар учур бийлигинде болгон эмес. Эгер болсо, жогоруда айтылган жолдор менен гана болушу мүмкүн. Анын бир далили Москвага боло турган Президенттин иш сапары артка жылдырылганы десек болот.
Памир Манас




Киргизия: Президент Бакиев меняет американских военных на российские доллары?
Как сообщает сегодня московская газете "Время новостей" (см. статью "Бакиев везет в Москву дорогой подарок", 12.01.2009), руководство Киргизии готовится официально расторгнуть соглашение с Соединенным Штатами о дислоцировании американской военной базы "Ганси" на територии бишкекского аэропорта "Манас". В своей статье обозреватель издания Аркадий Дубнов пишет, что "по сведениям, полученным из осводомленных источников в Бишкеке, президент Киргизии Курманбек Бакиев собирается подписать соответствущий указ накануне своего визита в Москву, который состоится в конце этой недели". Предпологается, что американская военная база должна быть выведена в течение полугода.
Фергана.ру

P.S. Бирок, аталган маалыматты Президенттин пресс-кызматы тастыктаган жок. Анда, "Время новостей" гезити жалганчыбы?




  Ашынган гуманизм жолунан….

ӨЛҮМГӨ - ӨЛҮМ!
Бу жарыкчылыкта кандай гана нерсе болбосун, кубулушпу, көрүнүшпү, окуябы чеги болот. Жаратылыштын өзү кандай гана кубулушу, катаклизмдери болбосун чегин коет. Айталы, жаан жааса, кар жааса чек жок жаай бербейт, бир убакта токтойт, суу каптаса, жер титиресе да токтойт бир убагында. Мунун сыңары адам турмушундагы көрүнүштөрдүн, сезимдеринин чеги болот. Боорукер болсоң да, ташбоор болсоң да, жаман болсоң да, жакшы болсоң да белгилүү бир чекке чейин.


Буларды айтканым, кээде биз - адамдар чек коюлчу нерсени зордукка салып чегин жойгонго аракет кылабыз. Мисалыбы? Мисалы, гуманизм деген сезимибиздин чектен ашып кеткендигинен улам адам өлтүрүп, атууга кетчү немелердин баары түбөлүккө кесилип, ак шейшепке жатып, мончого бизден көбүрөөк түшүп, тамакты убагы менен жеп жыргап жатпайбы. Жыргалы ошол - ал тирүү… Ушул деген гуманизмби?! Эми угуп тургула, бир-эки мисал тартайын.
Мындан беш-алты жыл мурун Караколдо бүтүндөй элдин жүрөгүн титиреткен окуя болгон. Убагында бу жөнүндө жаздым эле. Эки айбан эки наристе кызды орус мүрзөсүнө сүйрөп барып, улуусун зордуктап өлтүрүп, кичүүсүн шыйрактан алып эстелик ташка чаап өлтүрүшкөн! Ал эки айбан атууга кесилген. Кийин өлүм жазасына мораторий жарыяланды, анан өлүм жазасы биротоло алынып салынды. Тиги эки наадан акдил адамдар менен бир дүйнөдө жашап жатат. Эки кыздын эне-атасынын көргөн күнү курусун! Өмүр бою өксүгү менен жашайт эмеспи! Эми ушул гуманизмби?! Бул деген ошондой гуманизмди тапкан адамдардын айбандыгы, наадандыгы!
Бишкекте дагы эки наадан акчасын тономой болуп энеси менен кызын өлтүрүп, түбөлүккө кесилишти. Дагы эки айбан энеси менен кичинекей уулун өлтүрүштү. Өлтүргөндөр жашап жатат! Гуманизмби ушул?! Ошол гуманизм дегенди улуу тутуп, өлүм жазасын алып салган адамдардын бүлөсүнөн өлтүрүлсө, гуманизм деп былжыраганын көрөр элем!
Билээрсиңер, орустардын НТВ каналында Вахтанг Микеладзе дегендин "Пожизненно приговоренные" деген автордук программасы бар. Жалаң киши өлтүрүп түбөлүккө кесилгендер жөнүндө баян кылат. Ошол айбандарга сөзүн айттырат. Киши өлтүргөнүнө маашырланып турганы да бар, аныма эч өкүнбөйм, кармалбасам дагы да өлтүрмөкмүн дегени бар, калп эле "аттиң" дегендери бар… Көргөн адам булар жашоого эч акысы жок деп кескин айтууга акылуу, айтып да жатышса керек бири калбай.
Ошол көрсөтүүдө кызы зордукталып өлтүрүлгөн бир аялдын сөзүн уктум: "Ооба, кызымды өлтүргөн неме түбөлүккө кесилди. Түбөлүккө ал кесилген жок, мына мен кесилдим. Анткени ал айбандын тирүү жашап жатканын ойлойм, элдин эсебинен тамактанып, кийим кийип жашап жатканын ойлойм. Эгерде ошону атып салса менин демим суумак. Эми болсо мен ал айбан менен бирге түбөлүккө кесилдим" деп боздойт, байкуш аял. Кандай гана аянычтуу арман, күйүп, өрттөнүп кете турган абал!
Гуманизм деп кан ичкич наадандарды эмнеге тирүү калтырып жатат, бу "гуманизм" деген балээнин турпатын билейинчи деп Энциклопедия барактайм. Анда минтип жазылат экен: "ГУМАНИЗМ (латынча - адамкерчилик) - тарыхый жактан өзгөрүп турган көз караштардын системасы. Бул көз караштар боюнча, адам - жеке адам катары кымбат, анын эркиндикке, бакты-таалайга, өз жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүүгө акысы бар; социалдык институттардын баасы адамдын жыргалчылыгы менен өлчөнүүгө, ал эми теңчилик, адилеттик, адамкерчилик кишилер арасындагы кадыресе мамиле болууга тийиш. Алгачкы гуманизм идеясы элдердин эзүүчүлөргө каршы күрөшүндө стихиялуу түрдө келип чыккан…". Ушундай айтылат экен. Ушул айтылгандарды тиягынан бир талдайм, биягынан экинчи ирет талдайм… адам өлтүргөн мыкаачы айбандар ак дил адамдар менен кошо жашай берсин деген тыянакты табалбадым. Эми бул ачуу келгендеги сөз. А чынында киши өлтүргөндү өлүмгө кыйбоо - адамкерчилигибиздин аша кеткен жери тура! Андай адамкерчиликтин барынан жогу! Кээде мисалга тартабыз го, Махатма Ганди: "Кечире билүү - күчтүүлөрдүн сапаты. Алсыздар эч качан кечире албайт" деген тура. Адам өлтүргөндөрдү алсыз болуп эле кечирбейт элем…
Бу жерде мен кыргызды адам өлтүрүүгө үндөп жаткан жокмун. Тээ атам замандан келаткан "Өлүмгө - өлүм" дегендин тууралыгын айтып жатам. Ушул өтө катуу, катаал принциптин сакталбаганынан улам, жанагы адам өлтүрүүгө бара жаткан жексур, "кармалып калсам, баары бир өлүм жазасы жок, эмнеден корком" деген ойдо болубатпайбы. Эгер өлүм жазасы болгондо далай баш кесерлерди токтотмок. Бул жөн эле айтылган сөз эмес, адамдардын жашоого болгон жанталашуусунун чеги жок экендигин турмуш небак тастыктап салган. Өмүргө болгон жанталашуу адам өлтүргөндөрдө эки эсе күчтүү.
Бүгүнкү күндө Америка, Кытай, Иран сыяктуу 37 өлкөдө өлүм жазасы бар. Эмне, Улуу державалар - Америка менен Кытайда гуманизм деген жок бекен? Алар баштаган 37 өлкө ташбоор өлкөлөр бекен?!
Ойлон кыргызым, катуу ойлон, ойронуң чыкканча - ойлон!
Баратбай АРАКЕЕВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan