Корооз кыйкырбаса деле таң атат

Эмил Каптагаев, "Улуу биримдик" улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери:
"Мамлекет эч качан начар башкаруучу болбойт, мамлекетти башкарган адам начар болушу мүмкүн"
- Сурообуздун учугун "Бириккен элдик кыймылдын" жакында болуп өткөн жыйыны жана мындан аркы кадамдары туурасында баштасак…
- Ал жыйында уюштуруу, өлкөдөгү абал жана БЭКтин мындан аркы иш аракети жөнүндө сөз болду. Былтыр жыл бою оппозиция бириге албайт, лидерлеринин амбициялары чоң, булар ич ара талашып-тартышып, жүрө берет, булар бийликке эч кандай коркунуч келтире албайт деп айтып келишти. Мына ушундай жоромолдогондордун тилегин таш каптырып, жыл аягында оппозициялык күчтөр бир уюмга бирикти. Башкаруу уюмунун, саясий бюросун Улуттук кеңешин аныктап, алдына үч максат койду.
Биринчиден, Бакиевдин жөндөмсүз, алысты көралбаган кыянаттык саясатынын негизинде өлкө кризиске батканы үчүн, элдин турмушу оорлоп кеткендигине жана Президент болгондо элге берген убадаларынын аткарылбагандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү.
Экинчиден, 17 жылдан келе жаткан үй бүлөлүк башкаруу системасын жок кылуу. Мындан ары эл алдында жоопкер, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн бийлик системасын түзүү.
Үчүнчүдөн, бийликти азыркылар мамлекетти өнүктүрүү, өстүрүү үчүн колдонбостон, баюу, колдо болгон байлыктарды сатуу үчүн колдонуп калганын баары билип бүттү. Маселен, өлкөдөгү стратегиялык деп эсептелген объектилер, т.а. өлкөнүн ички, сырткы саясатына таасир бере турган энергетиканы сатуу маселеси босогодо турат. Мындан сырткары улуттук коопсуздукка түздөн-түз тиешеси бар "Аба жолдору", "Телеком" сыяктуу ири ишканаларды да жеке менчикке бергени турушат. Мына ушуларды токтотуп калуу орчундуу маселе болуп турат. Ушул үч маселенин негизинде оппозициялык күчтөр биригип, эл үчүн, келечек үчүн, жигиттер канжыгага баштарын байлашууда. Ушундай учурда баш көтөргөн азаматтардын бар экенине эл ыраазы болуп, алардын бир муштумга бириккенин колдоп жатышат.
Ушуга байланыштуу булар 2-тезисти ойлоп чыгышып: "Оппозиция бириккен түр көрсөткөнү менен дээринде кызмат үчүн эле жүрөт, эл үчүн туруп бере алышпайт" деген сөз таратып жатышат. Бул дагы бийликтегилердин куйтулук, арамзалык кылып жаткандагысы. Анткени, БЭКти колдогон эл күндөн күнгө көбөйүп баратат. Тескерисинче, өздөрүнүн "күнү" бүтүп баратканын көрүп, жанталашып, бийликти сактап калуунун амалын кылышууда.
Иши кылып БЭКке болгон элдин ишенимин азайтуу максатын көздөшүүдө. Ушундай тезистердин тегерегинде бийлик жер-жерлерде өздөрүнүн үгүт-насаат иштерин жүргүзүшүүдө. Бирок, элдин 80 пайызы өзүнөн өзү эле бүгүнкү бийликке оппозиция болуп калган. Эл гана эмес, министр, аким, губернаторлор өздөрү ишенбейт. Айла жок кызматта тургандыктан унчукпай оокатын өткөрүшүүдө. Мындай күн карама эки жүздүү саясаттын келечеги барбы? Бул система бүгүн болбосо эртең урап түшөрү толук мүмкүн. Ушундан улам Бириккен элдик кыймылы жакынкы аралыкта өлкөдөгү абалды так, даана маалыматтар аркылуу элге жеткирүүнү максат кылышууда. Ачык айтканда бул багытта иштөөгө абдан оор. Башка жол жок.
- Башкасын айтпаганда дагы "Түндүкэлектро" "ТЭЦтин" сатылып кетишине саналуу күндөр калды десек болот. Муну токтотуп калуунун айласы барбы?
- Чынында жең ичинен сүйлөшүүлөр жүрүп, элге толук маалымат берилбей жатат. Муну алар мамлекеттин турмушунда же экономикалык чөйрөдө кадимки эле көрүнүш катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Чындап келгенде бул бүтүндөй бир мамлекеттин тагдырын чечип койчу стратегиялык өтө маанилүү тармак. ТЭЦ менен ГЭСтер бири менен бири байланыштуу система. ГЭСтер табигаттын кубулуштарына байланыштуу иштесе, ТЭЦ жылдын кайсы мезгили болбосун бирдей иштегенге мүмкүнчүлүгү бар. Кыш айында Токтогул ГЭСиндеги сууну азыраак сарптап, ТЭЦти иштетүүчү механизмдер киргизилген. ТЭЦ кышында энергия эле өндүрбөстөн, Бишкектеги жылуулук системаларын да камсыздап, эки иш аткарат. Тилекке каршы, учурда ар кимиси ар жагына тарткылап, бирөө электр энергиясын, экинчиси сууну "сатып" отуруп энергосистема кризистик абалга келди. Бул кризистен качан, кантип чыгарыбызды так айткан киши жок. Бардык жүк келип эле элге жүктөлүп жатат. Учурда өлкөбүздө 10, 15 сааттан свет өчүүдө. Кыскасы, "Түндүкэлектро" менен "ТЭЦти" бөлүп сатуу, мүчөлөп салуу деген сөз. Муну эл азыр сезбей жатат. Президент аны менчикке берүү жөнүндө; "Мамлекет начар башкаруучу экен" деп улам, улам кайталоодо. Мамлекет деген эч качан начар башкаруучу болбойт, мамлекетти башкарган адам начар болушу мүмүкүн. Мисалы, азыр батышта чоң-чоң компания, банктарды кризистен улам жеке адамдар башкара албай калгандыктан мамлекет кайра өзүнө алып иштетүүдө. Бизде болсо даяр, иштеп жаткан компанияны кризиске батырып, анан саталы дегени түшүнүксүз. "Түндүкэлектрону" сата турган болсок сатып алган бир эле адамга баарыбыз күнкор болуп калабыз. Ал кааласа жарыкты берет, каалабаса бербейт. Баасын көтөрөбү же андан ары асмандатабы өзү гана чечет. Мындай жагдайда үй бүлөлүк бийликтин барымтасы андан ары күчөйт. Андыктан, энергетикалык система бир жерден гана башкарылышы керек. Бул бир бүтүн нерсе. Бул жерде эл өз сөзүн айтьшы зарыл. "Сатылбасын, энергетика элдин менчиги!" деп баары көтөрүлүшү керек.
- Оппозиция лидерлерине карата кылмыш ишин козгоо өнөкөтү күч алды. Дегеним, кылмыш иши сизге да козголду окшойт. Ушул туурасында не дейсиз?
- Менин пикиримде бул кандай жол менен болсо да, бийликти сактап калалы деген үй бүлөнүн карөзгөйлүгү. Саясий күрөштө айтылган, айтылбаган эрежелер, демократиялык принциптер бар. Жарандык эркиндиктер Конституцияда камтылган. Эл аралык келишимдердин бардыгына Кыргызстан кол койгон. Бирок, бийлик өзүнүн өзүмбилемдиги менен ар нерсени ойлоп таап иш козгошууда. Мисалы, менин үстүмдөн козголгон ишке эч кандай тиешем жок. Атургай "Агым" гезитинен да "Каптагаев периштедей тазабы?" деген макала жазышты. Бул коркутуу. Булардын максаты кысым жасоо аркылуу, саясий ишмерликтен четтетүү, алсыратуу аракети болуп жатат. Кааласа отургузуп деле коюшат. Бирок, элдин баарын эле түрмөгө тыга албайт да. Эл каргап турган бийликти алар камап, коркутуп сактап кала албайт.

Маектешкен Зулпукаар Сапанов




  Тектир, тектир, те ктир саз…

Өмүрбек Субаналиев
Кайран гана комиссар Каттани! Бириккен Фронттун штаб-жетекчиси болуп турганында Курманбек Салиевичтин жүргүзгөн иштерине нааразы болуп, бир гезитке "Дүйнөгө шылдың болуп бүттүк" деп эл-журт үчүн күйүп, "Биз кезексиз Президенттик шайлоо өткөрөбүз, биз адекваттуу өлкө башчысына муктажбыз" деп каңырыгы түтөп, көңүлдөгү ой-пикирин төгүп чыкты эле. Азыр андагы Каттани каякта? Нарындын губернатору болуп, бийликтин колтугуна кирип, бир кездеги "Бакиев саясий оюндардан чыгалбай койду" деген принцибинен кайтып, Президенттин жүргүзгөн саясатын колдон келишинче колдоп аткан учуру.
Албетте, нарындыктар үчүн жакшы иштерди кылып атканыңызды угуп жүрөбүз. Коррупция менен катуу күрөшүп жатасыз. Ал тургай куттуу жердин чөбүн силерге тебелетпейм кыязында крим авторитеттерди өз аймагыңыздан кууп чыккан эрдигиңиз бар. Ошентсе да, бийлик аке сизди кичине мокотуп койгондой, тизгиниңизди тартып койгондой… Өлкө башчыбыздын кетирип аткан кемчиликтерин көрүп турсаңыз да көрмөксөнсүз, билип турсаңыз да билмексенсиз. Же чыны менен эле "Көзүм көрбөсүн, көчүгүмдү бөрү жесин" деген принциби менен жашап калгансызбы?… Же сиз креслого жетиш үчүн эле чырылдап жүрдүңүз беле? Же болгон дараметиңиз ушулбу?

Турсунбек Акун
Адам укугу деп чыйылдап жүрүп КРнын Акыйкатчысы болуп тындыңыз. Акыйкатчы аталганыңыз менен акыйкатсыз сүйлөп, акыйкатсыз иш жүргүзүп жатканыңыз өзүңүзгө туюлабы?
Илгери, кайсы бир жерде чуу чыкса эң биринчи сиз жетип бараар элеңиз. Азыр анын бири жок. Кызматтык машинеңизден түшпөй чалкалайсыз. "Бакиев келгени багым ачылды, кызматка отурдум. Мен эми кесирленбешим керек" - деп өзүңүз тамаша-чынга аралаштырып айтканыңыздай, акыйкатчылыктан да бийликти бийик көрүп кеттиңиз. Адам укугун мындай коюп Садыркуловдун саясий камчысы болуп, ыңгайсыздардан өч алуучу куралы болдуңуз.
Ошол эле Адахан Кимсанбаевичти "эл семирбей эле ушу семирди" - деп гезиттерге чейин жар салып, Данияр Үсөновду болсо" кетирдим, эми Адаханды кетирсем эле…" - деп билек түрүнүп жүрүп ал максатыңызга да жеттиңиз эле. Келме кезек дегендей, бүгүн минтип эки "досуңуздун" багы кайра жанып отурган кез. Энди кантер экенсиз? Көнүп калбадыңызбы, балким аларга жакшылылап ийилип-ийилип, жиберсеңиз, бул ириет да кыядан аман өтүп кетээрсиз?

Султан Раев
Султан Палван маданият тармагында "палвандык" кылалбай жатат. Качан болсо үңүрөйүп жер тиктейт. Кыргыздар жер карап сүйлөгөн кишиден түңүл дечү беле? Түңүлүп эле калдык. Кылым карыткан маданиятыбыз өнүкпөй эле өлүп бараткандай… Палван министр болгону бир алгылыктуу иш аткара элек. Үркүндүн 90 жылдыгына карата үлкөн эстелик тургуздурам деген, анысынан да дайын жок. Жалаң гана өзүнүн чыгармачылыгына кам көрүп, чет өлкөлөрдү кыдырып, сайрандап жүрөт дейт сизди жакындан билгендер. Министрлик болсо коррупциянын сазына тыгылайын деп калды. Бул сиздин боштугуңуздан, кенебестигиңизден кабар берет. Өзүңүз аз келгенсип орун басарларыңыз дагы орунсуз немелер экен. Өткөн жылы бир орун басарыңыз КТРге түз эфирге келди. Журналист "Манасчылардын абалы кантип атат? Манасчы Шаабай Азизовдон кабар алып турасыңарбы?" деп сураса, тиги оозу-мурду кыйшайбай туруп "Шаабай Азизов жакшы. Бир ай мурун жеке өзүм кабар алып келдим" деп коет. Ошо жерден күйбөгөн жерим күл болду. Ал кишинин раматылык болгонуна бир топ жыл болбодубу. Биздин маданиятыбыздын башында тургандардын деңгээли ушу болсо, анда сөз жок.
Жүгөнүңүз да, чылбырыңыз да шалбырап жерде калды. Башкасын айтпайлы, кыргызды эларалык деңгээлде тааныткан Опера театрынын, драм театрлардын бүгүнкү жашоосу тимеле мышык ыйлачудай… А сиз болсо көккө башыңызды тиреп көкөлөйсүз. Же болбосо "Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" кылым карыткан кыргыз маданиятын эгемендик жылдарында өз колуңуз менен "өлтүрүп", тарыхта калгыңыз барбы?

Нурайым Асанкалиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan