Өзүм билем заманында

"Ак шумкарды" капаска камады...
"Акшумкар" саясий партиясы, партияны кайра каттоо максатында Адилет министрлигине расмий кайрылып, баардык тиешелүү докменттерди тапшырган. Тилекке каршы Адилет министрлиги мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө маселени чечпестен, ишти кечеңдеттирип келет. Жогоруда аталган министрлик партияны каттабай жаткандыгынын себебин өздөрүнүн кабыл алган "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо туурасындагы" ЖОБОсуна шылтоодо. Бул ЖОБОго ылайык, партия өзүнүн мүчөлөрүнүн фамилиялары, аты-жөнү жана жашаган дареги тууралуу так тизмени көрсөтүшү керек экен.
"Ак шумкар" саясий партиясы жогорудагы ЖОБОнун 61.2-пунктунун 2- абзацы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына төмөнкү негиздер боюнча карама каршы келет деп эсептейт:
Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынын 14-беренесинин 4-абзацында "Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адам жөнүндө анын макулдугусуз жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт деп белгиленген. Андыктан бир дагы мыйзам, анын ичинде "Саясий партиялар" туурасындагы мыйзам менен "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо" мыйзамында дагы саясий партиялардын кайра катталуу учурунда, партиянын мүчөлөрү туурасында жеке маалыматтык тизме тапшырылсын деген норма каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесине ылайык - жеке маалыматтар мыйзамда белгиленген учурдан башка жашырын маалымат болуп саналат. Жеке маалыматтардын купуялуулук (жашырындык) режими төмөнкү учурларда алынат:
- жеке маалыматтар ээсиздендирилгенде;
- жеке маалымат субъектинин каалоосу боюнча.
Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалыматтар" жөнүндөгү мыйзамына ылайык жеке маалыматтар ушул Мыйзамда каралган тартипте алынып, иштелип чыгышы керек.
Жеке маалыматтар так жана алдын ала аныкталган жарыяланган жанамыйзамдуу максаттарга чогултулушу керек. Бирок, тилеке каршы Адилет министрлиги жалпы коомчулукту да, саясий партияларды да, партиянын мүчөлөрүнүн тизмеси эмне максат менен талап кылынгандыгы жана кайсы мөөнөткө пайдаланылаары туурасында ачык жана так билдирген эмес.
Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөгү" мыйзамынын 8-беренесине ылайык "Рассалык же этностук теги, улуттук таандыгы, саясий, көз караштарын ачыкка чыгаруу максатында гана тийиштүү жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат. Ушул статьянын 1-бөлүгү төмөнкү учурларда колдонулбайт:
а) эгерде жеке маалымат субъекти ошол маалыматтарды жарыялоого жана аны менен иштөөгө макулдугун берсе;
б) эгерде жеке маалымат менен иштөө субъекттин, башка адамдын же тийиштүү адамдар тобунун ден соолугун жана коопсуздугун коргоо үчүн зарыл болсо.
Өздөрүнүн ой пикирлерин ачык айкын билдирген, учурдагы бийликтин кемчиликтерин тайманбастан баса белгилеген инсандарга каршы жалган фактылар ойлоп табылып, кылмыш иштери козголууда. Бийлик менен пикири келишпеген адамдар белгисиз болуп жоголуп кетүүдө, чындыкты айткан журналисттер сурактарга алынууда, мына ушуларга окшогон, адамдарды коркутуу фактылары күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө сөз, ой пикир эркиндиги жок. Кыргызстан, бийлик менен ой пикири келишпеген адамдарды куугунтуктаган каардуу полициялык мамлекетке айланууда. Ушундай кырдаалда партиянын мүчөлөрү туурасындагы жеке маалыматтарды эч кимге, өзгөчө бийлик өкүлдөрүнө ишенип берүүгө мүмкүн эмес, себеби эртеңки күнү ал маалыматтар, ошол партия мүчөлөрүнүн өздөрүнө каршы кысымдык жана куугунтук көрсөтүү үчүн колдонулбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Мамлекеттин өнүгүшү тууралуу "Ак шумкар" партиясынын жана анын жетекчиси Т.Сариевдин, учурдагы бийликтикинен айрымаланган көз карашы бар экендиги баардыгына белгилүү. Адилет министрлиги, министр чыгарган ЖОБОну, Кыргыз Республикасынын Башмыйзамынан да жогору коюп, негизги мыйзамдарды одоно бузуп жаткандыгы ачык-айкын эле көрүнөп турат. "Акшумкар" партиясын кайра каттоодон баш тартуунун өзү, бийликтегилердин саясий кызыкчылыгы бар экендигинин белгиси. Бүгүнкү күндө бийликтегилер эки жүздүү стандарттарды колдонуу тажырыйбасына жакшы көнүп алышты. Буга "Акшумкар" партиясынын кайра катталбай жатышы күбө. "Ак Жол" партиясы түзүлүп жатканда өзүнүн съездин өткөргөн, ага катышкан делегаттардын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик кызматкерлер, алар жумуш учуру экендигине карабастан мыйзамды бузуп, партиянын жыйынын өткөрүшкөн. Ал эми Адилет министрлиги ушуга окшогон бир топ мыйзам бузууларды тиешелүү деңгээлде текшербестен туруп эле, бир күндүн ичинде "Ак-Жолду" партия катары каттоодон өткөргөн. Ошол эле учурда мыйзамдын чегинде баардык тиешелүү документтерин тапшырган "Акшумкар" партиясы бир нече айдан бери кайра катталуу укугунан ажыйрайт?
Партиянын саясий кеңеши

19.01.2009 жыл.




  Ау-уу, Нариман Түлеев!

Жаңы жылды жарыксыз тоскон "Калыс Ордодогулар" "аким жоготту"
Кайда туулуп, кай жерде жашап, кайсы жерде өлөөрүңдү ким билет. Жашоонун агымы бирде жай акса, бирде буркан-шаркан түшүп, алыңа жараша ошол агым менен аралашып кете бересиң. "Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол" деген ушул заманда алдуусу алсызына үстөмдүгүн көрсөтүп, оокат кылганы эптеп жан багып, ага да алы келбегени жашоодон таптакыр үмүттөрүн үзүп, көчө адамына айланып кеткендер канча... Ошентсе да, айыл жеринен шаарга бакыт издеп келип, эптеп үйлүү болуп алсам деп, жебей-ичпей тыйынын чогултуп, шаар четиндеги жаңы конуштардан жер тилкесин кестирип алып, үңкүр да болсо үйүм болсун деп жашап жаткандар да бар. Жаңы конуш демекчи, (өкмөттүн өгөй балдары деп койсок жарашчудай) мындай конуштар Бишкектин четинде жүздөп саналат. Алардын кээ бирлерине гана мамлекет тарабынан көңүл бурулбаса, калгандары дээрлик көңүл сыртында. Шайлоо учурунда гана барышканы болбосо, абалды сураган адам жок. Же эмне, президент баш болгон өкмөт акелер "Өзүң кылган иш, өз башыңа муш" дегенчилик мамиле кылып, кандай жашасаңар ошондой жашагыла дегениби? Ошондой конуштардын бири "Калыс-Ордо" жаңы конушу. Бул конуш Кыргызстандын 7 дубан элинен биригип, бир айыл болгонуна 6 жылдын жүзү болду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул конуш бир топ эле кыйынчылыктарды баштан кечирип келишет. Суу менен жолду мындай кой, акыркы күндөрү жарык маселеси бул конуш үчүн бүтпөс темага айланды.
Мурунку жетекчибиз (айыл өкмөтү С.Бекешович) барында жашообуз кичине болсо да жакшыраак эле. Майда-чүйдө маселелерибизди акимге жеткирбей эле чечип берчү. Аракетчил, эл үчүн иштеген жетекчи болчу. Азыр болсо бизге көңүл бурган бир да жан жок. Анын бирден-бир себеби, жаңы жылдан бери светибиз жок отурабыз. Керек болсо жаңы жылды шам чырак менен тостук. Бирөө да келип абалыбызды сураган жок. Өзүбүздүн жаңы өкүмөтүбүзгө кайрылганыбызда барчу жерлерге барып, керек десе акимге чейин кирдик. Эми эмне кылалы деп кол куушурушат. Өзүңөр аракет кылып көргүлө дегенинен, ага да макул болуп, айыл аксакалдары чогулуп алып ОГУКС жетекчилерине чейин бардык. Анткени МЭРдин алдында олчойгон убадаларды берген ОГУКС жетекчилери чечип берээр деп үмүттөндүк. "Кудай буюрса, 1 айдын ичинде "десятканы" киргизип, бүтүндөй айылыңарды жарыкка бөлөйбүз" деп, кулакка көндүм болуп калган убадаларды илип, жолго салышты. Анан акимдин өзүнө кайрылууга аргасыз болдук. Биринчи май районунун акими Болот Бейшенкулов бул жөнүндө дегеле укпаганын айтат. Кимисине ишенүүгө болот. "Карга карганын көзүн чукубайт" деген ушубу? деп калдык. Ошентсе да "эртең элиңерди жыйнап тургула, барып маселелерди жеринде карайбыз" деген акимибиздин сөзүнө жүрөгүбүз жылып, жаш баладан бетер кудуңдап жолго түштүк. Эртең эле свет күйчүдөй болуп...
Аким келип эл менен жолугушаарын укканда, конуштун тургундары чоң кичине дебей 15-январь күнү саат 9дан баштап зарыгып күтө башташты. Кычыраган кыштын ызгаар суугунда, ооздорунда көк түтүн булоолоп, эки буттарын жерге улам-улам койгулашып, көздөрүнөн үмүттүн оту жалжылдаган эл. Элдин ошол абалын6 президент бир көрсө, атаң гөрү. Көптө күттүргөн убак келип, "аким келет" деген элдин тилеги таш каап, анын орун басары келгенде, ансыз да кыжыры кайнап турган эл бир толкуп алды. Антсе да элден айланса болот. Ары-бери тартышып жатып дале болсо эки күн күтүүгө аргасыз макул болушту. Эки күндүн ичинде светиңерди күйгүзүп беребиз деген өкмөт акелер "дагы бир жолу алдадык" деп кетиштиби, айтор дайын жок дайын жок.
Аксана Жолчуева
"Калыс Ордо" жаңы конушу,
Бишкек шаары




  Жогорку сот. Акыркы чечим.

Кыл учундагы тагдыр
Дүйшөмбү күнү Жогорку Сотто "чубактын кунундай чубалган" эки, үч жылдан бери бири-бүтсө, бири-бүтпөй келаткан Эркин Мамбеталиевдин кылмыш иши каралганы туру. Деги Эркин Мамбеталиев деген ким? Убагында Ички Иштер Министрлигинин спезназында колбашчы болуп кызмат өтөгөн. Мамлекеттик коргоо кызматында иштеп, тагыраак айтканда тунгуч президент Аскар Акаевдин жансакчысы вазыйпасын аткарып, падышанын жанында кызмат кылган. Соңку мезгилде Алмаз Атамбаев жетектеген "Автомаш" АКсынын Коопсуздук кызматынын башчысы кызматын аркалаган.
Өткөн жылдын май айында 1-май райондук соту Эркин Мамбеталиевди "2003-жылдын 12-ноябрында кылмыштуу топтун башчысы Таалай Абасовду өлтүрүүгө катышып, анын жубайы Аида Жыртакованы өлтүрүүгө аракет жасаган, анан 2004-жылдын 5-майында полковник Чыныбек Алиевди Бишкекте көзүн тазалаганга катыштыгы бар, үчүнчүсү 2005-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин канына забын болуп, анын жансакчысы Бегалы Айтмаматовдун өмүрүн кыюуга аракет кылган" деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарган.
Абакта жаткан Мамбеталиевдин аппеляциялык арызы Бишкек шаар сотунда каралып, жаңы чечим кабыл алынып, (эки эпизод боюнча Ж. Сурабалдиев менен Ч. Алиевдин өлүмү боюнча айып тагылып, райсоттун чечимин Бишкек шаардык соту) 25 жылга эркинен ажыратууга алмаштырган.
Эми минтип эркинен ажыратылган Эркин Мамбеталиевдин тагдыры 27-январь күнү Жогорку сотто чечилгени туру. Кантсе да Жогорку Сот Жогорку Сот. Эң акыркы инстанция. Акыркы чекит.




Кочкаров өлтүрүлдү
"АКИпресс" агенттигинин билдиргенине таянсак, ишембиден жекшембиге оогон түнү 02:20 саатта №8 коллонияда Кыргызстандагы карачайлар Ассоциациясынын төрагасы Исмаил Кочкаров өлтүрүлгөн.
И.Кочкаров "Кыргыздолбоор" ишканасынын ири суммадагы акциясына мыйзамсыз түрдө ээ болгон" деген айып боюнча жакында эле соту болуп, 9 жылга эркинен ажыраган. И.Кочкаров өз учурунда Рысбек Акматбаевдин жакын адамдарынын бир болгон. Болгондо да ал өзгөчө кайтарууда камалган жерден өлтүрүлгөн.
Мурдагы күнү бул боюнча Адилет Министри Н.Турсункулов "иштеги шалаакылыгы үчүн" Жаза аткаруу Башкы Башкармалыгынын башчысы Калыбек Назбеков менен анын биринчи орун басары Марат Сапаевди кызматтан айдады. Ошондой эле №8 түзөтүү коллониясынын начальниги Агит Алиев да жумушунан четтетилди.
Исмаил Кочкоров зонага жөнөтүлөөр алдында КР Акыйкатчысы Тусунбек Акун менен Бишкектеги СИЗО-1де жолугат. Ошондо И.Кочкаров эки күн мурун белгисиз бирөөлөрдөн кат алганын, ал катта "8-коллонияга кирээриң менен сени өлүм күтөт!" деп айтылганын айтып берет. Аталган коллонияга жибербөөсүн өтүнөт. Акыйкатчы ал жакка жибербөөгө сөзүн берет. Бирок, баары бир И.Кочкаров 8-коллонияга жөнөтүлөт. Турсунбек Акун ал жакка барса, Кочкаровдун өмүрү коркунучта экенин, №8-коллониянын начальнигине, Адилет министринин орун басары Сергей Зубовго, ал тургай министрдин өзү Нурлан Тусунбековго кабарлаганын айтат. Бирок, алар канчалык Кочкаровду "кайтарса" да, өлтүрүлдү, сегизинчи коллонияда 8 ирет бычак сайылып...

Алмаз Ташиев









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan