Президенту Кыргызской Республики Господину Бакиеву К.С.

Каким будет История вашей независимой и суверенной страны сегодня-зависит от вас
Уважаемый Курманбек Салиевич!

Мы, члены Наблюдательного совета Общественного фонда "Библиотека Первого президента Кыргызской Республики" от российской общественности, обращаемся к Вам, как к главе государства - гаранту Конституции Кыргызской Республики. К этому нас вынудила ситуация, сложившаяся вокруг Фонда. Вот уже в течение трех с половиной лет не прекращаются преследования его деятельности со стороны правоохранительных органов. Мы, изучив материалы экономического дела в виде решений Межрайонного суда г.Бишкек, Бишкекского городского суда, Верховного суда Кыргызской Республики, убедились в том, что, на наш взгляд, имеет место судебная ошибка. Принятые ими решеня необьективны и противоречат законам республики. Общеизвестно, что библиотека должна была стать национальным центром истории становления и развития кыргызской государственности, центром интеллектуального и духовного обогашения кыргызского народа. А сейчас этот уникальный проект на стадии уничтожения!
Мы обращаемся к Вам, Курманбек Салиевич, с просьбой помочь сохранить этот очаг культуры и истории, науки и оброзования. Это не частный проект, это проект национальный, государственный и исторический. Его ценность не требует доказательств. Для этого требуется лишь Ваша политическая воля и признание необходимости соединения Истории Кыргызстана в лицах и личностях. Помогите остановить необоснованное посягательство на имущество Общественного Фонда, прекратить неприкрытый передел собственности в пользу отдельных чиновников, поскольку нам достоверностью известны Ваши шаги направленные на пересечение рейдерства в сфере собственности.
Сохранение Библиотеки, продолжение работы по созданию историко-научного центра крайне необходимо. Каким будет История вашей независимой и суверенной страны сегодня-зависит от вас. Будут ли это справедливые страницы Истории или те, которые в последствии будут переписаны из-за несправедливости, тоже сегодня в Ваши власти. В этой Истории будет и Ваше имя - и как оно будет записано зависит от того , какой след Вы оставите в истории Кыргызстана. Но это непременно будет след по которому потомки будут судить о мудрости власти

Уважаемый Курманбек Салиевич!
Мы обращаемся к Вам за помощью в сохранения этого уникального комплекса который предназначен для блага кыргызского народа. Мы глубоко убеждены в том, что Библиотека должна работать и приумножать свою миссию по сбору, хранению и предоставлению общественности всех исторических материалов по обучению молодежи современным информационно-коммуникационным технологиям.
Общественный фонд сегодня имеет партнерские связи с государственными и общественными организациями России, Казакстана и других стран, собраны уникальные материалы, которые в настоящее время пребывают в плачевном состоянии, поскольку находятся в опечатанных работниками Генеральной прокуратуры республики кабинетах.
Мы надеемся, что Вы примете все меры для того, чтобы сохранить Библиотеку Первого президента как важный проект для всех, кому дорога страна - с её прошлым, настоящим и будущим, с её статусом суверенности, с её независимостью, где институт Президентства является символом государственной власти!!!

С уважением
Члены наблюдательного Совета общественного фонда "Библиотека Первого президента Кыргызской Республики":
Гладышев
Георгий Павлович -
Президент Международной академии творчества, академик, Герой труда, Москва
23.12.2008.

Фридман
Алексей Максимович -
академик РАН, зав.отделением Ин-та Астрономии РАН, зав.каф. МФТИ. Проф.МГУ им.М.В.Ломоносова, лауреат Госпремий СССР и РФ, премии "Триумф", Москва
22.12.2008.

Рудской
Андрей Иванович -
член корр. РАН, первый проректор Санк-Петербургского государственного политехнического университета, Санк-Петербург
29.12.08.

Михайлушкин
Александр Иванович -
академик РАН, профессор ИНЖЭКОН, Санк-Петербург
30.12.08.




  Этият бол бол, элет!

Айтбаев Съездбек- КММАнын факультеттик хирургия кафедрасынын ассистиенти, Медицина илимдеринин кандидаты, борборубуздагы №1 шаардык оорукананын хирургу:
"Өздүк гигиенага өзгөчө көңүл буруу керек"
- Съездбек Айылчиевич, учурда медицина тармагында өзгөчө көйгөй жаратып жаткан альвеококкоз оорусу жөнүндө маалымат бере кетсеңиз. Себеби, мындай илдет СССР тушунда дээрлик жокко эсе болсо, азыр өтө эле жайылып бараткандай?
- Альвеококкоз- бул эхинококкоз оруусунун бир түрү. Айырмачылыгы, эхиноккок адамдын денесинде ыйлаакча түрүндө өөрчүсө, альвеококкоз шишик болуп өрчүйт. Айта кетчү жагдай өзүңүз айткандай совет учурунда таптакыр кездешпеген бул оору 1996- жылдардан бери бирин- серин катталып келип, 2000- жылдан баштап сандар уламдан улам кескин өсүп жаткан убагы. Эң коркунучтуусу, мурун бул оорунун симптомдору боор менен өпкөдө гана кездеше турган болсо, азыр бул оору чалдыкпаган адамдын бир дагы органы жок. Буга чалдыккан боордун бери эле дегенде жарымын кесип салууга туура келет. Эгер андан чоң болсо, ачып кайра жаап коебуз, операция жасоого мүмкүн эмес. Мындай оорулар алгач Алайдан, Атбашыдан, Тоңдон, Кочкордон катталып келсе, учурда дээрлик бардык облусттардан, райондордон, айыл кыштактарынан катталууда. Бул албетте өтө кейиштүү көрүнүш.
- Бул дартты адам кантип жана кайдан жуктуруп алышы мүмкүн?
- Оорунун эки кожоюну болот. Туруктуу кожоюну жана алып жүрүүчү кожоюн. Негизги булагы болуп, жапайы чычкандар, суурлар жана башка ушул сыяктуу майда жандыктардан жугат. Буларды карышкырлар, чөөлөр, иттер жеп алгандан кийин, курт ичегилеринде өрчүп өсөт да, заң аркылуу сырткы чөйрөгө чыгат да, жерде, терисинде калат. Натыйжада адам баласы итти сылап- сыйпоо менен аталган оорунун жумурткаларын колуна жугузуп алат. Экинчи кожоюну деп коебуз, ортомчул, буга кой, уй, адамдар кирет, ошолор аркылуу альвеококкоздук киста пайда болот. Эгерде жогорудагы оору менен ооруган малды, иттерди сылап- сыйпагандан кийин колун самындап жуубай тамактанса, анын колундагы майда жумурткалар тамак менен кошо жутулушу толук мүмкүн. Андан соң ашказан ширесинин таасири менен жумурткачалардын чел кабыгы ээрип, андан алты илгичи бар личинка бошонуп чыгат. Ал ичегинин керегесине алты илгичинин жардамы менен тешип кирет да, кантамыр аркылуу боорго келип токтолот. Эгерде боордо кармалып калбаса, өпкөгө, мээге, жүрөккө жана башка органдарга өтүп, ал жерде кийинки личинкалык формасына айланат шишик түрүндө өөрчүй баштайт. Анан жөнөкөй эле нерселер, мал сойгондо кыргыздар өпкө, боорундагы майда ыйлакчасын көрүп туруп иттерге беришет. Бербеш керек.Өрттөп же болбосо терең казып көөмп салуу зарыл. Белгилей кетчү нерсе эл арасында, өзгөчө айыл жериндегилерге санитардык агартуу иштерин тынбай жүргүзүп, дарыгерлердин топтору түзүлүп алдын алуу чаралары уюштурулбаса, бул абдан коркунучтуу эпидемияга айланып кетет. Коркунучтуусу- операция жолу менен дагы, дарылоо жолу менен дагы таза айыктырууга мүмкүнчүлүк жоктугунда. Өтүшүп кеткен бул оору- рак оорусуна барабар.
- Адам альвеококкоз оорусу менен оруп калды дейли. Оорунун белгилери кандай болот?
- Алгач оору адамда анчалык деле тынчсыздандырып байкалбайт. Убакыттын өтүшү менен жана аталган илдет ыйлаакчасынын чоңдугуна жана анын денедеги жайгашкан жерине жараша болот. Эгер боордо топтолсо, боордун жабыркоосунун белгилери байкала баштайт. Ишке болгон жөндөмдүүлүгү басаңдап, алсыроо, баш оору жана тери безеткилеринин пайда болушу байкала баштайт. Илдеттин өпкөдө жайгашышы өпкө ткандарынын, тамырларынын, бронхаларынын кысылышына алып келет. Көкүрөктө туруктуу кургак жөтөл, кан түкүрүү, ооруксунуулар пайда болот. Эгерде жарылып кетсе, андагы суюктук бронхаларды толтуруп муунтуп, катуу жөтөлдү пайда кылат. Ыйлаакча, шишиктин өсүшү оорунун күчөшүнө алып келет жана аны операция жолу менен гана алып таштоого мажбур кылат.
- Медицина жаатында буга кандай алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат?
- Биздин № 1 хирургиялык бейтапкана менен мединституттун хирургиялык кафедрасы биргелешип альвеоккозго каршы республикалык борбор ачканбыз. Ал жерде жаңы илимий иштеп чыгууларды, диагноздорду так койуу, тез арада дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу менен алектенип келебиз. Биздин бул жетишкендиктерибизди коңшулаш республикаларда да кеңири пайдаланып жатышат. Эң башкы жетишкендик, азыр альвеоккоздун так диагнозун коюуну 100 пайыз ишке ашырып алдык. Бул бир жагы. Экинчиси, биз - хирургдар бул оорунун өзү менен гана күрөшүп калып жатпайбызбы? Алдын алыш керек болуп жатат, ал жалгыз биздин колдон келбейт. Буга көмөк көргөзө турган тармактар, айыл чарба министрлиги, ветеринардык кызматтар толугу менен саламаттык сактоо министрлиги, бийлик өкүлдөрү бүт киришпесе болбойт деген сунушту айткым келет. Болбосо токтотуу оор.
- Адис катары окурмандарга кеңешиңиз?
- Ушул аталган оорунун алдын алуу, түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүп жүргөн мезгилибизде айрыкча айыл жергесинде, (экономикалык кризистин эпкини менен өздөрүнүн курсагын араң тойгузуп жүргөн үй бүлөөлөр- С.А) 4-5тен короосуна ит кармагандарына күбө болдук. Ал иттерге эч качан өздөрү атайылап тамак жасап беришпеген соң, ооруну алып жүрүүчү суурларды атып, чычкандарды кармап келип тамактандырышат экен. Мунун аягы эмне менен аяктаарын жогоруда кеңири токтолуп өттүм. Ээси жок көчөдө каңгып жүргөн иттердин баарын жок кылып, үйдөгү иттерди дегелминтизация деп коет, атайын альминдазол аттуу күчтүү дары бар, ошону бергенде иттин ичегисиндеги курттарды өлтүрөт, ушул дарыны жылына 3-4 жолу берип туруу зарыл. Ал эми үй иттерин байлап, талаадан майда жандыктар менен тамактанышына жол бербеш керек. Мындан сырткары дагы бир маанилүү жагдай, эң башкысы өздүк гигиена эрежелерин сактап, балдар дагы бул эрежелерди так сактоого ата- энелердин көз салуусу абзел.

Маектешкен Гули Мамасалы кызы
konsul-li-kg@mail.ru










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan