Сөз...

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин элге кайрылуусу
"Урматтуу мекендештер!
Мен 2008-жылдын октябрь айында Кыргызстандын калкына кайрылганда, алдыбыздагы турган мезгил өлкөбүздүн тагдыры, Кыргызстандын келечеги үчүн зор жоопкерчиликти талап кыла тургандыгын белгилеп кеткен болчумун. Тез аранын ичинде, жакынкы айларда өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экендигине да өзгөчө басым жасаганмын.
Эл тагдыры үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн журт башчысы катары, кеп эмне жөнүндө болуп жаткандыгын түшүндүрө кетүү маанилүү деп эсептейм.
Бүгүн биз иштелип чыккан стратегиялык документтерди активдүү ишке ашыра баштоого тийишпиз. Дал ошондуктан, аларды жүзөгө ашыруунун негизги шарттарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу зарыл.
o Чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процесси түшүнүктүү жана ачык болууга тийиш. Бул багыттагы аракет кырдаалга даана баа берүүгө негизделиши керек.
o Чечимдер жарандардын катышуусу менен, создуктурулбастан, тез иштелип чыгып, учурдагы мамлекеттик башкаруу стандарттарына төп келиш керек. Аткаруу тартиби катуу контролдукка алынышы зарыл, ал камсыз кылынат. Ошондо гана мамлекет калкка сапаттуу кызмат көрсөтө алат. Ошондуктан, мамлекеттик башкаруу машинасын чындап реформалоо - өзгөчө маанилүү милдет.
o Өлкө өзүнүн региондору менен күчтүү. Жер-жерлерде көзгө көрүнөрлүк жетишкендиктерди камсыз кылуу керек. Бул жерде мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары эле эмес, саясий партиялар да өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө тийиш. Эгерде партия өзүнүн башкы милдети - элдин жыргалчылыгы үчүн камкордук көрүү экендигин жарыя кылса, анда ал ачык-айкын мисалдар менен жарандардын жашоо турмушун жакшыртуу үчүн эмне жасагандыгын көрсөтүшү керек. Ошондо гана шайлоочулар курулай чечендерге же кыйкырык салгандарга эмес, чындыгында иш жүргүзгөн, ошол иши боюнча туруктуу отчет берип тургандарга өз добуштарын беришет.
o Биз бардыгыбыз, саясатчылар, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, бир суроого так жооп берүүгө тийишпиз. Улут катары биз кимбиз? Биздин гуманитардык саясатыбыздын реалдуулугу дал ошого байланыштуу болот. Ансыз биз жалпы келечекти куруу үчүн бириге албайбыз, геосаясый таламдарыбызды жарыя кылып, кармап кала албайбыз.
Жакынкы жылдары биздин өлкөнүн башкы идеологиясы - улуттук таламдарды жүзөгө ашыруудагы акылга сыярлык тең салмактуулук идеологиясы болуп калат.
Инновациялар менен улуттук өз алдынчалуулукту сактоонун, рынок менен мамлекеттик жөнгө салууну айкалыштырып, демократия идеялары менен өлкө башкаруунун ортосундагы акылга сыярлык тең салмактуулукту камсыз кылуу зарыл.
Биздин турмушубуздагы маданий ар түрдүүлүк, жашоо ыңгайынын көп түрдүүлүгү, глобалдуу дүйнөдө биздин абалыбызды чыңдоо үчүн биздин байлыгыбыз жана резервибиз деп эсептейм.
Коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө баа берүү кандай критерийлер боюнча жүрүп жаткандыгын ар бир адам түшүнүшү үчүн улуттук таламдар эмне экендигин таасын аңдоо зарыл.
Мен Кыргыз Республикасынын улуттук таламдары деп төмөнкүлөр саналат деген ойдоймун:
o өлкөнүн аймактык бүтүндүгү;
o жарандарыбыздын экономикалык өз алдынчалуулугу жана татыктуу жашоо-турмушу;
o маданий өз алдынчалуулук;
o улуттун туруктуу өнүгүп жаткан интеллекти;
o дүйнөлүк жана жергиликтүү кырдаалга ылайык башкаруу системасы;
o дени сак жана билимдүү улут.
Булар биз улуттук маданий салттарды жана коомубуздун негизги дөөлөттөрүн сактоого умтулгандыгыбызды билдирет.
Биз элде чыныгы урматтоого ээ болгон адамдарга таянабыз. Ошону менен бирге биз коомдук турмуштун зарыл жана маанилүү чөйрөлөрүндө эң жаңы технологияларды киргизүүгө тийишпиз.
Экономика жана өндүрүш жаңыланууга тийиш. Эң башкысы, өлкөдө башкаруу системасынын жана жалпы бийлик системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.
Ошондуктан өлкөнү башкаруу системасы үчүн кадрларды даярдоого, демилгелерди, өзгөчө ишкерлердин сунуштарын колдоого айрыкча көңүл бөлүнөт.
Биз ар кандай саясый күчтөргө жана өлкөнүн интеллектуалдык ресурстарына кулак төшөп, чечимдерди даярдоо процессине аларды аралаштырууну улантабыз.
Алдыга коюлган максаттарга тез арада жана натыйжалуу жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы түзүлдү.
Сиздердин колдооңуздар менен, урматтуу мекендештер, өлкөдө зарыл болгон реалдуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү багыты толук жүзөгө ашырыла тургандыгына мен ишенем.
Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту менен бирдикте мен Катчылыкка - президенттик курсту конкреттештирүү боюнча сунушту бир ай ичинде кеңири талкуулап, андан кийин менин кароомо сунуш киргизүүнү жана аны жүзөгө ашыруу планын даярдоону тапшырдым.
Бул мөөнөттүн ичинде президенттин администрациясы ал багыттын жоболорун жүзөгө ашырууга контролдук кылуунун механизмдерин иштеп чыгууга тийиш. Сунуш кылынган багытты аткаруу үчүн жоопкерчиликти мен өзүмө алам.
Сөзүмдүн акырында бүгүн айрым саясый позициялар жана жеке пикирлер эмес, бардык таламдаш күчтөрдүн, жарандардын өлкөнү чындап алга илгерилетүүгө катышуусу мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Биздин Мекенибиз бир, жерибиз бир, жана конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка биз алардын кайсы партияга таандык экендигине жана саясый ниеттерине карабастан, кулак төшөөгө даярбыз".




  А, биз ишенбейбиз!

БЭК: "Президенттин кайрылуусу - үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык бийликти сактоо жандалбасасы"
"Президент К.Бакиев: "Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы болуп:
- Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү,
- Экономикалык өз алдынчалык,
- Улуттук интеллекти туруктуу өнүктүрүү,
- Күчтүү жана билимдүү улут деп баса белгиледи".
Ал эми өзү үй-бүлөсү менен жана үй-бүлөлүк Ак Жол парламенти, ал түзгөн Өкмөтү менен улуттун сыймыгы, атактуу Каркыраны, көл жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга өткөрүп берип, аймактык кол тийгизсиздикти бузуп, улутка чыккынчылык жасаганын эмне десе болот?
- Улуттук экомиканын өзөгүн түзгөн энергетика тармагын, кең байлыктарды, жана башка стратегиялык объектилерди чет өлкөлүк компанияларга сатып, кайсы экономикалык өз алдынчалыкты, көз карандысыздыкты айтат.
- Мектептер жылытылбай жарыктын жоктугунан окуучулар айлап билим албаса, жогорку окуу жайларын бүткөндөр жумушу жок базарларда, же чет өлкөлөрдө көчө шыпырып жүрүшсө, улуттун сыймыгы болгон жазуучу, илимпоз-окумуштуулар, маданият искусство өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөй, коргоого алынбаса, унутулса кайсы улуттук интеллект жөнүндө сөз кылды.
- Негизинен куч-кубаттуу, жаш билимдүү кыргыздар турмуш- тиричиликтин айынан жумуш издеп чет өлкөлөрдө тентип, ар кандай кемсинтүүгө чыдап, кыздарыбыз денесин сатып "оокат" кылып жүрүшкөнүн К.Бакиев билбейби?
- Улуттун кызыкчылыгын Бакиев Максим, И. Чудинов, О. Малеванная, Ширшовдорго окшогондор чечип жатса, же К.Бакиев өзү башкарам деген, башка улуттардын өкүлдөрүнөн, же чет өлкөлүк политолог-аналитиктерден түзүлгөн президенттин катчылыгы, стратегиялык изилдөө институту улуттун тагдырына кызыктарбы, буга ким ишенет?
- Президент "ар түрдүү интелектуалдык ресурстардын ой пикирлерин угамын дегени менен" 2005-жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр биригип конституциялык реформаны тезинен жүргүзүүнү Президентке сунуш кылышып, аргасы кеткенде Ала-Тоо аянтына чыгып (2006-ж. ноябрь) компромисттик Конституцияны кабыл алдырууга жетишкенин, бирок бир айда бет аны кайра ондотконун, саясий күчтөрдүн кайра басымы менен дагы жумуш тобу түзүлүп бирок, Констициялык Соттун жардамы менен азыркы жеке бийлигин камтыган легитимсиз Конституцияны жана "Ак Жол" парламенттин түзүп алган Бакиевдин ар түрдүү саясий күчтөр менен иштешерине ким ишенет?
- Муну айткандан көрө Президент К.Бакиев саясий партиялардын лидерлери И.Исаков, Э Булекбаев, О. Текебаев, Э.Каптагаев, саясатчылар А.Жекшенкулов, И. Кадырбековдордун үстүнөн саясий мотив менен козголгон кылмыш иштерди токтотсо болмок…
Элди бир, мүмкүн бир нече жолу алдоо мүмкүн, ал эми ар дайым алдоо мүмкүн эмес. Биздин алданууга укугубуз жок.
Бүгүн көпчүлүк президентке ишенбейт."









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan