Бардык облусттун оппозиционерлери, бириккиле!

СЕН СЕЛЕЙИП КАЛ, "БИЗИ" КАНА?!
Өлкөбүздүн бүгүнкү күндөгү саясий абалы анчалык деле стабилдүү эмес, кандайдыр бир жагымсыз окуя болуп кетчүдөй кылтылдак кырдаал түзүлүп турат.
Дегеним, бийлик оппозиция тарапты, карапайым эл тарапты "киши катары көрбөй" мамиле кылып жаткансыйт. Менин жеке оюмча, мындай кырдаалга көңүл оппозициянын өзү, элдин өзү. Анткени, бийликтин "каалаганымды кыламына" тике карап акаарат айтуунун ордуна башын жерге салып, эң эле кыйын болгондо "турсам - өлөсүң" дегенден башкага жарабай жатпайбы. Бирок, бир күн бийликтин зордугу такыр эле жанына батканда, ким билет...
Бу жөнүндө айтып келатам: кийинки убактарда оппозиция лагеринде биримдик кеткенден кетип баратат. Алардын аракети эле ошол болуп калды - эч нерсеге жарабаган карандай кайрылуулар, жаңы аттагы бирикмелерди түзүп жиберүү менен чектелип, иш жүзүндө эч нерсе жасай албай жатышат, жасагысы келет, каалоосу бар, бирок колунан келбей жатат, теориясын практикага айландыруунун оптималдуу жолун табалбай, тиги туңгуюкка бир кептелип, бу туңгуюкка бир кептелип жаткансыйт. Анткени, булардын биримдиги жок, ич ара интригалар тынымсыз жүрүп жатат, анан кыргызга мүнөздүү "мен" дегени ынтымактуу жүргүзчү, чогуу-чаран аткарчу иштердин жолун бууп , "биз" дегенин жайлап жатат окшоду.
Бийликтин бүгүнкү сүрөтүнүн жүзү курсун. Башкасына да мейли эле, баарынан да ыйык деп саналган, улуу деп саналган Конституциябызды камгактай кылып жатпайбы. Мына ошол Конституцияда ким да болбосун эркиндеги, дилиндеги сөздү айта алат деп турат, пикирин билдире алат деп турат. А бийлиги болсо бүтүндөй журтту дудук кылып салганга аракет кылып жатат. Анысы аракет боюнча калбастан, жыйынтыгын берип да жатат.
Бакиевдин кийинки жүрүштөрү - бийлигине кызмат кылгандарды чакчалекей чыгарганы - бийлигин бекемдегени, өзүнө чексиз берилгендерди, топтоп жаткандыгы - менин бийлигим чексиз уланат дегенден кабар берип жаткандай. Бул шартта оппозиция чечкиндүү чараларга барбаса, албетте, закондун чегинде, анда накта диктатура орношу бар.
Бийлик билгенин кылып жаткандыгынын сипсибежий мисалы: "Ата Мекен" партиясынын Талас жергесиндеги окуяларын айтсак болот. Кара -Буура райакими Сарпек Эшалиевди оппозиция тарап тоскоол кылды, чагым уюштурду деп жаман көрүп жатпайбы. А шордууда не күнөө, "патрондору" айтканын аткарат да, аткарбаска чарасы жок. Кылт этсе кызматынан шыпырып таштайт, анан май талкан ордунан айрылмакпы, жанын берип же беримиш болуп, мен кыйратам деп же жакшы кыйрата албай далбас урганы ошондон. Акимдердин баарынын кылары эле ошол, анткени аларды ошондой жагдайга такап салган, алар айласы жок жагдайда такалып турушат, айласыз такалып турушат. Эмне, баары эле Бакиевди сүйүп турат дейсиңерби. Алардын кээ бири жигиттигин унутпай, айла жоктон аракет кылса... Эми бу узун, узу-ун сөз.
Жеке мен көп эле жазып жүрөм, мен сыяктуу жазгандар бир топ эле бар - оппозиция тараптын бир муштум болуп бириге албай жатышын. Бийликке оппозициянын ушундай абалы керек.
Азыркы оппозиция лидерлеринин арасында келечектеги Кулов, Атамбаев, Эшимканов, Карабеков сыяктуу бийликке оңой эле сатылып кетчү ойт бермелер толтура. Жүзү курсун!
Ушул тапта бийлик оппозициянын бар-жогуна деле реакция кылбай калды көрүнөт. Дагы айтам, аларга каалаганын жасаганы да ошондон эмеспи. Мурун оппозиция лидерленин милийсалар сыйлаган өңдөнүп, аларга жасаган мамилелеринде этиканын чети чыгып турчу эле, эми кайсы милийса болбосун ошол лидерлерди ыргыта түртүүдөн кайра тартпайт турат, же жаман сөзүн оңой эле айтып коет.
Болот Шерниязовду мыкты жигит катары, тайманбас жигит катары билчү элек. Бирок анын кийинки жүрүштөрү - бийлик "кутуруп" турганда Америкага кире качышы, жана башка жоруктары менен ал жигитке башкача мамиле менен караганга, башкача баа бергенге түртүп салды. Ансыз деле алсырап турган Текебаевди жаман жагдайга такап салды, бу Болоттун партиядан "кетиши". "Кээ бир партиялаштарым менен пикир келишпегенден кеттим" деп Болот телефондон Таластагы элге айткан тура. Партиянын ишинде карама-каршылык болбойт деп ким айтты? Болот. Бөлөгү да болот, кандай гана коллектив болбосун карама-каршылыксыз оокат өтпөйт. Ал көрүнүш турмуштун бир үзүмү, ансыз турмуш болбой турган үзүм. Болоттун бу жумшарта айткан сөзү жасалма кеткен сөз. Маселе татаалыраак го, кебетеси. Бекназаров тараптан да "мен" дегени көбүрөөк угула баштады окшоду.
Атаңдын көрү де, оппозицияда жалаң гана Темир Сариевдей аткан октой кеткен жигиттер жүргөндө эмне...
Мына эми, баарын жазда баштайбыз, биз оңой көч эмеспиз деп кеч күздөн бери эле оппозиция лидерлери жарыя салып келет. Карапайым адамдар азырынча ишенип турат.
Кантсе да, Сариев, Текебаев, Отунбаева, Жекшенкулов, Өмүркулов, Байболов, Бешимов, Эркебаев, Алымбеков, Чотонов, Бекназаров, Тургуналиев, Каптагаев, Булекбаев, Исаков, Сасыкбаева, Жакупова, Ошурахунова сыяктуу кыздарыбыз, жигиттерибиз оңой адамдардан эмес. Намыстары да ашып-ташып турбайбы. Мына ошонусун бир бүтүнгө бириктирсе, булар эмне деген гана эбегейсиз күч!
Бириккиле! Бириккилечи?!!

Баратбай АРАКЕЕВ




  Ат жалындагы собол

Бириндебе, экиндебе...
Советбек
Жамалдинов, Асаба улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы:
- Советбек мырза айтыңызчы, ММКларда Азимбек Бекназаров оппозицияга атаман (БЭКке штаб жетекчи) болуп бекишин кээ бирөөлөр, Текебаев баш болгон оппозиционерлердин баарын арабага салып жолго чыкты дегендей маалымат таратты. Же Штаб жетекчиси деген, бул оппозицианын лидери дегенди билдиреби?
- Бириккен Элдик кыймылды түзүп анын жобосун бекиткенибизде анын улуттук кеңеши, саясий бюросу анан иш органы катары секретариат жөнүндө гана чечимдерди кабыл алганбыз. Штаб тууралуу маселе кийинчерээк эле ревкомовчулар тарабынан капысынан пайда, болуп чечим кабыл алынды. Штабдын жетекчиси деген БЭКтин лидери дегенди түшүндүрбөйт. Ал Улуттук кеңеш менен саясий кеңештин кабыл алган чечимдерин жүзөгө ашыра турган эле техникалык кызмат. Бул милдетти секретариаттын уюштуруу бөлүмүнө эле жүктөп, ошол бөлүмдү эле штаб деп койгондо болмок, иш жүзүндө андай болбой штаб түзүлдү. Бекназаров БЭКти арабага салып алып аңгекке алып барат деп чочулагандар да жок эмес, бирок антип санааркоого негиз жок. БЭКти аттуу баштуу партиялардын жетекчилеринен турган коллегиалдуу орган саясий бюро башкарат.

Болот Алымкулов, "Акшумкар" партиясынын төрагасынын орун басары:
- "Акшумкар" партиясы учурда эмне менен алектенип жатат?
- "Акшумкар" саясий партиясы өзүнүн регионалдык лидерлерин, партиянын жергиликтүү жетекчилерин жана активдүү мүчөлөрүн "саясий сбаттуулукка" окутуу тренингдерин улантууда. НДИ жана МРИ эл аралык уюмдардын колдоосу менен 2008-жылдын 8-декабрь айынан 2009-жылдын 23-январына чейин Талас, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй областтарында жана Бишкек шаарында атайы тренингдери болуп өттү.
Бул окутууларда "Акшумкардын" активисттери партиялык түзүлүштүн системасы, шайлоо компанияларын өткөрүү ыкмалары жана калк менен карым-катнаш түзүүнүн жолдору туурасында үйрөнүштү.
Тренингдердин учурунда "Акшумкар" партиясынын мүчөлөрүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан бир топ бут тосуулар жана кысымдар көрсөтүлүп жатты. Партиянын регионалдык лидерлери жана кичи уюмдардын жетечилери ушул күнгө чейин райондук ИИБдердин 9-бөлүмдөрү тарабынан "эмнеге чогулуп жатасыңар, тренингдериңердин негизги максаты эмнеде, кимдер уюштурууда, эмки чогулушуңар кайда өтөт?" - деп сурактарга алынып, а түгүл партиялык ишмердүүлүгүңөрдү токтоткула деген коркутууларга кабылышууда. "Акшумкар" партиясынын жыйындары өткөрүлө турган жеке менчик офистердин же кафелердин ээлери укук коргоо органдары тарабынан кысымдыкка алынып, ал имараттарда чогулуштарды өткөрүүгө тыйуу салынууда. Ошол эле учурда "Ак-Жол" партиясы мамлекеттик имараттарда өз жыйындарын эч тоскоолдуктарсыз өткөрүүдө.
Кандай гана болбосун "Акшумкар" партиясынын мүчөлөрү мындан нары да өздөрүнүн саясий ишмердүүлүктөрүн улантып, көздөгөн максаттарына жетүү үчүн алгылыктуу кадамдарын жасай беришмекчи. Активисттердин тайманбастыгы, саясий өжөрлүгү, чечкиндүүлүгү жана туруктуулугу Кыргызстандын эртеңки келечегин негиздейт деген терең ишеним бар.

Эркин Бөлөкбаев,
Жашылдар партиясынын төрагасы:
- Эркин мырза, "Кыргыз республикасынын президентинин карикатурасын жасап элге таратып мазактады" деп айыпталып жатыпсыз, ал карикатураларды Ким тарткан, кай жактарга таратып жүрөсүз? Сизге коюлуп жаткан айыптоолор тууралу эмне айта аласыз?
- Биринчиден ал карикатураларды мен тарткан да таркаткан да эмесмин, ал интернетте жарык көрүп элге бизге чейин эле таркап кеткен эски материал. Укук коргоо органдары биздин офиске кирип Ревкомго тиешелүү документтерди издеп, мыйзамсыз тинтүүлөрдү жүргүзгөндө, Хабира Мажиеванын столунун маңдайында тагылып турган жана иш ордунан айтылган карикатураларды алышкан. Ал кыз азыр Швециядан саясий башпаанек алып, учурда ошол жакта. Анын саясий карикатурага болгон көз карашы үчүн мен жооп бермек белеем. Экинчиден, ал сүрөттөрдө жооп бергидей деле кылмыш жок. Булардын кылыгы күлкү келеерлик иш. Сен эмне үчүн интернеттеги сүрөттү чыгарып маңдайыңа тагып алдың деп күнөөлөгөндүн өзү нонсес.
Бул биздин саясий иш аракеттерибизди чектөө максатында көрсөтүлүп жаткан кезектеги кысым деп айтсак туура болот.Тилекке каршы биздин өлкөдө адам укугу тепселенип, куугунтуктар күндөн күнгө катуулап жаткан кези. Ушундай жол менен калкты тыйып, өз билгенимди кылам дегени акылсыздык. Абал татаалдашып баратат, мунун арты жакшылыкка алып келбейт.
Суроо салган Гули
Мамасалы кызы







Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan