Ау-уу, президент

Улуттун тарыхий илимий борбору талкаланабы?
"Уруш кайдан чыкты? Атаңдын башынан чыкты..." дегендей эле кеп болду бул өзү, жөнөкөйлөтүп айтканда ушундай. Бир чети өкүнүчтүү, бир чети аянычтуу. Ал мындай болгон. 2001-жылы, мурдакы бийлик тушунда башка өлкөлөр сыяктуу эле биринчи президенттин китепканасын куруу идеясы пайда болот. Бирок, бюджеттин тартыштыгынан улам, атайы коомдук фонд түзүлүп, аталган китепкананы куруу үчүн финансы каражаттарын өлкө казынасынан тышкары жол менен табууну пландаштырат. Ал фонд - "КРнын Биринчи Президентинин китепканасы" деп аталат. Аталган фонддго алгачкы салымды андагы президент Аскар Акаев өзү баштап, борбодогу 70%ы курулуп бүтүп калган үйүн ошол фондго өткөрүп берет. Кийинчирээк ал фонд ишкерлерге атайы кайрылуу менен чыгып, бизнес чөйрөсүндөгү адамдардан жардам иретинде 7 миллион сомго жакын акча түшөт.
Эскерте кетчү нерсе биринчи Президенттин китепканасы деген азыр дүйнөнүн далай өлкөлөрүндө курулган. Алыс кетпей эле КМШ өлкөлөрүн алсак ошол эле Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдө заңгырата курулган, биздегиден айырмаланып, мамлекет эсебинен. Мисалы, Россия Борис Ельциндин китепканасы үчүн жылына 5 миллиард рубль которуп турат.
Ал эми бизде, 2005-жылы, мартта, төңкөрүш болгондон көп өтпөй жеке гранттар тарабынан курулуп бүтүп калган аталган китепкана токтотулуп, ага тыюу салынат. "Мамлекет казынасынан курулган" деген айып менен ал кездеги Башкы прокурор А.Бекназаров иш козгоп, мыйзамсыз аракеттер жоктугунан улам иш жабылат. 2007-жылы башка Башкы прокурор ал ишти кайра козгойт. Буга бир кезде акча которгон 28 ишкердин арызы себеп болот. Алар берген акчаларын кайра кайтарып берүүнү талап кылышат. Ошентип, китепкана чатагы чубактын кунундай чубалып келет.
Ал эми аталган фонд бул учурда бир топ чет өлкөлөр менен ошондой эле, кошуна Кытай, Өзбекстан, Казакстан жана Россия мамлекеттери менен келишим түзүп, табылгыс экспонаттарды чогултканын, анда Кыргыз мамлекетинин мамлекеттүүлүгүн чагылдырган эмгектер бүгүнкү күндө "камакка алынып" турганын айтышып, нааразычылыгын айтышууда. "Бул бир эле биринчи президенттин китепканасы эмес, коомчулук үчүн курулган. Биздин максат ошол жерде тарыхий, илимий борбор ачуу болчу. Улут маданиятына мындай мамиле кылуу туура эмес" дешет. Бул жөнүндө ак-карасын, ким туура, кимиси туура эмес иш кылып жатканын аталган талаш иш боюнча фонддун адвокаты Г.А.Скрипкина жакынкы сандарыбызда гезитке интервью берүүгө макулдугун берди. А биз ошол фонддун өлкө президенти Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылуусун жарыялап коюуну эп көрдүк.
(Бул жөнүндө
12-бетте)




  Эл өкүлү эмне дейт?

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер фракциясы:
"Кантсе дагы азыркы депутаттар бийликке көз каранды..."
- Исхак Абсаматович, мына жакында эле сиздер шайлоочулар менен жолугушуп келбедиңиздерби. Элдин бүгүнкү күндө бийликке болгон ишеними кандай экенин баамдай алдыңызбы?
- Жашырганда не? Чынын айтканда элдин маанайы өтө начар. Сен губернаторсуңбу, министрсиңби же депутатсыңбы элдин аны менен түк иши деле болбой калыптыр. Алардын бийликке болгон үмүтү деле жок. Карапайым калктын азыркы күндө эң биринчи эңсеп, үмүттөнүп, тилегени эле ушул: "- Кыштан эсен-аман чыгып алсак. Свет өчпөсө экен. Көмүр, тамак-аш арзан болсо экен". Сен бийликтесиңби, ага каршысыңбы элге кызыкчылыгы деле жок. Чынын айтыш керек, элет-элинин бийликке эле эмес, оппозицияга да ишеними жоголуп баратат. Анткени, күнү бүгүн бийликке сын айтып, жүргөн оппозицияда жүргөн кишилер кечээ ким эле? Убагында ушул эле бийлик менен үзөңгүлөш иштеп жүргөн азаматтар кечээ эле бийликте эле, бүгүн оппозицияда жүрүшөт. Азыр кимге болсо деле дайын да. Бул жерде идеологиялык күрөш эмес, бийлик үчүн күрөш болуп жатат. Ошол үчүн эл эки тарапка тең анчейин ишенбей калды десек болот. Мына караңыздарчы электр күн эмес, саат сайын өчүрүлүп, азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап баратат. Биз азыр элдин сабырдуулугуна тан берип, ынтымак-тынчылык тилешибиз керек. Каалайбызбы каалабайбызбы кризис деген балакет күндөн күнгө кулачын жайып келатат.
Андан сырткары Россияда иштеп жүргөн жердештерибиз күнү бүгүн өтө кыйын ахывалга туш келип олтурат. Себеби, курулуштар токтоп, миңдеген жердештерибиз кычырган кышта жумушсуз калышты. Бүгүн болбосо эртең, алар өз мекенине кайтып келишет. Демек, алар кайтып келээри менен жумушсуздук маселеси массалык түрдө күчөйт, бул өтө кооптуу нерсе. Эл менен жолугушканда ушул көйгөйлөрдү айтып жатышты . Анан депутаттар жөнүндө да өз ойлорун айтышты. Сессияңар мурдагы депутаттардыкындай кызыктуу болбой калды дешет. Туура. Мурункудай позицияларын талашып - тартышмай, кер-мур айтышмай азыр жок. Себеби депутаттар бийликке көз каранды. Анткени ар бир депутат партиядан келген. Ал сессияда көз көрүнөө эле билинип турбайбы. Ким, кимге, каякка добуш берээри даана көрүнүп турат. Партия жетекчилигинен кандай команда болсо, ошондой чечилет. Канча төшүңдү кагып, бакылдаганың менен сени эч ким укпайт. Анткени азчылыктын үнү анчейин алыска жете бербейт. Бул албетте убактылуу нерсе. Азыр азчылык болгон күч келечекте көпчүлүккө айланаары турган иш. Тарыхта мындай мисалдар өтө эле көп.
- Жана сиз айтпадыңызбы элдин бийликке болгон ишеними азайып баратат деп. Бийликтин минтип, элдин ишениминен кетип баратканынын себеби неде деп ойлойсуз?
- Каалайбызбы, каалабайбызбы адам бийликке келгендин эртеси душманы көбөйөт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз же мен президент бололу эртеңки күндөн баштап, көралбас, душман дегендер чыгат. Анткени, сизге же мага добуш берген киши чоң үмүт менен берет да. Элдин түшүнүгү ушундай болуп калган. "Ушул балабызды же кызыбызды шайлап койсок, эртең турмушубуз оңолот". Бул түшүнүк каныбызга сиңип калган. Сен канчалык "Сенин турмушуңду, майкөл, сүткөл кылып өзгөртө албайм"-деп айткан күндө деле үмүтүн үзбөйт. Анткени ал шайлоого үмүт менен барган. Ошол эле айыл өкмөт, депутат, ошол эле президенттин шайлангандан кийин жетишпеген көйгөйлөрү башталат. Кечээ шайлаган шайлоочуларын унутат. Ошону менен элдин ишеними жоголот. Демократиялык коомдо ушундай - шайлоодон шайлоо болгон сайын ишеним азая баштайт. Бул факт.
- Исхак мырза атаңыз ыраматылык Абсамат Масалиевич көзү тирүү кезинде коммунисттер бийликтин кемчилигин көзгө сая көрсөтүп, дамаамат сын айтып турчу эле. А бүгүн сиз жетектеген партия же бийлик тарапта эмес же сын пикир деле айтпайсыңар. Эмне азыркы бийликтин эч бир кемчилиги жокпу?
- Эң туура айттыңыз. Биз жашырбайбыз. Бир топ маселелер боюнча бийлик менен кошула бербейбиз. Мисалы: энергетика маселеси боюнча башынан эле каршы болуп келатабыз. Эч кандай приватизация болбош керек. Кадр маселесинде толгон токой мүчүлүштүктөр бар. Жана сиздин сурооңузга түз жооп берсем мындай. Күнүгө эле курулай кыйкырып, микрофон талашып, шоу жасаганга жол бербейбиз. Биз айткан сын-пикирлерди кээде оппозиция деле айтпайт. Азыркы бийликтин экономикалык маселелерине каршыбыз. Добушка келгенде коркпой үркпөй эле добуш беребиз.
- Энергетика демекчи, бүгүнкү күндөгү энергетикалык кризисти болтурбай койсо же алдын алса болот беле, Исхак мырза?
- Албетте, болот болчу. Жай мезгилинде түнкүсүн өчүрсө, эл бүгүнкү күндөгүдөй кыйналмак эмес. Жылуу болуп турган үч-төрт айда өчүрүлгөндө эле, канча үнөм болот эле? Күнөөлү энергетиктерди жоопко тартыш керек. Акаев убагында "Энергетика 300млн сом киреше менен чыгат"- деп айтып жүргөн. Жоготууга жол берген кишилердин бирөө да жоопко тартылган жок. Энергетика тармагынын башында турган жигиттерди жоопко тартмайын иш оңолушу кыйын.
- Энергетиканы менчикке берүүгө не дейсиз?
- Биз буга түп тамырынан каршыбыз. Ыраматылык атам деле убагында каршы турган. Мамлекеттин менчигин башкарыш кыйын дейт президент. Туура. Эгер мамлекеттин менчигин башкарган киши жегич болсо башкара албайт. Эгерде, чыныгы патриот болуп, жоопкерчиликти сезе билген киши болсо башкарып кетет. Мисалы, энергетиканы кайсы бир олигархтын колуна тапшырдык дейли. Ал заматта ички саясатка таасир этет. Анткени колунда рычаг турат. Бул өтө кооптуу нерсе. Менчикке берүүнүн ордуна энергетика тармагындагы бүтүндөй жетекчилерди алмаштырыш зарыл. Тазалаш керек. Эптей албайбы орунду бошот дегенге неге болбосун.
- Жакында Балкыбековду кетирип, ордуна Ильяз Давыдов деген келди. Сиздин оюңузча бул киши энергокризисти жолго коё алабы?
- Ильяз Давыдов деген бул учурунда 10 миң доллар пара менен колго түшүп, ызы чуу болуп жүргөн адам. Биз анысын да сураганбыз. Ал иш аныкталган жок дейт. Мен таң калам да, кудай бетин ары кылсын. Эгерде мен жөнүндө ушундай жалган жалаа болсо, ошол укук коргоо органдарын сотко берип, өзүмдүн ак экенимди ачыкка чыгармакмын. Бул менин оюмча кечиримдүү айкөл киши окшойт. Өткөндө ушул эле Давыдовдон биз "Тажикстанга канча электр энергиясын экспорттодуңар?" - деп сурадык. Ал "Мен билбейт экенмин. Мага чейин болгон" - дейт. Ал буга чейин Акционердик Коомдо иштеген. Өмүр бою эле энергетика тармагында иштеп келе жатат. Бул киши менин билишимче билген нерсесин деле билбейм деп кутулгусу келет, же айткысы келбейт окшойт.

Алмаз Ташиев










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan