Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот

(Романдан)

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
"Тей-йт, тай-йт!" деп чырылдай ортого түшкөн кырдуураак кыз калмак балдарын көөдөнгө түртө четтетип, Абдыракман экөө кол арабаны кайра тургузушту. Бирок бозала чаңда жаткан Атакеде ордунан обдулууга дарман жок бүктүшүп. Калмак көйнөгүнүн калтасынан кыз бетаарчысын алып чыкты, бирок Атакенин парда жамынган жүзүн сүртө албай, алданени жалбаргандай. Кейпи, боор ооруду көрүнөт.
Бул балдар тырмагынан кан тамган Сыбан Рабдандын неберелери эле. Жортуул чапкын токтобогон жоболоң учурда аларды негизги ургадан оолактатып, жайдын толгон кезинде Ылкасадагы утурумдук экинчи ордого жиберген.
Бала деген - бала. Аталары чабышып, алкымдан кырча чайнашып жатса да, ал балдарда эмне айып? Не жазык? Азыр эми Атакеге боор толгоп турган кыз болочок коңтаажы Калдаң Сереңдин кызы Лома Байор эле.
Ооба, Атакенин колдогону бар. Антпесе, жоңгор ургасында туткунда жаткан күндүн өзүндө таңгыт Лю, швед Ренат, тайчызаада Лома Байордун мээримине илинер беле? Кыйык көз ошол кыз дагы оорукчал балага боор толгой имерилип, анда-санда серүүндөй чыкканда арабасын бирге түртүшүп жүргөнү адатка айланды.
Буларды Абдыракман, кыйык көз Лома Байордун иниси Лама-Доржи, калмак тайчыларынын башка балдары чөкө таандай чурулдап коштоп алат. Балдарга ойун кызык. Ар кимиси Атакенин арабасын- "жыгач атты" жүрүгүзөм деп убара.
Ошондой күндөрдүн биринде Атаке кичинекей калмак баласы Лама-Доржини алдына өңөрүп, арабаны Лома Байор түртүп бараткан. Кыз жондогу кара алачыкка - кайтар чекке жеткенде арабаны артка бурбай, шагыл жол менен аркы боз үйлөрдү, калмак тайчыларынын айылын тике беттей жөнөдү.
- Кайда барасың?
Атакенин суроосуна кыз жооп берген жок.
- Олоңбайыр, Олоңбайыр, - деп тыбырчылады Атаке кыздын атын кыргызчалай. - Чектен өтпө, кайра тарт.
Эңкейиште кол араба зыргый жөнөгөндө Атаке алдындагы баланы бооруна кыса тартып, тактайдан оонап кетпөө менен алек. Дөңгөлөк таштан ташка согулуп, чимирилген сайын тайчылардын улам бир үйү зымырап артта калып, улам бир үйү алдан чыгууда. Күчүктөр борсулдап үрүп, мындай шумдукту көрбөгөн эки-үч айал жол бойу шыпшына карап калгандай. Лома Байор арабаны дагы төмөн - дарыйа жакка буруп, мурдагыдан катуураак диңкилдете жөнөдү. Мурду бышылдап, ээрчий чуркаган калмак балдарынын карааны бириндеп үзүлө, алыстай калып барат. Ар быткылды, ар ташты жамбашы менен сезген Атаке дагы өтүндү:
- Жыгыл-ласың, ашыкп-па?
Ага кулак кагыш кылар Лома Байор барбы? Тайчылардын улусун тартынбай тең жара аралай өтүп, ээндей чыккан кыз өз эрдигине, өз өнөрүнө маш болуп, кыткылыктай күлүп келет: хе-хе-хе, хи-хи-хи... Араба калдаңдай алып учуп, аласалчу тейде.
Суу жакалай калың жалбызга арабанын дөңгөлөгү чырмалып, чылк күрмөлгөн кезде гана кыз кадамын токтотсо да, күлкүсү токтоор эмес: хе-хе, хи-хи, ха-ха-ха!..
Атакенин боорунда бөжөктөй бүрүшүп отурган инисин арабадан алып, көк майсанга отургузду кыз. Күлкүсү тыйылбаган калыбында эңкейе берип, кол арабаны эмнегедир көк майсанга кыйшайта келип, биротоло көңтөрүп жиберди. Койондун бөжөгүндөй тактайдын алдында бүрүшкөн Атаке бир саамга үндөбөй калды да, кайрадан өтүндү:
- Тургуз мени?
Тактайдын бир капталын кыңайта көтөргөн кыз Атакенин жанына жантайа кетти:
- Турба! Хи-хи-хи!..
Жердигинен кежир Атаке кыздын пикирине аргасыз макул болсо да, элтең эте күмөндөр суроосун угуза шыбырлады:
- Сен билесиңби... кыргызча?
- Билем. Апам үйрөткөн! Апам - кыпчак кызы!..- деди дагы жакындай ыктап, Атакенин жүзүндөгү парданы ылдыйлата ачып, карттана баштаган жараатын таңыркай карап калды:
- Оорубайбы?
- Оорубай калды.
Кыз Атакенин жаагындагы жараатты алаканы менен айар сылап, энтиге эңкейе берди да, эрди менен аймалай баштады:
- Айыгат. Жараатың айыгат! Сен сулуусуң, күчтүүсүң!
Кашына кына сүртүп, эринин эми жаңы бойой баштаган тестиер кыздын илеби менен жалбыздын жыпар жыты Атакенин бойун чымырлатып жиберди. Көкүрөгүнөн эркек тана күрсүнүү чыкты алгач ирет:
- Оо, Олоңбайыр!..
Энтеңдей жете келген Абдыракман өз курбусунун атын чакыра бушайман:
- Атакеш, барсыңбы? Амансыңбы, Атакеш?
Арабанын тактайын каңтара баш көтөргөн Лома Байор каткырып күлүп жатат, көк шиберге оонай, чалкалай күлүп жатат. Курбусуна кол созгон Абдыракман да борс-борс күлдү:
- Атакешим аман-сообу десем, аймашып...
Аталары акыреттик жоолашса да, өздөрү астыртан тил табышкан балдардын кубанычы, Лома Байордун капарсыз күлкүсү тып басылып, өңү чүпөрөктөй боз болорун анда ким ойлоптур. Же өтө кызыл тез оңот деген ыраспы? Кыргыз туткундарына кошула, тең ата ойун курган калмак балдарынын алдынан Ылкасанын шаар башчысы карпа-күрп чыкса болобу!
- Бөрү баласы ит... Бур-рут! - Мурдатан коңтаажы айта жүрчү сөздү кайталады шаар башчы: - Карадан чыккан бөрү тукуму акыры канын бербес!..
"Бөрү баласы" деп Атаке менен Абдыракманды кордосо, "карадан чыккан" деп Калдаң Сереңдин кызы Лома Байорду айыптап жатат. Анткени, Калдаңдын биринчи айалы - тоолук көчмөн элдин кыпчак уруусунан. Кайсы бир кактыгышта жоодон алган. Жоодон түшкөн бул келин күлү менен кирип, оту менен чыгып, ушул Лома Байор аттуу кыз, Лама-Доржи аттуу уул тапса дагы, аны коңтаажы кайнатасы Сыбан Рабдан макулдабай кодулап, жылдызы келишпей, сиркеси суу көтөрбөй жүргөн. Шаар башчы ал жагдайды билбейт дейсиңби? Коңтаажы үч жыл илгери Калдаңын күчтөп, "катын албай, кайын ал" деген тейде чооростун хан тукумунан Бичаган-Цаган аттуу кызга никесин кыйган. Никелүү төрөлгөн мураскер Аджи-Намил али ымыркай кезеңи. Андан кырдуу Лама-Доржи моминтип туткундун арабасына - Атакенин алдына отурганы кудайга жагабы?
Ат жалынан эңилген шаар башчы балдарды жасканта шапалак үйрүдү. Койонектей бүшүркөй баш калкалаган Атаке менен Абдыракманга кыжырынды:
- Кутурган экенсиң, иттин тукуму! Уу, бурут, тикини, тикини, тимеле көзүндө жаасы барчылап тирмейет! - деп Атакени дагы чапты. Канткен менен өзү айткандай, бурут баласынын ноокас экенин боолгоп, андан ары шапалакты Абдыракмандын далысына ийлетип, аты менен көмөлөтө урдуруп кетти:
- Кошоктоп кош кошуунга!..
Утурумдук ургадан кабар алган коңтаажы Сыбан Рабдан, албетте, терикпей койбоду. Адегенде эки бөлтүрүктү жардырып салайын десе да, байагы "силер барда энөө манап тукуму тизелеп келер" деген ойунда турду. Ооба, ошону мелжеп, сейрек мурутун кырча чайнап, эки баланын тагдырын эки айрыды.
Жердигинен көк Атаке өз курбусу Абдыракмандан ошентип Ылкасада айрылды. Коштошор кезең жеткенде бышактап эчкире, жаак ылдый куйулган жашын токтото албады.
- Кантесиң, Атакеш?... Жолугабыз. Мен тез эле барам, - Абдыракман чыдабай тыбырчылап кетти.
- Кош, Абдыш!..
- Көрүшөр бекенбиз?!..
Кайрадан тезинен калмак ургасына жеткирилген Атакенин башын кыйа чабуунун ордуна өз уулу Калдаң Сереңдин уландар жасагына кошту коңтаажы. Абдыракман тиги алыстагы Тебетте аман күн көрөр бекен?
Батыш маңгул жериндеги Чыңгыз хан урпактары оң жана сол карууга, "барунгар" менен "джувангарга" бөлүнгөн. Ошол сол каруу "джувангары" - жоңгор же зуңгар. Негизги төрт тайпадан: хойт, чоорос, дүрбүт, тыргоот атанган уруулардан бириккен жоокерчилик курам "сол" жана "кары" деген эки сөздүн башын кошот. Оркон дарыянын бойунда баш көтөргөн жоңгор курамы коңшу журтту бет келди жалмап, жайытын кеңитип отуруп, Каңгай, Алтай, Кашкарды алып, эми Жетисуу, Ташкенди чаңдаткан маалы. Булар Батур-коңтаажы, Сеңге, Галдан Бошоктудан баштап, азыркы Сыбан Рабдан, анын балдары Калдаң Серең, Шона Лоузанга дейре кыргыз-кайсакка акыреттик жоо боло келгени ырас.
Жоңгор жобосуна ылайык, эр жеткен эркек киндик аттуунун бардыгы текши курал кармап, текши жоокер санала келген. Соңку беш жүз жыл аралыгында ойрот-жоңгордо согушка катышпаган бир да муун төрөлө элек. Булардын көз ачкандан көргөн турмушу - согуш, көз жумарда ажалы - жоо колунан. Жоңгор куралы күчтүү, жоболоңу жоо чыдагыс боло келгени мына ошол жан кечтиликтен.
Жоңгор жасагы жан-жагын, жака-белин тынымсыз кайсап турган жети баштуу желмогуздай. Кайсабаса, "солкаруу" аскер бирдиги соолуганы, куруганы. Кирешеси менен табышы, жан сактоонун амалы коңшу калктардын жонунан боло келген "джувангар" тайчылыгы согушсуз тура албаганы мына ошондон.
Калдаң Серең жасагындагы казак, кыргыз, кыпчак, сарт, уйгур, башкурт, ногой, жалпы түрк жамаатынан, алтургай алыстагы орус, манжуу, кытайдан жыйылган балдарды чөк түшүрүп, тизелете катар тизишти. Дагы кимисин жазалар экен, дагы кимиси жаңылып-жазды? Коңтаажы Сыбан Рабдандын уулу Калдаң Серең ар биринин башын ныгыра басып, кылычтын сырты менен как төбөгө сыйпата чаап өтүүдө. "Мындан ары алмадай башың - мага тартуу" деген ишарат мунусу.
Көзүн жерден көтөрбөгөн балдардын алдына чаткайагы чаткалдай зор атан төөнү токтотушту туура тарта. Андан оор жүк оонап, онтоп түшкөндөй сезилди. Төөгө таңылып келип, балдардын алдына ташталган "оор жүк" айтылуу кыргыз баатыры Солтоной эле. Кош каруусу мүрүсүнөн талкаланып, канаты сынган карчыгадай шөлбүрөгөн Байсейиттин эр Солтонойу ошентип калмак жасагындагы ар улуттун уландары алдында жатты алсыз-күүсүз.
- Ач көзүңдү, бурут, - Калдаң Серең кайкы кылычы менен Солтонойдун күржүйгүн көк шилисин сыйпата чапты: - Мындан ары кежиге кести кулум болосуң! Эр экениң билейин, жетеси жок балдарды жетилт, эрдиктин сырын үйрөт, каруу кармат. Алмадай башың ошондо гана аманат!
Буркуйган быжыгыр кежигеси адегенде быштактай бышара түшүп, анан кызыл кан диртилдей атылган Солтоной "кыңк" этип бир ооз дабыш чыгарбады. Төө өркөчүнөн кандай оонап түшсө, жоңгор талаасынын ысык аптабында дал ошондой дабышсыз соолуп жатты. Көк кежигесине кара дары, курмушу баскан эки-үч күн арасында гана эсине келди эр Солтоной. "Адам - ит жандуу" деген ырас. Мүрүсү талкаланган кош колу аркасына таңылуу калыбында ат жалына конуп, жоңгор жасагындагы кыргыз-кайсак, жалпы түрк уландарына буйрук берип, жоокерлик замандын өзү жатык билген өнөрүн үйрөтө баштады.
Татырактатып ат чапкан балдар оңду-солду кылыч шилтеп, үкүлүү камыш башын үзүп барат. "Мөндү, мөндү, мөндүлөп, жабуу, жабуу, жабуулап" ураандары калмакча. Алды бир жарым жылдан бери согуш өнөрүнө жатыгып, кайкы кылыч, сыр найзанын үрпүн ала баштаганы айан. Булар ат жалында жоолашуунун, жапырт чабуулга өтүп, жалпы коргонуунун ыкмасына каныгууда.
Үч ай мурда кан жөткүрүп, төрт аягын тарта албай келген дартман бала түпкүлүгү мал болбостой көрүнгөн. Бирок, бир мүчөлгө жаңы толгон Атаке бара-бара тыңып, атка конгондо абалкыдан чыйрак чыкты. "Өлбөй тирүү турганы жакшы" деп бүтүм чыгарган коңтаажы Сыбан Рабдан туткундагы боз балдар ичинен Атакеге алдыртан абай салды.
Калдаң Сереңдин жалаң уландардан куралган жасагына өзгөчө көңүл бөлүндү. Бул тайчынын курал-жарагы кубаттуу, аттары тың, тамак-аштан тартышы жок. Кыргызбы не кайсакпы, чүрчүтпү не каапырбы, кай калктын балдары экенине карабастан калмакча балдырап, жүзүнө парда тагынып жүрүүгө тийиш. Бардыгына бир текши, бир келки алеңгир зоот кийгизилип, сол колдо - калкан, оң колдо - кайкы кылыч, жамбашта - жаа, шалкетме, не чокмор. Эмен сап найза ээр кашына бекитилген. Сабоодой бир кылка шыңга уландар беш каруунун сырын толук үйрөнүшү үчүн тоодой тер төгүп, томуктай эт ашык албоого тийиш. Соңку күндөрү манжуунун шыйрактуу мылтыгын буркурата дүрмөттөп, таамай атуу кыныгына өтүштү жапырт.
Ойроттун ар улуттан куралып жаткан уландар жасагына ар калктан, ар курамадан устаттар тартылды. Булар кандуу кармашта туткунга түшкөн, Сыбан Рабдандын амири менен кара жаны арачы калып, аргасыздан амалга көнгөн айтылуу баатырлар эле. Кулагы же кежигеси шылынып, шор тарткандардын арасында кыргыздын кушчу уруусунун жетиген уругунан чыккан Байсейиттин Солтонойу бар эле.

(Уландысы бар)










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan