...айбалтаңды ала жүр

Орто Азиядагы геосаясий кызыкчылык кандай чечилет?
(Уландысы. Башы 2-бетте)

"Гансини" чыгаруу менен кыргыз бийлиги орустар менен бир топ келишим түзгөнгө жетишти. Анда Кыргызстандын Россияга болгон 193 миллион карызы каралып, кечириле турган болду. Бирок, жөн эле эмес. Эгер "Дастан" АКнын 48% акциясы орустарга берилсе карыздын бир бөлүгү кечирилет. Россиянын Бишкектеги Соода өкүлчүлүгүнүн имараты орустарга 49 жылга акысыз берилсе, тышкы карыздын баары кечирилет. Кошумчалай кетели, Россия кээ бир өлкөлөрдөгү карызын соодалашып этпей жөн эле кечкен. Ал эми Кыргызстанга келгенде бир топ мүдөөлөрүн ишке ашырып кеткени коомчулукта жагымсыз пикирлерди жаратууда.
Мындан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашыруу үчүн эки тарап Кыргызстан мыйзамдарына ылайык Акционердик коом түзүп, анын 50% акциясына Кыргызстандын "Электр станциялар" акционердик коому, калган 50% акциясына Россиянын "Интер РАО ЕЭС" акционердик коому ээлик кылып, жаңы акционердик коомго Россия 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлө турган болуптур. Насыя 20 жылдын ичинде төлөнүшү керек экен. Демек, кыргыздардын мойнундагы карыз дагы 1 млрд. 700 миллионго көбөйдү десе болот. Бул эле эмес, Орус өкмөтү Кыргызстанга кошумча 300 миллион доллар дагы насыя бөлдү. Каражат быйылкы жылдын 30-апрелине чейин Кыргызстанга келип түшөт. Мунун үстөк пайызы 0.75 пайыз. Аталган насыяны Кыргызстан 2016-жылдан баштап, 2049-жылга чейин төлөйт.
Кыргызстан Россия келишимдери бул жолу ушундай негизде болду. Сырттан караганда Кыргызстандын Россияга болгон көз карандылыгы күчөдү. Мурун Дүйнөлүк Банкка карыз болсо, эми Россияга да карыз болуп калды. 24-марттагы төңкөрүш менен келген бийлик "Мындан ары карыз албайбыз" деген убаданы элге эчен жолу айтып, аткарышкан жок. Сөзү менен кылган иши дал келбеген бийликтин мындай кадамын эл кандай кабылдаарын мезгил көрсөтөөр.
Экинчиден, Өзбекстанда Россия президентти Медведевдин айтканы боюнча иш жүргүзүлгөндө Тажикстан менен Кыргызстандагы ГЭСтердин курула турганы жөнүндөгү сөздөр жүрмөк эмес. Ушул жерде Россиянын кандай позиция карманып жатканы түшүнүксүз ойлорду жаратат. Ал эми Москва менен Бишкекетин Камбарата ГЭСин куруу боюнча түзгөн келишимине Ташкент кандай жооп берээри белгисиз. Айтор, айтылаар сөздөр али көп…
Макул. Жогоруда айтылган ойлордун баарын тең жокко чыгарып салалы дейли. Бирок, биз Кыргызстан геосаясатта, орусча айтканда "или" же "или" позициясын карманышыбыз керек эле. Эларалык доктриналарда да багытыбыз ушундай болчу. Кыскасы, биз тышкы саясатта "ойной" албадык. Мисалы, АКШ менен болгон мамиледе. Ажобуз анчалык эле "чечкиндүү" болсо, "Ганси" маселесин Москвага барып, Медведевдин жанында отуруп алып жар салбай, Кыргызстандан эле "кыр" көрсөтсө болмок. Чоң дипломатиядагы мындай одоно "соодалашуубуз" өзүбүзгө андан да чоң маселелерди үйүп салгандай болду...
Памир МАНАС




  Азизбектен азил кеп

Сиз канча десеңиз, ошончо...
Кожоюн чиновниктерин чекеден бирден чертип, аттестациядан өткөзмөй болот. Өзүнө жакын чиновниктерди чогултуп суроо берип атат дейт: - Эки жерде эки канча?
- Төрт,-дейт оң колуна айланып бараткан Адыркулов.
- Сен көп акылдуусунба, мен өзүмдөн акылдууларды көп жакшы көрбөйм. "2", кызматыңдан бошодуң.
- Үч,- дейт Андаралиев.
- Сен азды каалап калган экенсиң да, өзүңө "үч", кызматыңдан төмөндөтүлдүң.
- Беш, - деп жарыша жооп беришет Данчик менен Өмүрчик.
- Силер көптү каалап калган экенсиңер, "бешиңерге" "4".
Баардыгы тым-тырс болуп калды.
- Кана, "5" алчу кимиңер? Другбол мырза сен жооп берчи? - дейт.
- Эми...-деп Другбол аке ойлонуп. - Сиз канча десеңиз ошончо болот да, - дейт.
- Мына, - деп кожоюн сүйүнүп кетет. Мен каалаган кадр. "5", ордуңда калып иштей бер,-дептир.
(Уландысы 16-бетте)




 "Неудобный" суроолор

Феликс Куловго,
Кыргызстандын башкы
мини-гидроэнергетигине:
Феликс мырза, сиздин ичиңиз толо эле сыр деп айтсак анча деле жаңылбайбыз го. Бирок ал сырлардын кай бирлерин кээде элге-журтка жарыялап койгонуңуз бизге ушунчалык жагат. Мисалы, Данияр Yсөновдун чуулгандуу 300 миң доллары (добуш алыш үчүн парламенттин мүчөлөрүнө тараткандагысычы). Ыраматылык Баяман Эркинбаевдин окко учаар алдында келип, сизге айткан сыры жана ушу сыяктуулар. Бирок бир "сырды" ушу күнгө чейин эч кимге айтпай, коомчулуктан жашырып келатасыз. Ал баягы айтылуу апрель окуяларындагы "баланча саатта азыркы мамлекет башчысы аянтка келип, өз бийлигин өткөрүп берет" деген жарыяңыз. Ошондогудай сиздин рейтингиңиз эч качан жогорулабаса керек. Элдин баары телевизордун алдына отуруп алып, эми бийликтин "прием-передачасы" качан башталат деп акыйып күтүп отурганычы… Ал бир өзүнчө жомок. Анан эмнегедир жарыяңыз чынга чыккан жок. Чогулган элди итке талатышып, чилдей таратышты. Ишенген "молдолордун" баары сууга акты. Сиздин эл караган жүзүңүз жер карады. Нечен илгери үмүттөрдү таш капты. Ала-Тоо аянты ал күнү жалаң түкүрүккө айланды. Эл алданды.
Феликс мырза, ошол сырды Маскөөдөн чыккан китебиңизде да чечмелебептирсиз, муну китебиңизди барактагандар айтып жүрүшөт. Эгер мамлекеттик "тайна" болбосо, ошону бир элге-журтка угузуп койсоңуз болоор беле? Же ал "тайна" эмес эле, атайын Ак үй уюштурган "таинственный план-операция" беле? Эгер ошондой болсо, ал эмгегиңиз кандай бааланды? Арзан бааланып калган жокпу?
Анан дагы бир майда суроо ("кыстырма" деп коюшат го кээде). Качан гидроэнергетик деген ардактуу кесипке ээ болуп алгансыз? Ал билимди кайсы жерде жана кайсы бош убактыңызда ала койдуңуз эле? Анан баягы 60 жылдыкта белекке берилген жаман машина жарк-журк этип коюп, зуулдап чуркап жүрөбү?

Марат Кайыповго, мурунку юстиция министри:
Марат мырза, сиздин адилеттик министрликте иштеген жылдарда эки "маанилүү" багытта активдүү иш-аракет жасаганыңызды жалпы кыргыз эли көрүп-билип турду. Биринчи багытыңыз - мамлекет башчысы кандай гана иш жасабасын, баарын "жуда сонун", "хоп-майли" деген позицияңыз болду. Экинчи багытыңыз - көп аял алууну, жашыруун бүлө күтүүнү мыйзамдаштыруу аракети болду. Бул маселени коомчулукка да таңууладыңыз, парламентке да барып сунуштап көрдүңүз, гезит бетинен да пропаганда кылууга көп далалат кылдыңыз. Бирок майнап чыгара албадыңыз. Чыкмак да эмес. Кыргызстан канткен менен Африка эмес. Афганистан да эмес, кудайга шүгүр. Муну элдин баары эле сизге жогору жактан берилген "тапшырма" экенин илгиртпей түшүндү, айрыкча мамлекетибиздин аялдар жамааты, оңбогон журналисттер дароо эле бул мамлекеттик "сырдын" жандырмагын билип алды. Болбосо анчалык эле эмнеге алды-артыңызды карабай чырылдап, башка маанилүү маселелер түгөнүп калгансып күйпөлөктөп жүрбөйт элеңиз.
Сиздин бул "мамлекеттик" зор мааниси бар тапшырманы аткара албай калганыңыз акыры келип кызмат ордуңуздан шыпырылышка алып келди, муну түшүнгөндүрсүз. Анткени айрым законсуз аял алып, жашыруун бүлө күткөн шүдүңгүт эркектер үчүн, айрыкча өтө жогору жакта отуруп алып, арам жосунун адалдагысы, законсуз ишин мыйзамдаштыргысы келген "азаматтар" үчүн бул катуу сокку болду, аны билээрсиз? Ошон үчүн миллиондогон өзүн сыйлаган аялзаттарыбыздын намысына, арына тийип атам деген ой башыңызга эч бир келбеди. Өзүңүздү деле өмүрлүк жарына көзү түз, ала жипти ыгы жок аттай бербеген салабаттуу жигиттерден деп угабыз. Же министр боло калганда, буга окшогон иштер сизди да түз жолдон адаштырып, жашыруун бүлө куткөнгө мажбурладыбы? Эгер жаңылышып жатсак, анда бизди түзөп, ушул суроолорго ачык жообуңузду айтып койсоңуз, Марат ака.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan