Баары өзгөрөт аста-аста
Сыягы, Обаманын администрациясы Кубага карата майда болсо да, акырындык менен кадам таштайт окшойт. Кээ бир өтө эле катуу чектөөлөрдү алып салып, Кубага барам дегендерге аз - аздан уруксат берип, акча которууга да тыюуну бир аз азайтып (мурун бир үй-бүлөгө 300 доллардан ашык акча которууга тыюу салынчу, болгонда да өтө жакын туугандарга гана бир кварталда бир жолу), үч жылда бир гана жолу Кубага барууга уруксат берилчү америкалыктарга, Куба жарандарына да маселе жеңилдейт сыяктанат. Мындан тышкары Кубага бизнес алып келет элек деген абдан таасирдүү америкалык бизнес чөйрөлөрү да бар экенин унутпаш керек. Алардын арасында Америкалык фермерлер Ассоциациясы, Бизнес тегерек стол уюму, Улуттук соода Федерациясы жана АКШ коммерция палатасы ж.б. бар. Булардын колу - бутун матаган бир чоң маселе - Хелмс-Бартон Актысы деген атайын закон. Муну өзгөртө турган бир эле инстанция - Американын Конгресси болуп саналат. Ал эми Конгресс баягы эле башынан айтылып келаткан Кубага талаптарын кое баштайт, баягы эски дискуссиялар кайрадан дуулдап кирет ж.у.с. Ал маселелер адам укуктары, саясий ачыктык, Флоридада жашаган күчтүү кубалык антикастро лоббиси ж.б. Андыктан, Америка-Куба байланыштары бир заматта эле оңолуп, калыбына келе баштайт, - деп айтуу чынында да али эрте.
Демек, Америка менен дурус байланыш болбогон соң, Куба да башка мамлекеттерге көз таштай баштайт. Анын ичининде Американын кырчылдашкан душмандары болуп саналган Венесуэланын Уго Чавес сыяктуу жетекчиси, Россиянын, Кытайдын жетекчилери менен жолугушуп, кызматташуу. Куба ошол эле Латын Америкасынын АКШ жаман көргөн башка режимдери менен да алака түзүүгө мажбур. Ошол эле мезгилде Куба өзүнүн жакшы өнүккөн медициналык жардамын өз кошуналарына активдүү көрсөтөт, башка мамлекеттер мамилесин чыңдайт.

Кытай 2009-жылда: Батыш эксперттеринин прогнозу
(The Economist журналынын болжолу боюнча)
Социалдык приоритеттерди астыга коюп, айлана-чөйрөнү булгабай, экологияны сактап, экономиканы алдыга жылдыруу - Кытай Эл Республикасынын Президенти Ху Дзинтяонун 2009-10-жылдагы негизги максаты.
Бекем тартип жана жоопкерчиликти күчөтүү боюнча Кытай компартиясынын иш-аракеттери дагы да жигерденет, бирок бул деген демократияны күчтөндүрүү боюнча реформалар да жанданат дегенди түшүндүрбөйт. Ырас, коррупцияга каршы күрөш дагы катууланат. Көптөн күткөн жер реформасы 2009-жылы башталат.
Баштатан келаткан этникалык чыңалуулар, айрыкча Тибет менен Синьцзяндагы кыйынчылыктар улана берет, бирок жалпы мамлекеттин ички турмушу стабилдүү болуп, акыбал жалпысынан туруктуу бойдон кала берет.
Өкмөт быйылкы жылга карата бекитилген бюджетти салыштырмалуу аз өлчөмдө ашыгы менен аткарат, жалпы дүң продукциянын өсүшү 0.4% гана болот.
Экономисттердин таап чыккан маалыматтарына караганда, Кытайдын экономикасы 2008-жылы 8% өсөт, ошол эле учурда экспорт менен кыймылсыз мүлктүн жалпы дүң көлөмү мурдагы көлөмдөрдөн алда канча аз болот. Тышкы сооданын азайышы, дүйнөлүк финансы кризиси сыяктуу себептерге байланыштуу 2010-жылкы жалпы экономикалык өсүш 7% чейин төмөндөйт.
Ал эми инфляциянын өсүшү анча катуу болбойт жана 2009-10-жылдарда 3.8% ашпайт.
Кытайдын учурдагы акча каражат кирешелери келе жаткан эки жылда мурункудай эле бийик бойдон калат (себеби тышкы дүйнө менен соода байланышы дагы эле болсо Кытайдын пайдасына чечиле бермекчи), айырмачылык болгону 2% түзөт.
Ошондуктан Кытай анча-мынча экономикалык каатчылыктарга татыктуу жооп берип, ар дайым алга кете бермекчи.
(Англисчеден которулуп басылды)




Тумандуу 2009-жыл
Тилекке каршы, 2009-жыл жалпы дүйнөдө экономика жагынан абдан тумандуу болуп, эл аралык кризис кычап турган жыл болчудай. Куба өткөн жылдын сентябрындагы укмуштуудай катуу добулдан улам 10 миллиард доллар өлчөмүндө зыян тартып, жүз миңдеген адамдары үй-жайсыз калды. Жылда 10% тегерегинде өсүп турчу экономикасы да быйыл 4.5% аша турган эмес. Сырттан келе турган каражаттардын болсо быйыл анча мазасы жок. Азык-түлүк продукцияларынын 80% сырттан келет, мында да азык оокаттардын кымбаттоосу деген маселе чыгат. Экспортко кеткен никелдин баасы быйыл арзандап, соода дефицити 70% түзүп, 11 миллиардга жакын соода көлөмү азаят.
Ырас, кубалыктар өткөн 50 жыл ичинде андай кыйынчылыктарга көнүп да бүтүшкөн. Бирок үмүт деген үмүт да, Рауль Кастро бийликке келгенден кийин, турмуш оңоло баштайт го деген тилектер эл арасында абдан күчтүү. Бирок ишке ашкан пландар азырынча жокко эсе.
Ушул жана ушул сыяктуу ички-тышкы шарттарга карай келип, Кубада турмуш жакынкы убакта эле өзгөрө башташына ишенүү абдан кыйын. Ал гана эмес Америка менен болгон жакындашуу процесси да калктын турмушуна сезилээрлик өзгөртүү киргизээрине да эч ким ишенбейт. Бул чоң кошуна менен келим-кетим көбөйүп, соода жана катташуу ыкчамдаган күндө да, андан чыккан майнап жакынкы жылдарда эч бир байкала койбойт. Байкалган учурда да Кубада демократия дароо эле гүлдөп - өөрчүп кете койбойт, баягы партиялык режим дагы көп жылдарга созулгандан созулат.
(Англисчеден которулду)










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan