ЖоКеде эмне кеп...
Кыргыз Парламенти: "Манас" аба базасы тууралуу келишими жокко чыксын"

Кечээ түштөн кийин добуш берүүгө катышкан депутаттардын 78 и АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аба базасынын чыгарылышына "макул" деген оюн билдирди.

Вот это компот
Шерниязов жүрүшү
"Ата Мекен" партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязов Талас облгубернаторлугун сураганын, ортомчулукка жердеши Өмүрбек Бабановду салганы..." тууралуу ошондой эле Бокенин дагы бир жоругу, жердеши Равшан Жээнбековду кантип "садага чапкандыгы" тууралуу "Учур" гезити жазып чыкты.

БЭКтин Улуттук кеңешинде
Аккуу, чортон, рак…
Кечээ Бириккен Элдик Кыймылдын Улуттук Кеңешинин жыйыны болуп, анда эки күн мурун СДПКнын кеңсесинде болгон саясий бюродогу каралган маселелерди кайрадан талкуулашты. Бирок, дале болсо жазга белгиленген иш пландарды беките алышпай, анабашы маселеси да чечилбей, көптөгөн суроолор жоопсуз калды. Болгону "оппозиция лидерлерине куугунтук токтотулсун" деген кайталанма билдирүүсүн кабыл алгандай болушту.

P.S. Гезит басууга кетип жатканда БЭКтин улуттук кеңеши дагы бир кайрылуу кабыл алганын маалымдадык.
Анда, Бириккен Элдик Кыймыл жалпы элге "үстүбүздөгү жылдын март айында саясий акцияларды баштайбыз" деген кайрылуу кабыл алганын билдиришти...

Агасы үчүн иниси жооп берип
Жекшенкуловдун тууганы камакта
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун иниси 10 күндөн бери камакта жатат. Иниси Таалайбек Медеркулов мурда Балыкчы шаар башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген учурда "суу түтүктөр боюнча тендерди туура эмес өткөргөн" деген айып менен 9-февралда шаардык тергөө абагына камакка алынган. Аны менен кошо азыркы вице-мэр Сардарбеков жана муниципалдык бөлүм башчы Мамбеталиев дагы камалып, бирок аларды 4 күндөн кийин бошотуп жиберген. Мындай кадам эмне үчүн жасалып жатканы сокурга да маалым эмеспи. Эң негизги максат Жекшенкуловду тандаган жолунан кайтаруу. А, Аликбек мырза азырынча "сына" элек.

Келечекке балта чабылып...
Баары жайында, биз чөгүп баратабыз
Учурда, Кыргызстан боюнча 38 миң бала мектепке такыр тартылган эмес. Ал эми 23 миң окуучу түрдүү шарттар менен мектепти таштап кеткен. Балдардын мектепти таштап кетүү себеби үй-бүлөлүк шарт, жакырчылык, мугалимдердин орой мамилеси жана мектептеги талап-тоноочулук негизги себеп имиш. Ал эми атайын адистер окууну таштап кеткен балдардын билими 1-класстык деңгээлден да төмөн экендигин айтышууда.

Анонс
Улуттук илимдин уютку болгон Улуттук Илимдер Академиясында бүгүнкү абал кандай? Башаламандык...
Кыргыз илиминде киши эмес, мышык ыйлай турган көрүнүш... Бул туурасында кийинки санда.


Мурик эмес муратсың сен
Жыгылган айды көрдүк, тургузбадык...
Ошто мамлекеттик тил маселеси талкууланды. Жаштардын алдыңкы өкүлдөрү катышкан форумда кеп маданиятын жогорку окуу жайларына киргизүү сунушунан тышкары президент гана эмес премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле облус жана район-шаар башчылары жумушка дайындалаардан мурда мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруу керектигин айтышты. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары кыргыз тилинин тагдырына балта чаап жаткандыгына басым жасашты. Бирок, биздин мамлекетте айтылган сөздөр, айтылган жерде кала берет эмеспи. Кыргыз тили бийлик үчүн түк кереги жок экенин турмуш көрсөтүп жатпайбы. Байболгур патриоттор, Өкмөт башчысы орус болуп жатса, кайдагы сынактан өтүүнү айтасыңар да, жогорку бийлигинен баштап төмөнүнө чейинки кыргыз интелегенциясынын балдары "киргиз" болуп турса, каяктагы тил тагдырынан үмүт кыласыңар?... Ош, Бишкек шаарларындагы жеке телеканалдар орус, өзбек тилдерин өркүндөтүп жатса, кайсы кыргыз тилинен үмүт кыласыңар? Дегеним, куру "кыйкырык", көкүрөк кагуу менен менен эч нерсени чече албайбыз го...


Шайлообек Дүйшеев
МАМАЙ ЖОЛ
Чындык бүгүн чырак жагып жалганга,
чымчык болуп сайрап калды ар кайда.
Айланууда кыз-уланы кыргыздын
мечити бар, Мекени жок балдарга.

Каада-салтты карган иттей атышкан,
жин каптады Чыгыш менен Батыштан.
Кан Манастын ушул беле тукуму -
календер баш- даки чалма, даки ыштан?

Акча берсе, ат жасадык эшектен,
адам куну арзан болду тезектен.
Мертке жеттик сакал коюп киндиктен
мечиттери мектептерин кекеткен.

Атбашынын Аксай жакы башынан,
агат кербен абжип товар ташыган.
Туруп келе жатат кытай жээндериү,
туз наныүан, сууүан, тооүон, ташыүан.

Кайда барба, кара курсак, жол Мамай,
мутанттарга толуп чыкты колбалар.
Каүгыгандар, азган-тозгон, безгендер,
качандыр бир жарылуучу бомбалар.

Кайырчылар, кап сүйрөгөн араба,
жалаү кыргыз, кул базарды караба.
Жалаү кыргыз, ресторан ыүкыган,
жалаү аш-той, жалаү сайран, тамада.

Айылдарыү салып жолго далысын,
дааватчылар жортуп барат чаүы узун.
Карышкырга шарыятты үйрөтсөү,
"каякта?" деп сурайт койдун жайытын.

Мыйзам - саман... Акүй тынбай боолаган,
көкүрөктөн жарык издеп шооладай
Көлгө келсем... Торпедосун кучактап
орус жатат Ысык-Көлдө оонаган...


17-февраль, 2009-жыл, Бишкек.

Эр азыгы элден
Ал бир шумкар сабалаган...

Темир Сариевдин эл арасындагы аброю кескин жогорулай баштаганынанбы айтор, "Акшумкар" партиясын бийлик кайра каттодон өткөзбөй созуп келет. Мындай тоскоолдуктарга карабастан, аталган партиянын активистери эл аралап Нарын, Талас, Ыссык-Көл жана Чүй областтарында партиялык түзүлүш туурасындагы тренингдерин өткөрүп келди. Бул туурасында жер-жерлердеги жолугушуулар да жакшы жыйынтыктарды берди деп, "Акшумкар" партиясынын пресс-кызматы билдирүү таратты. Жолугушууларда жашоонун кымбаттап, турмуштун оорлогонунан карапайым элдин азыркы бийликке нааразычылыктары күч алганы байкалып, оппозицияны колдоого даяр экендиктери билинди", - дейт. Кээ бир жерлерде эл нааразычылык акцияларын тез арада баштоону талап кылышып, эгер элдик лидербиз дегендер аракеттерин баштабаса өзүбүз стихиялуу акцияларды баштайбыз дегенге чейин барышканын айтышууда дейт. "Акшумкардын" активи өткөрүлгөн тренингдердин эффективдүү болгондугун белгилөө менен мындан ары да элдин калың катмарын аралап, атуулдардын саясий активдешүүсүн жогорулатуу максатындагы иштерин уланта берүү тууралуу чечим кабыл алды.

"Айгай" пресс









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan