Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот
(Романдан)
Мына эми, кас дегени өз чыгып, Жаңыл Мырзанын кара көзүн кашайтпаса да, кара өзөгүнө өрт салып, каарып туру.
- Айланайын, Атакеш, ачууңду бас. Ачуу - душман, акыл - дос. Бир мүчөлгө толдуңбу? - деди айал тигинин жаш курагын айра таанып.
- Канча мүчөл болсом да, Жаңылды жайрап тынам!
- Ап-бали! - деди айал шыпшына, хан Түлкүдөн калган урпактын кайратына тан бере: - Андай экен, атып сал мени!
Жаңыл Мырза бу жалганда жазем кетпеген, жалгыз ирет гана жаңылган Алеңгир жаасын кашындагы душманга сунду. Жок, "душманга" эмес, хан Түлкүсүнөн калган туякка сунду. Атаке бул кадырды түшүнбөй, кызуу кандуу. Жаңыл Мырзанын колундагы жааны ансыз да булкуп, жулуп алчудай тейде буйура сүйлөдү:
- Ал жоолукту! Ач жүзүңдү!
Баары-жокко кайыл боло, колдогу жаасын жерге таштады айал. Жоолугун баштан сыдырганда, куудай аппак чачын айдарым жел жулмалап турду.
- Ыйманыңды ичтен күбүрө, көзүңдү жум!
- Ыйман айтып кантейин? Мен бейбакта ырыс деген болгон жок, ыйман барбы билбеймин, - деди айал кайдыгер: - Бирок көздү жумбайт экенмин!
- Эмнеге жумбайсың? Жумдурам!
- "Эмнеге" дейсиң. Кара күүгүм болсо да, сени, Атакеш - хан Түлкүмдөн калган караанды көрүп көз жумайын!
- "Атакеш" дебе атымды! Ой, "хан Түлкүм" дейсиңби?.. Сен өзү деги... Жаңыл эмессиңби?
- Бейбак Жаңыл болбосом, сага Алеңгир жаамды эмнеге сунат элем!
Айал түпкүчтөй ийилген жаасын жерден алып, Атакенин колуна карматты. Салмактуу саадагын белине байлады. Хан Түлкүнүн туйагы Атаке эми эки анжы боло, ичтен кысылды. Эмне айтарын билбей бушайман. Кезенип кек издеп келгени ушул буурул бубак чач кемпирби? Кас дегени өз чыктыбы? Желкесинен жебе матырбай, колундагы жаасын эмнеге кармата берди бейбак? Ушуну гана күтүп тургандай, кыйды кемпир сөз жалгады жайбаракат:
- Аккан арыктан суу агат дейт. Тулпарымдын туйагы, хан Түлкүмдүн канаты бар экен деп каниет алып калдым. Мен куруйун. Төрүмдөн көрүм жакын. Өзүңөрдөн мурда көз жумсам - калыстыктын белгиси. Канткен күндө да, жазем кетпес ушул жаа жаныңда жүрсүн, ылайым. Мага окшоп өзгө сунбай, жатка сун, кара ниет каска сун!
- Ошондо сен кассыңбы же?..
- Өзүм да билбейм. Өмүр дегениң чылк өкүнүч болсо, эмнеге жашадым дейм да. Бир билгеним - хан Түлкүмү эстесем, каңырыгым түтөп кетет.
- "Хан Түлкүм" дебе кайра! - Атаке чыйрала түштү.
- Дегенге акым бар. Ал сырымды акыретке ала кетпей, акыры жан адамга - сенин өзүңө айтканыма тоба-а.
Токтоо үн каткан айал бары-жокко, өмүр-өлүмгө кайыл тургандай, өктөм буйрук берди:
- Мээле мени. Жебени ортон менен бармактын ортосуна оңдой карма. Диңгекти катуураак тарт эми!
- Мээлесе, мээлейм. Айанбайм! - деген Атаке жебени ортон менен бармактын ортосуна кыса, өөдө көтөрө берди. Кежир неме кайра айнып кетти:
- Жок, атпайм!.. "Жок" деймин да...
Ай жарыгында акыйлашкан экөөнүн тең амалы куруса да, Атакенин турмуштан жыйган даярдыгы аз эле. Жаңыл Мырза жаасын сунуп, өз башын өлүмгө тике байлап турганы анын акылын кертти, намысын козгоду шекил. Жаа жебесин төмөн түшүрүп, Жаңыл Мырзадан ашкан кеп айтты:
- Анда эмесе, мен мынабу Акболотум берем! Дамаш кылыч.
- Ок-к, Атакеш! - деп чындап чочуп кетти айал:
- Жаны тозокко түшчү мен бейбакка дамаштын кереги не? Арыдым мен акыры... Сенин Акболотуң менен менин Алеңгир жаам үндөшүп, атыңды чыгарсын, Атакеш. Өзүңө берер ак батам ушу!
Манап насили калышкысы келбеди:
- Анда эмесе, ырым кылып, Алеңгир жааны сатып алайын... Акысына мобуну алыңыз.
- Мунуң эмне, каралдым?
- Хан атам Түлкүдөн тумар. Канчык... опей, карышкырдын дөң бөрүсүнүн ашыгы.
Кетечиктин боосун чечип, ашыкты колуна алып искеген Жаңыл Мырза бир саамга тыма түштү да, кескин, өктөм сүйлөдү:
- Кет, каралдым. Караңгыда кармалба, караан үз. Хан Түлкүмүн кадырына жетпей калганым - менин кайгым. Башым менен тең жатар кайгыны кайталап айтып кантейин. Эми тулпарымдын туйагы бар деп сага каниет кылармын. Сыртыңан кабарың угуп, карааныңа жалынармын көргө башым киргиче. Мен сени, сен мени көргөн жоксуң. Омийин, аттан!
Атаке атына минип, ашууну өрдөп узай бергенде гана озондоп ыйлап, ичтеги бугун, кусасын сыртка чыгарып алды. Аска-зоолор анын сырын түшүнгөндөй жаңырыктайт:
- О-оо-оуу! О-оу!..
Аңгыча шоона жиптей кызыл сызык чыгыш тараптан күн чыгарын кабарлады. Атакенин Акболот кылычы сол ыптада кемерине байланган. Оң каруудан солго арта тарылган Алеңгир жаанын учу Акболотко тийише калып, үн алыша кыңгырай келет...
Бара-бара "Атакенин Акболот" аталган ошол дамаш кылыч кыргыз, казак тарыхынын асманында дээрлик жүз элүү жыл жаркылдап, ойрот-калмактын, кокондуктардын, Цин жана Орус империяларынын Алатоого баскынчылык жолун торойт. Касиеттүү куралдын даңкы менен даңазасына коңшулаш казак хандары Абылай, Уали, Кенесары, Ноорузбай сонуркайт, Тезек, Сыпатай, Рүстөм султандар күбө өтөт. Капысынан катылган Көкжал Барак менен Бердикожонун катыгын колуна берет. Кокон бектери Эрдене, Нарбото шыпшынса, калмак хандары Калдаң Серең, Лама Доржу, Давачы, Амурсананын үшүн алат.
Айтору, Акболот атадан балага: Атакеден Таштанбекке, Таштанбектен Жантай ханга, Жантайдан Ормон хандарга мурас катары берилип, Жаманкара, Төрөгелди, Калпак баатырлардын колунда жүз элүү жыл кыргыз жерин жоодон сактайт...
Аттигиң, ага чейин канча бар! Кырк уруу кыргыз өз эркин коргоп, эл катары эңсе көтөрчү күндөр али алдыда. Акболот дамаш кылычын жаңыдан жанга байланган Атаке бир аптадай көз жашырып, эр Солтоной колунан сурак-сопкутсуз ээндей жүрүп кетти...

Урматтуу окурман!
"Айгай" газетасынын алгачкы сандарына жазуучу Акбар Рыскулдун "Атакенин Акболот" аттуу тарыхый романынан үзүндү жарыялап турдук. Көптөгөн кызыгуу жаратса дагы, көлөмдүү романды толугу менен газета беттеринде жарыялоо мүмкүн эмес.
ХVIII кылымдагы тарыхый окуялар менен тарыхый инсандардын бейнеси чагылдырылган бул көркөм чыгарма өз алдынча китеп болуп чыгуусу күтүлүүдө.
"Атакенин Акболоту" тезирээк жарык көрүп, сапары байсалдуу болсун!




Жаңы рубрика
Калем төшөлтүү

Ушул рубриканын алдында болочок журналист, жаш калемгерлердин алгачкы макалаларын жарыялап турууну чечтик. Мунара менен Кымбат - журналистика бөлүмүнүн биринчи курсунун студенттери. И.Арабаев атындагы университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда билим алышат.

Ди-джейлерге ырдап
чыгуу модабы?
Жагымдуу добушу, жумшак сөздөрү менен угармандарды ыраазы кылган Гулбарчын Абдрахманова - улуттук радионун ди-джейи. Соңку учурларда Гулбарчын ырчылык өнөргө да кадам таштады. Анын тушоосун кескен "Бейтааныш жигит" аттуу ыры радио түйүндөрүнөн оболоп жатат.
Г.Абдрахмановадан таалим алган анын кесиптеш иничеги Эмил Чекиров дагы ыр жаздырып, жарашымдуу жасалга тиктирип жүргөн чагы. Муну көрүп туруп "Ди-джейлерге ырдап чыгыш модабы?" деген суроо туулат.
Эмнеси болсо да, таланттуу жаштарыбызга ийгилик тилейбиз.

Алимжан кызы
Мунара


Адам аттарын
изилдеген агай
Мамлекеттик тил жана маданият институтунда профессор, филология илиминин доктору Шералы Жапаров агайыбыздын эки китебинин бет ачары болду.
"Адам аттары - эл тарыхы" деп аталган алгачкы китеп ономастика проблемаларына арналган. Ш.Жапаров илимдин бул тармагында көп жылдардан бери изилдөө жүргүзүп, ага негиз салуучулардын бири болуп саналат.
Агайдын экинчи китебинде кыргыз тил илимине зор салым кошкон залкар окумуштуулар Б.Юнусалиев жана Т.Акматовдун өмүр жолу, илимий табылгалары ынанымдуу даректер аркылуу баяндалат.

Амир кызы Кымбат










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan