Аман бол, адам бол!

КАЙРАН ЭЛ
"Өзүнүн кул экенин билип туруп, ага каршы күрөшпөгөн адам - чыныгы кул"
(В.И.Ленин)

"Шордуу эл"
Бүгүнкү Кыргыздын бир аты ушундай. Чынында, дүйнөдө тили жок болуп бараткан элден өткөн шордуу эл болбойт. Себеби, тилдин жок болуп баратышы - ал элдин өзүнүн жок болуп баратышы деген сөз. Өзүн-өзү өлтүргөн адамды эч ким мактабагандай эле, өзүнүн тилин унутуп, өзүн-өзү басынтып, жок кылып жаткан элди да эч ким "жакшы эл экен" деп айтпайт. Тескерисинче, андай элди ар ким басынтып, байкуш, мажүрөө жан катары шылдыңга алып кеп кылат.
В.И.Ленин: "Өзүнүн кул экенин билип туруп, ага каршы күрөшпөгөн адам - чыныгы кул" - деген. Азыр кыргыздын көбү ошондой: өзүнүн "кул" болуп калганын билип туруп, бирок ага каршы күрөшпөй жашоодо. А чынында, кыргыздын чыныгы ак сөөк эр-азаматтары 1916-жылкы үркүн учурунда Кашкар, Турпанды карай качып бараткан жолдордо, 1930-жылдары Совет бийлигин орнотуу учурунда "басмачылар" аталып, 1936-37-жылдардагы репрессия мезгилинде "пантуранчыл", "пантүркчүл", "улутчул" деген атка конуп, 1951-53-жылдары "бай-манаптын калдыктары" деген шылтоолор менен "тазалоодо" жок болгон сыяктанат?
Анткени, элди дайым элдин мыктылары ("ак сөөктөрү" же бүгүнкү тил менен айтканда "улуттук элита") сактайт. Менимче, элдин ошондой мыктылары жок болуп калганы үчүн тилибиз жок болуп бараткан тилдердин катарына кирип отурат.
Лениндин дагы бир "Оңдолгон ката ката эмес" деген сөзү бар. Анан өзүнүн кетирип жаткан каталарын көрүп туруп, аны оңдобогон эл - шордуу эл эмей эмне?!
Бисмарк айткандай: "Акылдуу адам башка бирөөнүн катасын көрүп, өзүнүкүн оңдойт, акмак адам өз башынан өтмөйүнчө билбейт". Ал эми "шордуу эл" өз башынан өтүп жатса да, аны эмне үчүн шор басып жатканын аңдай албайт?
А, чынында, кыргыздын байыркы эл экенин, улуу экенин таанып, ага акыл айткан адам көп, бирок аны уккан кыргыз аз. Мисалы, орус элинин өкүлү болсо да, кыргызча таптак сүйлөп, түш жоруган Василкова Галина Алексеевна өткөн жылдары бир телеберүүдө катышып отуруп минтип айтты: "Кыргыз мамлекетинин эли бактылуу жашаш үчүн кыргыз жаштары кыргыз тилин сүйүп, барктап, аны ыйык тутуп алып жүрүүгө милдеттүү. Ар бир улан - кыз "Мен кыргызмын" деп кыргыз болгону менен сыймыктанышы керек".
Шордуу элдин дагы бир белгиси ушул: Аны башкалар коргоп атса да, өз балдары аны коргобойт.
Мен да тарыхты окуп жүргөн адаммын. Эч качан мамлекет, патриоттор же улутчулдар тарабынан жок болгонун окуган эмесмин. Эгер эл жок болсо эле, анда "улутсуздар", "саткындар", "чыккынчылар", "эки жүздүүлөр" тарабынан жок болуп келген. Же билими тайкы саясатчылар мамлекетти башкарганда өлкө жок болуу тагдырына учураган.

"Оорулуу эл"
Улуу Ибн Сина минтип айткан: "Бир адам сыяктуу эле Эл да ооруйт. Бир адамды дарылагандай эле Элди да дарылап айыктырыш керек".
Мага да бүгүн биздин Эл "ооруп", психологиясы өзгөрүп калгандай туюлат? Бул ойду мага бир тилчи немис профессору да айтты.
Мисалы, биздин саясатчылар "өлүп бараткан" кыргыз тилинин укугун коргоонун ордуна, өсүп бараткан орус тилинин укугун коргошууда.
Кыргыз интеллигенциясы, кыргыз тилин жакшы билгени менен сыймыктануунун ордуна, Совет мезгилиндегидей эле орус тилин жакшы билгени менен сыймыктанышат. Дагы деле орус тилин билимдүүлүктүн критерийи катары карашат.
"Улутчул" болуунун ордуна, "улутсуз" болгонду туура деп эсептешет, аны прогрессивдүү багыт катары таанышат. Бул жол Кыргызды улут катары жок кылчу жол экенин, мындай иш - аракет "улуттук чыккынчылыкка" жатаарын түшүнүшпөйт же билмексенге салышат.
Кыргыз мамлекети бүгүн: Майда, жапайы бутактары көп, өзөгү ичке, каралбай калган даракка окшош. Анткени, кыргыз интеллигенциясы Дарактын "тамырына" суу куйгандын ордуна, "бутактарына" жана "жалбырактарына" суу куюшууда.
Баласын жолго узатып жатып, "кайда жүрсөң да адам бол", деп бата берүүнүн ордуна, кыргыз карыясы бүгүн "кайда жүрсөң да аман бол" деп бата берет. А чынында, "адам" болбогон адамдын аман жүргөнүнүн эмне кереги бар?
Ошентип, "Жыгылган оогонго күлөт" дегендей , жыгылып калган адамдар, ооп бараткан кишилерге күлүшүүдө.
Элдин таламын талашып, эрдик кылгандарга эмес, уурулук кылып, ушак айткандарга эл ишене турган болду.
Эл "ак" менен "каранын" айырмасын билбей калды.
Бүгүнкү күндөгү көпчүлүктүн сүйгөн макалы: "Элиң бөрү болсо, бөрү бол, элиң түлкү болсо, түлкү бол".
Кыргыздар, атасы - Манас, "түлкү Манас" эмес, "арстан Манас" болгонун унутушту. Ушундай адамдардын тобун анан кантип "соо эл" деп айтасың?...

"Эркин адам" менен "кул адамдын" айырмасы эмнеде?
"Сөз чынынан бузулбайт" дегендей ачык айтыш керек: өзүнөн өзү эле "басынган" эл болбойт. "Басынткан эл" бар болгону үчүн "басынган эл" пайда болот. Башкача айтканда, шовинизм болбой туруп, улутчулдук жаралбайт.
Бул ой кыргыз элинин илгертен бери: "Бай болбой - кедей болбойт, бий болбой - кул болбойт" деген жөнөкөй эле коом таануу көз карашынан келип чыгат. Же тескерисинче, бул: "Байдын бай экенин кедейди карап билесиң, бийдин бий экенин кулду карап тааныйсың" деген сөз.
Анын бир нече негизги себептери бар. Биринчиден, эркин эл катары жашап жатканына 17 жыл өткөнүнө карабай, кыргыз "кулдук" аң-сезимден кутула элек, ал эми Кыргызстанда жашап жатышкан орустар, Совет мезгилиндегидей эле шовинист, дагы деле өздөрүн "кожоюн" сезишет. Экинчиден, кыргыз тили мурункудай эле Мамлекет ичинде "эл аралык катнаштын" ролун аткарууга, "иш кагаздарын" жүргүзүүгө жарамсыз "кулдун тили", орус тили ошол эле бойдон башкы ролдордун баарын өзүнө алган "кожоюндун тили" катары кызмат кылып келүүдө. Аны эгемен Кыргыз өлкөсүндөгү "кош тил" саясаты эң сонун көрсөтүп турат.
Мен ушул убакка чейин бир эле убакта эки элдин адамы (тектеш элдердин өкүлдөрүн айтпаганда) бири-бири менен өз тилдеринде сүйлөшүп, бири-бирин түшүнүшө бергенин көрө элекмин. Сөзсүз бири экинчисинин тилине өтүп сүйлөйт. Мисалы, кыргыз менен орус сүйлөшсө, кыргыз ойлонбой эле орус тилине ооп өтөт. Кыргыз - Кыргыз өлкөсүнүн ээси экенине, орус эгемен Кыргыз мамлекетинде жашап жатканына карабайт. Эмне үчүн?
Анткени, атам замандан эле эркин адам өз тилинде, кул адам бийдин тилинде сүйлөп келген. Кулдун өз тили болбойт. Болсо да, күнүмдүк жашоо үчүн ал сөзсүз кожоюндун тилин үйрөнүүгө милдеттүү жана аны менен сүйлөшүп жатканда, сөзсүз кожоюндун тилинде сүйлөшүүгө аргасыз. Ансыз ал жашай албайт. Тилин түшүнбөсө, аны кожоюн айдап жиберет. Аны иштетпейт. Анткени, тилин түшүнбөгөн кулдун ага эмне кереги бар? Жыйынтыктап айтканда, кыргыз - "кул", орус - "кожоюн", ошондуктан өз мамлекетинде жашап жатканына карабай, кыргыз орус тилинде сүйлөйт.
Табияттын мыйзамы ушундай: Эркин адам эч качан кулдун тилин үйрөнбөйт, кулдун салтын да карманбайт. Тарыхта андай болгон эмес. Аны түшүнүшпөй, биздин кул сезимден кутула элек жетекчилер өздөрүнө кошуп, биздин байыркы ак сөөк элди кулга айлантышууда.
Кулдун ар-намысы болбойт, ошол үчүн ал кул. А ырасында, ар-намыстуу адам кул болбойт.
Кулдун максаты болбойт, ошол үчүн ал кул. А ырасында, максаттуу адам кул болбойт.
Кулдун "жүрөгү" болбойт, ошол үчүн ал кул. А ырасында, "жүрөктүү" адам кул болбойт.
Кул-курсагы менен ойлонгон адам. Анын бүт акыл-эси кылып жаткан ишине, күнүмдүк жашоосуна багытталган. А ырасында, башы менен ойлонгон адам кул болбойт.
Кулдун эрки болбойт, ошол үчүн ал кул. А ырасында, эрки күчтүү адам кул болбойт.
Ататүрк: "Азыркы замандагы эң коркунучтуу чыккынчылык - ал депутаттардын башка элдин кызыкчылыгына сатылып кетүүсү" - деп айткан. А ырасында, бул кулдарга тиешелүү көрүнүш. Эркин адам башка элдин жардамын колдонуп, өз элин көтөрүшү мүмкүн, бирок эч качан сатылбайт. Ал эми кулга баары бир, ал курсагын ким тойгузса, ошол адамга кызмат кыла берет.

"Тоту куштар" же "белимчи эл"
Кыргыз элинин: "Ит төрөсү - кумайык, куш төрөсү - буудайык" деген сөзү бар. Анан жомоктордун баарында, бүркүт куштардын күчтүүсү, мыктысы, төрөсү жана падышасы катары айтылат. Эгер кыргыз элин "куш эл" деп образдуу ойлонсок, анда тилекке каршы аны башкарган саясатчылардын арбыны "бүркүттөр" эмес, "тоту куштар".
Бүгүн бизде "тоту куштар" абдан көбөйүп кетти. Алардын айынан бүт кыргыз эли "тоту куш" атка конду. Бир жолу Душанбеде бир семинарда тил тууралуу сөз болуп кетип, казак жигити: "Биз "тоту куш" сыяктуу эл элек, азыр эми талаанын үстүнөн кайкып учкан "бүркүткө" айланып баратабыз, өзбектер тоту куштан - "тоос кушуна" айланды, силер кыргыздар гана "тоту куш" бойдон калып келатасыңар" - деди. Анан кошумчалап: "Бишкек шаарында бүт дүйнөнүн тилдери бар", - деген сөздү айтты. Мен күлүп тим болдум. Анын айтканынын калети жок эле.
Ырасында, тоту куш Адамдан эмне сөздү жаттап алса, ошону эле кайталап айта берет. Кайсы тилди үйрөнсө, ошол тилде сүйлөйт. Анын өзүнүн тили болбойт адамдардан айырмаланып, "куштар" "атанын уулу", "эненин тили" же "Эр энеден төрөлөт, Эл үчүн өсөт" деген сыяктуу сөздөрдүн жана макалдардын маанилерин түшүнбөйт, жөн гана жаттап алып айта берет.

Байас Турал,
тарыхчы










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan