Чегараң бекпи, кыргызым?

Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын төрагасы,
генерал-майор Замир Молдошев:
"Саясаттын өзгөрүшү бизге таасирин тийгизбейт"
- Жолдош генерал, эң алгач маегибизди ушундан баштасак, өткөн жыл сиздер үчүн кандай жыл болду? 2007-жыл менен салыштыруу жагдайында эмне кеп айта аласыз?
- Деги эле өтүп кеткен 2008-жылдагы ишмердүүлүгүбүздү анализге алып караганыбызда бир топ алга жылуулар болгонун айта кетсек болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттик чегараны коргоодо жана кайтарууда каражаттарды жана күчтөрдү комплекстүү түрдө колдонуу максатында заманбап ыкмаларын киргизип жатабыз. Мындай ыкмалар өз жемишин берип, каражаттарды жана аскердик күчтөрдү чачууга жол бербестен, коркунучтарды "түйүлдүк" мезгилинде эле жоюуга көмөк көрсөтүүдө. Белгилей кете турган болсом кыргыз-казак, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик мамлекеттик чегараларындагы айрым бир участоктордун толук жабылбагандыгынын (прозрачность) айынан эл керектөөчү товарлардын, күйүүчү май-заттардын, айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн контрабандалык түрдө ары-бери өтүшүнө шарт түзгөн. Мындай көрүнүш улана турган болсо терроризм, экстремизм жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Мына ошондуктан жогоруда аталган заманбап ыкмалардын колдонулушу алардын алдын алууга боло турган мүмкүнчүлүктөрдү шарттап келет.
Салыштырып карай турган болсок 2007-жылы 571 мамлекеттик чегараны бузуучу катталган болсо, 2008-жылы - 430, чегара режимин бузган 161 учур 2007-жылы катталган болсо, 2008-жылы болгону 139 учур катталган. Контрабандалык жүктөрдү ташыган 31 учур (2007-жылы - 58), баңги заттарды кармаган 14 учур (2007-жылы - 16), 2007-жылы 3 жолу курал-жарак кармалган болсо, 2008-жылы 9 жолу, ок дарыларды кармоонун 5 фактысы (2007-жылы 3 факт) катталган. 2007-жылы мамлекеттик чегараны коргоо жана кайтаруу боюнча 10 жолу күчөтүлгөн режим киргизилген болсо, 2008-жылы оперативдик кырдаалга жараша 20 жолу киргизилген. Мурдагы жылы чегарада 30 чыр-чатак (инцидент) катталса, өткөн жылы 32 учур катталган. Мамлекеттик чегарадан 2007-жылы 9041374 адам өткөрүлгөн болсо, 2008-жылы 9181950 киши өткөрүлгөн. Ошондой эле мамлекеттик чегарадан транспорттук каражаттардын 3438730у 2007-жылы өткөн болсо, 2008-жылы 2886336сы өткөрүлгөн. Кыргызстанга кирүүгө (чыгууга) тыюу салынган 85 адам 2007-жылы кармалган болсо, 2008-жылы 142си кармалган.
- Замир Мырзабекович, бир аз мурун Жогорку Кеңеш депутаттары "Чегара кызматындагы жоокерлердин абалы мышык ыйлагыдай"-деп баа беришти. Депуттаттардын дооматтарынын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Каржы маселеси каякта болбосун көйгөйлүү болуп турган чакта, албетте бизде деле анча-мынча маселелердин чечилиши созулуп келет. Оорук бөлүмдөрүнүн офицердик кызмат орундарын сапаттуу комплектилөөдө кыйынчылыктар кездешүүдө. Себеби, чегара кызматы түзүлгөндөн баштап,бул орундар атайын оорук аскердик окуу жайларын бүтүргөн офицерлер менен комплектиленген эмес. Ошол себептен кошундардын жана бөлүктөрдүн оорук кызматынын зардалдары прапорщиктерден коюлуп келген жана коюлуп келет. Өз кезегинде алар заставанын старшинасы жана складдын зардалы кызматтарында кызмат өтөшкөн. Чегара кызматынын азыркы оорук тутуму коюлган тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткарууга чамасы жетиштүү. 2008-жылы азык-түлүк менен камсыздоо үчүн керек болгон каражаттын 55%ы гана бюджетте бекитилген. Бекитилген сатып алуу планы боюнча азык-түлүк продуктыларын жана техникалык каражаттарын тендердик жол менен сатып алуу өз убагында жүргүзүлдү. Эгерде 2007 - жана 2008-жылдардагы материалдык каражаттарды сатып алуу процессин анализдей турган болсок, азык-түлүк сактоочу кампанын зардалдарынын ишинин жакшырып баратканын белгилей кетсек болот. Бийик тоолуу алыс аймакта жайгашкан чегара бөлүктөрүндөгү жеке курамды сапаттуу тамак-аш менен камсыздоону уюштуруу үчүн чегара кызматынын жетекчилиги тарабынан каймак - майдын ордуна сары майды сатып алууга чечим кабыл алынган. Күйдүрүлгөн сары майды муздаткычы жок эле +30-35градуста сактоого болот. Ошол эле маалда талаа шартында тамак-аш жасоонун процессин тездетүү жана сапатын жакшыртуу үчүн ар түрдүү ассортиментте концентраттар сатылып алынган. Бул да болсо жоокерлерге жасалган камкордук эмеспи. Жоокерлердин абалын талапка жооп бергидей деңгээлде кармаганга чама чаркыбыз жетиштүү. Мындан башка чегара кызматынын өздүк курамынын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана турак-жай менен камсыздоо максатында Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу 1,5га жер участогу чегара кызматынын аскер кызматкерлерине жеке турак жай курууга берилгени жатат. Андан сырткары жер-жерлерде аскердик үйлөр курулуп, бүткөндөрү пайдаланууга берилди. Муну менен алыскы застава отряддарга барып, кызмат өтөгөн биздин кызматкерлердин үй - бүлөлөрүн турак-жай менен камсыз кылуу маселесин чечип жатабыз.
- Мамлекеттин башкы чегарачысы катары бүгүн эң көйгөйлүү маселе деп эмнени айта аласыз?
- Жашырганда не? Ырасында эле чече турган маселелер абдан көп. Учурда жалпы дүйнөдө экстремизм, терроризм коркунучу күчөп турган чакта мамлекеттик чегарабыз бекем болушун камсыз кылышыбыз кажет. Ал үчүн колдон келишинче заманбап ыкмаларды, техникалык каражаттарды жайылтуу аракетин көрүп келатабыз. Мындан сырткары биздин чегарада толугу менен делимитация, демаркация жүргүзүлө элек. Ушундан улам чыр-чатак маселелери келип чыгууда. Ошондой эле эл аралык стандартка жооп бергидей өткөрүү пункттарынын саны да аздык кылууда. Кадрдык маселе да бир топ кыйынчылыктарды жаратып келет. Себеби, нака чегарачылык адистикте даярдалгандар бизде чынында аз. Жер-жерлерде чегара кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн саркерлери өсүп келе жаткан кенже түзүмдөгү офицерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууда тайкыраак. Кээ бир учурда жетишсиз иш жүргүзүп келе жатышканы да байкалды. Ошондой эле каржы маселеси абдан көйгөйлүү болгондуктан баары барып акчага такалган кезде анын жетишсиздиги кендирди кесип келет. Анын айынан мыкты кадрларды кармап кылуу кыйынчылыкты туудуруп жатат.
- Биздин мамлекет түндүгүнөн Казакстан, түштүгүнөн Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет. Чегара көйгөйү кайсыл тарапта көбүрөөк жүз берип жатат?
- Бизде көйгөйлүү маселе түштүк тарапта гана мезгил мезгили менен байкалып келет. Түндүк тараптын чегарасы толук аныкталгандыктан бул жакта эч кандай келишпес пикирлер болбойт. Ал эми, түштүктө жогоруда айткандай делимитация, демаркация иштери бүтпөй келгендиктен майда-барат чыр-чатактар көп эле болот. Анын баардыгы тең жергиликтүү чегаралык өкүлчүлүктөр тарабынан чечилип, бир келишимге келүүгө аракеттер көрүлүп келет. Аларды таптакыр болтурбай коюу үчүн чегара так аныкталышы шарт. А бул болсо тиешелүү мамлекеттердин өкмөттүк деңгээлинде чечиле турчу маселелер.
- Жолдош генерал, суроом ыңгайсыз болсо кечиресиз. Биз Акаевдин доорунда Үзөнгү-куушту, Кытайга бердик. Мына жакында Кааркыраны казактарга ыйгардык. Түштүктөгү анча-мынча жерлерибизди өзбек, тажик туугандарга берүү планы жокпу?
- Бул маселе боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, чечимдер чыгарылган. Чынын айтканда биз чегарачылар кыргыз жеринин ар бир кадамын коргоого жана кайтарууга даярбыз, ошол үчүн кызмат өтөп жатабыз. Калган сурооңузга толук кандуу жооп алам десеңиз делимитация жана демаркация маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө кайрылганыңыз оң болоттур дейм.
- Жаңы бийлик орногонуна төрт жыл орногонуна мына төрт жылга аяк басып олтурат. Ушул мезгил ичинде чегара кызматы кандай ийгиликтерге жетише алды?
- Биздин алдыбыздагы турган негизги милдет - мамлекеттик чегараны коргоо. Андыктан, ички саясаттын өзгөрүшү анчейин деле бизге таасирин тийгизбейт. Алдыбызда кандай максаттар турса, кандай бийлик болсо да алар өзгөрүүсүз турушу керек.Себеби, биз мамлекеттик чегаранын бүтүндүгүн камсыз кылышыбыз зарыл. Ал эми биздин ишмердүүлүктө жылдар өткөн сайын албетте алга умтулуулар, ийгиликтер болуп жатат. Чегара кызматы эгемендүү мамлекет болгонунан бери быйыл он жыл толуп олтурат. Бул жылдар аралыгында чегарачылардын башынан бир канча сыноолор өттү. Баткен окуялары, андан кийинки 2006-жылдын 12- майындагы окуя. Ошол убактарда биз, чегарачылар башка күч структураларынын кызматкерлери менен бирдикте эрдик көрсөтүшүп, мекенибизге көз арткандардын жолуна бөгөт кое алдык.

Маектешкен
Алмаз Ташиев




Тажиктерге алданып…
Адахан кыргыздын жерин ижарага алды
Айтылуу Адахан Мадумаров акебиз мурун элдик лидер, көпчүлүк кумир туткан чыгаан жигит болчу. Азыр болсо өз жүрүшү менен эл арасына аскиясы тарап, анекдоттун каарманы болуп чыга келди. Эки, үч жыл мурун Аксыга барып "эркектигин" көрсөтө койом деп, шылдың болуп келгенин билебиз. Анысы абийир экен. Президент Маскөөдө АКШ базасын чыгаруу чечимин жар салганда, Адахам мырза: "Бул мен үчүн "ГОРДОСТЬ" деп салган. Жетине албай кубанганын орус ММКларына айтып, элдин баары күбө болгон. Эми өзү ишенген, бир жолу "кидала" болгон ажосунун "АКШ менен сүйлөшүүгө даярмын" дегенине эмне дээр экен? Анткени, Адахамдын "гордосун" ажо тебелеп салып атпайбы?
Адахамдын буларына да мейли эле, күнүмдүк кызыкчылык деп көз жумалы. А, Баткендеги кылыгын кантип түшүнөбүз? Кыргызга каршы саясат жүргүзүп жаткан жокпу?
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда делимитация боло элек талаш жерди ижарага алып баса берди. Минткени жерди тажиктерге ыраа көргөнү эмеспи. Мамлекеттик саясатта "эркектигин" көрсөтө албай жатпайбы? Биздики калп десе, Баткендиктер жалган айтпастыр. Ошол жердеги болгон сөздөрдөн үзүндү келтирели. Окуп көрүп, өзүңүз жыйынтык чыгараарсыз урматтуу окурман.

Адахан Мадумаров,
КР коопсуздук кеңеш
катчысы:
- Тажикстан тарап 49 жылга символикалык акы менен бул жерди ижарага берди. Бул жолдун курулушунда, айрыкча ушу Исфара дарыясынан өткөн көпүрө боюнча маселе чечилбей келген. Эми кудай буюрса көпүрөнүн курулушун эртең таң эртеңден да баштай берсек болот, ал маселе чечилди. Мен айтаар элем, бүгүнкү жолугушуубуз абдан жемиштүү болду.

Карамат Орозова,
Баткен райондук
кеңешинин депутаты:
- Азыр бул ижарага алынган жерди Тажикстандын же Кыргыз Республикасынын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиясы чече элек. Чечилбеген ортодогу жерди эмне үчүн Кыргызстан ижарага алышы керек?

Ашырбек Саламов,
Баткен районунун тургуну:
- Мисалы, Кыргызстан тарап 49 жылга Канибадам подстанциясына линия тартуу үчүн жер берген. Ошол эле сүйлөшүүлөрдүн негизинде катуурак туруп, маселени чечсе болмок. Эми Ак-Сайдагы талаш 275 метр жерди биз кайрадан ижарага алып атканыбыз таптакыр түшүнүксүз болуп калды. Бул демек демаркация, делимитация процесстери өтпөй жатып эле, биз бул жер Тажикстандыкы деп мойнубузга алып жатканыбызды түшүндүрөт да.

P.S. Ижарага алабыз деген жер мурда Кыргызстанга тиешелүү болгон экен. Советтер Союзунун учурунда ошол жолдо турган көпүрөнү да кыргыз тарап куруптур. Анан комиссия чече элек жерди 49 жылга ижарага алган Адахандын чечимин түшүнүп-түшүнбөй турабыз. Бийликке отурганы ушинтип кыргыз жерин каалагандай кертип бере береби же кыргыздар ошончолук кемпайбызбы?

Памир МАНАС









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan