"Неудобный" суроолордон
Акаевдин акырынан тойгуча жем жеп, ээлебеген кызматка албай, кийин Бакиевдин заманында андан бетер шапар тээп жүргөн Керимкуловдордон деле дайын чыкпай кетти. Шектүү жерлерге түк жолобой, натуура сөздү эч бир жерде сүйлөбөй, чоңдорго жаман көрүнбөй, гезиттерден жаа бою качып, кулактарын жапырып "күтүп" эле отурушат сыяктанат атактуу ага-инилер. Күткөндөрү баягы: Ак үйдөн бир шыңгырак... Же тигилерден эч бир кабар-катар жок. Убакыт болсо өтүп атат зуулдап. Элиме-журтума кайдыгер эмесмин деген жигит аттуунун баары эбак эле же тиги партияда, же бул лагерде. А Керимкуловдор кайда? Дайын жок. Сак жүрүшөт сыяктуу. Так жүрүшөт сыяктуу. Кимге болсо да абдан "берилгендик" менен иштейбиз деген ойлорунан кайта элек сыяктуу.
Ау, кайдасыңар Медетбек, Айдарбек? Мынча күттүңөр, күтө тургула эми аягына чейин…



  Жаңы дайындоо

Керимкулов - директор
Өткөн сандарыбызда ушинтип ага - ини Керимкуловдорго "неудобный суроо" салып, "издедик" эле. Дайындарын таптырган эмес. Кечээ жакында бирөөсү бийлик горизонтунда пайда болду. "Айгай" жазгандай: "Күткөндөрү баягы: Ак үйдөн бир шыңгырак..." демекчи, Айдарбек Керимкуловго Ак үйдөн телефон шыңгыраган белем. Президент
К. Бакиевдин жарлыгы менен жаңы ишке орношту. А. Керимкулов - мамлекеттик кызмат агентигинин директору ...


  Гезит - дайджест

Ким мененсиз, урматтуу Президент!
Сизди ушул бийликке алып келген революционер "досторуңуздан" кимдер жаныңызда калды? Менимче өз пикирин айта албаган, "мени жеткен жерим ушул мамкатчылык" - деп момпоюп отурган, маараке менен аш, тойлордо, белгилүү инсандарыбыз каза болгон учурда теледен жылт эте пайда боло калган, жакын саналаш акем, Досбол Нур уулунан башка эч ким калбаптыр. Айланаңызда чындыкты бетиңизге ачык айта ала турган эч ким жок. Бардыгы кызматтын кулу болуп отурушат.
... Алдыда Президенттик шайлоолор келатат. Элди аралаганда Чудинов менен Малеванаяны жаныңызга алып жүрөсүзбү? Бирок, шайлоо алдында командаңызда кимдер бар экенин, дагы бир ирет карап койсоңуз.
Сиз ким мененсиз, мырза Президент?
Сизди терең урматтоо менен,
иниңиз Бекен НАЗАРАЛИЕВ

("Жаңы Ордо" 6-март, 2009-жыл)









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan