Футбол: Чемпиондор лигасы

Европаны англистер жоолап алабы?
"Айгайдын" өткөн санындагы макалабызды "Сегиздин бири - Кыдыр" деп атаган элек. Анткени, Чемпиондор Кубогу үчүн жети таймашта артыкчылык анча байкалбай, сегизинчи таймашта гана "Бавария" 5:0 эсеби менен "Спортингди" ойсурата жеңген.
"Бавариянын" чейрек финалга чыкканы күмөн туудурбаса дагы, берки "Жетөөнүн кимиси чейрек финалга жетет?" деген суроо бүйүрдү кызытып турду. Анткени адепки жети оюндун төртөө тең чыгуу, үчөө араң эле 1:0 эсебинде утуш менен аяктаган.
Алгачкы сегиз беттешүүдө Англиянын үч командасы гана минималдуу жеңишке жетишип, бирден топ киргизе алган. Булардын ичинен "Ливерпулдун" Испаниядагы голу салмактуу сезилген. Ал эми бирден голду бетине кармаган "Арсенал" менен "Челси" Италияга аттанмак.
"Го-ол!" деген табышмактуу түшүнүк, талдай келсең, кээде акылга да сыйбайт. Адепки оюндагы кенедей артыкчылык экинчи таймашта кардай эрип же сымаптай "кылт" берип кетиши мүмкүн.
Ошентип, 7 таймаштын тагдыры кылдын кырында, устаранын мизинде турду. Адатагыдай эле жуманын орто ченинде, шейшембиде жана шаршембиде өтө турган кезекки таймаштарда кара кыргын, кызыл сүргүн башталары анык эле. Кокус кылт эттиң - бүттүң!..
Бирок, шейшемби күнү (Бишкек убактысы боюнча түнкү экиде) башталган беттешүүлөрдө күтүүсүз көрсөткүч жаралды. Баягы "Бавария" баягы байкуш "Спортингди" кайрадан жер каратып, 7:1(!) эсебинде утуп алса болобу! Эки оюнда дарбазага немистер 12(!) топ салып, өздөрү бир гана гол өткөрүштү. Подольскинин эки тобунан кийин португалдар эңгирей түштү белем, үчүнчү топту Полга өз дарбазасына "таамай" тепти!.. Футбол эмес, хоккейге окшогон соңку голдорду санап отуруунун зарылчылыгы жок. "Рекорддук түшүм" берген мындай матч Чемпиондор лигасынынын тарыхында эч качан болуп көргөн эмес.
Жалаң "жылдыздар" топтолгон "Реал" өз талаасында 1:0 эсеби менен жеңилип, эми Англияга эски жоосу "Ливерпулдан" өч алуу үчүн аттанган. Жок, "Реалдын" мүдөөсү реалдуу эмес болуп чыкты. Королдук клубдун жылдызы тумандуу Альбиондо жаркырап жана албады. Англистер алгачкы көз ирмемден өктөм чабуулдап, испандардын шаштысын кетирди. 16-мүнөттө Торрес эсепти ачып, абалды ого бетер оорлотуп койду. Испандар эми үч гол менен жооп берүүгө мажбур эле. 28-мүнөттө Жеррард 11 метрлик айып тобун таамай тепкени толук жеңиштен кабар берди. Анткени, экинчи таймга мадриддиктер илең-салаң чыккыча, Жеррард торго үчүнчү топту салып үлгүрдү. Оюн аяктаар алдында Доссен төртүнчү голдун ээси болуп калды. Ливерпулдан жалпысынан 0:5 эсебинде утулуп, ызасы шакардай кайнап бараткан мадриддик чабуулчу Раулду, дарбазачы Касильясты... Королдук клубдун "жылдыздарын" карап туруу аянычтуу эле.
Шейшембидеги эки оюн жеңил аяктаса, калган экөө кадимкидей катуу кармаш менен өттү. Испанияда "Панатианикос" менен 1:1 эсебинде тең ойногон "Вильярреал" грек атаандаштарын Афинада 2:1 менен утуп алды.
Лондондук "Челсинин" Туринде "Ювентус" менен кармашы драмалык мүнөздө өтөөрү күтүлгөн. Ага чейин Англияда Дрогба бир топ тээп киргизген. Дүйнөдөгү эң кымбат дарбазачы Джанлуиджи Буффон өз интервьюсунда "Дрогбаны токтотуу" зарыл деген эле. Бирок, ойлогону орундалбай калды. Дал ошол Дидье Дрогба дагы шымаланып, оюн акырында эсепти теңеп кетти. Аттиң десең, буга чейин Иакинтанын тобуна Ессьен татыктуу жооп берип, экинчи бөлүктө испандарды Дель Пьеро алдыга чыгарган эле.
Шаршембинин түнүндө "Барселона" өз талаасында француздардын "Лионун" 5:2 эсебинде мыш кылды. "Барсада" Анри (25, 27-мүнөттөр), Месси (40), Это О (43), Кейта (90+5), ал эми "Лиондо" Жан Макун (44) менен Жуниньо (48) айрымаланышты.
Сэр Алекс Фергюсондун "Манчестери" Жозе Моуринью машыктырган "Интерди" 2:0 эсебинде утту. Голдорду москвалык "Спартактын" мурдагы коргоочусу Неманья Видич менен "Алтын топтун" ээси Криштиан Роналду киргизди.
Футболдун өз эсеби бар. Кээде тең чыгуу - утушка барабар. Айталы, Португалиянын "Портусу" Испанияда "Атлетико" менен 2:2 эсебинде "итжыгылыш" болуп келген. Эми өз талаасында эптеп жатып 0:0 ойноп, натыйжада жеңишке жетишти, анткени меймандагы голдун кадыры артык.
Алгачкы таймашта англиялык "Арсеналдан" 1:0 менен утулган "Рома" Италияда эсепти теңей алды. Бул үчүн "Романын" бразилдик коргоочусу Жуан 9-мүнөттө киргизген топ жетиштүү болду. Андан кийин Римде 111 мүнөт тытышкан эки команданын тагдырын 11 метрден тебүлчү топтор чечмей болду. Бул, албетте, лотерея. Кимдин бактысы жанаар экен? Бул сынакта дагы 6:6 деген эсепке жетишти. "Романын" сыналган жана кыраакы жоокери Макс Тонетто топту көкөлөтө асманга тээп алды. Бүттү! Ушуну менен римдиктер жер карап, "Арсенал" абийир таап кетти.
Чейрек финалга кимдер чыкты? Санайлы. Катуу кармаш, ачуу сынактан Англиянын төрт командасы тең аман-эсен өттү: "Арсенал", "Челси", "Ливерпуль", "МанЮ". Португалдык "Порто", немистердин "Бавариясы", испандык "Барселона" менен "Вильярреал".
О, эң мыкты сегиз команданын төртөө, демек, тең жарымы - англистер! Тумандуу Альбиондун туманы бүткүл Европаны чулгап кетеби?
Чемпиондор лигасы жана УЕФА Кубогу үчүн чейрек жана жарым финалдагы атаандаштар 20-мартта чүчүкулак аркылуу аныкталат.




"Зенит" менен ЦСКА
"Зенит" менен ЦСКА соңку үч жылда УЕФАнын Кубогу үчүн татыктуу ат салышып келгени белгилүү. Чемпиондор лигасынан кийинки бул мартабалуу Кубокту 2006-жылы ЦСКА жеңип алса, өткөн жылы "Зениттин" күнү тууган. Дик Адвокааттын командасы УЕФАнын Кубогу менен бирге Суперкубокту Санкт-Петербургка бөктөрүп келишкен. Анда "Зенит" Европада эң мыкты атанган "Манчестер Юнайтеддин" өзүн утуп алганы күйөрмандардын эсинде.
Россиянын эки командасы быйыл дагы ишенимдүү илгерилеп, сегизден бир финалга жетти. "Айгайдын" бул саны басууга даярдалып жаткан учурда "Зенит" Италияда "Удинезе" менен, ЦСКА Москвада Донецкинин "Шахтеру" менен алгачкы таймашууларды өткөрдү.

Россиянын Суперкубогу
Россия Суперкубогунун тарыхы 2003-жылдан башталат. ?лкө чемпиону менен улуттук кубоктун ээси март айында таймашып, өткөн жылды жыйынтыктап, жаңы сезондун ачылышына дем беришет. Суперкубокту ЦСКА үч жолу, "Локомотив" эки жолу, ал эми акыркы ирет Санкт-Петербургдун "Зенити" жеңип алган эле.
Россиянын өткөн жылдагы чемпиону Казандын "Рубини" 7-мартта улуттук кубоктун ээси ЦСКА менен беттешип, 2:1 эсебинде утулуп калды. "Лужникиде" ЦСКА толук үстөмдүк кылса да, жеңүүчүнү аныктоого кошумча убакыт талап кылынды. Оюндун биринчи бөлүгүндө Д.Шемберас топ киргизип, экинчи бөлүктө Р.Шаронов эсепти теңеди. ЦСКАга жаңыдан кошулган чех чабуулчусу Т.Нецид 113-мүнөттө гана акыркы чекитти койду.
Курбан Бердыев машыктырган татар жигиттери өткөн жылы Россиянын чемпиону аталышы кокусунан беле? Бразилиялык Зико машыктыра баштаган орус армиячылары алтын медалды быйыл Москвага кайтарып келишеби?
Бул суроолорго жаңы сезондо жооп алабыз.

Орустар Лондонго ооп барат
Орус олигархы Р.Абрамович 2004-жылы Лондондун "Челси" командасын сатып алганы алгачкы чоң сенсация болгон эле. Усманов
Россия курама командасынын насаатчысы Гуус Хиддинк лондондук "Челсини" машыктыра баштаганы, албетте, күтүүсүз сенсация болду жана көптөгөн суроолорду жаратты.
Голландиялык бул адис орустун курамасын жана англис "аристократтарын" кантип баш коштурат? Экөөн бирдей Лондондон бийлейби? Жок, Россия курама командасындагы ордун Хиддинк өз мекендеши, азыр "Зенитти" машыктырган Дик Адвоокатка калтырат деген кептер чыгууда.
Хиддинк өзү жакшы билген орус оюнчуларын Премьер-лигага чакыра баштаган шекилди. Ушу тапта ЦСКАнын мыкты оюнчулары Ю.Жирков, Вагнер Лав жана А.Дзагоев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын басма сөз тынымсыз кабарлоодо. Анын кайсынысы чындыкка айланарын убакыт көрсөтөр, азырынча Роман Емельянов аттуу 16 жашар өспүрүм "Челсиге" стажировкага барганы айкын.
Экинчи сенсация Россиянын жана "Зениттин" чабуулчусу Андрей Аршавиндин ысымы менен байланышты. "Арсеналдын" насаатчысы Арсен Венгер аны 15 миллион фунт стерлингке сатып алып, комаданын негизги курамына кошту. Бирок, Андрей илгери үмүт ишенимди актай алар бекен акыры?
Тоттенхэмде" ойногон Роман Павлюченко гана англистер менен башкалардан тезирээк тил табышты. Узун бойлуу, карылуу бул чабуулчу Премьер-лигада 7-8 гол киргизүүгө үлгүрдү.
Орус чемпионатында такшалган чет элдик легионерлер дагы Премьер-лиганы көздөй "чү койууда". ЦСКАнын таянычы жана сыймыгы болгон бразилиялык Жо, мисалы, "Эвертонго" келген жерден эле эки топ киргизди. "Зениттин" коргоочусу Пюигренье ушул жылдан "Болтондо", "Спартактын" жарым коргоочусу Радослав Ковач "Вэст Хемде" күч сынашмай болушту.
Орус футболчулары Премьер-лигага кайсы учурлардан тарта бара баштаганы жөнүндө менде так маалымат жок. Бирок, 90-жылдардын башында Дмитирий Харин, 2000-жылдардын башында Алексей Смертин "Челсиде" татыктуу өнөр көрсөткөнүн билем.
Таанымал чабуулчу жана машыктыруучу Эдуард Малофеев шотландиялык "Хартс" клубунда иштеп келген соң, минтип айтканы бар: "Британ клубдарынын, күйөрмандарынын салттарын, алардын рухий дүйнөсүн сезе билүү зарыл".
Салтты, рухту сезе билүү үчүн, албетте, убакыт керек. Кээде орун которуу ийгиликке алып келбейт. Антпесе, Украинада, Италиянын "Милан" командасында дүйнөгө таанылган Андрей Шевченко Англияга барганы аксап калат беле? Анын тескерисинче, белорус Александр Глебдин таланты дал ошол бриттердин командасында даана ачылды.
"Демек, орус футболчулары Англияга оогону күчөй берет.

Акбар Рыскул









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan