Эл дегендер эмне дейт?

Исмаил Исаков, экс - коргоо министри:
"Урматтуу кыргыз элим, биз кайда кетип баратабыз!?"
- Исмаил мырза, 11- мартта А.Жекшенкуловду Сот 9-апрелге чейин эки статья менен чечим чыгарып, камап коюшту. Ал жерде өзүңүздөр деле турдуңуздар. Ошого катар эле бийлик менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Жыйынтыгын көрдүк. Ушулар жагдайында не дейсиз?
Албетте, биз ал жагдайды текшерип көрдүк. "А.Жекшенкуловду күнөөлүү экен" - деген соттун бир жактуу тыянагына, чечимине каршыбыз. Бийликтин мындай ыплас, мыйзамдарды бузуу, өзүм каалагандай билемин, мен эмне кылсам, ошону жасаймын дегенинин далили, даана нак саясий куугунтук экендигин билдирет.
- Маселен кайсыл негиздер менен?
- Түрк бизнесмени 2007-жылы атылыптыр. Ошол убактагы Ички иштер министрлигинин маалыматтары азыркы жасаган иштери менен таптакыр карама-каршы; аны өзүңөр жакшы билесиңер.
- Жекшенкуловду эле Тышкы иштер министри катары, дипломатиянын профессионалы. Ал жигит эч качан башка өлкөнүн бизнесменине кол салганга барбайт деп ишенем. Анткени, анын ага эч кандай кызыкчылыгы жок. Бирөөнү өлтүрүү үчүн же өлтүрүүгө жардам берүү үчүн бир негиз болуш керек да, туурабы? Аликбекте болсо эч кандай негиз болгон да эмес жана жок болуучу деп ойлойм.
- Пистолетти сыйлыкка бергенде ал пистолет Ички иштер министрлигинин экспертизасынан өтөт. Контролдук өтүү болот, анын баардык маалыматтары аларда калат. Алар пистолеттен мурун киши өлтүрүү болбогонун далилдегенден кийин гана сыйлыкка берүүгө уруксат берет. Жөнөкөй эле мисал, Аликбек Жекшенкулов эгерде өзүн кыпындай күнөөсүн сезгенде, пистолетин аларга берет беле?. Эчак эле жоготуп коймок, тетиктерин бөлүп, ар тарапка ыргытмак. Эч ким таба да алмак эмес. Башка далилдерине токтобой эле коеюн. Тек гана карап туруп, айласыз күлкүң келет, койгон дооматтарына. Мына ушулардын негизинде анын эч күнөөсү жок деген тыянак чыгарсаң болот.
Ушундан улам бийлик менен сүйлөшүүнү токтотуу жөнүндө биз чечим чыгардык. Бир чети сүйлөшүүгө саясий чечим чыгара турган өкүлдөрү келбей, күч органдарынын жетекчилери келгендиктен, алар президенттин мыйзамсыз буйруктарын аткарып жаткандар. Анан кандай сүйлөшүү болот? Болбойт. Алардын максаты өздөрүнүн мыйзамсыз, ыплас, эч кандай мыйзамдык нормага туура келбеген иштерин элге угузуп, эл арасында ошол ойлорун сиңдирип, таңулоо менен аракеттенүүдө.
Ошол жолугушууда сиз жөнүндө да, ошону менен бирге А.Эркебаевдин кызы жөнүндө айтышты. Буга кандай дейсиз?
Эл арасында ар кандай ой-пикирлер , сөздөр айтылып жатпайбы. Ошолордун бири "бүгүнкү бийлик криминалдык элементтердин жолун тандап, ошолор менен биргелешип, өздөрүнүн максаттарына жетишип жатышат" - деген. Мына булар ошондой жолго түшүп алышты. Сот чечим чыгара элек, тергөө боло элек бирок, Ички иштер министри А.Эркебаевдин кызы жөнүндө өзгөчө "рахаттанган" сөздөрүн айтып жатпайбы.Ошону уккан анын кол алдындагы тергөөчүсү кантип башка чечим чыгарат?
Ар нерсенин чеги болот да. "Мына сага дагы бир нерсени "илдик", сенин атаңды дагы президентибиз менен бирге таанытабыз"- дегенин түшүндүк. Бул эмне деген шумдук?. Ушундай жетекчилер турганда кантип укуктук мамлекет курабыз деген сөздү айта алабыз?
Урматтуу кыргыз элим ! Биз кайда кетип баратабыз? Жекшенкуловдун иши боюнча соттун алдында турган элдин бардыгы бийлик жетекчилеринин ошондой сөздөрү үчүн түкүрүнүп турушту. Жетер жерине жетип калган окшойбуз. Криминалдык методдор менен иштегендерине баа беребизби же бербейбизби? Оппозиция лидерлеринин өздөрүнө шылтоо табалбай, балдарына, бир туугандарына асылганы боюнча криминалдык топтордон да ашып кетишти. Президент Бакиевдин анын үй-бүлөсүнүн буйрутмасы экендигин негизинен алганда Кыргызстанда мыйзамдуулуктун такыр эле жок экендигин " башкы прокурор мен жөнүндө айткан сөзү боюнча дагы бир жолу далилдеди. Эмне себептен оппозиция лидерлерине бир нерсени "илүү" үчүн жасаган аракеттерин анын карамагында аскер прокуратурасы ал ишти карап, кылмыш иши жок экендигин билип жаап койгондорун мен тергөө учурунда билип жатпайымбы. Ошондуктан анын сөздөрү чындыкка жатпайт. Биз деле ал киши жөнүндө айта турган сөздөрүбүз али алдыда. Бирок биз андай пастыкка барбайбыз. Мен ойлойм, кайсы бир мезгилде мыйзам иштей турган заман да келер, бул бийлик да өтөөр. Мунун баары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андан эч ким кача албайт. Менин оюмча, эл эсебинен жашагандан кийин элдин назарына, каргышына калбай, мыйзамдуулукту туу тутуп, бийлик жүргүзсө жакшы болмок. Бул заманда Ежов, Берия, Чаушескилердин доору өткөн. Ошолордон сабак алса болмок, азыркы биздин билерман бийлик, төбөлдөрү.
- Исмаил Исакович, сиз жакында кичи мекениңиз Алайга барып келдиңиз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз кулунун өз жергесине батырбай, тескери иштерди жүргүзүп, сизди өз элиңиз менен жолуктурбай койгону ыраспы?
Бизде мыйзамдуулуктун жоктугу жөнүндө жогоруда айтып кетпедимби. Чындыгында райондун акими А.Осмонов Укук коргоо кызматкерлери менен мен куран окутчу кафенин ээсин коркутуп-үркүтүп, кафени жаптырып таштады. Келген эл деле биздин бийликке болгон нааразылыктарын айтып кетишти. Жогору жака болгон кошоматчылыгын мына ушинтип далилдешти. Мен президенттен: "ал жигиттин ушундай кызматы үчүн сыйлык берип коюңуз" - деп суранар элем. Ошондой "кызматы" менен аким мага жолукканы келген элдин санын көбөйтүп, "дүжүрлөрдүн" эсебинен кайрылуу жаздыртып, накта саясий куугунтук экендигин өздөрү далилдеп беришти. Эң кызыгы 2005-жылдын март окуясынын алдында, андан кийин Бакиевдин бизге, элге берген убадасынын бири да аткарылбагандыгы, падыша башы менен өз элин алдагандыгы минтип ачыкка чыгып отурбайбы.
- Жолдош генерал! Жалпы Кыргызстан боюнча 27-мартта саясий нааразычылык акцияларды өткөргөн жатасыңар. Ушул акцияңар ишке ашарына ишенесиңерби? Дегеле, максатыңар орундалабы?
- БЭК түзүлгөндө биз үч максаттын негизинде бириккенбиз. Мыйзамдын негизинде чектен чыкпай 27-марттан тартып саясий акцияларды өткөрүүнү чечкенбиз. Үй-бүлөлүк бийликтен баш тартуу, саясий куугунтуктарды, сөз эркиндигине тоскоолдукту токтотуу. Менде чоң ишеним бар. Бизди басымдуу эл колдооруна чоң ишенимим бар. Анткени биздин курамда патриот, чындык үчүн чыркырап, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн жигиттер арбын. Ар бир үйдө ар бир айылда бүгүнкү бийликке болгон нааразычылыкты билдирген жарандарыбыз оголе көп. Бийликтин булагы бийликте отургандар гана эмес, жалпы эл экендигин билдирип, көзгө даана көрсөтүп коерго убакыт келди. БЭКтин атынан жалпы элден суранып кетер элем. Бүгүнкү бийликтин арасында эл үчүн иштеген аң-сезимдүү патриот улан-кыздарыбыз жок эмес. Укук коргоо, күч органдары элге берген антын ыйык тутуп, өз элине каршы чыкпайт деген терең ишенимдебиз. Албетте, алар мамлекет башчысынын үй-бүлөсү эмес, ата-эне, тууган-уругун дегеле жалпы элди колдооруна шек жок. Ал эми мөөнөтү боюнча айтсам 27-мартта саат 11.00дө Кыргызстандын бардык аймактарында башталат. Бүгүнкү арсыз бийликтин айласыз амалдарына нараазы болбогон ким бар азыр? Аскар Акаев он беш жылда эл ишениминен кетсе Бакиев бийлиги беш жылга жетпей элдин нараазычылыгын туудуруп жатканы чындык. Мындан келди карапайым калк биздин кадамыбызды колдооруна ишеним чоң.

Маектешкен Алмаз Ташиев




  Алайдан кат

Бул не деген караөзгөйлүк?
Арыктыгынан баспай, далайын бит каптап, кыйшык өтүк, жамаачы шым кийип, шөмтүрөп калган кыргыз аскерлерин согушка алып чыкмак турсун, чет элдиктерге көрсөткөнгө уят абалга кептелген кезибиз эсибизден чыгып кеткен экен, ов! эс акылыбыздан ажырап маңкурт болгонубуз ушу го. Болбосо кечээ эле президентке жөлөк-таяк болуп, жоокерлерибизди оңоп түзөп, "битинен арылткан" арабыздан чыккан жалгыз бычакка сап генералыбызды кайсы бетибиз менен соттоп жатабыз, ыя? Караөзгөйлүк менен бийликтин кызыкчылыгы үчүн садага чабылганы жаткан эр азаматыбызды колдогонго жарабаганыбыз, биздин бийлик менен кошо соттогонубуз эмей эмне.
Футурологдордун тизмесинде 2030-жылда Кыргызстан деген мамлекет жок дейт имиш. Ушулардан улам жоюлуп кетет окшойбуз дегендердики эле туура болуп калды го дейм. Тилин сыйлай албай, нарк насилинен ажырап, улууну урматтабай, ууруга жүгүнүп, тамакты кесир кылган анан кандай тагдыр туура келмек? Биздин сомубуз, желегибиз, гербибиз, гимнибиз анан чет бучкагы "бырчаланып" жаткан картабыз сыяктуу эле мамлекетүүлүктүн атрибуттары болбосо, калган жагынан эптеген эл болуп калган жокпузбу?
Анын жүзүн ары кылсын, кокус ошондой болсо анда бизге убал жок.

Каныбек Сансыз уулу










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan