"ТАРЫХЫЙ" АНЕКДОТ

Жугунду жана журналист
Бир жолу жаңы эле вице-премьер кызматына утурумдук орношуп, "революциядан" кийин ташы өйдө кулап турган Ишенгүл Болжурова КТРга келет. Кызматкерлердин баарын чогултуп, жаңы "тарыхый" шарттарда кандай "революциячыл" духта иштөө керектигин журналисттерге үйрөтүп кирет. Тааныган, тааныбагандарына да бирден тийишип, чыкчырылганын койбойт. Өз сөзүнө, жаңы жеткен кызматына маашырланган эжекебиз маңдайында отурган Байма Сутенова көрө калып, мындай дейт:
- Акаевди мактап, анын жугундусуна тоюп алып, анан дагы да КТРда иштейм деген журналисттерди жакшылап карап көрүү керек… Хватит!
Анда башкалар бир сөз айтса, ага эки сөз айтып көнгөн Байма дароо жообун кайтарат:
- Ишенгүл Сыдыковна, Акаевдин жугундусун сиз биринчи тое ичип, сизден арткан-үрткөндөрү араң башкаларга калчу эмес беле, аны сиз тез эле унутуп калдыңызбы?! - деген экен.

Ак үйдөн чалган телефон
Депутат Айдарбек Керимкулов кадимки Акаев заманында парламентте трибунадан сүйлөп атат дейт. Адатынча "колдоп коелучу, макул деп коелучу эми, туура эле маселе да, жолдоштор…" деген кыязда. Талкууланган маселе Кумтөр боюнча келишимди ратификациялоо имиш. Аңгыча анын чөнтөк телефону шыңгырап калат. Сөзүн токтото коюп, шыңгыракты издейт. Шым чөнтөгүнөн телефонун ала коюп:
- Алло, алло… Ии, ооба, ооба… -Анан аны угуп отурган депутаттарга кайрылып: -Кечиресиздер, Ак үйдөн чалып атат… Мен азыр… -дейт. - Алло, угуп атам…
Депутаттар отурат тыңшап. Анда Айдакең:
- Алло, да, да, конечно… Ооба… Сөзсүз да!
Анда залда отурган раматылык Дооронбек Садырбаев мындай дейт:
- Оңбогур, жанагы Ак үйдөгү түгөттөрдүн дал трибунада турганда буга телефон чалып атканын кара. Кимиси болду экен? Ой, Айдаке, бүтөт, жарайт деп айтып кое бер, баарын жайлайбыз, баарын бажарабыз, хоп, майли деп… А то таблодогу сөз мөөнөтүң бүтүп кала турган болду…
- Туура да, туугандар. Анда ушул маселени колдоп эле койбойлубу, кандай дейсиңер, ыя?





  Футбол

Россиянын 18-жазы
Россиянын эң алгачкы улуттук чемпионаты өткөнүнө 17 жыл толуптур. "Жаздын он жети көз ирмеми" фильминдей кудум. Демек, анда төрөлгөн эр таналар быйыл эр жетип, футболчу катары чоң үйүргө кошулуп калды. Жашыл талаага былтыр гана аяк таштаган Алан Дзагоев, мисалы, орус курама командасынын көзүрүнө айланды.
Россиянын жаңы ХVIII чемпионаты 14-мартта Пермь шаарында башталып, Москва, Казан, Пятигорск, Раменское, Грозныйда уланды. Уч-кыйырсыз өлкөдөгү узак жарыш кеч күзгө чейин созулуп, 30 турда 240 матч ойнолмокчу.
Натыйжада баш байгени канжыгага ким бөктөрмөк? Адистердин айтымында, быйыл баягы эле ЦСКА, "Зенит", "Спартактын" жаалы катуу. Соңку чемпион Казандын "Рубини", Москванын "Локосу" менен "Динамосу" дагы күрөштөн тыш калбас. Мүмкүн, жаңы чемпиондун тушоосун кесип жүрбөйлү?
Жаңы сезондо дагы кандай жаңылыктар күтүлөт? Быйыл Европанын чемпиондугу жана Кубогу үчүн күрөшкө Россиядан бакандай алты команда ат салышат. Демек, ооздукту кырча чайнап, алга умтулууга себеп чоң.
Биринчи турдагы борбордук матчты "Спартак" менен "Зенит" өтө жандуу башташты. "Лужникиде" 2-мүнөттө эле И.Саенко эсепти ачып, ага 17-мүнөттө П.Погребняк айып тобун таамай тээп жооп берди. Кызыкка мол бул оюнга бир жарым сааттан соң 1:1 эсебинде аяктоо буйруган экен.
Бразилиялык машыктыруучу Зико Москвага келери менен алгачкы трофейди - Суперкубокту олжолоп алууга үлгүргөн. Бул ирет Зиконун ЦСКАсы Москва областынын "Сатурну" менен мейманда ойноду, бирок мейманчылык сыпайы мүнөз тааныткан жок. Раменское шаарындагы 3:0 деген эсеп армиячылардын чоң артыкчылыгын ырастап турду.
Элитага жаңыдан кошулган Краснодардын "Кубань" командасына дагы Россиянын чемпиону "Рубин" 3:0 эсебинде "сабак берди".
Калган беттешүүлөрдүн жыйынтыгы: "Амкар"-"Ростов" 0:0, "Динамо"-"Москва" 1:0, "Локомотив"-"Химки" 1:1, "Томь"-"Крылья Советов" 0:1, "Терек"-"Спартак-Нальчик" 1:0.
"Алга" командасынан эбак ажыраган кыргыз күйөрмандары өз чаңкоосун Россия чемпионатынан кандыра алабы? ОРТ 1-каналы жума сайын бир чечүүчү таймашты, НТВ+ бардык оюндарды толук көрсөтүп турмак.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan