Ойгон, намыс!

Жаштар - Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат
Мамлекетибиз жылдан жылга саясий, соцалдык-экономикалык кризиске баткандан батып, элибиз жакырлангандан жакырланып баратканын көрүп, БИЗ Кыргызстандын жаштары - Мекенибиздин келечеги катары, мындан нары унчупай олтура бере албайбыз. Андыктан, улутуна, кесибине, жынысына жана жашына карабастан Кыргызстандын ар бир атуулун, Бириккен Элдик Кыймылды колдоого чакырабыз.
Мамлекетибиздин байлыктары сатылып, үйлөрүбүздө свет жок болуп, караңгыда карайлап калдык. Мектептерибиз иштебей, салыктар көтөрүлүп, бийликке жакпагандар куугунтукка алынып, өлтүрүлүп жаткан заманда жашап калдык. Мындан нары, чыдаганга болбойт. Кимде-ким "Кыргызстан мага керек, мен бул мамлекеттин келечегин курамын" десе, анда ал, тайманбастан өзүнүн бекем позициясын билдириши керек.
Келгиле, биримдикте Кыргызстандын эли эгемен жана эркин экенин делилдеп көрсөтөлү. Келечекти коргогонго жана ал үчүн күрөшкөнгө биздин толук укугубуз бар, Конституция буга кепилдик берет. Бийликтин жеке ээси бул - Кыргызстандын ЭЛИ. Чечкиндүү жана активдүү болуу, бул биздин милдетибиз. Криминалдашкан, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга ЖОК деп айтууга убакыт келип жетти. Эгемендүү кыргыз элинин үнү дүйнө жүзүнө жаңырышы керек.
Кыргызстандын жаштары ар бир атуулду, мамлекетибиздин тарыхындагы биринчи жолку, жалпы Республика боюнча өтүүчү, "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына чакырат. "ИШ ТАШТОО" үстүбүздөгү жылдын 27-март күнү таңкы саат 8:00 башталат. Ошол аркылуу Бириккен Элдик Кыймылдын иш чараларына да салымыңыздарды кошо аласыздар.
Биз, эч бир провокацига берилбей, өз үйүбүз, корообуз, көчөбүз, районубуз, айылыбыз, областыбыз, шаарыбыз үчүн жоопкерчиликти алып, талап тоноочулукка, зордук-зомбулукка жол бербешибиз керек. Биз, Кыргызстандын эли, Баш мыйзамыбызга анын нукура бийлигин кайтарып берип, элибиздин улуттук рухун көтөрүшүбүз керек!
Ири жана чакан, коммерциялык мекемелердин жумушчулары "убактылуу ИШ ТАШТОО" катыша тургандыктарын билдиришти. 27-март күнү 80ден ашуун ишканалар жумуштарын токтотушмай болушту.
Урматтуу мамлекеттик кызматтарда иштеген мекендештерибиз! Сиздерди "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына катышууга чакырабыз. Албетте айрымдарыңар жумушка чыгууга аргасыз болосуздар, бирок жалпы Республика боюнча кесиптештериңиздердин баардыгы биз менен экенин көргөнүңүздө Сиз да биздин "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциябызга кошуласыз деп ишенебиз.
Бул "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясы, тынч- тык жолу менен, элдин жакшы турмушка болгон укугун ишке ашырууга шарт түзөт. Коркпойлу, четте турбайлы, анткени эртеңки келечек баарыбызга керек. Бүгүнкү күндөн тартып тууган-урук, жоро-жолдош жана тааныштарыбыздын баардыгын "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына катышууга чакыра баштайлы.
Бир күч менен чыгып, бири-бирибизге жөлөк болуп бийликке ишенбестигибизди ушул акциябыз аркылуу көрсөтөлү.
Эгерде, бир болсок, өзүбүзгө да бүтүндөй дүйнөгө да Кыргызстанда эр жүрөк, эгемен, бакубат турмушка татыктуу улуу эл бар экенин далилдей алабыз.
Ошондо гана К.Бакиев Президенттик орунду ээлегенге моралдык укугу жок экендигин түшүнөт.
Ошол убакыттан тартып, БИЗ, баарыбыз чогу, бирдикте жаңы, таза жашоону баштайбыз!

"Акшумкар" жана "Ата Мекен"
партияларынын жаштарынан!!!




  Консот чечим чыгарды

Президенттик шайлоо күздө болот
Кечээ Конституциялык сот президенттик шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтүн аныктоо боюнча маселени карап, шайлоону быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өткөрүү чечимин кабыл алды. Чечим 2003-жылкы Конституцияга таянып жасалды. Ал эми Президенттик шайлоонун так күнүн Жогорку Кеңеш аныктайт.

  Ооруну жашырсаң...

Ажонун ден соолугу дурус
Акыркы күндөрү Президент К.Бакиевдин саламаттыгы туурасында коомчулукта түрдүү кеп тараган. Бул маселени кечээ Роза Отунбаева парламентте көтөрүп, спикерден маалымат берүүсүн өтүндү эле, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Досалы Эсеналиев "Президенттин ден-соолугу дурус" деген жообун узатты.


  Учур суроосу...

Конгантиев кызматтан кетеби?
Бейөкмөт уюмдар 14-мартта президентке кайрылуу жолдоп, анда министр Конгантиев көрүнүктүү саясатчы, журналисттерди сабоо, өлтүрүү кылмыштарын иликтөөнү "өз көзөмөлүмө алдым" деген менен биринин да бети ачыла электигин негиздеп, аны кызматтан кетирүү талабын коюшкан. Өз ыктыяры менен кетсе дагы жакшы болмок дегенди кошумчалашкан. Ички иштер министри М.Конгантиев Парламент трибунасынан бейөкмөт уюмдарынын талабын "талкуулоого" даяр экендигин билдирди. Бейөкмөт уюмдардын кайрылуусунан уламбы, ИИМ ОШ ТВнын журналистти Бахадыр Кенжебаевди сабаган адамды таап чыгышты.

  Чындык деп жазган...

Баш редактор алмашты
Мындан үч күн мурун "Репортер Бишкек" гезитинин башкы редактору Турат Акимов баш редакторлук кызматынан алынды.
Аталган гезит акыркы учурларда бийликке карата ачуу чындыкты жазып, ошол себептерденби, андагы журналист Сыргак Абдылдаев белгисиз зөөкүрлөрдүн колунан бычак жеп, эки колу сындырылып, гезит да чындыктын уюгуна айланып бараткан. Баш редактордун кызматынан алынгандыгынын себеби да ушул болсо керек. Баса, "Репортер Бишкекти" түбү Москва тарап каржылайт деп айтылып келген. Анан калса алар өз кызыкчылыгы жүрүп жаткан жерде адам укугу эмес, андан кымбаты да тебеленип жатса унчугушпайт эмеспи. Демек, алардын ишине дал келбеген маалыматтар жакмак беле...




ат жалында собол

Асылбек Чолпонбаев
Асаба улуттук кайра жаралуу
партиясынын Ордо
кеңешинин мүчөсү:

"Атса, атсын"
- 27- мартта боло турган массалык нааразычылык акциясына карата "Асаба"улуттук кайра жаралуу партиясынын даярдыктары кандай?
- Бизди өзгөчө карапайым эл катуу колдоп жатышат. Келген адамдардын аягы суюлчудай эмес. Биз да тыным алган жерибиз жок, эки жумадан бери дем алыш күндөрү да иштеп жатабыз. Эл бул бийликтен түңүлүп калыптыр, кыскасы булардын көрөөр күнү аз калган сыяктуу.
- Асылбек мырза, бул бийлик мыйзамдуу келгем, мыйзамдуу шайлоо менен гана бийлик алмашышы керек деп жатат. Андан мурун бийлигимди колума курал алып болсо да коргойм дегени да бар. Муну айтканым, анын жүзүн ары кылсын деңизчи, бирок, тирешүүдөн ар кандай провокациалар жасалып, ок чыгып кетпейби деген санаркоолор да бар. Буга не дейсиз?
- Эми... атса атсын! Бирок ага барбайт го. Кокус ошончолук эле болуп кетсе, алардын атканынан улутчулдар партиясы коркпойт. Ансыз деле "атып" атпайбы. Мына кечээ Качкын Булатов санап чыгыптыр, бул бийлик келгени баш аягы 89 киши атылыптыр дейт. Акыркысы Садыркуловдор менен 92 болуп кеттиби? Бул эми Булатовдун санаганы. Андан көрө атса ачык атсын. Алардын атканынан коркуп кала турган биз эмес.




  Топчубек Тургуналиев:

"Бийлик атылгандардын арбагын эскерүүгө да тыюу салды"
- Топчуке, 18-март күнү сизди, Төлөйкан Исмаилованы, Анвар Артыковду эмне себептен соттошту?
- 17-март күнү Аксы курмандыктарын эскерүү акциясын өткөргөнбүз. Ал күнү бийлик унчуккан эмес. Ал эми 18-мартта эртең менен эми гана чогулуп атсак 30-40 милиционер, прокурорлор келип "кечээ уруксатсыз өткөргөнсүнөр, бүгүн өткөрбөйсүңөр" деп милицияга алып барып, административдик иш козгоп, түштөн кийин болсо соттошту.
- Эскерүү үчүн да уруксат алуу керек бекен?
- Ошондой дешти. Мыйзамда уруксат алуу эмес, маалымдоо деп эле турат. Конституциялык сот да эки жолу туура чечкен. Булар ал чечимдерди тоготпой, өз билгендерин жасап жатат.
- Сот эмне деп чечти?
- Үчөөбүзгө тең "бийлике баш ийбей койгон" деп күнөөлөп, эскертүү берди.
- Бул окуяга кандай баа берүгө болот?
- Милициянын, прокуратуранын, соттун бул кылганы күндөн күнгө күч алып жаткан саясый куугунтуктун дагы бир көрүнүшү. Бийлик алдастап, акылынан адашып, элге ого бетер жек көрүнүп жатканы.
- 17-мартта Аксыда өткөн элдик жыйын эмне чечимдерге келиптир?
- Чечимдеринин эң олуттуу бөлүгү:
Бийлик, саясый куугунтукту токтот!

Памир Манас









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan