ААЛАМ АЛКАГЫНДА

Грузияда кайрадан митинг
Грузия оппозициясы 9-апрелде Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн талап кылган, үлкөн митинг өткөрүү камылгасын көрүп жатат. Грузия оппозиционерлеринин мындай масштабдуу митингге даярдык көрө баштаганы андагы бийликтин төбө чачын тик тургуза баштады. Ал учурда, автоматтык курал сатып алмак болду деген шек менен он адам кармалды. Алардын ичинде экс-спикер Нино Буржанадзе башындагы оппозициялык партиянын бир нече мүчөсү бар. Бирок, аларга коюлган кине далилдене элек. Муну бийликтин кылып жаткан бут тосуусу дейт, грузин оппозициясы...

Оппозициянын ана башы, экс-спикер Нино Буржанадзе камакка алууларды өзү башындагы "Бирдиктүү Грузия демократиялык кыймылына" каршы уюштурулган террорчулук деп атады. Ал эми тергөөчүлөрдү камалган адамдардын эмне үчүн Калашников автоматын сатып алмак болгону кызыктырып жатыптыр. Камалгандардын катарында Буржанадзенин күйөөсүнүн айдоочусу, уулунун бир нече досу жана партиясынын Аджар аймактык бөлүмүнүн башчысы бар. Адаттагыдай эле "революционер" Саакашвили 3-мартта Россияны Грузин өкмөтүн төңкөрүш үчүн грузин оппозициясын каржылоодо деп күнөө таккан. Анткени, 20-мартта Чалгындоо кызматынын башчысы Гела Бежияшвили парламентте сүйлөп, Москваны Грузиядагы "кырдаалды бейстабилдештирүү аркылуу улуттук өкмөттү алмаштырууну көздөп жатат" дегени бар.
Айтылып жаткандарга далил катары, Грузиянын өкмөттүк телеканалы 1200 долларга үч даана Стечкин тапанчасын сатып алганы жаткан белгисиз адамдардын жашыруун тартып алынган тасмасы көрсөтүлүүдө. Бирок тасмадагы адамдардын ысмы айтылган жок. Нино Буржанадзе телеберүүдөн кийин анда көрсөтүлгөн видетасма соттун өкүм чыгаруусуна негиз боло албасын, ага татыктуу эмес деген пикирин билдирүүдө.
Андан көп өтпөй Грузин бийлиги мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген деп дагы эки кишиге айып такты. Айып тагылган эки адам тең "Грузияны куткаруу" кыймылынын мүчөлөрү. Ички иштер министрлиги алардын да курал сатып алып жатканын тымызын тартып алган оперативдүү кадрларды далил тартууда. Мындан тышкары оппозициянын 9-апрелге белгиленип жаткан акциялары маалында кутумчулар Тбилисидеги телемунараны басып алууну жана үч миңдей адам менен куралдуу кагылыш чыгарууну пландашкан деген божомолду айтып чыгышты. Бийликтегилер баягысындай эле, кармалган адамдардын ишинде эч кандай саясат жок деп ырасташууда. Бирок Буржанадзе мунун баарын партиялаштарына каршы өкмөт баштаган "террор өнөктүгү" катары баалап жатыр. Жогорудагыдай тасма таныктар кантип тартыларын да билээрин кошумчалады.
Мамлекеттик телеканалдан берилген кадрларды өз көздөрү менен көрүшкөн чет элдик айрым кабарчылар да алардан куралдуу кутумчулуктун белгилерин байкай алышпаганын айтып чыгышты. Анын үстүнө оппозиционерлерге курал саткан "соодагер" атайын органдын кишиси экен. Ал эми "Жаңы оңчулдар" партиясынын мүчөсү Манана Начкебиа ички иштер министрлиги далил катары карманган кадрлар 2007-жылдагы митингдер маалында мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн эпизоддорго өтө окшош экенин белгиледи. Ал эми Буржанадзе оппозиционерлерди камаганы менен бийлик элдин толкунун токтото албай турганын билдирип, "Мунун баарына карабай, 9-апрелде баары бир митинг болот", - деген сөзүн кайталоодо.
Эскерте кетчү жагдай, Буржанадзе жана Саакашвили 2003-жылкы ыңкылапта жакын санаалаштардан болушкан. Буржанадзе спикер катары 2007-жылдын ноябрында Тбилисидеги анти-өкмөттүк демонстрацияны суу бүркүп жана көздөн жаш агызчу газ колдонуп таркатууну колдогон. Бирок 2008-жылдын май айындагы парламенттик шайлоо алдында "Саакашвили демократиялык баалуулуктарды тепсөөдө" деп, оппозицияга өтүп кеткен болчу. Кудум биздегидей болуп...



Орусия ооздукту кое берип...

Орус Президентти Дмитрий Медведев 2011-жылдан тартып Россия өзүнүн армиясын масштабдуу кайра куралдандырууну баштоого ниеттенишкендигин билдирген. Америка болсо муну коркунуч катары көрбөй турганын билдирди. "Биз узак мезгил бою конструктивдүү диалог жүргүзүп келатабыз жана тараптардын ар бири өзүнүн аскердик потенциалын эмне үчүн өнүктүрүп жаткандыгын жакшы түшүнөбүз. Мында бизди тынчсыздандырууга тийиш болгон кандайдыр бир проблема же коркунуч жок" деп билдирди Пентагондун басма сөз-катчысы Жефф Моррел.
Ошондой эле АКШ Президенти Барак Обама НАТО аскерий биримдигине кошулууну көздөгөн Европалык башка өлкөлөрдү карай кеңейишин колдоорун Вашингтондо НАТОнун баш катчысы менен кездешкен соң билдирди.

Түрк президенти менен күрт лидери жолукту
Түркиянын Президенти Абдулла Гүл Багдадда Күрт автономиялуу чөлкөмүнүн регионалдык премьери Нехирван Барзани менен кездешти. Түрк мамлекет башчысы Ирак аймагынан Түркияга чабуул коюп келген күрт козголоңчуларына каршы чара көрүүгө үндөдү. Барзани болсо Ирактын түндүгү Түркияга кол салуу үчүн пайдаланылбайт деген ишенимин билдирди. Ошентип, Гүл Ирактын күрт аймагынын өкмөт жетекчиси менен жолугушкан алгачкы түркиялык мамлекет башчы болуп калды.


Хиллари каршы...
Япониянын Киодо жаңылыктар агенттиги Түндүк Корея узак аралыкка жетүүчү баллистикалык ракетасын учуруучу жайга орнотконун кабарлагандан көп өтпөй, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон айым: "Түндүк Кореянын ракета учуруу планын чагым" деди. Эгерде Түндүк Корея ракетасын сыноону ишке ашырса АКШ бул маселени Улуттар Уюмуна алып чыгаарын да ачыкка чыгарды. Ага карабай Түндүк Корея 4-8-апрелдин аралыгында жердин жасалма жандоочусун учураарын билдирүүдө.

Беларус оппозициясы толкуду
Минскиде белорус оппозиционерлери "Эркиндик күнү" деп аталган митинг өткөрдү. Бийликтер митингди шаар борборунан алыс паркта өткөрүүнү сунушташыптыр. Бирок, демонстрантчылар чогулаары менен шаардын борборун карай жылышкан. Бийлик алардын үн күчөткүчтөрүн алып, өкмөт үйүн карай бараткан жолду тостуртушкан. Бирок, милиция кызматкерлери күч колдонгон эмес. Муну акыркы учурда президент Лукашенконун батыш менен жакындашуу аракетине байланыштуу болгонун оппозиция өкүлдөрү баса белгилешти.

(www булактарынан)




  МАДАНИЯТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫНАН

"Аста секин, колукту"
31-мартта Токмок шаарындагы маданият үйүндө, 1-aпрель күлкү күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жана 2-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Насыр Давлесовдун 80 жылдык мааракесине арналып, кыргыздын белгилүү эстрада чеберлеринин аткаруусунда режиссер Аманбек Жапаров койгон "АСТА- СЕКИН КОЛУКТУ" музыкалык комедиясы тартууланат.

Ага белгилүү ырчылар Алина Жетигенова, Гүлзат Байзакова, Жамиля Муратова, Мерген Турган, Токтобек Асаналиев, Райкан Абдувалиева жана куудулдар Жаныбек Алыкулов менен Бакыт Мукул катышат. Комедия саат 19.00дө башталат.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan