Намыс түтөп, ар түтөп...

Элимдин эркине ишенем
Азыркы тапта Кыргыз мамлекети өтө чыңалган саясий абалга кептелген учуру. Эркиндиктин эйфориясына элжиреп, Орто Азияда демократия аралчасы катары таанылган, Кыргызстандын тилеги таш каап, демократиянын принциптери утопия, романтика жана иллюзия экени коомдук аң-сезимдин акыл таразасына салынып, улуттук өзгөчөлүгүбүзгө, улуттук кыртышыбызга олуттуу терең сын көз менен кароо керектигин айгинелеп салды.
Демократиянын шарданы эл бийлигин башкаруучуларга, "байдын үйүндө күндө күлкү, күндө той, кедейдин үйүндө күндө кайгы, күндө ой" шартында кабыл алынгандыгын жүрөгүбүздүн толтосунан өткөрүүдөбүз.
Кыргыз эли кыйын кезеңдерди, канчалаган тар жол, тайгак кечүүлөрдү башынан кечирбеди. Өзүм билемдик, текеберчилик, куучирендик, элин сатып, мамлекеттүүлүктөн ажыратууга чейин барган өзөктү өрттөгөн, өздөн чыккан жат душмандарды көрдүк жана көрүп жатабыз. Кыргыз журтчулугуна эркиндиктин, демократиянын философиялык маңызы өз нугу менен жетпеди бейм. Тескерисинче, элдин мээсине, "эркиндик" деген сөз - "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" дегендей туюлду. Себеби, мамлекеттик казынаны массалык түрдө талап-тоноо көз алдыбызда болуп жатат. Уруучулук оорусу күчөп, ал коркунучтуу экенин жон терибиз менен сезип турган учурубуз.
Кыргыз мамлекети мыйзам тоотпочулук азабын чегип, экономикабыз криминалдашып, коррупциянын арааны болуп көрбөгөндөй ачылып турган чагы.
Ата-бабанын ыйык топурагын тебелеп, бөлөк элге кошомат айткан, керек болсо динин, дилин саткан берендер чыкты кыргыздан. Трайбализм, жердештик оорусу чегине жетип, өзүмө-өзүм бий, өзүмө-өзүм бек түшүнүгү менен айланасына бир туугандарын, классташ, куда-сөөк, аяштарын, жердештерин топтоо күч алууда.
Мамлекетибиздеги ушундай фактылардан кийин кандай жыйынтык чыгарсак болот? Мамлекет деген мамлекет болуш керек. "Адамдын жумшагын адам жейт, жыгачтын жумшагын курт жейт". Кыргыз элинин моюнуна ити да, чочкосу да, жөөттөрү да минип отурат... Кандай жолго түшүүбүз керек?
Демек, жалпы кыргыз эли ойлоно турган олуттуу курч маселе оркойгон боюнча турат. Керек болсо жакында массалык куугунтуктоо башталаары да көрүнүп калды.
"Мекен" деген курган короо-жайың, үйүң, жеген наның, ичкен сууң эмес. Турмуштун берген жыргалына кууноо эмес. Элиңди баскынчы, чыккынчы душмандардан коргоо, азабын кошо тартып, кууралын кошо куроо деп ойлойм.
Ушундайда айткың келет, оо, кыргызым, керемет касиетке ээ болгон, ата-бабаларыбыздын мураска калтырган рух-дөөлөттөрүн сактап калышыбыз керек. Бул керемет "кыргыз пейили", кыргызды кыргыз кылып таанытып келген асыл дөөлөтүбүз. Ал деген - Кыргыз намысы, Кыргыз ары, Кыргыз ыйманы.
Кыргыз ыйманынын күчү - адалдыгында, соопкерчилигинде, арамдыкка, кесирликке, текеберчиликке жол бербегендигинде.
Урматтуу кыргыз элим! Кыргыз ыйманы үчүн, кыргыз дөөлөтүнүн бүтүмдүгү үчүн, сөз тизмегин куюлткан ыйык тилибиз үчүн күрөшүүбүз керек.
А, мен элимдин күчтүү эркине ишенем! Себеби, кыргыздын намысы, улуулугу ошондо.

Жолдошбек Орозов , "Асаба" партиясынын төрагасынын орун басары




  учур собол

- Сизди учурда эмне түйшөлтүп жатат?
Эмилбек Каптагаев,
"Улуу Биримдик" улутчул -
демократиялык партиясынын лидери, Бириккен Элдик Кыймылдын саясий
бюросунун мүчөсү:
- Өлкөдө саясий кырдаал күн санап курчуп бара жатат. Президенттик шайлоо атаандаштыгы башталды. Абал мындан ары да оорлойт. Мен милиция, прокуратура жана коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылат элем: Силерге жогору жактан: "кызматтасыңар, ант бергенсиңер, буйрукка баш ийүү керек, Бакиевдерге каршы чыккандарды камагыла, сабагыла" - деп айтып жатышат, бул жашыруун сыр деле болбой калды. Бирок сиздер: "Алардын колундагы элге каршы колдонулуучу куралга айланабыз" - деп ант берген эмессиздер да. Ар бириңер мыйзамдуулукту сактоого, укуктук тартипти камсыздоого, эл үчүн кызмат кылууга ант бергенсиңер. Өз антыңарга бекем тургула. Анткени бул заман да өтөт, башка мезгил келет. Ошондо эл алдында да, Кудай алдында да жооп бериш керек. Силер бийлик кланынын тукуруусу менен мыйзамсыз аракеттерди жасоодон мурда өз ата-энеңерди, бир туугандарыңарды, айылдаш, жердештериңерди ойлогула, алар деле жыргаган турмушта жашап жатышкан жок. Балдарыңарды, неберелериңерди унутпагыла, алардын келечеги кандай болот - ошону ойлогула. Өзүңөрдүн эртеңки жашооңорду да эстен чыгарбагыла. Учурдагы бийликтин бийлигин бекемдөөгө жан үрөп иштеп берген Медет Садыркуловдун тагдыры баарыбызга сабак болууга тийиш. Адилетсиз коомдо куугунтукка түшүп, ак жеринен жапа чегип калуу, же болбосо ажалынан мурда өлүп калуу ар бирибиздин башыбызда турат. Мен силерге Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес, мекенчил жарандар катары кайрылуу менен бирге элдин талабын колдоону жана эл менен бирге болууну сунуш кылам! Коррупцияга баткан, криминалдашкан бийлик системасына "ЖОК!" деп айтууга мезгил жетти дегим келет.

Суроо салган
Гулистан Жакыпбаева




  Ойгон, намыс!

Кыргыз Республикасынын жарандарына жаштардын кайрылуусу
Мамлекетибиз жылдан жылга саясий, соцалдык-экономикалык кризиске баткандан батып, элибиз жакырлангандан жакырланып баратканын көрүп, БИЗ Кыргызстандын жаштары - Мекенибиздин келечеги катары, мындан нары унчукпай олтура бере албайбыз. Андыктан, улутуна, кесибине, жынысына жана жашына карабастан Кыргызстандын ар бир атуулун, Бириккен Элдик Кыймылды колдоого чакырабыз.
Мамлекетибиздин байлыктары сатылып, үйлөрүбүздө свет жок болуп, караңгыда карайлап калдык. Мектептерибиз иштебей, салыктар көтөрүлүп, бийликке жакпагандар куугунтукка алынып, өлтүрүлүп жаткан заманда жашап калдык. Мындан нары чыдаганга болбойт. Кимде-ким "Кыргызстан мага керек, мен бул мамлекеттин келечегин курамын" десе, анда ал, тайманбастан өзүнүн бекем позициясын билдириши керек.
Келгиле, биримдикте Кыргызстандын эли эгемен жана эркин экенин далилдеп көрсөтөлү. Келечекти коргогонго жана ал үчүн күрөшкөнгө биздин толук укугубуз бар, Конституция буга кепилдик берет. Бийликтин жеке ээси бул - Кыргызстандын ЭЛИ. Чечкиндүү жана активдүү болуу - бул биздин милдетибиз. Криминалдашкан, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга ЖОК деп айтууга убакыт келип жетти. Эгемендүү кыргыз элинин үнү дүйнө жүзүнө жаңырышы керек.
Кыргызстандын жаштары ар бир атуулду, мамлекетибиздин тарыхындагы биринчи жолку, жалпы Республика боюнча өтүүчү, "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына чакырат. "ИШ ТАШТОО" бүгүн 27-март күнү таңкы саат 8:00 башталат. Ошол аркылуу Бириккен Элдик Кыймылдын иш чараларына да салымыңыздарды кошо аласыздар.
Биз эч бир провокацияга берилбей, өз үйүбүз, корообуз, көчөбүз, районубуз, айылыбыз, областыбыз, шаарыбыз үчүн жоопкерчиликти алып, талап тоноочулукка, зордук-зомбулукка жол бербешибиз керек. Биз, Кыргызстандын эли Баш мыйзамыбызга анын нукура бийлигин кайтарып берип, элибиздин улуттук рухун көтөрүшүбүз керек!
Ири жана чакан, коммерциялык мекемелердин жумушчулары "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына катыша тургандыктарын билдиришти.
Урматтуу мамлекеттик кызматтарда иштеген мекендештерибиз! Сиздерди "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына катышууга чакырабыз. Албетте айрымдарыңар жумушка чыгууга аргасыз болосуздар, бирок жалпы Республика боюнча кесиптештериңиздердин баардыгы биз менен экенин көргөнүңүздө Сиз да биздин "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциябызга кошуласыз деп ишенебиз.
Бул "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясы, тынчтык жолу менен, элдин жакшы турмушка болгон укугун ишке ашырууга шарт түзөт. Коркпойлу, четте турбайлы, анткени эртеңки келечек баарыбызга керек. Бүгүнкү күндөн тартып, тууган-урук, жоро-жолдош жана тааныштарыбыздын баардыгын "убактылуу ИШ ТАШТОО" акциясына катышууга чакыра баштайлы.
Бир күч менен чыгып, бири-бирибизге жөлөк болуп, бийликке ишенбестигибизди ушул акциябыз аркылуу көрсөтөлү.
Эгерде, бир болсок, өзүбүзгө да бүтүндөй дүйнөгө да, Кыргызстанда эр жүрөк, эгемен, бакубат турмушка татыктуу улуу эл бар экенин далилдей алабыз.

"Акшумкар" жана
"Ата Мекен"
партияларынын
жаштарынан









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan