Атың кана?

Бакыт Бешимов,
Жогорку Кеңештин депутаты:
"Улуттук кызыкчылык унутулуп баратат"
- Бакыт Жолчубекович, БЭКтин 27-марттагы өткөргөн митинги максатына жеттиби?
- Максат - бүткүл Кыргызстандын аймагындагы элди митингге чакырып, азыркы саясий кырдаалдагы оппозициянын көз карашын ортого салуу жана оппозициянын чечимдерин эл канчалык деңгээлде колдоорун билүү болчу. Митинг өлкөнүн баардык аймагында өттү. Кээ бир жерде эл көп, кээ бир жерде аз болду. Бирок, муну аз же көп деп мамиле жасоо туура болбойт. Анткени, эптеп-септеп келген беш жүз адамдан көрө, идеяга берилген элүү адамдын келиши көп нерсени өзгөртүп кое алаарын турмуш далилдеп келет. Саны эмес сапаттын мыкты болушу менен жаңы кыймыл куралат. Окумуштуу Гумелевдун "пасиянария" деген укмуш теориясы бар. Анда идеяга берилген чакан гана фанатиктер кырдаалды өзгөртөөрү ачыкталат. Мына ушундай адамдар митингге чыкты. Биринчиден, максатка жетип, элди оппозиция толук мобилизация кылаарын далилдеди. Экинчиси, саясий кырдаалды талкуулоо максаттын негизинде баарыбыз өлкө аймагын кыдырдык. Мен Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй өрөөнүндө болуп келдим. Кайсы жерде болбойлу, эл таза шайлоо болсун, үй-бүлөлүк башкаруу болбосун, коррупцияга каршы чыныгы күрөш башталсын деген сөздөрдү айтып жатышты. Дегеним, оппозициянын демилгесин колдошуп, экинчи максатыбызга жеттик. Эл колдоосуна арзыганыбыздын эң негизги себеби, өтө ийкемдүү, саясий маданиятка туура келген ураандарды алып чыккандыгыбызда болду. Анткени, кээ бир учурда оппозиция элди өздөрүнө тартпай турган ураандарга таянып алчу.
Дагы бир айтып кое турган нерсе, кээ бир митингдерде катышуучулар уюштуруучуларга караганда радикалдуурак көз карашта болуп жатты. Митингдерде: "Бул бийлик өткөргөн шайлоого ишенбейбиз. Бакиевсиз шайлоо болсун" деген талаптарын коюп жатты. Бирок, оппозиция таза шайлоо өткөрсүн делген демилге менен өзүбүздүн конкреттүү сунуштарды бердик. Үчүнчүдөн, оппозиция өз ара бир пикирге келип бирдиктүү команда катары барабыз, арабыздан бир лидерди чыгарабыз дегенин чогулган элдин баары колдоду. Алдыга койгон үч максатка тең жеттик. Анан өткөн митингдердин катачылыктарынан жыйынтык чыгарып, бул митинг уюштуруучулар тарабынан жогорку саясий-маданий деңгээлде өттү. Орой, бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирчү сөздөр азайды. Радикалдуу-агресивдүү чакырыктар болгон жок.
- Кээ бир жалпыга маалымдоочу каражаттар оппозициянын финансылык базасынын аздыгына байланыштуу эл аз болду деген сөздөрдү айтып жиберишти. Буга аргументиңиз барбы?
- Биз адамдарды аракка тойгузуп, митингге чыгарганга же акча берип чакырганга каршыбыз. Андайларга жол жок. Мисалы, тартиптүү, маданиятуу митинг өтсүн деген максатта Сокулук, Ысык-Ата, Токмоктун тургундарын Бишкекке чакырган жокпуз.
- Буга чейинки оппозициянын талаптарына бийлик үн катып дагы койгон эмес. Бул жолку талаптарды бийлик аткараарына ишенесизби?
- Бийликтин табияты ушундай. Ал эми ишеним болуш керек. Албетте, бийликтегилер мамлекеттин эмне болооруна жооптуу. Ошондуктан, алар Кыргызстандын азыркы учурдагы кырдаалына терең жоопкерчилик менен карашса дээр элем. Себеби, учурда К.Бакиевдин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, бийлигинин тамырын чиритип жаткан күч органдарынын саясаты болуп жатат. Ошондой эле азыр Президенттин тегерегинде эки саясаттын жүрүп жатканы сокурларга да сезилүүдө. Биринчиси - күчкө таянуу, элди коркутуп-үркүтүү менен зомбулуктун негизинде саясий маселени чечүү деген багыт. Бул эч качан жакшылыкка алып барбайт. Бул деген Президентке каршы жүргүзүлгөн саясат. Анан, Президент секретариатка таянуу менен күч органдарынын саясатына жол бергенсигени сезилүүдө. Анткени, секретариат биринин артынан бири кеткен саясий кайрылууларды жасатты. Бул туура эмес болду. Секретариат - бул аткаруучу орган. Ошондуктан Малеванная саясатчынын ролун аткара албайт. Милдети боюнча дагы миссиясы башкада. Азыркы кырдаалдагы оппозициянын кадамдарына секретариаттын баа бериши таң калыштуу болуп жатат. Экинчиден администрация да андай күч боло албайт. Анткени президенттик администрация дагы күчкө гана таянууда. Алар мунусу менен президенттин бийлигине балта чаап жатат. Ушунун жыйынтыгында бийликке терс маанайдагы адамдардын катары күн санап көбөйүүдө. Эгерде мындай маселелерге Президент өзү жооп бере албаса, анын атынан оппозициянын талаптарына, саясий кырдаалга, болуп жаткан окуяларга акүйдүн оюн Премьер-министр, Вице-премьерлер же мамлекеттик катчы билдирсе болмок. Тилекке каршы бул ролду секретариатка аткартып, өтө чоң катачылык кетиришүүдө. Президент буга чукул арада реакция бербесе, саясий абалды курчутат. Өлкөнү өтө начар кырдаалга такап, жыйынтыгында эки тарап чоң конфликке барат. Ушул конфликтин негизинде оппозицияны толук талкалайбыз дегендер бар. Мындай ойдогулар терең жаңылышат. Анткени, мындай тиреш граждандык кагылышуулардын башын ачып берет. Ошондуктан, жогорудагыдай максаттан алыс болуу зарыл.
Мен Президенттин тегерегинде жүрүп жаткан экинчи саясатты колдоор элем. Себеби, жогорку бийликте дагы терең ой жүгүрткөн, патриоттук сезими күчтүү, эл деп иштегендер бар. Алардын оюн Өкмөттүн, Президенттин-администрациясынын, секретариаттын мүчөлөрүнүн арасындагы адамдардан биз тез-тез "сигнал" алып, билип турабыз. Алар диологго баралы дегендер. Ушул жол менен иш алып барышса, ийгиликтүү жылыштар болооруна ишенем. Анан Президент секретариатты дубал катары пайдаланып, админстрацияны столба катары көрүп, өкмөттү чоң коргон сымал элестетип артына жашырынып, оюн билдирбей жүрө берем десе, убакыттын өтүшү менен столбаны жыкса, дубалды кулатса, коргонду талкаласа болоорун унутушпаса дегим келет.
- Президенттик шайлоого БЭК бир лидерди алып чыгабыз деген убадасын элге берди. Бирок, атын атай элек. Имиш-имиштерге караганда БЭКтин талапкери А.Атамбаев болот дешиүүдө. Мунун канчалык реалдуу чындыгы бар?
- Азыркы кырдаалга жараша Президенттикке татыктуу делип, БЭКтин курамына төрт, беш кишинин аты аталууда. Бул сан көбөйүшү, балким, азайышы мүмкүн. Ошонун арасында КСДПнын лидери А.Атамбаев да бар. Сиз айткан чечимге дагы БЭК барып калышы ыктымал. Ушул жерден мен бир нерсеге токтолуп кетейин. Дүйнөлүк кризис каптап турган кезде Кыргыз саясатчылары шайлоону тынч өткөрүү максатында, эсептешүү, касташуу, оппоненттерди душман көрүү дегенден арылсак. Өлкөнүн тагдыры үчүн ушул нерсе абдан керек болуп турат. Саясий элита, аксакалдар ортого түшүп, ушуга шарт түзсө дагы жакшы болмок. Анткени, тиреш улам курчууда. Эки тарап болуп кагылышып кетүүдөн кыргыз эли утпайт. Бизге азыр маданияттуу диалог зарыл болуп турат. Муну кыргыздын тарыхы да далилдеп берет. Эл четине жоо келсе же башына оор иш түшсө баары чогулуп, ийири отуруп, түз кеңешип маселени чечип келген. Ушундан улам, адам өмүрү баалуу экенин терең билген, адамдарды душман деп эсептебеген лидерге кыргыз эли муктаж болуп турат. Кыргызстандын ахыбалы канчалык оор экенине ийкемдүү жана салмактуу карап, эл аралык мамилелерде Кыргызстандын ордун аныктап, тышкы саясатты өтө акылдуу жүргүзгөн лидер суудай зарыл.
- Тышкы саясат демекчи, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан тышкы саясатыбызга кандай баа берээр элеңиз?
- Азыркы учурда биздин Президентибиз дагы, өкмөтүбүз дагы системдүү түрдө өтө чоң катааларды кетирип алды. Ошонун натыйжасында Кыргызстандын дүйнөдөгү абройу шектүү болуп калды. Эң жаманы өзүбүздү ишенимсиз партнер катары көрсөттүк. Маселен, дипломатияны, тышкы саясатты азыркы дүйнөнүн жалпы түзүлүшү жөнүндө терең түшүнгөн адистер менен акылдашып чечиш керек. Анан партиялашым деп эле мурда базардын тартибин сактаган же бир акча алмаштыруу жайда иштеген адамдар менен акылдашып, маселе чечкендин жыйынтыгы азыркыны берет да. Ар бир адамдын ролу ар башка. Манас атабыз деле аскер, эл башчысы болгону менен оор учурда кеңеш сураган. Кимдерден акыл сураган? Даанышман, аксакал, акылдуу адамдардан кеңеш сураган. И.Раззаковду алып көрөлү, ал киши дагы кыргыздын эң ойчул адамдары менен масилет куруп иш жасачу. Даанышман, акылдуу деген түшүнүк бекеринен айтылган эмес да. Андай адамдар канчалаган өмүрүн билим издеп кетирет. Чеке терин жерге төккөн дыйкандай эле, далай нерселерди окуу менен билим алып, акылын толтурушат. Ошондой адамдардын тажрыйбасын пайдаланыш керек да. Мен базарда отургандарга шек келтиргим келбейт, бирок, ошондой адамдар тышкы саясат жөнүндөгү маселелерди акылдашса кайдагы ийгиликтүү жыйынтык болсун. Билим-илим деген нерселер четке кагылып калбадыбы. Тышкы саясатта эксперттик коомдун оюн пайдаланбай, адистер менен маектешпей, ушул тармакта иштеген илимпоздор менен кеңешпей маселе чечип жатышканына таң калуудамын. Бир эле мисал келтирейин, жакында премьер-министр Чудиновго "Ганси" авиабазасы боюнча бир канча суроо берип, жообун алып айран калдым. Бир дагы чечимдеринде далил жок. Булар улуттук кызыкчылыкты ойлонбой калды. Москванын өзүнүн кызыкчылыгы бар. А, биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек. Эң маанилүүсү ушул.

Маектешкен Зулпукаар САПАНОВ




  Ал учурда

Саясий куугунтук
Иса Өмүркуловго жетти
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты, БЭКтин мүчөсү Иса Өмүркуловго Башкы прокуратура тарабынан "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен кылмыш иши козголуп жатканын фракциянын лидери Бакыт Бешимов билдирди. "Бийлик өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, оппозициянын башындагы чөптү көрөт. Коррупционерлердин өздөрү бийликти сындагандарга кылмыш ишин козгоп атат. Эмне үчүн анда өлкөнү энергетикалык кризиске алып келген адамдарды, коррупцияны күчөткөндөрдү жоопко тартпайт, кыргыздын жерин, мүлкүн саткандар тайра?дап бүгүн бийликте отурат?" деп, бул көрүнүштү бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий куугунтук, деп баалады.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!