Открытое письмо

Кто враг?!.
Министру Внутренних Дел КР генералу Конгантиеву М.К. от общества ветеранов МВД "Кылым Жолу"
Мы, ветераны МВД, проработавшие в системе 25-30 лет и более, 27 марта 2009 года присутствовали на мирном митинге, проходившем в сквере им. Горького и находясь в гуще людей, выполняли свой долг по предупреждению правонарушений и беспорядков.
Однако, отдельные руководители подразделений, в частности начальник УВД г. Бишкек полковник Дегенбаев Т., вопреки годами сложившихся традиций между ветеранами и кадровыми офицерами открыто заявил нам, что "если вы с народом, то вы ветераны - наши враги"! и сопроводил это оскорбительными для ветеранов выражениями. Очевидно, он забыл или не желает помнить о той гласной и негласной солидарности, существующей между ветеранами и наставниками и молодой офицерской порослью, о взаимном уважении между поколениями сотрудников МВД.
В связи с этим, мы, ветераны, призываем Вас, Молдомуса Конгантиевич, напомнить действующим офицерам и рядовому составу, что разрушение связей между поколениями сотрудников МВД, девальвация уважения между ними приведет к появлению сотрудников манкуртов, и не помнящих, откуда они вышли и что должны защищать.
Еще не поздно заделать трещины, возникшие между сотрудниками МВД и гражданами нашего единого отечества.




  Узун эмес, кыска эмес...

"Улуу жеңиш"
"Мамлекеттик машине дегениң келерки шайлоодо
добуштун 78-81 процентин даярдап койду"
(эл оозундагы кептерден)


Бүгүнкү күндүн маселеси бу болуп турат - Бакиевдин чексиз бийлигин токтотуу керек. Мейли ал президент болуп шайлансын, баары бир чексиз бийлигин, үй-бүлөлүк башкаруусун токтотуу керек. Бу бийликтин деңгээли өлчөлүү экенин кечээки оппозиция кыймылынын нааразылык митингдери айкындап койду. Айтайын.


Ырасында биз күткөн масштаб болбой калды, элдин саны күткөндөгүдөн аз болду. Мына ошол жагдайды бийлик дегениң жаагын жана какшабадыбы, бүгүнкү күнгө чейин Арзыматтарына айттырып жатат. Эй, чет элдерде бир-эки киши да плакат асынып алып, нааразылыгын айтып жатпайбы, жалпынын көңүлүн бир маселеге буруп жатпайбы. Алардын бийлиги силер мынча эле экенсиңер, аз экенсиңер деп чуу салып мактанган жери жок го. А биздин бийлик элдин саны аз болушун өздөрүнүн "Улуу жеңиши" катары кабыл алып жатпайбы. "Мээң менен жерге кир!" деп айтмак менден башка бирөө болсо. Милийсасы дагы, жетекчилери дагы, шыйпак-журналисттери дагы тим эле "Берлинди алгандай" болуп кубанганын кантесиң. Кээ бири түз эле "жеңиштин көз жашын" чыгарып жатышат эй! Ушу да деңгээлби ыя?! Мындай деңгээлге каршы күрөш жеңил болорун оппозиция лидерлери көңүлдөрүнө түйүп коюшу керек, өздөрү деле билип аткандыр мыйыгынан күлүп… Эй, бийликтин билермандары, оппозиция кыймылындагы адамдар да кыргыздын уулдары, алар дагы элим деп күйүп жанат, а силер аларга чет душмандарча карайсыңар. Ойлончу немеңер менен ойлонуп көрсөңөр, ойлоно алсаңар…
Эпадам бийликке бир аз тереңирээк, эл эмнеге чыгып жатат деген суроону коюп, анан бийликтин даражасы менен, "жок, силер туура эмес айтып жатасыңар, биз деген момундай сонун иштерди жасап жатабыз, келечеги момундай жыргалга жетип такалат" дегенди айтыш керек го, позициясынан жанбай. Анын ордуна Көлдө мынча эле адам катышты, Ошто түкүнчө эле адам катышты деп кайра-кайра шаңданат. Бирок алардыкы деле туурабы деп калдым, турмуштун туура көрүнүшүн качырып, элдин эмнеге чыгып жатканын чечмелеп бирдеме десе эле былыгы чыкканы турбайбы, түз эле барып коррупцияга каңк этип тийгени турбайбы, түз эле бүлөлүк башкарууну сүзгөнү турбайбы, өлө-сөлү экономиканы айтып алып бети күйгөнү турбайбы… Анан кайдан айтты?! Кызыгы, бүт маселени элдин аз чыкканынан көргөн саясат таанучумун деп жүргөндөр да айтышты, маселен жанагы Казакпаев деген мырза. Бу жигит бүт кыргыз саясаты алаканында тургандай сүйлөгөн жан көрүнөт, бийлик жыттанган…
Баса, элдин аз чыкканына "5-канал" дегени энеси эгиз эмес, сегиз төрөгөндөй сүйүндү. Баланча адам чыкмак, бирок түкүнчө эле чыкты деп таблица да түзүп жиберишиптир. Жыргайт тим эле. Бишкекте 1,5 миңдей адам чыкты деп милийсасы айтып жатса, бу телеканалың 300 эле деп уруп койду. Бу телеканал да өздөрүн кыргыздын саясатын аныктап тургандай көрөт, а чынында, жалпысынан алганда деңгээл дегени өлчөлүү канал. "Майдан" деген немесин ар күнү көрсөтүп, мазэңди алат, бирөөнү чакырып алып, акылдуусунган журналисттери суроодон суроо салып, элдин баары ушул эле каналды баса калып көрүп жаткансып баланча миң "ооба", түкүнчөсү "жок" деди кылып, Гоголдун "Өлүү жандарын" эстетип жооп бердирип, "жыргатат" дейсиң… Бийликти колдогон жагынан мунун катарында Эшимкановдун каналы шоона эшпей калды…
Көп айтып жатабыз, азыр оппозиция бар күчүн президенттик шайлоого багытташы керек. Эгерде эби менен иш жүргүзсө, оппозициянын күчү оңбогондой кубаттуу. Эл митингге күр чыкпаганы менен, кебетеси, 80 процент азыркы бийликке курсагы тойбой турат. Ошолор менен ымалага келип, саясий-экономикалык абалды кулагына куюп, артынан ээрчитсе, бийлик кичине эл менен эсептешип, тизгинин тартып, оң жакка тартып, мамлекетибиздеги абал оңолот эле дейм да.
Мына, шайлоого аз эле күн калды. Мейли Бакиев жеңсин, бирок "биздин айылда да жигиттер бар" маанисинде Текебаевби, Сариевби, же Исаков менен Бешимовбу аны менен кармашып көрсүн да, аз болсо да шаштысын кетирсин да!
Маселе, оппозиция бир-эки лидерин аныктап аттандырабы же "мен деле кыйынмын" жолу менен кетип он чактысы жөнөп береби, кеп ошондо. Менимче, анын лидерлери абалды кылдат баамдап, бир-эки кандидаттын тегерегине топтолот болуш керек. Жалгыз бир кандидат көрсөтүү сонун болмок, бирок бу бийликке ишеним жок. Ошол жалгыз кандидаты "баягыда момундай кылгансың" деп жалаадан жакшы жаап туруп, сот аркылуу кандидаттыгынан алдырып салары бар. Ошондуктан экиден кем эмес, төрттөн көп эмес талапкер чыкканы оптималдуу вариант болуп турат. Анан так ошол шайлоо болор алдында баары биригип, баланчаны шайлайбыз деп бирөөнө орун бошото берсе, Бакиевде эмне шайман калат? Эми бу фантазия жандаган кеп, таза турмуштун сөзү. Айттык го, Бакиевдин добуштары "масло" боюнча сакталуу деп...
Кандай болгон күндө да К.Салиевич элди эми дагы бир беш жыл башкарганы калды бейм...






  Ардактап турса айланаң, ажо болуш эмне экен

"Барбарос"
Политтехнология дегениң өз ишин жасады. Жакшы жасады. Өткөндө алардын акыл чөйчөгү менен түзүлгөн схемасы да өтөөсүн берген. Берки жээктен экөөнү тартып алып, (же сатып алыппы(!)) аларды "акыйкат" үчүн Консотко кайрылтып, анын натыйжасында декабрда кабыл алынган компромисттик Конституция жокко чыгарылган. Өлкө өткөн мезгилге кайрылып, 2003-жылкы Баш мыйзамдын негизинде жашап калган. Ошентип, каяша айткан парламент тарап, "Акжол" партиясы төрөлүп, борбордук бийликтин кызыкчылыгын коргогон система пайда болгон.
Эми ошол "балиттехнология" кезектеги чиймесин чийип, бул ирет да анын башкы кейипкери короонун ичинен эмес, сыртынан тандалып, акыйкат үчүн ал жигит да Консотко кайрылып... Консот президенттик шайлоону 2009-жылы октябрга чейин өткөрүш керек деп бүтүмүн бүркүп берди. Калган каткан ишти "Акжол" айттырбай жасап, 2009-жылы, 23-июлда "шайлоо күнү" деп, токтомун токушту.

* * *
Улуу Ата мекендик согуш мезгили. Сталинград курчоодо. 1942-жылы советтик аскерлер жалпы фронт боюнча катуу чабуулга өтүп, фашисттик баскынчыларды артка чегиндирип, басып алынган Сталинградды бошотуунун максатын ойлоп жатышты. Андагы эң негизги идеологиялык себептердин бири - өлкө башчысы Сталиндин туулган күнү босогого келип калган. Ошентип, башкы командачынын атын алып жүргөн аталган шаарды бошотуу Сталинге болгон чоң белек болгон.
* * *
Эмне үчүн Акүй технологдору шайлоону 23-июлга коюшту? Баса, 1-августта К.Бакиев 60 жашка толот. А, шайлоо демекчи ардактап турса айланаң, анын жыйынтыгы деле черновикке чийилип калса керек.
Бир чети президент 60 жашка чыгып жатса, кайсы министр, сот, прокурор, губернатор, аким тим олтуруп алсын. "Бөрк ал десе, баш алган" аламан болоору азыртан эле билине баштады. Борбордо болсо, борбордун чок ортосунда улуу урматтуунун иннагурациясына карата шаар кожоюну кереметтүү фонтан куруп, ачылышын ошондо жасайм деп жүрөт дейт...
Бирок, ошол эле учурда оппозиция шайлоо мезгилинде "экинчи дем алуусун" ачып, оюн таптакыр башка өңүттө жүрүп кетиши да мүмкүн деген мүмкүн ойлор да айтыла калып жатат... Кудум "Барбарос" планын талкалагандай. Ай, ким билет...

Табылды Акертегин
Бишкек шаары









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!