Мамайдын көрүбү же...

Парманкуловду "сындырганга" аракеттенишүүдө
Өлкөдө саясий куугунтук күч алып, кырдаал барган сайын чыңалууда. Диктатуралык башкарууга багыт алган бийлик билермандары өкүмзордугун токтотоор түрү жок. Коомчулук күн алмашкан сайын тигини камаптыр, муну соттоптур, дагы бирин суракка чакырыптыр деген гана сөздөргө күбө болууда. Албетте, мындай жол менен эл башкарууга болбойт. Аталган жол менен бийлигин эки, үч жылга узартышы ыктымал, бирок, кыргыздын кеги кырк жылда деген сөз бекеринен айтылган эмес, баарыбир аягына чыгаар күн келет. Экинчиден, мындай ишти алсыз бийлик, алысты көралбаган жетекчи гана жасайт. Калк турмушун аркалай албай, эл ишениминен айрылган бийлик күчкө гана таянуу менен "койдой башкарам" деген максатты коюшу мүмкүн. Бирок, карт тарыхта мындайлар кан жутуп калганына күбөбүз. Мурунку титандарды мисал кылып отурбайын, кечээги Пиначет, Чаушеский, Саддам Хусейиндердин аянычтуу, трагедиялуу тагдырларын ким жокко чыгарат?...

Үй-бүлөлүк башкарууну сындырабыз ураанын көтөргөндөрдүн катарында жүрүп, Бакиевди бийликке апкелгендердин дагы бири, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Замирбек Парманкулов саясий куугунтуктун капканына түшүп, темир тордун артына киргизилгенине бир айдын жүзү болду. Опоненттерине кастарын тиккен бийлик Кара-Кулжанын кулунун дагы четте калтырбады. Дегеним, Бакиевди бийликке отургузгандан тарта, алдына кызмат сурап барбай, өз оокат кылып жүргөн экс-депутатты бийлик эмнеге мынчалыкка алпарды экен деген ой кетет. Көрсө, Замир Парманкулов Президенттикке ат салышам деген оюн билдирген экен. Ушундан тарып тузакка илмей оюну башталыптыр. Ушинтип, бийлик технологдорунун ойлонулбаган тар түшүнүгүнүн жыйынтыгынан өлкөдө жаңы баатырлар, жаш лидерлер баш көтөрүп отурат.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында З.Парманкулов Бишкектеги "Арзу" кафесине кирип, таанышына жолугуп, сүйлөшүп калат. Сөздөн сөз чыгып, пикирлешүү саясатка оойт да, бийликтин адилетсиздиги жөнүндө кеп башталганда ойлор эки ача чыгып, бир аз талаш чыгат. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери пайда болуп, акт түзүлөт. Замирбек Парманкулов ошол күнү эки арыз жазып бериптир. Иш эртеси эле сотко өткөрүлүп, Президентке акаарат келтирдиң деген киненин негизинде сот Парманкуловду 15 суткага СИЗОго камоого буйрук чыгарат. Анын жазган арыздары жоголуп, милиция кызматкерлери "көргөн жокпуз" деп, карандай танышы, иштин саясат жыттанышынын алгачкы белгиси болду. Адилетсиздикке моюн сунбаган экс-депутат СИЗОдо ачкачылык кармап, ден соолугунун начарлашынан улам ооруканага жеткирилген. Ал ортодо 15 сутканын мөөнөтү бүтөт да, мыйзам негизинде бошошу керек болот. Бирок, бийлик 2004-жылы козголгон кылмыш ишти кайра көтөрүп, ооруканадан чыгаары менен Оштун СИЗОсуна алпарып тыгышты.
Ушул жерде кызык маселе турат. 2004-жылы Замир Парманкулов депутат кездеги болгон окуя экен. Тактап айтканда мурунку бийлик учурунда. Шайлоочулары менен баарлашканы Кара-Кулжага сапар чегип, Оштон тамактанып алуу үчүн "Ричман" кафесине кирип калат. Ал жерде дагы бийликке каршы сүйлөп, бирөөлөр менен кыжылдашып кетиптир. Жакалашып, түртүшүүнүн негизинде кафенин бир кружкасы сынат. Жыйынтыгында 1585 сомдук чыгым келтирилди делип, ошол учурда төлөнүп, баары бүтүптүр. Милиция кызматкерлери болсо кылмыш ишин козгоп, бир жыл өткөндөн кийин 2005-жылы Парламенттик шайлоодо Парманкуловго телефондон угузушат. Көп өтпөй революция жасалып, баары унутулган экен. Унутулбаса дагы, бир кружка сынганы үчүн ачылган кылмыш иши катар-катар чыккан амниссиялардан жоюлуп, жок болмок. Тилекке каршы, азыркы бийликте андай болбойт окшойт. Ошол иштин негизинде З.Парманкуловго кылмыш иши ачылып, камалды.
Азыр "Ричман" кафесинин деректири Т.Насирова ошол кезде келтирилген 1585 сомдук чыгым кайтарылгандыгын айтып, экс-депутатка эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирип отурат. Ал эми 2004-жылы "Ричман" кафесинде бармен болуп иштеген Нурбек Шерматов аттуу жигит: "2004-жылы 18-февралда Замирбек Парманкулов коомдук тартипти бузуп, "Ричман" кафесине 1585 сомдук зыян келтирген болчу. Ошол мезгилде мен кафеде бармен болуп иштеп тургам. Окуя болгондон кийин З.Парманкулов келтирилген зыянды ордуна коюп, жарашканбыз. Экс-депутатка дооматым жок" деп, бул жигит дагы сотко кат жолдоптур. Кафенин ээси, жумушчулары баары бүткөн десе дагы, бийлик Парманкуловду койбербей кармап отурушу саясий өңүттөгү иш экендигинин экинчи белгисин берип отурат.
Анан ал жаңжал эмнеден чыкты делген маселеге келгенде, бүгүнкү бийликтин жүзүнө көө жабыла турган маселе чыга түшөт. Анткени, ал жердеги чатактын башы Парманкулов мурунку бийликтин саясатын сындагандыгы үчүн чыккан. Өздөрү төңкөрүш кылган бийликти сындаган адамды камап койгону логикага сыйбай жатпайбы? Антпейли десек, келтирилген чыгым өз учурунда төлөнгөнүн кафенин ээси өзү айтып, дооматым жок, чыгаргыла дегенин кайда жашырабыз.
Мына замандаш, ушуларды карап отуруп, Замирбек Парманкуловдун иши накта саясий куугунтук экенине толук ынанасың. Адилетсиз бийликтин наадан оюндарынын бири экендигине накта күбө болосуң. Анан да үй-бүлөлүк бийлик же кечээги бийликтин саясатын бүгүнкүлөр улантып жатат дегенге толук негиз бар экендигин аргасыздан мойнуңа аласың. Себеби, Замирбек Парманкулов Президенттикке ат салышып көрүү максаты бар экендигин жогоруда айтып өттүк. Шайлоого катышканда чоң күч болбосо да, Түштүктүн добушун бөлүп-жарууда ролду ойнооруна шек жок болчу. Ошондуктан, бийлик бул кандидатурадан өтө коркту. Анткени, бул ишти Президенттик шайлоонун мөөнөтү айтылаарына саналуу күн калганда баштап отурушат. Бул ага толук негиз болуп берет. Бирок президенттикке ат салышам дегени үчүн эле ушундай кыла берсе, өлкөдө чыгаан жигит калабы? Мындай кылса көкүрөгүн көтөргөн кыргыз уулдарынын баары түрмөдө чирип, качып-тозуп жоголот го. Токтот, колуңду тарт дегенге убакыт жетти окшойт, замандаш!
Акырында айтаарым, эки күн мурда Ош шаарынын УВДсынын өкүлү П.Асанов маалымат жыйынын өткөрүп, З.Парманкулов издөөдө жүргөнү үчүн 2004, 2005, 2007-жылдардагы амниссияларга илээшпей калганын жар салды. Кызыгы, төрт жылдан бери укук коргоо органдары Замирбек Парманкуловду кармай албай жүрүптүр. Уялышса боло! Замирбек Парманкулов революция жасагандардын жанында жүргөндө неге кармашпады экен ыя. Ушуга чейин бирөө дагы чакырып, сурабаптыр го. Туугандарынын айтымында, Кыргызстандан бир нече жолу сыртка чыгып, кайра келиптир. Эмнеге кармалган эмес? Катар-катар коюлган бажы посттору эмнеге текшербеди экен?

Керим Мурас

Р.S. Замир Парманкулов Оштун СИЗОсунда ачкачылык акциясын улантууда. Бирок, ден соолугу тууралуу так маалымат жок. Ал эми "Саясий куугунтукка каршы күрөшүү" комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Замир Парманкуловдун ачкачылык жарыялоого ден соолугу жол бербей тургандыгын экс-депутатты коргоо комитетинин өкүлдөрү эскертишип, акциясын токтотууну талап кылышкан. Бирок, Парманкулов эрктүүлүгүн көрсөтүп, акциясын токтотпой тургандыгын, муну менен өзү жөн жерден абакта жаткандыгын коомчулукка билдирүү максатын көздөп жатканын билдириптир.




  Алыстан кат

Улут муктаждыгы эркиндикте
Негизи...Ток этер жеринен айтканда ушу Кыргызстандын тышкы саясатынын бир тизгинин Орусияга берип койгонго ар бир кыргыз намыстанышы керек эле. Мисалы, сенин аялың сени укпай, кошунанды угуп, ошонун айтканы боюнча иш кылып атса намыстанбаган куйөөдө бир нерсе жетишпейт десе болот. Ошонун сынарындай, азыр тышка чыгып, бирөөлөр менен таанышып, кайдансың деп сураса Кыргызстанданмын дейсиң. Ал каякта десе, Кытай менен Афганистандын жанында деп жооп бересин. Дагы эле түшүнбөсө мурдагы совет республикасы дегенге аргасыз болосуң. Анан четтиктер: "А Раша!" - дегенде куйбогон жерин кул болуп: "Жок, Кыргызстан Раша эмес, биздин өзүбүздүн тилибиз бар, мамлекетибиз бар" - деп актанып киресиң, жанындагы карындашыңдын: "Менин биринчи тилим орус тил" - деп сыймыктанганына карабай. А бирок алиги четтик жанындагы досуна сенин айтканыңды өзүнчө интерпретациялайт: "Йес, Йес, Кирхисистан Рашанын мурунку колониясы, кичинекей өлкө, Казакистандын жанында"- деп.
Ушундай жашоо. Кыргыз эли азыр улуттук идентификацияга (identity) муктаж, а бирок орус деген идентити кыргызга идентификация болуп бере алган жок, анткени биз расалык, этникалык жана маданий жактан аларга кошулуп кете албайбыз, анын үстүнө алар кошпойт. А бирок ошол идентити проблемасын улутту башкарыңыз деп биз ишенип тапшырган авторитеттерибиз болсо, биздин эң баалуу, эң асылзат, эң керектүү, жалгыз Кудай берген нерсебиз - азаттыгыбызды акчага соодалап жерген учурлар болуп атат . Туркменбашы, Назарбаев, Путиндин адамзат алдында канча күнөөсү болгон менен алар өз элинин идентификациясы үчүн ынтызар болушту. Муну эли баалады. Азыр кыргыз элине эң негизги эркиндик, башкача айтканда, улуттук тилинин эркин жана кеңири колдонушу, эл аралык аренада кулдун образынан кутулушу, ички саясатка аралашышы, өз мамлекеттинде милициянын аны коргоосу, өз оюн коркпой айтканга мүмкүнчүлүк алуусу аба кандай керек болсо, ошондо ар бир кыргызга керек болуп турган чак. Мунсуз адам баласы тирүү өлүк болот. Бул эркиндикти ички саясатта да, тышкы саясатта да баланс сактап берет деп айта берип тил тешилди. Мага мисалы үчүн ким хан болорунун мааниси анча эмес, эгерде ал жогорку муктаждыктарымды камсыз кыла турган болсо.
Саясатчы деген кесип болбойт. Ырас, биз укугубуздун жарымын мамлекетке ишенип бердикпи, демек, ар бир жаран мамлекеттен ошол укуктардын аткарылышын талап кылууга жана саясатка катышууга укуктуу. Башкача айтканда, ар бир жаран саясатчы.
Мен эмне үчүн ушунун баарын жазып атам - анткени болуп аткан иштер менин жана менин досторумдун жашоосуна таасир тийгизип атат. Биздин ыйык деген асылдарыбызга кол салынып атат. Мындай күндө унчукпаган кыргыз чыныгы кайдыгер болуп калат ко.

Аскарбек Мамбеталиев
АКШ, Нью-Йорк шаары.
Илим издөөчү.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!