Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген...

Эгемендиктин жетинчи жылы:
1997-жыл
Буюрса, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Мамлекети өз тагдырын өзү чечип, азаттык алган күнүнө 18 жыл толот. Ушул он сегиз жыл ичинде өлкөбүз эмнелерге жетишти, кандай ийгилик болуп, не кемчиликтер кетти? Мунун баары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында сакталып калды. Жаманы да, жакшысы да - биздин басып өткөн жолубуз. Андыктан, өз тарыхыбызды баалай билсек деген эле тилек. Анан калса, 18 жаш - бул адам өмүрүндөгү өз алдынча жоопкерчиликке укук алган мезгил. Дегенибиз, андан аркы сапарында өлкөбүздү ийгиликтер коштоп, жакшылыктар гана жылоолосо деген ниет.
Ушундан улам басып өткөн жолубузга дагы бир ирет саресеп салып өтүүнү эп көрүп отурабыз. Анда, эгемендиктин айрым элестерине чогуу күбө бололу, мекендеш!

Кыргыздар жыйналууда

1930-жылдары кулакка тартылып, украинага сүргүн болгон 3 миңдей кыргыздын башын кошуп, Кыргызстандын элчилиги алгылыктуу иш баштады.
21-январь

Завод курулду

Кант районунда нефтини кайра иштетүүчү дагы бир завод курулуп, ишке кирди.
30-январь

Жардам келди

ЮНЕСКО тарабынан Кыргызстанга ири суммадагы жардам келе баштады. Улуттук телерадио компаниясынын "Ала-Тоо" берүүсүн жакшыртуу үчүн 150 миң доллар берилди. Ал эми Майрам Акаева жаңыдан түзүлгөн ЮНЕСКОнун мектептер жана клубдар улуттук ассоциациясына президент болуп шайланды.
4-февраль

КРнын Президенти А.Акаев өлкөбүздүн эң алгачкы сыйлыгын тапшырып, Т.Сыдыкбеков менен Ч.Айтматовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарды.
7-февраль

Губернатор
Курманбек Бакиев

Жалал-Абад облусунда 115 жашка жеткен 140 киши бар. Алардын ар бирине облустун губернатору К.Бакиев 500 сомдон белек тапшырды.
18-февраль

Алмаз Атамбаев
шайланды

Жазуучулар уюму кайра ачылып, каттоодон өттү. Анын башчылыгына ишкер Алмаз Атамбаев бир добуштан шайланды.
Февраль

Дагы бир завод

Жалал-Абадда "Гималай" минерал сууларын чыгаруучу завод кайра иштей баштады.
13-март

Президенттик ишембилик чыйыры

Президент Аскар Акаев өзү баш болуп Президенттин администрациясынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Алар Бишкектин түштүк тарабындагы "Жеңиш" паркында көчөттөрдү отургузуу үчүн канал казышты.
18-март

Кыргызды ийгилик
коштоду

XII Азия оюндарына Жалал-Абаддык балбан Раатбек Санатбаев катышып, күмүш медальдын ээси болду.
17-апрель

Жаңы банк

Бишкекте "Демир-Кыргызстан интернешнл" банкы ачылды. Анын тушоо кесүү аземине Президент А.Акаев катышып, сөз сүйлөдү.
29-май

Кыргыз Президенти А.Акаев Калифорниянын /АКШ/ Эл аралык илим-билим, индустрия жана искусство Академиясынын ардактуу академиги болду.
16-июнь

Садыркулов салыкка барды

Медет Чоканович Садыркулов Салык инспекциясынын директорлугуна дайындалды.
25-июнь

Касташкандарды
достоштурду

Тажик кагылышын аягына чыгаруу үчүн кол коюлуп, Тажикстандын Президенти Э.Рахмонов жана Бириккен Тажик оппозициясынын жетекчиси Абдулло Нури Кыргыз Президенти А.Акаевге ыраазылык кат жолдошту. Анда Бишкекте жетишилген ийгиликте Аскар Акаевдин жеке салымы чоң болгону белгиленип, Тажик элинин атынан терең ыраазылык билдирилген.
10-июль

КРнын Президенти Америкада
14-июль










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!