дин маек

Өзбек ажы Чотонов,
"Дил мүрөгү" адеп-ахлак уюмунун жетекчиси:
"Биздеги мусулманчылык колготки кийген баладай"
Кыргыз эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып, четке сүрүлүп калган дин өз үстөмдүгүн арттырганы белгилүү. Ошондон тарта Ислам саясаты күн санап арыш керүүдө. Араб кийимин кийген адамдардын катары көбөйдү. Билип-билбей диндин атынан сүйлөгөндөр арбыды. Ушул жаатта окурмандарды түпөйүл кылып, түйшөлткөн суроолору көбөйгөндүктөн Өзбек ажыга кайрылдык.


- Жакында "Пирамида" телеканалынын "Мезгил кадамы" көрсөтүүсүндө ажы Мыктыбек Арстанбекке "Улутуң ким? Кайсы уруудансың? Жети адаңды билесиңби?" деген суроо салса, ал: "Карманган диним жол бербегендиктен буларды айталбайм" деди. Айтсаңыз, диндин кайсы жеринде буларга тыюу салынат?
- Бул туура эмес. Пайгамбарыбыздын жети атасы эмес, андан аркысын дагы жаттап жатпайбызбы. Ошондой эле пайгамбарыбыз үйлөнүүнүн алдында тегин, уруусун сүрүштүргүлө деген. Дин улутту да колдойт. Маселен Куранда: "Бири-бириңерди таанып, айырмаланып турушуңар үчүн силерди коом жана улут кылып жараттык" делет. Т.а. Алла-Таала ар бир элге өзүнчө сыпат, өзгөчөлүк берип жараткан.
- Дин улутка бөлүнбөйт дегендерге эмне дейсиз?
- Динде патриотизм бар (улутчулдук) шовинизм жок. Пайгамбар шовинизмди (бир улуттан экинчи улут артыкмын дегенди) жеткен караңгычылык деп айткан. Бирок, өз улутунун жакшы сапаттарын сактоо кайра жакшы болот. Ооба, динде улут жок дегендер да бар, алар жаңылышат. Пайгамбардын тарыхын окусаңыз, кайсы уруу кандай иш кылганы баяндалат.
- Демек, улутту, урууну, жети атаны айтканга дин жол бербейт деген чаласабаттык экен да...
- Мыктыбек динге жакшы берилген адамдардын бирөөсүдүр, бирок, аны биз аалым деп эсептебейбиз. Динде улут жок дегени туура эмес.
- Динде ырчылык өнөр шайтандын иши делеби?
- Дин келээрден мурун арабдар эң мыкты ырчылар болгон. Ыр деген деле сөз. Көп маанини бир сөзгө камтыган сөздүн кыска формасы. Бирок, кептин баары эмне жөнүндө ырдап жатканында. Мекенине, ата-энесине арнап же адептүүлүккө чакырган ырларды ырдаса болот. Анан "Көзүңдү сүйөм, төшүңдү сүйөм" деген нерселер аралашып кетсе шайтандыкы.
- Маселен азыркы ырчылардай жарым жылаңач чыгып ырдасачы?
- Адепсиз кийгендер, түшүнүксүз көчүк-башын буйталаңдаткандар шайтандын жолундагылар.
- Мусулман деп, улам мисалга тартып жаткан арабдар "танец живота" дешип, аялдарынын курсагын карап, ырахат алып отурушпайбы?
- Арабдар деле дин келерден мурда караңгы болгон. Биз орусташкандай эле алар дагы Англиянын, Франциянын ж.б. колониясында калып, англичандашты. Мындайды ошолор алып келишти да. Мен араб өлкөлөрүндө аталган бийди көргөн жокмун. Бирок, Европалыктар уюштурган "шайтанканалар" толтура. Айрыкча Египет, Дубайда мындайлар өтө көп. Бизде дагы көчүктөрүн, көкүрөгүн көрсөтүп алып бийлеген ырчылар көбөйдү. Бул шайтандыктын жеткен чеги. Аны карап жыргап, кол чаап сүйүнүп отурабыз. Орустан же батыштан келсе эле цивилизация деген туура эмес. Жылаңач чыккан-шермендечилик.
- Бул суроо салтка тиешелүү. Маселен киши каза болгондо молдолор ыйлаган жабыр болот дешип тыюу салууда. Дин күчтүүрөөк жерлерде, маселен түштүктө ыйлатпай дагы койгон учурлар бар. Туурабы?
- Үн чыгарып, жөндөн жөн эле ыйлагандардыкы туура эмес. Кайгырбаса деле адамдардын көзүнчө артисттик кылууга тыюу салынган. Эгер жүрөгү канап, чын дилинен кайгырып ыйласа кеп жок. Пайгамбардын Ибрагим деген баласы өлгөндө, көзүнөн аябай жаш куюлуптур. Ошондо сахабалар келип, "Я расул Алла Сиз ыйлаган болбойт деп айтпадыңыз беле" деп сурашканда, Пайгамбар: "Бул - жүрөк. Жүрөктөн ыйлай бергиле. Бирок, Аллага нааразы болбогула" деген.
- Ажы аке, кыргыздардын салтында аялдар кошок айтат, акын болсо жоктоо ырын ырдайт. Муну жокко чыгарып жатпайбы?
- Ошондуктан шариятта тирүүсүндө сыйлагыла дейт. Анан өлгөндөн кийин заңгыратып кошок айтканың эч нерсеге жарабайт. Аны атайын адамдарды ыйлатыш үчүн коштурушат. Мисалы, түнү-күнү арак ичип бала-чакасына, коңшуларына тынчтык бербей, катынын сабаган адам өлсө калп ыйлап, "баатырым эле, баатырым" дедиртип кошок коштурганың туурабы? Ата-энеңди тирүүсүндө сыйла, өлгөндөн кийин бакырып-өкүрбө! Жылкы союмуш болуп, элге жакшы бала болуп көрүнбө!
- Мусулмандардын Халифат курабыз деген бөлүгү бар. Алар "Хизбут-Тахир" партиясын түптөп, Кыргызстанда дагы жигердүү иш жүргүзүүдө дешүүдө. Динди фанат туткандар ушундай партиянын азгырыгына алданып, бир балээнин башынан чыгышпайбы?
- Өлкөдө динди тутунгандар бир пайызга араң жетебиз. Ошол бир пайыз дагы эптеп-септеп намазын гана окуйт. Ушундай акыбалда туруп, Халифат курабыз дегендердики туура эмес. Халифат куруу деген мамлекет куруу деген сөз. Ал үчүн абдан көп кадр керек. Биздеги беш молдонун колунан эмне келет. Биздеги мусулманчылык колготки кийиген баладай. Көп катачылыктарыбыз, кемчиликтерибиз бар. Намазга турганда тиги бутун жабыштырып алды, тиги алчайып турду, колун көтөрүп койду деген майда нерселерди талашып отурабыз. Анан кайдагы Халифат. Хизбут-Тахир араб өлкөлөрүндө 1940-жылдары эле түзүлгөн. Ошондон бери бир дагы жерде Халифат орното албады. Дүйнө жүзүндө бир дагы жерде Халифат болгон эмес.
- Сиз, Абдишүкүр ажы (Нарматов) кыргыздын калпагын кийип, арабдын кийиминен алыс жүрөсүздөр. Дааватчылар деле ушундай кийинишсе болбойбу?
- Кыргыздар сакал коюп келген. Баатырлардын сүрөттөрүн карасаңар баары сакалдуу. Азыр кыргыздар сакалыбыз же мурутубуз жок франсуз болуп калдык. Анан кытайдын же орустун киймин кийсек, эч ким унчукпайт да биздин жаңы динге кирген ончакты бала узун көйнөк кийсе кокуйлап, эларалык деңгээлге чейин чуу салып жатабыз. Уят эмеспи. Кыздарыбыз француздардын көчүгү, көкүрөгү билинген уйдун терисиндей кийимдерди кийип алды. Эңкейсе төшү, ийилсе көчүгү, түздөнсө курсагынын майы салаңдап, киндиги көрүнгөн кийимди биз неге сындабайбыз.

Суроо салган
Зулпукаар САПАНОВ




  Мыйзамсыз иштейби?

"Медреседеги жаштар куранды жаттап,
хадистерди окугандан башка эч нерсе билбейт"
Кыргызстанда "Диний билим берүү мекемелери жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип жатканын Дин агенттигинин жетекчиси Каныбек Осмоналиев билдирди.


1) - Мыйзам долбоорун сунуштоодогу башкы эле максатыбыз диний билим берүү мекемелеринин алдында мамлекеттин жоопкерчилигин аткаруу. Бул диний мекемелер азырынча укуктук макамы белгисиз эле иштеп жүрүшөт. Алардын ишмердүүлүгүн укуктук негизде бекитип берүү - мамлекеттин милдети. Мен расмий түрдө "алар мыйзамсыз иштеп жатышат" деп билдире алам.
Экинчиден , Ислам университетинин эч кандай лицензиясы жок. Ал жерде билим алган канчалаган жаштардын диплому эч нерсеге жараксыз болуп жатат. Биздин мыйзамдык базага ылайык, тигил же бул ишмердүүлүк менен шугулданган адамдар лицензия алышы керек. Демек, ансыз иштөө мыйзамды бузууга жатат. Үчүнчүдөн, билим берүүдө алардын эч кандай стандарты жок. Окуу планы муфтиятта гана бекитилген. Мунун кесепетин ошол жерде билим алып, азыр эми жумушка орношо албай жүргөн жаштар сезип жатышат. Окуу жайдын ректору баш болуп, азыр аларда эч кандай укугу жок экенин айтышууда. Мындай болбошу үчүн алар Билим берүү министрлигинин стандартын өздөрүнө ылайыкташтырып, аны кабыл алса, министрлик лицензия берет. Андан ары аттестациядан өтүшөт. Ошондо гана окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү дипломду ала алышат.
2) - Мыйзам долбоору бир гана Ислам университети жөнүндө эмес. Бүгүн өлкө боюнча 60 жакын медресе бар. Алардын ичинде өзүн "медресе" деп атап алып, мечиттин ичинде эле билим берип жаткандар да кездешет. Алар акча иштеп калуу максатында эле ачыла коюшкан. Тогуз ислам институту бар. Бизде ушу тапта мындай иштерге "өзгөчө шыгы, таланты бар кишилердин армиясы" пайда болду. Ачыгын айтканда, алар мыйзамды да, мусулманчылыктын негизги баалуулуктарын да тоготушпайт. Аларды акча гана кызыктырат. Ошондуктан биз азыр бул мыйзам долбоорун сунуштап, анда ошол окуу жайлардын укуктарын эле эмес, милдеттерин да так көрсөтөлү деп жатабыз. Медреседе жаштар эртеден кечке Куранды жаттап, хадистерди окугандан башка эч нерсени билишпейт. Себеби, андай шартты медресенин директору түзүп берген эмес. Аларда окугандар - айрым экстремисттик, реакциялык күчтөрдүн даяр чийки материалы. Аларды өлкөдө ишмердигине тыюуу салынган күчтөр ар кандай максатта колдоно беришет.
3) - Мыйзамдын долбоорун биздин агенттик түзүп, бир ай мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына бергенбиз. Андан ары Юстиция жана Билим берүү министрликтерине берилди. Алардан сунуш-пикирлер айтылды. Долбоордун тийиштүү жерлерин оңдоп, биз кайра бир эле күндө ошол эки министрликке бердик. 23-мартта ойлорун сурап, 15 министрликке мыйзамдын долбоорун жибергенбиз. Алардын пикирлерин алгандан кийин, биз долбоорду жалпы мамлекеттик, эларалык деңгээлде талкууга коюп, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна жиберебиз. Мунун баарына бир жылга жакын убакыт кетет. "Диний билим берүүчү мекемелер жөнүндө" мыйзамды КМШ аймагында алгачкы ирет Кыргызстан жазып жатат. Андыктан ал сөзсүз маалымат каражаттары аркылуу жалпы коомчулуктун этибарына сунуш этилет.











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!