сандан-санга

Кыргыздын кыраан жигиттерине арнайм
Баратбай АРАКЕЕВ
Кабылан
(повесть)
Кабылан бүгүн үйүнө келди. Кадимки эле эски "Волга" машинасы менен келди. Бу машинада Кабылан кетип баратат деп эч ким ойлобосо керек, аябай эле аңдуу салганы болбосо. Кабыландын кайда экенин бандиттер гана эмес, баарын билип турган милийса да билбей жаткан.
Бул үйгө милийса да, берки бандиттер да ончакты күн байкоо салып, анан кетишкен. Кабылан жакында бул жерге келбесин билишкен.
Кабыландын жигиттери торпоктой болгон кара койду камдап койгон экен, машина короого кирип, ичинен Кабылан түшөрү менен бата тилеп, койду туура тартып алакан жайып, ошол эле жерден чалып жиберишти. Түлөө ишараты.
Дубалы бийик короодо эмне болуп жатканы көчөгө таптакыр билинбейт, үн дагы угулбайт, дарбазага кулагын жабыштыра калып эле тыңшабаса…
Жигиттер жакшы тойлошту. Кабыланга чет элдик атактуу тикмечинин колунан тигилген костюм, башына аппак калпак кийгизилди. Мен деген жигиттери - ончактысы катар тизилип, Кабыландын колун кармап, ага түбөлүк кызмат кылышарын дагы бир ирет айтып өтүштү, өмүрдүн узагынан каалашып, ден соолугун тилешти. Ырасында эле бу жигиттер Кабылан үчүн жанын берүүгө эми даяр немелер болчу.
Кабыландын оң колу, бүтүндөй кыймылды башкарган жигити - Бүркүт. Мурду бир аз иймейип бүркүттүкүнө окшоп кетет, көзү да бүркүттүкү. Ошондон улам ушул атты алса керек. Кабыланды "байке" дейт, аны туурап бүтүндөй жигиттери байке дешет. Өзү жокто "шеф", "аталык" дегенди айтышат.
Бүркүт Кабыланга тиешелүү бардык мүлктү көзөмөлдөйт, өзүнүн эсепчилери, жардамчылары бар. Кабыландын коопсуздугу, анын иш-аракеттери, кайда-барып кайда коюшу ушул Бүркүттүн эсеби менен болот. Кабылан да ага чексиз ишенет. Өзүнөн үч-төрт кичүү бу жигит Кабылан базардан бирөөнүн эки мүшөк картошкасын тартып алгандан бери жанында. Ак кызматын өтөйт. Бир эмес, эки институтту сырттан окуп бүтүргөн. Ага Кабылан өзүнө ишенгендей ишенет, а балким андан да артыктыр…
Кай жерге май куюучу жай ачат, кай жерге дүкөн ачат, кимден канча акча өндүрүш керек, баарын-баарын ушул Бүркүт чечет, албетте, Кабылан менен кеңешип туруп, анын макулдугун алып туруп.
Кабыландын жанында ар дайым жүрчү жигиттердин анабашы - Кубат. Аны кээде Куба деп да коюшат. Мушташтын чебери. Көп сүйлөбөгөн токтоо, жүрөгүндө жалы бар деп койчулардан. Ага караштуу ондон ашык жигит, кезектешип жүрүшөт. Булар да тегизи менен Бүркүткө баш ийет. Албетте, дечи, биринчи иретте баш ийери Кабылан эмеспи.
Ушу заманда бирөөнү кайтарыш деле бекер. Аткысы келгендер бири эмес, миңи кайтарса да атып кетип жатышпайбы. Кайтаруу кандайдыр бир модагабы, салткабы айланып калган, кайтарылган адамдын кыйындыгын көрсөткөн бир нерсе гана катары кызмат кылып калды.
Санаган киши жок, Кабыландын бардык жигиттери беш жүздөн кем эместир. Алар май куюучу жайларда, дүкөндөрдө, фирмада, пансионатта, дагы толгон жерде иштешет. Булардын ичинен көз ачып-жумганча куралын белендеп, даяр болчу жигиттери жүз ашуун. Алардын арасында көзгө атар мергени, мушташтын бар сырын билгендери, далайдын өмүрүн өчүргөндөр, отуруп келгендер… баары бар. Кабыландын ар бир сөзү алар үчүн закон!
Түлөөнүн эртеси Кабылан Бүркүт менен жалгыз сүйлөштү.
- Кимдер экенин таптыңарбы, - деди Кабылан Бүркүт маңдайындагы креслого олтургандан кийин.
- Чечендер… Муса, Аслан дегендери.
- Кантип тактадың?
- Өзүбүз иштеп жаттык эле… анан тияктан ошондой деген кабар келди. "Тиягы" милийса дегени.
- Тапканыңар жакшы экен. Анан эмне кылайын дейсиң?
- Алардын жашоого акысы жок.
- Качан?
- Эки-үч күндө.
Кабылан саамга ойлонду да айтты:
- Азырынча тийбегиле.
- Жарайт.
Ошону менен бу багыттагы экөөнүн сөзү бүттү. Андан ары чарбалык сөздөр кетти, орчундуулары айтылып. Майда-баратынын Кабыланга кереги жок, андайды Бүркүт өзү деле айтпайт.
Кабылан ок жеп жаткан учурда толгон жигиттеринин үч үйлөнүү тою токтоптур, эки-үч үй тою токтоптур, дагы ушундай үлпөттөр токтоптур. Эми алар боло берсинби деп Кабыландан улуксаат сурап турду Бүркүт.
- Болбогондо. Барына жакшы жардам бер. Менин жатканым аларды токтотпош керек эле. Тойду да токтотмокпу?
- Сиз тигинтип жатсаңыз ким той бермек.
Кабылан ичинен ыраазы болуп турду. Антсе да "тойду токтотмокпу" деп чын дилден айтты.
- Сиз бир-эки ай эс алып келсеңиз жакшы болот эле,- деди Бүркүт, анысын мурун эле пландаштырып койгон.
- Эмне чарчап кетипминби?
- Жок, сөзсүз эс алышыңыз керек.
- Ии… Америкагабы же Африкагабы?
- Экөөнө тең эмес.
Кабылан кызыга калды:
- Табышмактантпай айтчы?
- Кыргызстанга. Көлдүн тоосуна. Ат менен эки күндүк жол жакынкы айылдан. Вертолет менен бир саатка жетпейт.
Бүркүт түшүнүктүү кылып айтып берди. Ал жерди илгери малчылар жайлачу экен. Азыр ал тарапта мал баккандар бар, бирок аз. Алар кой, анан негизинен топоз багышат. Карагай чери жок, жылаңач тоолор, жайкысын салкын, кышкысын аябагандай суук. Азыр жай келип калган учурда сонун болуп турат. Малынын эти аябагандай күчтүү, жылкысынын кымызы бүтүндөй эле дары. Ал жерде Бүркүттүн таякеси жашайт. Топоз багат, аялы, уул-келини болуп. Кийик деген ошол жерде. Андан башка илбирс, карышкыр, түлкү, кашкулак, суур дегендер батпайт. Мергенчилик кылчу жер. Ал жерге айда-жылда геологдор же туристтер барбаса, башка жан киши барбайт. Тоо-ташта жүрчү машина гана баралат, болбосо ат менен катташат айылына, эки-үч күн конуп-түнөп. Кытай чек арасына аз эле калат.
Мына ошол жерге боз үй, чатыр тигилет. Кабыландын жанында Кубат баш болгон төрт жигит болот. Колдорунда мыкты карабиндер, документтери чөнтөгүндө. Жеке куралдары өздөрүндө дечи. Тың аттар бар. Кабылан макул болсо тигил жак эки күндө даяр болот. Булар вертолет менен жеткизилет, илимий экспедиция катары.
- Болуптур, - деди Кабылан.

* * *
Бу жерге коргоо министрлигинин вертолету менен келип түшүштү. Акчасы асмандын башы. Анча бийик эмес кырдын коктусундагы аккан чакан суунун боюнда эки боз үй, эки чатыр тигилген. Андан беш жүз кадамдай төмөнүрөөк жерде дагы бир чатыр. Капталдарда, түзөңдө жайылган койлор, уйлар, тээ алыста үксүйгөн сансыз топоздун карааны көрүнөт. Бөксө тоолор бирине бири уланып, аягына көз жетпейт, тунарып турат. Анын карама каршысында аска-зоо аркаят ак кар басып. Жанагы кыргыздын символу сыяктанган зоокалар…
Кабыландын жигиттеринде асынган сумкаларынан башка эч нерсе жок. Баса, сырткы кабына салынган мылтыктары колунда ар биринин. Калган буюмдардын баары кечээ тоодо жүрчү машина менен жеткирилип, боз үй менен эки чатыр тигилип, жашоого эми даяр.
Вертолет конордо эле сыртка чыгып, келгендерден көз айырбай карап турушуп, анан алар жакындаганда утурлай басты, эки эркеги. Булар ата-бала. Келген меймандар менен эпилдей кол алышып, үйүнө башташты. Кам турушкан экен. Сырттагы чоң казанда капкагы кыңайта жабылган казанда эт бүлк-бүлк, катар коюлган бири сары, бири ак көгүш самоордо чай кайнап бурулдайт. Боз үйгө киришти. Ана эмесе, дасторкон кенен жайылып, үстү түр тамакка толгон. Шаардагыдан кем эмес.
Келген алты адам, үй ээлери - төрт адам, дагы эки келин, бир жигит болуп кеңири баткан бозүй тамактын жытына толо, кашык-табак калдырап дегендей, тамакка карашты. Аздан соң сөз кетти, бири-бири менен таанышты, ал-жай суралып турду.
Бу үй ээси Касымалы деген киши, ушул сыртта төрөлгөн экен, мындан жетимиш жыл мурун. Кез-кези жакага каттаганы менен бүт өмүрү сыртта өтүп келатыптыр. Орто бойлуу, бети анардай кызарган суйдаң сакал-муруттуу киши экен. Токтоо сүйлөп, жеп-ичкиле дегенин көп айтып отурду. Байбичеси да өзү кырдуу киши экен, а да сыйын көрсөтүп, жаны калбайт. Булардын уулу, кичүүсү экен, Турсун кырктарга чукулдап калган жигит, колуктусу андан бир аз кичүү сымал, кымырынып-кымтынып чай куюп олтурат. Кези менен "ичиңиздер" деп, салттан тайбайт.
Чай ичилип бүтүп, сыртка чыгышты. Кере-кере дем алып жатышат шаардыктар. Тегереги сонун көрүнүп жатат. Мылтыктарын ала коюп, кырдан кыр ашып, ууга чыгып кеткиси бар кээ биринин.
Аздан соң үйгө киришти. Килейген чарага толо эт келди. Семиз кой экен. Улуулашып устукан алышты. Анан дагы бирден устукан берилди, анысы топоздун эти экен. Эт тууралып, эт туураган үй ээсинин уулу, жанындагы жигит. Кабыландын эки жигити да туурамыш этет. Беркилердикине окшошпой жатканына уялгансыйт. Аны байкаган Кабылан айтты:
- Кеткиче үйрөнөсүңөр. Шаарга баргандан кийин этти дайым силерге тууратам.
- Ооба, балам, ар нерсенин жолу болот. Бу эт туурагандын бир караганда мааниси жок көрүнгөнү менен мындан өткөн маанилүү иш жок. Ата-бабадан өтүп келаткан өнөр, бу эт туураган. Илгери чакырылган кадырлуу конок, манабыбы, байыбы, эт начар тууралса, баса берчү тура, табакка кол салбастан. Алардын көпкөндүгү дечи, биракта этти майда туураса, кынабына келтирип туураса, анысы мейман күткөндүн дагы бир сыйы болуп көрүнөт тура. Анын үстүнө майда тууралган эт жегиликтүү да болот, аш болумдуу дагы болот. Бөтөнчө кемшейип калган биз сыяктууларга. Карыя тиши жок экенин айтып турду. Эт туураганды да өнөр деп билген кыргыз элим.
Этти жакшы жешти, бөтөнчө шаардыктар.
* * *
Муса менен Аслан экөө эки жипке олтуруп, жандарына үчтөн жигитин алып Алматыга жөнөй беришти. Ал жактагы бир досторунун баласы үйлөнөт. Алматыга эмес, бүтүндөй Казакстанга аңыз болчу той кылабыз деп көптөн бери даярданып жаткан.
Муса дагы, Аслан дагы ичкилик ичишпейт, нашаа тартышат. Аны да ченеми менен колдонушат.
Экөө жолго чыгарда чогуу олтуруп, нашаасына аябай канып, көздөрү тунарып, көңүлдөрү көтөрүлүп, жыргалда калкышкан. Азыр экөө эки машинада маңдырашат. Экөөнүн ою бир жерде: досторунун тоюнан кийин экөө тең Италиянын тоолоруна барып эс алышат, алардын кыздары менен тамаша курушат. Анан ал жерден жадаганда Испанияда деңиз жээгинде эс алышат. Ал жерде яхтама жашатам деп далайдан бери чакырып жүрчү жакын таанышы бар Мусанын… Жыргал күндөр алдыда, жолдош кыргызбайлар, силердин акчаңар бизге кенен жетип берет, өмүр өткөнчө. Жетпесе дагы алабыз дечи…
Бир маалда машина токтогонун сезип, Муса көзүн ачты:
- Эмне болду?
- Козелдор, - деди рулдагы жигити.
- Дагы бирөө качкан го.
Токтоткондор автоинспекциянын эки жигити экен. Ар кай жерде автоматчан немелер, беттерине маска кийген.
Чечендердин жиптери токтоору менен туш-туштан татыраган үн чыгып, чаң-асман эле түшүп калды. Эки машинадан тамтык калган жок. Ичиндегилер тегиз кырылды.
Аткандар даяр турган эки машинага олтуруп, көздөн кайым болушту…
…Бүркүт офисинде болчу. Телефону шыңгырап, андан бирөө: "Асяны чакырып коюңузчу" деди эле, Бүркүт: "Андай жок" деди да трубканы шак койду. Чечендер тиги дүйнөгө аттанышкан тура…
Чечендерге азырынча тийбе деген Кабыландын буйругун Бүркүт бузуп койду. Жок, ал эч качан Кабыландын сөзүн эки кылмак эмес. Ойдо жок шарт чечендерди жок кылдырып олтурат.
Полковник Жапаров Мусага "кетип калганың жакшыдыр" дегенин бу чечен жакшы түшүнгөн. Кабылан соо койбойт деген сөзү болчу. Аны Муса өзү деле билчү, бирок Жапаров айткандан кийин ого бетер санааркады, бул бирдемени билип айтат деп. Жапаров да ошону билип айткан. Аны менен бирге эле Жапаров бу эки чеченди Кабыландын жигиттери эч качан соо кетирбесин беш колундай билген.
Кандай кыйын болсоң да жан керек. Анын үстүнө сени жоготом деп жаткан Кабыландын өзү болсо… Кабылан дегениң накта жиндинин өзү, эч нерседен кайра тартпайт. Бир топ убакытка же биротоло кеткени дурустур. Муса Аслан досу менен кеңешип туруп, кетүүнү чечишти, биротолобу аны кийин көрүшөт. Азырынча болсо кетиш керек, тез арада кетиш керек.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!