Футбол: Чемпиондор лигасы

Чейрек финалда
эч ким чегинбейт
Оюнга чейин.
Чемпиондор лигасынын чейрек финалына командалар кандай маанайда келишти? Акыркы оюндарын кандай өткөрүшкөн эле? Сегиз командадан алтоо өз чемпионатында утушка ээ болгон. "Вильярреал" менен "Бавария" гана мейманда ири эсеп менен жеңдирип койушкан.
Асыресе, улуттук ички мелдештер Европанын Кубогунан асман-жердей айрымаланат. Кечээки куурал бүгүнкү жыргалга айланып кетиши алеки саатта. Кудурети күчтүү футбол күтүүсүз жагдайы менен кызык.
"Ливерпуль" менен "Челсинин" чечилбес талашын карап көрөлү. Булар беш жылдан бери катар бешинчи ирет бет келишүүдө. Бул экөөнүн эрөөлү болбосо, Чемпиондор лигасы дагы толук көркүнө чыкпай калды көрүнөт.
2005-жылы "кызылдар" менен "көктөр" жарым финалда таймашып, "Энфилддеги" экинчи оюндагы "жетим гол" тагдырды чечип кеткен. Ошондо Луис Гарсия тепкен топ дарбаза чийининен өткөнбү же жокпу деген суроо эмдигиче талаш туудуруп келет.
Андан кийинки сезондо бул экөө иргеп алуучу бир квартетке туш келип, эки оюнда тең дарбазаларын "кургак сактап" калышкан. Бирок, группалаш башка атаандаштарын утканына байланыштуу илгери жылып, плей-оффко чыгууга укук алышкан.
2007-жылы кайрадан жарым финалда кезигип, ар кимиси өз талаасында бирден гол салышкан. 210 мүнөт эч натыйжасыз эрегиш менен аяктап, пенальти тебишүүдөн гана "кызылдар" басым түшкөн.
Өткөн жылы лондондуктар кеткен кек, өткөн өчүн алууга жетишти. "Энфилддеги" беттешүү 1:1 менен аяктады. "Стэмфорд Бриджде" Йон-Арни Риисе топту өз дарбазасына кайрып алып, оюн 3:2 эсебинде "көктөрдүн" пайдасына чечилген. Ошентип, буга чейинки сегиз таймаштагы голдордун жалпы саны тең. Бирок, "Ливерпуль" пенальтиден гана артыкчылыкка ээ.
Бул ирет эски атаандаштар жарым финалда эмес, адаттагыдан бир кадам мурдараак бет келишти. Демек, түтөгөн сайын күчөгөн абал күйөрмандын бүйүрүн ого бетер кызытары бышык.
"Арсенал" азыркы атаандашы "Вильярреалды" 2006-жылы жарым финалда кулаткан. Быйыл күркүрөп турган "Манчестер" 2004-жылы сегизден бир финалда "Португа" уттуруп жиберген. Жылдызы жанган португалдар ошол жылы Чемпиондор лигасынын таажысын башына кийген. "Барселона" менен "Бавария" мурдагыдан катуу чабуулдап, Лигада ар бири 24 голдон киргизүүгө үлгүрдү.
Айтор, мунун бардыгы өткөн иш. Быйылкы фавориттер "Манчестер" менен "Барселона" дешет билгирлер. Азыр дагы божомол арбын. Бирок, болгонунан болорун так айтчу ким бар дейсиң?
Чейрек финалда эч ким артка чегингиси келбейт. Мында итиң чөп жеп, ишиң илгерилесе, чемпиондук титулдун чокусуна чукулдай түшөрүң ырас.

Шейшембинин түнүндө.
Азиялык адамдын европалык футболго күйөрман болгону курусун! Түн жармында экранга тирмейип... Чү-үш, башталып калды!
"Порту" таймашка катуу кирди: бар же жок! Мейманда эмес, өз талаасында жүргөндөй, "Манчестер Юнайтеддин" шаштысын кетирип койду. Төртүнчү мүнөттө эле К.Родригес эсепти ачты. "Айт-уйт" дегиче португалдар дарбазага 4 ирет нагыз коркунуч жасап үлгүрсө, англис легионери Роналду башы менен сүзгөн топ алгач ирет "Портунун" дарбазасына араң 13-мүнөттө жетти.
Бирок, 15-мүнөттө борбордук коргоочу Бруно Алвес өтө орой жаңылышып, топту кыйды чабуулчу Уэйн Рунинин алдына салып берди да, эсеп капилеттен теңелип калды.
Экинчи бөлүктө "Манчестер" жеңишке жетүүгө күч үрөдү. Сэр А.Фергюссон жашыл талаага жаңы күчтөрдү - К.Тевес менен Г.Нэвиллди кошту. 85-мүнөттө Руни түзүп берген ыңгайлуу жагдайды Карлос Тевес текке кетирген жок.
Оюнду демдүү баштаган "Портудан" оомат качтыбы? Жок, финалдык ышкырык жаңыргыча саналуу көз ирмемдер калганда Мариано Гонсалез кайрадан эсепти теңеди.
Мейманда киргизген эки топ "Португа" бир аз артыкчылык берет. Британ клубдары мындан мурда Портуда эч качан жеңишке жетпегенин да эске алууга тийишпиз.
"Арсеналдын" дарбазасына дагы испандыктар оюндун башында эле топ киргизип кетишти. 10-мүнөттө Маркос Сенна таамай тээп, таймаш өтө жандуу уланды. А.Венгердин шакирттеринин иши кыйгачтап туруп алганын ушундан билиңиз, 27-мүнөттө дарбазачы Альмуния, андан он мүнөт өтпөй борбордук коргоочу Галлас жаракат алып, жашыл талаадан кетүүгө аргасыз болушту.
Таймаштын биринчи жарымында "Вильярреал" толук артыкчылык көрсөтсө дагы, экинчи таймда "Арсеналга" кадимкидей кайрат бүттү. 66-мүнөттө тоголук Эммануэль Адебайор өтө кооз, керемет гол киргизди. Фабрегас берген топту көкүрөгү менен токтотуп, чалкасынан жыгыла бере, өз башынан ашыра таамай тепти. Мындай чеберчилик футбол деген кудуреттүү оюндун окуу куралдарына кирери талашсыз.
Ошентип, "МанЮ" өз талаасында, "Арсенал" мейманда тең чыкты. Бирок, анык жеңүүчүнү жооп кайтаруу таймаштары аныктайт.
Шаршембинин түнүндө.
Азыр "Ливерпулдун" арымы жүрүп, арааны ачылып турган чак. Дал ушул "Энфилдде" "Реалды" 4:0, "Манчестерди" 4:1 менен талкалаган "кызылдар". Машыктыруучу Р.Бенитес, жарым коргоочу С.Джеррард Англиянын Премьер-лигасында "Март айындагы мыктылар" деп таанылган.
"Челсинин" насаатчысы Гуус Хиддинк өз убагында ПСВ командасы менен "Ливерпулга" үч жолу уттуруп, бир жолу гана тең чыккан. Демек, өткөн өч, кеткен кегин эстебей койбос. "Аксөөктөрдүн" капитаны Джон Терри "мен Джеррарддан чочулайм" деп мойунга алганы дагы бекеринен эмес. "Ливерпуль" быйыл "Челсинин" жинин жакшылап какты көрүнөт. Англия чемпионатында октябрда 1:0, февралда 2:0 менен утуп алган.
Эми "Энфилдде" Фернандо Торрес 6-мүнөттө эле топ киргизгенде, Чемпиондор Кубогу "Челси" үчүн дагы бир жолу кол жетпестей сезиле түшкөн. Жыйынтык андай болуп чыкпады.
Сербиянын курама командасынын жана Москванын "Локомотивинин" мурдагы коргоочусу Бранислав Иванович бул матчтын чыныгы каарманына айланды. "Челсиге" 2008-жылдын башында келген серб негизги оюндарга аралаша албай, көмүскөдө калып жүргөн. Хиддинк ишеним көрсөткөнү ага дем берген экен. "Аристократтар" үчүн 39-жана 62-мүнөттөрдө алгачкы эки тобун тартуулады. Эки жолу тең бурчтан берилген топту дарбазага башы менен таамай багыштады.
Ийгиликтен Дидье Дрогба дагы четте калмак эмес. Баллак-Малуда баштаган комбинацияны кара калтар чабуулчу 67-мүнөттө ойдогудай соңуна чыгарды.
Алдыдагы жооп кайтаруу оюну алыс эмес. Алты күндөн кийин "ажырабас атаандаштар" Лондондогу "Стэмфорд Бриджде" кайрадан эрөөлгө чыгат.
"Барселона" өзүнүн "Ноу Камп" аренасында "Баварияны" баш көтөртпөй, каалагандай калчады. Топту кармай билүү 64-36 пайыз, дарбазага багыштоо 12-3 болгону муну даана ырастайт. 9-мүнөттө Лионель Месси, дагы 3 мүнөт өтпөй Самуэль Это О атаандаштарынын жүрөк үшүн алып, немистердин келмесин оозунан түшүрдү. Биринчи таймда эле кайрадан Месси, анан Анри таблодо 4:0 деген эсеп жаркырап турушуна үлүш кошту.
"Ливерпуль" менен "Бавария" жаралуу жолборстун кейпин кийишти. Бирок, жооп кайтаруу оюндарында үч жана төрт топ айрыманы жоюуга экөөнүн тең кудурети жетпес.

Акбар Рыскул



"Ливерпулду" арабдар сатып алабы?
Англиянын "Ливерпуль" клубун Жакынкы Чыгыштагы эң бай шейх үй-бүлөсүнүн бири сатып алышы күтүлүүдө деп билдирет Sunday Express Sport.
9 миллиард фунт каражаты менен дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 49-орунда турган Нассер аль Карафи соңку кезеңде Ливерпуль шаарына тез-тез каттай баштаган. Эми клубдун кожоюндары америкалык Том Хикс жана Жорж Жилетт менен 450 миллион фунтка келишим түзүүгө чукул калды.
Клубду башкарууга араб инвесторлору кандайча катыша турганы азырынча белгисиз. Жилетт өз үлүшүн толук сатууга ниеттенсе, Хикс "Ливерпулдан" караманча кол үзгүсү келбей, акциясынын 25 пайызын сактап калат өңдөнбөйбү.
Дубайлык шейх аль Мактум дагы бул келишимге кызыга көз салып турат, анткени ал "Ливерпулду" сатып алууга америкалыктардан мурда эле аракет жасап, бирок максатына жетпей калган. Шейх аль Фахим болсо "Манчестер Ситинин" ээси экени белгилүү.




22 күйөрман каза тапты
"Кара калтар чабуулчу" аттуу макалабызда ("Айгай, №12) Африкадагы футболдук матчтар айыгышкан мүнөздө өтөрүн жазган элек. Абиджан шаарындагы 35 миң адам сыярлык стадионого кире бериш жерде өлүм кырсыгы катталды.
Бул кырсык Кот-д-Ивуар менен Малави курама командаларынын 2010-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу матчы башталарда болду. Стадионго агылган күйөрмандарга каршы полиция жаш агызуучу газ колдонгонуна карабай, түртүшүүдөн 22 күйөрман каза таап, жүзгө жуугу жаракат алды.
Кот-д-Ивуардын "кара калтары" Д.Дрогба дарбазага эки топ киргизип, малавиликтерди жалпысынан 5:0 эсебинде утуп алышты. "Челсинин" соңку матчтарына Д.Дрогба менен С.Калу колдоруна аза тасмасын байланып чыгышты.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!