Коргоп, колдоп

Жогорку кеңеш каршы чыкты
"КРнын президентинин ишмердигинин кепилдиги" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү" мыйзам долбоорун парламент бүгүн четке какты. Долбоорго демилгечилик кылган Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов бул мыйзамдын 12 жана 18-беренесин алып салуу сунушун киргизген эле. 12-беренеге ылайык өлкө башчысы кол тийбестиктен ажыратылып, ага кылмыш жана административдик жаза колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылмак. Ал эми 18-беренеде президенттин ар-намысы корголууга тийиш деп жазылган. Бирок, көпчүлүгүн "Ак жол" партиясы түзгөн эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кароого каршы чыгып, четке кагышты.




  Саясаты жок саясатта

Кочкор-Атада "козголоң"
Кароосуз карыялар 1-майдан 30-майга дейре күнүнө эки сааттан пансиондо нааразылык иш-чарасын өткөрүшмөкчү. Алардын мындай чечимге баруусуна Ноокен райондук жана шаар бийликтеринин пансионду тартып алууга жасаган аракеттери себеп болуп жатат. Жатак үйдүн деректири Жусупжан Ажыбаевдин айтымында район акими шаар бийлигине пансионду Кочкор-Ата шаарынын карамагына алуу көрсөтмөсүн берген. Деректирдин сөзү боюнча пансионду карыларга калтыруу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жиберилди. Бир канча жылдан бери жатак үйдө басалбаган үч адам жашайт. Шаардагы багар-көрөрү жок 36 карыя бир маал тамак ичип кетет, -деп билдирди деректир. Ноокен районунун акими Турдумамат Сагындыковдун жообу боюнча шаар башчысына көрсөтмө эмес сунуш берилген жана пансиондогу мүмкүнчүлүгү чектелген 2-3 киши Сузактагы карылар үйүнө барууга тийиш.

  Башка өлкөдөн бакыт издеп

Биз барабыз "Бомбейге"
Акыркы убакта Россиядагы легалсыз эмгек мигранттарынын саны 3-4 эсе кыскарган. Себеби Россияга келгендер кайсы учурда болбосун социалдык органдарга кайрылуу аргасыз болушат да, мигранттар өз эрки менен да, эрки жок да Федералдык миграция кызматынын маалыматтар базасына келип түшүп, өлкө үчүн коркунучту жаратпайт. Бул туурасында Россиянын Федералдык миграция кызматынын деректири Константин Ромодановский билдиргендигин "Интерфакс" маалымдайт.
Анын айтуусунда, Россияга иштөө үчүн келгендердин арасында Украина менен Өзбекстандын жарандары басымдуулук кылат. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Украинадан 3,6 миллион, Өзбекстандан 2 миллион, Казакстандан 1,5 миллион, 1 миллион жарандар Тажикистандан жана 0,5 миллион Кыргызстандын жарандары барышкан.

  Cабалаган, сабалап...

Темир Сариев курултайга калды
"Акшумкар" партиясынын саясий кеңеши кечээ жыйын куруп, анда учурдагы саясий кырдаал талкууга алынды. Мындан тышкары 23-июлда өтүүчү президенттик шайлоого партия атынан кимдин талапкерлигин көрсөтүү маселеси да каралды. Жалпы жыйынтыгында "Акшумкар" партиясы Президенттик аламанга ат салышканга партиянын лидери Темир Сариевди сунуштады. Бирок, акыркы чечим жакын арада болчу партиянын курултайында аныкталмак болду.

  Зилзала

Мерт болгондордун саны 267ге жетти
Италиядагы зилзаладан набыт болгондордун саны өсүп, жаратылыш кырсыгы 267 адамдын өмүрүн алып кеткени кабарланууда. Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони жердин силкинүүсүнөн жаракат алып, бирок аман калган жүз адамдын абалы оор экендигин айтты. Турак-жайсыз калган 17 миң адам чатырларда баш калкалоодо. 6-апрелде Италиянын борборундагы Абруццо районунда болгон зилзаланын күчү 6 даражадан ашкан.


  Жумурткадан кыр...

"Ата Мекендин" өкүлү эскертүү алды
Райондук прокуратура аталган партиянын аймактагы төрт мүчөсүн мыйзамсыз аракеттер тез арада токтотулбаса, Административдик кодекстин 392 -беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылаарын эскертти. Анын себеби катары Прокуратура райондун Жараке айлында 27-мартта болгон митинг уруксатсыз өткөндүгүн белгилейт. Митингди клубда өткөрүүгө айыл өкмөтү менен оозеки макулдашуу болгонуна карабай, уюштуруучулар аны Б.Осмонов атындагы мектептин короосунда өткөргөн. Натыйжада "Жарандардын куралсыз, тынчтык жолу менен митинг жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү" мыйзамдын талаптары бузулган, деп көрсөтүлөт эскертүүдө. Партиянын аймактагы өкүлдөрү бийлик кемчилигин сындоо үчүн ар бир адам өз ой-пикирин каалаган жерде айтууга акылуу экендигин жана митинг болгон башка аймактарда да мыйзам бузуулар болбогонун, соңку айларда адам укугун чектөө күчөп баратканын белгилешүүдө.

  Бүгүн

ОСМОНАКУН
чакырат Урматтуу окурман!
Сизди профессор, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү мурунку элчи жана мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жаңы китебинин бет ачарына чакырат.
Бет ачар "Достук" мейманканасынын амфитеатр залында 10-апрель күнү; саат 14.30да өтөт.
Москвадан чыккан "Испытание историей" аттуу китебинде кыргыз тарыхынын урунттуу учурлары, азыркы замандын актуалдуу маселелери, 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар анализге алынат. Захруддин Бабур, Ч.Айтматов, А.Акаев, Т.Сыдыкбеков сыяктуу улуу инсандардын портреттери берилет жана алардын тарыхтагы алган орду тууралуу сөз болот. Баардык каалоочулага эшик ачык жана китептер акысыз таркатылат.


 "Бороондуу" күндө...

Азиза Абдурасулова,
Кылым шамы уюмунун жетекчиси:

"БШКнын азыркы
курамына ишенич жок"

- Азиза айым, кыргызстандык укук коргоочулар, өкмөттүк эмес уюмдар парламенттик, президентик шайлоо алдында узак мөөнөттүү, андан сырткары кыска мөөнөттүү байкоолорду уюштурууга кам көрөт эле. 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого кандай даярдык көрүп жатасыздар?
- Мен бул жерден бир аз артка чегинип жооп берейин дедим эле. Биринчиден, ар кандай мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алуучу органдардын өзүнө легитимдүүлүк берүү чоң жоопкерчиликти жаратат. Мисалы, "Ак жол" менен коммунисттер фракциялары адам укуктарына жана элдин социалдык-экономикалык абалына каршы келген бир топ эле мыйзамдарды кабыл алып атат.
Ал эми Социал-демократиялык фракциясы ошол жерде бир топ каршылыктарды көрсөткөнү менен эч кандай таасирин тийгизе албай атышат. Ошол эле убакта келечекте ушул чечимдерге "Ак жол", коммунисттер фракциясы кандай жоопкер болсо, социал-демократтар ошондой эле жоопкер. Бирок булар өзүлөрү ошол жерде отуруп, саясатка, чечимдерди кабыл алууга катышуусу менен ошол чечимдерге легитимдик берип атат.
Мен эмнеге бул мисалды айтып атам. 23-июлга коюлган президенттик шайлоо канчалык деңгээлде шайлоочулардын укугун, шайлоо мыйзамдарын сактоо менен өтөт деген бизде күмөн саноо болуп турат. Ошондуктан парламенттик шайлоодо жергиликтүү көз каранды эмес уюмдар өзүбүз байкоо жүргүзүү менен парламенттик шайлоого кандайдыр бир деңгээлде легитимдик берип койдук. Президенттик шайлоого биз дагы өзүбүздүн катышуубуз менен, байкоо жүргүзүүбүз менен легитимдик берип, Кыргызстандын абалы андан да начар болуп кетеби деген дагы бизде кооптонуу сезим бар. Ошондуктан бул маселенин үстүндө биз азыр аябай чоң сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Кандайдыр бир так чечимге келе элекпиз. Бирок бизде жөн эле баш тартуу эмес, сунуштарыбыз бар бүгүнкү бийликке. Эң биринчи БШКны реформалоо керек. Мына БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова Кыргызстандан качып кеткенден кийин курамы ошол эле боюнча калып калды да. Ушул эле БШК шайлоолорду өткөрүп, шайлоочулардын аябай чоң нааразылыгын жараткан, ишенимден чыккан. Ушул шайлоо комиссиясы менен биз президенттик шайлоого барсак, ушул акыркы легитимдүү органыбыздан да айрылып калабызбы деген да коркунуч бар.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!