БЭК билдирет

Саясий күрөштө күч колдонуу
методдоруна биз каршыбыз!
Шайлоо күрөшү башталды. Күн санап, турмушка нааразы болгондордун саны өсүп, мигранттар кайтып келип, бийликтин административдик рычагдарын пайдаланып, күчкө салып коркутуп үркүткөн саясатына жалпы коомчулук каршы болуп турган чакта К.Бакиев мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоону жарыялады. Ал учурда оппозиция Кыргызстандын 23 шаар жана райондук борборлорунда "Бакиевдерсиз шайлоо" деген девиз менен митингдерди өткөрдү.
Учурда башкарып турган үй бүлөнүн нукура ниети ачыктан-ачык байкалып турат. Кандай гана болбосун кайра шайланып келип, ондогон жылдарга бийликте калуу.
Башкы прокуратура, Жогорку Кеңештин билим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы Өмүркулов Иса Шейшенкуловичке каршы кылмыш ишин козгоду. Бул иш "бөйрөктөн шыйрак" чыгаргандай эле болду. Чет мамлекеттин атуулун мажбурлоо аркылуу, мындан беш жыл мурда иштеп кеткен кызматынан кынтык издеп жасалганы көрүнүп турат. Күч структураларынын баардыгы, маңдай терлери акканча, оппозиция мүчөлөрүнө каршы компроматтарды издеп жаткан чагы. Шаарлар менен айылдарда, борборлор менен чет жакалардын баардыгында саясий талаа тазалана баштады. Учурдагы бийлик, оппозициялык маанайдагы атуулдардын баардыгын коркутуп-үркүтүп, кылмыш иштерин козгоп, а түгүл камакка ала баштады. Бакиевдин мезгили Сталиндин дооруна шайкеш келип турган сымал.
"Койдун терисин жамынган карышкырлар" - деп учурдагы бийликти айтса жарашат, себеби "диалогко келели, сүйлөшөлү, чечели" - деп калп эле эл алдында айтат да, иш жүзүндө, "тишин кайрап, кыл чайнап", оппозицияны "жутканга" даяр!
Шайлоо алдында атайлап кырдаалды курчутуп жаткан бийликке Бириккен Элдик Кыймыл сын пикирин айтуу менен катар, мындай сокур саясат жүрүп жаткан чакта Президенттик шайлоонун ачык жана таза өтүшү мүмкүн эмес деп билдирет. Бийлик шайлоонун тынч нукта өтүшүнө тоскоол кылып, атайлап мажбур жана коркутуу ыкмасын колдонууда.
Баш мыйзамдын гаранты демократиялык шайлоонун жолунан тайып, адам укуктары жана эркиндиктерин, өзгөчө оппозиция жетекчилеринин эркиндиги менен угуктарын одоно бузуп, басмырлоодо.
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, мекендешибиз, жана саясий өнөктөшүбүз И.Өмүркуловду, бийликтин кысымына салып бербейбиз!
Саясий күрөштө күч колдонуу методдоруна биз каршыбыз!
Баардык саясий куугунтуктагыларга боштондук!

БЭКтин саясий бюросу




  Үч бүркүм

Бюджет өзгөрөт
Быйыл мамлекеттик бюджетке 5,5 млрд. сом түшпөй калуу коркунучу бар. Буга дүйнөлүк экономикалык кризистин запкысынан улам ишин токтотууга же өндүрүшүн азайтууга аргасыз болгон ишканалардан салыктын аз түшүүсү негизги себеп. Мындай маалыматты бүгүн экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда булардын башында Токмоктогу айнек заводу, Кант цемент-шыйпыр комбинаты, Айдаркен сымап жана Кадамжайдагы сурма комбинаттары турат. Министрдин белгилөөсү боюнча Кыргызстан өзү экономикалык кризистен анча запкы тартпаганы менен, негизги соода өнөктөштөр болгон Орусия менен Казакстанда абал начарлап баратканы терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондой эле каржы министри Марат Султанов милдеттүү патенттен алынуучу 650 млн. сомдук салык казынага түшпөй калуусу күтүлүп жаткандыгын эскертти. Анын айтуусунда жаңы салык кодекси боюнча алдын ала эсептелген 950 миллион сом дээрлик үч эсеге кыскарат.

Баткенде кысым

Тажик кошуналардын кысымчылыгынан Баткендин Таш-Тумшук айылында дагы 7 үйдү ээлери сатыкка койгондугу тууралуу жергиликтүү бийликке кайрылышты. Мындай маалыматты Баткен районунун Таш-Тумшук айылынын тургуну Халил Амираев 8-апрелде "Азаттыка" билдирди. Анын айтымында, чегара аймактарында социалдык маселелер оор болуп, жашоо үчүн шарттар төмөн болгондуктан кыргыз атуулдары кошуна Тажикстандын жарандарына турак-жайларын сатып, өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетишүүдө. Кыргыз бийлиги үйлөрүңөрдү тажиктерге сатпагыла, эгер сатабыз десеңер мамлекеттин эсебине сатып алабыз дегенинен, кошуналардын кысымчылыгына кабылган 7 үй жергиликтүү бийликке кайрылдык. Бирок жооп боло элек дейт Халил Амираев.

Кадамжайда нааразылык

Кадамжай сурма комбинатынын жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов өзүнө келген телеграммага таянып, ЖК отурумунда билдирди. Анын айтуусунда жумушчулар комбинаттын социалдык обьекттери сатыкка коюлуп жатканына нааразы. Депутаттын маалыматы боюнча 100гө чукул жумушчулар комбинатка тиешелүү "Металлург" маданият үйүнүн жанына чогулуп атышат. Эл өкүлү жумушчулар менен жолугушуп, бул маселени чечүүнү парламент отурумуна сунуштады.




  Дапа-дүп, тапа-тап...

Алгачкы алгачкылар
Президенттик шайлоо деген оңой олтоң иш эмес. Бүтүндөй мамлекеттин тагдырына жоопкер болуу. Элинин азабан да, кубанычын тартып, далай тоскоолдуктарга чыдоо. Күн-түн уйкуну бөлүп, мамлекет жүгүн аркалоо. Мына ушул түшүнүктү туя билген ал мыкты падыша, элдик падыша. Ошону сезе билген азаматыбыз барбы бизде? Бул өзүнчө чоң сөз. Ал жөнүндө учуру келгенде сөзсүз кеп кылаарбыз.
Баса айтмакчы, учурда улуу аламанга төмөнкүлөр аттанабыз деп арыздарын берген кези.

З.Парманкулов

Н.Мотуев

И.Исаков

Н.Нышанов

К.Апас

А.Айтикеев










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!