Энем айткан...

Атамбаев "аппак" лидерби?
КСДП-идеясы боюнча социалдык партия катары коомдун калың катмарынын кызыкчылыгын коргогон партия болушу керек. Идеясында айып жок. Бирок, биздин Кыргызстанда партиялар идеясына карап эмес, лидерлерине, алардын кылык-жоруктарына, баскан-турганына, карап бааланат. Бул жаатына келгенде КСДПда абал мышык ыйлагандай. Мынчалык аты булганган, өзү эле булганбай өзүнө мүчө болуп кирген абройлуу инсандарды да булгап жиберген жагынан КСДПга "Акжол" дагы жетпейт өңдүү. Өзгөчө бир жээктен экинчи жээкке өтүп кетүүчүлөрдүн, карапайым элдин тили менен айтканда "сатылгандардын" саны боюнча КСДП партиясынын командасы чыныгы рекордчулар экен. Ана башчысы Атамбаевден баштап, БШКнын экс-төрагасы, тигил жакка өтүп кеткен соң, экс-Саламаттыкты сактоо министри Туйгуналы Абдраимов, экс-Айыл чарба министри Сооронбай Жээнбеков, жада калса, карысы бүтүп жапжаш эле Адил Турдукулов деген чечеги Бакиевдин баарыбызга таанымал инисинен миң доллардан алып, жаштар форумун чачыратканы, андагы жаштарга миң доллар сунуштаганын ошол Адил Турдукулов менен жүргөн жакын достору учурунда гезитке жазып чыгышкан. Болуптур жогорудагы "сатылган экс-министрлерди" Атамбаев барган соң партиялашын уятка калтырбай иштеп берели дегендир дейли десек, бул партиянын сатылма оорусу өтүшүп кеткен экен. Атамбаев кызматтан кеткен соң, көп убактан кийин, ал оппозицияга өттүм деп жарыялагандан кийин да ал кесел уланды. Өмүрбек Бабанов деген бир мүчөсү бир кездеги Атамбаев отурган тепкичтен бир тепкич ылдый барып отурду. Учурунда ал орунга Атамбаев Бабановду бир нече ирет чакырган. Кийин, Бабанов пикирлештерин эле сатпай, партиянын шефи Атамбаевдин өзүн сатып, "сен оппозицияга өтсөң, мен бийликке кеттим" деп эрегишкендей иш жасады.
Бул партияда сатылма оорусунун күчтүүлүгүн ушундан билиңиз, дааналай эмес, дүңүнөн сатылып кетүүгө чейин барышат. Парламенттеги КСДПнын 11 депутатын Медет Садыркулов менен соодалашып алышкан деген айың гезиттерге бир эмес, бир нече жолу басылган. Раматылык "соодагер" М.Садыркулов "Ата Мекенге" 20 добуш, КСДПга 11 добуш деп партиялардын баасын бычып сатып алмак экен, "Ата Мекен" баш тартыптыр, КСДПнын сатылганы ошо да 11 депутат азыр парламентте отурушат, оппозициянын ролун ойноп. Баарынан да Роза Отунбаева менен Бакыт Бешимовго кыйын болду. Ат көтөргүс абройлорун сатылгандар партиясына кирем деп талкалап алышты. Калган Артыкбаев, Жураев дегендерге эмне, башынан бизнес, соодагерчиликке көнүп калышкан. Жусупжан Жээнбековго да кыйын болду, каргашадай болгон партияга кирем деп каралдысын жоготуп, таппай жүрөт. Баса, КСДП партиялаштарынын башына түн түшкөндө да өтө эле карамсыз экен. Шаботоев менен Жээнбеков жоголгондон бери Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаеванын күйпөлөктөп калганын эле байкабасак, анабашы Атамбаевден алгылыктуу аракет көрбөдүк. Биринчи кезекте Атамбаев коргош керек эле. Эсибизге салалычы, Бакыт Калпетов деген "Ата Мекендин"мүчөсү Бекешовду уруп, камалганда Өмүрбек Текебаев өзү чуркап жүрүп куткарып алганын. Сыргак Абдылдаев таяк жеген соң да "Ата Мекен" азыр кандай чуркап жүрөт. КСДП бүт республиканы каратып туруп мамчиновникти урмак түгүл бирөөнү чекесинен чертпей, болгону шайлоо бюлетендеринин кемчилигин интернетке билдирип койгон Эдил Байсаловун коргой албады. Анда Атамбаевдин колунда бийлиги деле бар болчу. Ошондо да эч нерсеге жарабай, а түгүл бул партиянын эмес, Эдил Байсаловдун өзүнүн жоопкерчилигинде экенин каңкуулап, ал бечара качып кутулду. Баардыгы көч башыга карап түздөлөт дейт, мындай жаман жоруктун баарынын башында Алмаз Шаршеновичтин өзү турат. Адамдын баары жаңылат. Бирок, бир жолу мүдүрүлгөн жеринен ат дагы экинчи мүдүрүлбөйт. Атамбаев Акаевдин учурунда Акаев өлтүргөнү жатат деп Турцияга кире качып оппозициянын үрөйүн учуруп, алсыратты эле, Бакиевдин учурунда да премьер министр боло калып, оппозицияны экинчи жолу алсыратты. Аттай боло албаган Атамбаевди түшүнөт элек, эгер жүйөөлүү себеби болсо.
Баары тең да КСДПнын акыркы окуясы бир тең болду. Быйылкы оппозициянын шаштысын кетирген, мөөнөтсүз ушул шайлоого №1 күнөөкөр ким экенин билесиздерби? КСДП. Дал ушул партиянын Асылбек Жээнбеков деген депутат мүчөсүнүн арызы менен президенттик шайлоо белгиленди. Андыктан Курманбек Салиевичтин мурун биринчи күнөөнү КСДП менен Асылбек Жээнбековго коюш керек. Президенттик шайлоону белгилеген ким? КСДП деген оппозициялык партия менен Асылбек Жээнбеков деген анын мүчөсү. Эми ушулардан кийин КСДП партиясы жана анын лидери Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоодогу марага жетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылууга болобу? Албетте, бир караганда макала бир жактуу КСДПны каралагандай сезилет. Ансыз да бириге албаган оппозицияны ыдыратуу деп санагандар да чыгар. Бирок, кашайып ушул аргументтердин баары асмандан алынбай, кызылдай чындык болуп жатпайбы. Шибегени капка кантип катабыз? "Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан алса болду" дебей казатка аттанар алдында тазаланып алуу баарынан биринчи оппозициянын өзүнө керек болуп жүрбөсүн? Санын көбөйтүп БЭК (бириккен элдик кыймыл) болгуча, сапатын көбөйтүп БЭК (бекем) болгон жакшыдыр...

Арстанбек Дүйшенбиев
("Кыргыз Руху"
(03.04.09 №11) гезитинен кыскартылып алынды)




  Аркан тартмай

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери:
"БЭКтен бирдиктүү талапкер чыкпаса ойлонуп көрөм"
- Өмүрбек мырза, президенттик шайлоого баруудан баш тартууңуздун себеби катары оппозицияны бириктирүүнү атадыңыз. Ал максат ишке ашып жатабы?
- Кийинки жума ичи биз бирдиктүү тактикага токтолобуз. Менин президенттик жарышка катышуудан баш тартуумдун эң негизги себеби мына ушул тактиканы тандоодон улам келип чыкты. Колдон келсе биз бир кандидат менен чыкканга аракет кылып жатабыз.
- Шайлоого катышууга баш тартууга башка себептер болдубу? Партиялаштарыңыз сиздин чечимди кандай кабыл алды?
- Партия бул эми күжүрмөн уюм. Алар өз алдынча катышсак деп талпынып турат. Бирок чечимди партиянын Жогорку кеңеши кабыл алды. Ал боюнча биз көптөгөн кырдаалды эске алдык. Жеке популярдуулук ар дайым эле жеңиштин кепилдиги боло бербейт. Андан башка да көп шарттар керек. Анын ичинде уюштуруу шарттары керек. Биз баарын кеңешип отуруп, мүмкүнчүлүгү чоң, реалдуу талапкерге токтололу деп чечтик.
- Сиздин чечим өзгөрүшү мүмкүнбү? Өзгөрсө кандай шартта?
- Таптакыр эле эч ким чыкпай калса ойлонуп көрөбүз.
- Айрым саясий күчтөр шайлоого бойкот жарыялоо мүмкүнчүлүгүн аташты. Саясат таануучулар болсо бойкот жарыялоо оппозициянын алсыздыгын билдирет деп жатат. Сиздин көз караш кандай?
- Туура, бойкоттон майнап чыкпайт. Эгерде биз Европа өлкөсүндө жашасак бир тыйын кетирбестен туруп, талапкерликти коюп утуп алсаң болот. Бир тыйын кетирбестен туруп, бойкот кылып, өз талапкерлериңди шайлоого барбагыла десең-шайлоо кыйрайт. А бирок бүгүн биздин шартта шайлоого келбегиле деп элге айтсак, эл бизди угуп келбей койсо, анда участокторду ким көзөмөлдөйт, келбегендердин ордуна добуш берип, өздөрү каалаган мандатын жазып алса, ага ким каяша айтат. Шайлоого катышуу жолу менен гана шайлоону көзөмөлдөсө болот, шайлоого катышуу жолу менен бойкот уюштурса болот, шайлоого катышуу жолу менен элдин укугун, таза шайлоолорду, мыйзамдарды коргосо болот.
- Оппозиция ичинен Исмаил Исаков президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Дагы кимдер чыгышы ыктымал?
- Биз жогоруда айткандай тактиканы тандап алганбыз. Кээ бир саясатчылардын талапкер болуп көрсөтүлүшү ал тактикага каршы келбейт. Биз бир нече талапкерлерге өз алдынча чыкканга мүмкүнчүлүк бергенбиз. Алардын ичинен Исмаил Исаков гана азырынча өз алдынча чыкты.
- Оппозициянын ичинен бирдиктүү талапкер болууга Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү, даярдыгы көбүрөөк деп айтылууда. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Азыр ар кандай көз караштар, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Биз акыркы чечимибизди 15-апрелде айтабыз.
- Оппозициянын программасы жок деген сөз көп айтылат. Сиздердин программанын негизи эмне?
- Биздин саясий багыттагы программабыз жаңы Концепцияда чагылдырылган. Ал Концепциянын бет ачаарын АКШда, башка өлкөлөрдө жасап келдик. Кыргызстанда да ал жарыяланган. Ошондуктан саясий программасы жок дегендер жаңылышат. Биз өзүбүздүн багытыбызды президентке караганда алда канча мурун айтканбыз. Биз өзүбүздүн багытыбызды ноябрда айтканыбыз жетиштүү. Ал эми президент төрт жыл башкаргандан кийин мен программа издеймин, багыт издеймин деп, таягын жоготкон сокурдай болуп темселеп отурат. Мунун өзү кечирилгис күнөө. Өлкөнү ал төрт жыл багыты жок башкарып келгендигин билдирет. Ал эми биздин экономикалык программабыздын артыкчылыгын акыркы дүйнөлүк кризис көргөздү. Либерализмдин атасы болгон Америкада, андан кийин Европада мамлекеттик көзөмөл, чоң бизнестин, жеке бизнестин коомдук жоопкерчилиги жөнүндө сөз козголуп жатат. Мунун өзү биз сунуштаган система, биз сунуштаган идеология туура экенин дүйнөлүк практика көргөзгөнүн далилдейт. Биз биринчи кезекте табийгый байлык элге кызмат кылыш керек, чоң бизнес элге кызмат кылыш керек. Мамлекет көзөмөлдөп туруш керек. Мамлекет көзөмөлдөш үчүн коррупцияга каршы келишкис катуу чара көрүш керек деп келатабыз. Ал эми коррупция болгон жерде мамлекет өзүнүн көзөмөл функциясын аткара албайт. Ал эми биз дүйнөдөгү эң коррупцияланган төрт өлкөнүн катарында төрт жылдын ичинде туруп калдык.
- Оппозиция азыртан эле мөөнөтсүз акциялар жөнүндө сөз кылууда, шайлоонун аягы кандай болот?
- Фальсификация болбосо, уурулук болбосо Бакиев өтпөйт. Ага 5% адамдар ыктыярдуу добуш беребиз деп турат. Өкмөт, бийлик фальсификацияга даярдык көрүп жатат. Эл көтөрүлүп, уурулукка каршы туруш керек. Уурунун колун сындыргандай болуш керек.

"Азаттык".











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!